Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 189
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"4. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилери башчылык кылат. Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси (кызматы боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча жана Комиссиянын жыйынын өткөрүү үзгүлтүккө учуроо коркунучу болгон өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери өзүнүн орун басарына Комиссиянын жыйынын өткөрүүгө ыйгарым укук бере алат.";
- 5-пунктундагы "Комиссиянын кезектеги жыйыны болчу күндөн бир айдан кем эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- улуттук кызыкчылыктарды илгерилетет жана Комиссиянын протоколдук чечимдерин аткаруунун жүрүшүн жеке контролдойт";
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Комиссиялардын иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тартиптик таасир берүү чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизет";
- 13-пунктунда "алмаштыруу укугусуз" деген сөздөр алып салынсын;
- 15-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Комиссиялардын жыйындарынын протоколдорунун долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен конкреттүү сунуш киргизишет;";
үчүнчү абзацындагы "адистин" деген сөз "өкүлдүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн эксперттеринин курамына киргизүү үчүн адистердин талапкерлигин аныкташат;
- Катчылыкка пайда болгон маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштары менен толук маалыматты өз учурунда беришет.";
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына Комиссиялардын ишине бюджеттик каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |