Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 23-июлу № 520

токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 128

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жана активдер, милдеттенмелер менен операциялардан түшкөн кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жана активдер, милдеттенмелер менен операциялардан түшкөн кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев