Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 23-июлу № 520
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы № 128 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жана активдер, милдеттенмелер менен операциялардан түшкөн кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында (мындан ары - Казыналык системасы) мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жана активдер, милдеттенмелер менен операциялардан түшкөн кирешелерди жана эсепке алууну жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Оперативдик-талдоо эсеби, талдоо эсебинин реестринде кирешелерди бөлүштүрүү жана чагылдыруу күн сайын ишке ашырылат, түшкөн кирешелер боюнча маалыматтар Казыналыктын региондук бөлүмдөрү (мындан ары - КРБ) менен Кыргыз Республикасынын салык, бажы жана финансы органдары ортосунда берүү жана салыштырып текшерүү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын киреше бөлүгүн аткарууда КРБ салык жана бажы органдары региондук деңгээлде эриш-аркак иштөөнүн алкагында маалыматты алмашуунун ар кандай формасын белгилеши мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасындагы ар кандай деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешелердин түшүүсүн, бөлүштүрүүсүн жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин эсепке алуу үчүн банк-агенттерде КРБнын транзиттик эсеп-чоту ачылат.
Казыналыктын транзиттик эсеп-чоту - бул банк-агенттеги КРБнын эсеп-чоту болуп эсептелет, бул эсеп-чотто "алынган" же "кошулган" күндөлүк киреше жана чыгаша түшүүлөрү чагылдырылат. КРБнын транзиттик эсеп-чоту күн сайын операцияларды нөлдүк баланс менен баштайт жана банктын операциялык күнүнүн аягында нөлдүк баланс менен жабат.
4. КРБ тийиштүү банк-агентте ачылган транзиттик эсеп-чоттун реквизиттерин бул эсеп-чот ачылган күндөн кечиктирбестен же ага өзгөртүү киргизилген күнү Кыргыз Республикасынын аймактык салык, бажы жана финансы органдарына билдирет.
КРБ тарабынан ачылган жана түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге которулууга тийиш болгон кирешелерди кошуп эсептөө үчүн арналган эсеп-чот реквизиттерин аймактык салык, бажы жана финансы органдары салыктарды (жыйымдарды) жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөчүлөргө (мындан ары төлөөчүлөр) билдирет.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасындагы түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешелердин түшүүсүн жана бөлүштүрүүсүн эсепке алуу жана Казыналык системасынын органдарында колдонулуучу "1С-Казна" автоматташтырылган системасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин эсепке алуу үчүн "Кирешелер" (эсеп-чот - 104101) аттуу Казыналыктын эсеп-чот китеби (мындан ары - КЭК) каралган.
"Кирешелер" КЭКи төмөнкүлөр үчүн арналган:
- казыналар аралык тапшырма (мындан ары - КАТ), ички казыналык тапшырма (мындан ары - ИКТ) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон, салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөө суммаларын кайтаруу (кошуу) жөнүндө салык жана бажы органдарынын корутундулары боюнча түздөн-түз банк-агент аркылуу мамлекеттик бюджетке түшкөн күнүмдүк кирешелердин ошол күндөгү түшкөнүн эсепке алууга, ошондой эле атайын каражаттарды эсепке алууга.
"Кирешелер" КЭКинен кирешелер эсепке алынгандан жана ар кандай деңгээлдеги бюджеттер боюнча бөлүштүрүлгөндөн кийин кирешелерди тиешелүү бюджеттердин КЭКине которуу жүргүзүлөт. Банк-агент аркылуу түшкөн атайын каражаттар боюнча төлөм документтери катталгандан кийин бардык тиркелген документтери менен КРБнын бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу бөлүмүнө өткөрүлөт.
Республикалык бюджеттин кирешелеринин түшүүсүн эсепке алуу жана аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 768 "Бюджеттик классификация жөнүндө" токтому менен бекитилген Бюджеттик классификацияга ылайык республикалык бюджетке чегерүү үчүн "1С-Казна" автоматташтырылган системасында "Республикалык бюджеттин кирешеси" КЭКи (эсеп-чот - ...104102) каралган. Ушул сыяктуу КЭК шаардык бюджеттин кирешеси үчүн - КЭК "Шаардык бюджеттин кирешеси" КЭКи (эсеп-чот - ...104104), райондук бюджеттин кирешеси үчүн - "Райондук бюджеттин кирешеси" КЭКи (эсеп-чот - ...104103), айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси үчүн - "Айыл өкмөт бюджеттин кирешеси" КЭКи (эсеп-чот ...104106) (N 1 тиркеме) каралган.
Андан кийин ар бир КЭКте төмөнкүдөй өткөрүлүштөр жасалат:
- "Республикалык бюджеттин кирешеси" КЭКинен каражат "КРБ-БК эсеп-чот которуу" КЭКине которулат, "Шаардык бюджеттин кирешеси" КЭКинен "Шаардык бюджеттин жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" КЭКине, "Райондук бюджеттин кирешеси" КЭКинен "Райондук бюджеттин жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" КЭКине, "Айыл өкмөт бюджетинин кирешеси" КЭКинен "Айыл өкмөт бюджети жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн" КЭКине которулат.
"Кредит" графасында КЭКке бардык түшүүлөр төмөнкүдөй чагылдырылат:
- КАТ, ИКТ банк-агент боюнча;
- Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын корутундулары боюнча ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) же жаңылыш которулган салыктар (жыйымдар) жана милдеттүү төлөмдөр "-" белгиси менен төлөөчүлөргө кайтаруу жана жеткирүү.
Тийиштүү бюджеттердин белгилүү бир эсеп-чотунан башка бир эсеп-чотуна КРБ которгон кирешелердин суммасын КЭКтен эсептен чыгаруу "Дебет" графасында чагылдырылат.
Түшүндүрмө берилбеген түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн "Түшүндүрмө берилбеген (жаңылыш) түшүүлөр" КЭКи (эсеп-чот - ...104107, эсеп-чот ...104108) ачылат.
6. КРБ түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге кирешелерди которгондо КАТ "Республикалык бюджеттин кирешеси", "Шаардык бюджеттин кирешеси" КЭКи менен таризделет жана ИКТ "Шаардык бюджеттин кирешеси" КЭКи, "Райондук бюджеттин кирешеси" КЭКи, "Айыл өкмөт бюджетинин кирешеси" КЭКи менен таризделет.
Мында "Төлөмдүн багытталышы" аттуу текст бөлүгүндө бюджеттин түрү, кирешенин аталышы, Бюджеттик классификациянын тийиштүү коду жана которулууга тийиш болгон киреше суммасы көрсөтүлөт.
7. Түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешени эсепке алуу жана бөлүштүрүү төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- КРБ транзиттик эсеп-чотунан банк агенттеринин көчүрмөсү;
- банк көчүрмөсүнө тиркеме катары алынуучу, киреше жөнүндө толук маалыматы бар төлөөчүнүн мемориалдык ордери, ордер, төлөм тапшырмасы;
- Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын жетекчилери кол койгон жана бардык нускалары мөөр менен күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн кирешелердин суммасын кайтаруу же кошуп эсептөө тууралуу төрт нускадагы корутундусу;
- КАТ, ИКТ;
- өз ара чегерим жүргүзүү боюнча комиссиянын протоколдору;
- накталай эмес эсептешүүлөрдө каралган башка документтер.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасында түрдүү деңгээлдеги бюджеттердин кирешесине артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн кирешелердин суммасын кошуп эсептөө жана кайтаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги N 263 токтомуна ылайык Артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсепке кошуунун, кайтаруунун тартиби менен Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.
Түзүлгөн корутундунун тактыгына жана тийиштүү органдарга өз убагында берилишин контролдоону жана ал боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын жетекчилери тартат.
9. КРБ төлөм документтерин кагаз жүзүндө банк-агенттен алганда, бул документтердеги штамптын болушун жана банк-агенттин жооптуу кызматкеринин кол коюлушун текшерүүнү жүргүзөт, банк-агентинин көчүрмөсүндөгү сумманын төлөм документи боюнча суммага туура келишин, көчүрмөгө тиркелген төлөм документтеринин толук болушун текшерет. Кирешелер классификациясынын элементтери кирешелердин түрүнө (салыктын, жыйымдын, төлөмдүн аталышы) туура келиши, төлөм документтеринин реквизиттеринин толук толтурулушу белгиленет.
Бардык төлөмдөр төлөм документинде көрсөтүлгөн төлөмдүн багытына чегерилет.
Эгерде төлөм документинде бир нече элементтер көрсөтүлсө аларды кирешелер классификациясынын тийиштүү элементи боюнча бөлүштүрүү зарыл.
10. Белгилүү бир аймактагы салык органында каттоодо турбаган төлөөчү тарабынан которулган кирешенин суммасы транзиттик эсеп-чоттон "Кирешелер" КЭКине чегерилген учурда, андан кийин тийиштүү бюджетке чегерилгенде, б.а. төлөөчү салык органында каттоодо турган дарегин алмаштырса жана төлөөчүнүн каттоо карточкасы башка салык органына берилсе, КРБ которулган сумманын түрүнө жараша салык органынын корутундусунун негизинде төмөнкүлөрдү тариздейт: КАТ, ИКТ төлөм тапшырмасы, чек (эгерде алуучу банкта эсеп-чоту болбогон жеке адам болсо) жана төлөмдү жаңы дарек боюнча жөнөтөт, башкача айтканда түшкөн киреше жайгашкан же жашаган жерин алмаштырган төлөөчү каттоодо турган салык органы менен эриш-аркак иштеген КРБнын эсеп-чотуна жиберилет, мындай тартип жаңылыш чегерилген бажы төлөмү боюнча да жүргүзүлөт.
11. "Кирешелер" КЭКине түшкөн кирешелер КРБ тарабынан Кыргыз Республикасынын салык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык тийиштүү финансы жылына белгиленген чегерүүлөр ченеми боюнча (пайыздар менен), ал эми жергиликтүү салыктар менен жыйымдарга тийиштүү бөлүгүндө тийиштүү финансы жылына жергиликтүү бюджеттер жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укук актылары боюнча түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда бөлүштүрүлөт.
12. Түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешени бөлүштүрүү түшкөн кирешелердин (кирешелердин классификациясынын элементине) суммасы боюнча жалпысынан алганда чегерүүлөрдүн белгиленген ченеми боюнча жүргүзүлөт.
КРБда кирешелерди эсепке алуу жана бөлүштүрүү ушул Нускаманын II бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтердин негизинде ишке ашырылат.
КРБ күн сайын банк-агенттен мурдагы күн үчүн кагаз жүзүндө транзиттик эсеп-чоттон көчүрмөнү алат, төлөөчү кирешелерди төлөгөндүгү жөнүндө ар бир төлөм документинин эки нускасы тиркелет. Учурдагы операция күнүндөгү транзиттик эсеп-чот боюнча көчүрмөнү банк-агент күн сайын КРБнын электрондук дарегине электрондук формада жөнөтөт (файл Мicrosoft Оffiсе Ехсеl). Төлөм документинин бир нускасы КРБда калат, экинчиси көчүрмө боюнча бардык сумма такталгандан кийин реестр боюнча тиешелүү аймактык салык менен бажы органдарына берилет.
Бул көчүрмөлөр "1С-Казна" автоматташтырылган система аркылуу төмөнкүдөй кирешелердин түрү боюнча топтоштурулат:
а) кирешелер классификациясынын элементи бар салыктык (бажылык) жана салыктык эмес түшүүлөр;
б) бюджеттик мекеменин атайын эсеп-чотуна түшүүлөр;
в) түшүндүрмө берилбеген төлөмдөр.
Бюджеттик мекеменин атайын эсеп-чотуна түшүүлөр банк-агенттин көчүрмөсүндө төмөнкүдөй түрдө белгиленет: алуучуну көрсөтүү менен ар бир сумма белгиленет жана кол коюу аркылуу бюджеттик мекеменин кураторуна тапшырылат.
КАТ, ИКТ боюнча түшүүлөр түшкөнүнө жараша тиркемелери менен кирешелер классификациясынын элементине ылайык кирешелер түрү боюнча топтоштурулат. КАТ, ИКТ КРБ да калтырылат, ал эми реестри менен бирге тиркемелер салык менен бажы органдарына берилет.
"Кирешелер" КЭКине тактоону (түшүндүрүүнү) талап кылган киреше түшкөн учурда ошол кирешенин суммасын талдоо эсебинде "Түшүндүрмө берилбеген түшүүлөр" катары чагылдырылат жана "Түшүндүрмө берилбеген (жаңылыш) түшүүлөр" (2-тиркеме) КЭКине таандык болот.
"Түшүндүрмө берилбеген түшүүлөргө" банк-агенттин көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн, бирок ал боюнча төлөм документи болбогон келип түшкөн төлөмдөрдүн суммасы, ошондой эле ошол аймактагы салык органында каттоодо турбаган (банк-агент тарабынан жаңылыш эсепке кошулган) төлөөчүдөн түшкөн сумма кирет.
Көрсөтүлгөн төлөмдүн кирешенин белгилүү бир түрүнө же төлөөчү каттоодо турган белгилүү аймакка таандык экендиги аныкталгандан кийин көрсөтүлгөн каражатты КРБ төмөнкү багыттар боюнча которуу операциясын жүргүзөт:
- бюджеттердин тийиштүү эсеп-чотуна;
- банк-агенттен тастыктоочу төлөм документтер алынганда кирешелер классификациясынын тийиштүү элементине аныкталган төлөмдү таандык кылуу;
- КРБ башчысынын ысымына жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде төлөм тапшырмасы менен төлөөчүгө (каражатты) кайтаруу;
- төлөөчү каттоого турган салык органы менен эриш-аркак иштеген КРБдагы КАТка (каражатты) кайтаруу.
Төлөм банк-агент тарабынан жаңылыш эсепке алынганда КРБ төлөөчүнүн төлөм тапшырмасындагы көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ошол төлөмдү кайтарууну ишке ашырат.
Төлөмдүн багытталышы аныкталган соң (банк-агенттен төлөм документи түшкөндө) келип түшкөн төлөм тийиштүү салык органдары тарабынан корутунду таризделбестен кирешелер классификациясынын тийиштүү элементине киргизилет.
13. "Түшүндүрмө берилбеген (жаңылыш) түшүүлөр" КЭКине келип түшкөн жана кирешенин түрүнө карата таандык экендиги белгиленбеген төлөмдөр эсепке алынган күндөн эки айдан ашык эмес мезгилде "Түшүндүрмө берилбеген түшүүлөр" катары киргизилет, ал эми декабрда түшкөн төлөмдөр отчеттук мезгилдин 30-декабрына чейин киргизилиши мүмкүн. Ушул мөөнөттөр өткөндөн кийин түшүндүрмө берилбеген түшүүлөр КРБ тарабынан республикалык бюджеттин кирешесине которулат жана 14511200 "Салыктык эмес башка түшүүлөр" кирешелер классификациясынын элементи боюнча эсепке алынат.
14. КРБ түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүдө "1С-Казна" автоматташтырылган системасы аркылуу төмөнкүдөй операцияларды жүргүзөт:
- күн ичинде түшкөн кирешени (кирешелер классификациясынын элементтери) түрү боюнча бөлүштүрүүнү жүргүзөт;
- кирешелердин (кирешелер классификациясынын элементтери) түрү боюнча өзүнчө түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге чегерилүүгө (республикалык, шаардык, райондук же айыл өкмөтү) тийиш болгон киреше суммасын аныктайт;
- артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн кирешелер суммасын салык жана бажы органдарынын корутундуларынын негизинде төлөөчүгө кайтаруу боюнча операцияларды салыктардын түрлөрүн жана бажы төлөмдөрүнүн түрүн айкын көрсөтүү менен түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге которулууга тийиш болгон күндөлүк кирешенин суммасынын негизинде жүргүзөт.
Бюджеттердин кайсы бир деңгээлдеги киреше каражаты жетишсиз болгон учурда түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешени бөлүштүрүүдө артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн киреше суммасын төлөөчүгө кайтаруу боюнча салык жана бажы органдарынын корутундуларын жарым-жартылай аткарууга жол берилет.
Төлөөчүгө которулууга тийиш болгон артыкбаш төлөнгөн же артыкбаш өндүрүлгөн жана учурдагы күн ичинде аткарылбай калган киреше суммасын кайтаруу кийинки күнү түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кирешени бөлүштүрүүдө эске алынат.
КРБ түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда кайра эсептөө жана бир күндүк учурдагы түшүүлөрдүн суммасынын чегинде түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге кирешени которуу боюнча операцияны жүргүзөт. Күн ичинде киреше жетишсиз болсо кирешени кайра бөлүштүрүү операциялары жарым-жартылай аткарылат.
Финансылык жылдын аягында аткарылбай калган бюджеттер ортосундагы кайра эсептешүүлөр эгерде тийиштүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкалар белгиленбесе, жаңы финансылык жылда түшүүлөрдүн эсебинен келерки финансылык жылда ишке ашырылат.
Өзүнчө балансы жана казыналык эсеп-чоту болбогон аймактык жактан обочолонгон бөлүктөр курамына кирген төлөөчүлөрдөн түшкөн киреше төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- каттоого алынган орду боюнча төлөөчүдөн түшкөн кирешени КРБ негизги төлөөчүнүн - эсеп-чот ээсинин турган орду боюнча түрдүү деңгээлдеги бюджеттер ортосунда бөлүштүрөт.
Эгерде аймактык жактан обочолонгон бөлүктөр түрдүү облустардын аймагында жайгашса жана өз алдынча казыналык эсеп-чотуна ээ болсо, анда төлөмдөр КРБнын эсеп-чотуна ошол бөлүктөрдүн турган орду боюнча которулат жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ченемдер боюнча түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге чегерилүүгө тийиш.
15. "Кирешелер" КЭКине учурдагы финансы жылында түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча көрсөтүлгөн эсеп-чотко каражатты чегерүү учурунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
16. Салык жана бажы органдары тарабынан тескелбеген киреше жана мажбурлап алынуучу башка суммалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тартипте бөлүштүрүлөт, кирешелер классификациясынын тийиштүү элементи боюнча эсепке алынат. Салык жана бажы органдары тарабынан тескелбеген кирешелерди кайтаруу жеке же юридикалык жакка кызмат көрсөтүүчү органдардын катынын негизинде ишке ашырылат.
17. Түрдүү деңгээлдеги бюджеттердин кирешесин эсепке алуу мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча эсепти жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча жол-жоболорго ылайык "1С-Казна" автоматташтырылган системасы боюнча ишке ашырылат. Түрдүү деңгээлиндеги бюджеттердин кирешелери менен бардык операциялар ушул Нускамада белгиленген тийиштүү эсепке алуу формаларында чагылдырылат.
18. Төлөм документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде "1С-Казна" автоматташтырылган системасында күн сайын түрдүү деңгээлдеги бюджеттердеги кирешелердин түрү жана түшүүлөрү боюнча, өзүнчө банк документтери, КАТ, ИКТ, салык жана бажы органдарынын корутундулары боюнча келип түшкөн кирешелердин реестри түзүлөт (3-тиркеме).
"Кирешелер" КЭКине түшкөн кирешелер кирешенин ар бир түрү боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлүп, Кирешелер классификациясынын элементи боюнча топтоштурулат.
19. Банк-агенттин көчүрмөсү боюнча маалымкатта жазуулар төлөм тапшырмасынын бүткүл маалыматынын тийиштүү графалары көрсөтүлүп, банк-агенттин электрондук формасынын негизинде Мicrosoft Оffiсе Ехсеl файлы) ар бир операция боюнча "1С-Казна" автоматташтырылган системасына түшүрүлөт.
"КАТ боюнча кирешелер" КЭКине жазуулар бардык реквизиттерди коюу менен КАТ маалыматына ылайык "1С-Казна" автоматташтырылган системасында кол менен киргизилет. КАТ КРБда кала берет, ал эми реестри бар тиркеме ошол аймактагы салык жана бажы органдарына берилет (4-тиркеме).
"ИКТ боюнча кирешелер" КЭКинде жазуулар КАТга окшош жүргүзүлөт. ИКТ КРБда кала берет ал эми реестри бар тиркеме ошол аймактагы салык жана бажы органдарына берилет (5-тиркеме).
"1С-Казна" автоматташтырылган системасында салык жана бажы органдарынын корутундуларын каттоо үчүн Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы бюджеттен кайтарууну (эсепке кошууну) каттоо журналы каралган (6-тиркеме).
Корутундулар боюнча КЭКтеги жазуулар "1С-Казна" автоматташтырылган системасында ашыкча төлөө келип чыгып, андан кайтаруу жүргүзүлгөн (салыктын суммасы "-" белгиси менен коюлат) кирешенин элементи жана кирешени эсепке кошуу жүргүзүлгөн (салыктын суммасы "+" белгиси менен коюлат) кирешенин элементи, документтин номери коюлуп, кол менен түшүрүлөт.
Корутундулар боюнча реестрде түрдүү деңгээлдеги бюджеттерде кайтарууга (эсепке алууга) таандык кирешелер суммасы бир күндө бюджеттин ар бир деңгээлине түшкөн кирешелерге негизденип чагылдырылат.
Түрдүү деңгээлдеги бюджеттерден кайтарууга (эсепке алууга) таандык суммаларды чагылдыруу төлөмдү кайтаруу (эсепке алуу) жөнүндө салык органынын ар бир корутундусу боюнча жүргүзүлөт.
Андан кийин бардык жогоруда көрсөтүлгөн реестрлер "1С-Казна" автоматташтырылган системасында жыйынтык сумма көрсөтүлүп, кирешелер классификациясына ылайык кирешелер түрү боюнча, чегерүүлөр ченемине (пайыздарга) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укук актыларына ылайык бюджет боюнча топтоштурулат.
Реестрде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге түшүүлөрдүн түрү боюнча кирешелер (кирешелер классификациясына ылайык кирешелер түрү боюнча, бюджет боюнча ажыратуу менен) жана бюджет боюнча жалпы сумманы жана реестр боюнча бардык түшүүлөрдү көрсөтүү менен чагылдырылат.
Түшүүлөрдүн түрү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн реестрлерди түзүүнүн жыйынтыгы боюнча (КАТ, ИКТ, корутунду, банк-агент) бир күнгө жыйынды реестр түзүлөт (7-тиркеме).
Жыйынды реестр жүргүзүлгөн кайтарымдарды эсепке алуу менен түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге бөлүштүрүлгөн жана иш жүзүндө которулган кирешелерди эсепке алууга арналган. Жыйынды реестрде ар бир түрдүү деңгээлдеги бюджет үчүн белгиленген ченем боюнча эсептелген кирешелер суммасынын графасы каралган.
Бюджеттер деңгээли боюнча кирешелерди которуу суммасы кирешелерди кошуп эсептөө болуп өткөн тийиштүү бюджеттеги "Сумма" графасында чагылдырылат. Бардык реестрлердин маалыматтарын эсепке алуу менен кирешенин ар бир түрү жана бюджеттин деңгээли боюнча "Жыйынтыгында келип түшкөн" сумма чыгарылат.
Күн ичинде жыйынды реестрге ылайык реестр боюнча бардык түшүүлөр такталгандан кийин Борбордук казыналыкка, Кыргыз Республикасынын салык, бажы жана финансы органдарына түшкөн кирешелер боюнча маалымат берилет.
Тийиштүү бюджеттерге түшкөн кирешелерди которуу КАТты жана ИКТны тариздөө аркылуу жүргүзүлөт.
Жыйынды реестр ар бир жумуш күнү үчүн эки нускада таризделет. Реестрдин эки нускасы тең аткаруучу жана КРБ башчысы тарабынан кол коюлат. Реестрдин биринчи нускасы банк мекемесинин көчүрмөсү менен КРБда калтырылат, ал эми экинчи нуска төлөм документтери тиркелип салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол коюусу менен өткөрүлүп берилет.
20. Эсеп-чот боюнча бир күндүн документтеринде түшүндүрмө берилбеген түшүүлөр бар болсо, "1С-Казна" автоматташтырылган системада "Түшүндүрмө берилбеген (жаңылыш) түшүүлөр" КЭКи түзүлөт.
"Түшүндүрмө берилбеген (жаңылыш) түшүүлөр" КЭКи маалымдама-контролдоо формасы болуп саналат жана тийиштүү графаларда банк-агенттин көчүрмөсү боюнча төлөмдү кошуп эсептөө датасы, төлөм документинин номери жана датасы көрсөтүлүп, ар бир түшүндүрмө берилбеген төлөмдөр боюнча түзүлөт. КЭКте документти түшүндүрмө берилбеген төлөмгө киргизүүнүн себеби жана төлөмдү түшүндүрүү үчүн кабыл алынган иш-чаралар көрсөтүлөт.
21. Түрдүү деңгээлдеги бюджеттердин активдери жана милдеттенмелери менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелерди эсепке алуу ушул Нускаманын 4-бөлүмүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22. Активдерди жана милдеттенмелерди кайтаруу түшүүлөрдүн администраторунун жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
1-тиркеме
КАЗЫНАЛАР АРАЛЫК ТАПШЫРМА № _____
Датасы "__" _________ ____-жыл
Дебет Сумма
Республикалык бюджеттин кирешеси 104102 │ │
Казыналык эсеп-чоттун аталышы ___________________________________________________________________
Кредит
КРБ - Борбордук казыналык
Которуу эсеп-чоту 005003 │ │
Сумма жазуу жүзүндө _____________________________________________________________________________
Кимден: КРБ
Кимге: Борбордук казыналык
Багыты: Республикалык бюджеттин кирешеси
Кайтаруу көчүрмөсү кайра берилсин
М.О.
Казыналыктын ыйгарым Алуучу КРБ
укуктуу адамынын колу белгиси
ИЧКИ КАЗЫНАЛЫК ТАПШЫРМА № _____
Датасы "__" _________ ____-жыл
Дебет Сумма
Райондук бюджеттин кирешеси 104102 │ │
Казыналык эсеп-чоттун аталышы _________________________________________________________________________
Кредит
КРБ - Борбордук казыналык
Которуу эсеп-чоту 005003 │ │
Сумма жазуу жүзүндө ______________________________________________________________________________________
Кимден: КРБ
Кимге: Борбордук казыналык
Багыты: Райондук бюджеттин кирешеси
Кайтаруу көчүрмөсү кайра берилсин
М.О.
Казыналыктын ыйгарым Алуучу КРБ
Укуктуу адамынын колу белгиси
2-тиркеме
┌──────┬──────────────────┬───────────┬────────────┬───┬────────┬─────┐
│Опера-│ Төлөм документи │Төлөөчүнүн/│ Документ │К-т│ Баланс │Корр.│
│ ция ├──────┬─────┬─────┤ Алуучунун │ түшүндүрмө │ │(сальдо)│эсеп-│
│датасы│ ата- │номе-│дата-│ аталышы │ берилбеген │ │ │ чот │
│ │ лышы │ ри │ сы │ │ түшүүлөргө │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ таандык │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ экендигинин│ │ │ │
│ │ │ │ │ │ себеби │ │ │ │
├──────┼──────┼─────┼─────┼───────────┼────────────┼───┼────────┼─────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──────┴──────┴─────┴─────┴───────────┴────────────┴───┴────────┴─────┘
3-тиркеме
__ ____________ ____-жыл
(күн, ай, жыл)
┌───────────┬───────────┬─────────────┬────────────────┬──────────────┐
│Түшүүлөрдүн│ Кирешелер,│Республикалык│ Райондук │Айыл өкмөтүнүн│
│ түрү │ бардыгы │ бюджет │(шаардык) бюджет│ бюджети │
├───────────┼───────────┼─────────────┼────────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───────────┴───────────┴─────────────┴────────────────┴──────────────┘
ИКТ боюнча реестр
__ ____________ ____-жыл
(күн, ай, жыл)
┌───────────┬───────────┬─────────────┬────────────────┬──────────────┐
│Түшүүлөрдүн│ Кирешелер,│Республикалык│ Райондук │Айыл өкмөтүнүн│
│ түрү │ бардыгы │ бюджет │(шаардык) бюджет│ бюджети │
├───────────┼───────────┼─────────────┼────────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───────────┴───────────┴─────────────┴────────────────┴──────────────┘
Корутундулар боюнча реестр
__ ____________ ____-жыл
(күн, ай, жыл)
┌───────────┬───────────┬─────────────┬────────────────┬──────────────┐
│Түшүүлөрдүн│ Кирешелер,│Республикалык│ Райондук │Айыл өкмөтүнүн│
│ түрү │ бардыгы │ бюджет │(шаардык) бюджет│ бюджети │
├───────────┼───────────┼─────────────┼────────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───────────┴───────────┴─────────────┴────────────────┴──────────────┘
4-тиркеме
"КАТ боюнча кирешелер" КЭКи
┌────────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐
│ КАТ │ Тиркеме │
├─┬─────┬────────────┬───────┬───────┼─────┬─────┬───────┬─────┬──────┤
│№│ Дата│Жөнөтүүчүнүн│Суммасы│Багыты │ N │Дата │Төлөөчү│Сумма│Багыты│
│ │ │ КРБсы │ │ │ Т/Т │ Т/Т │ │ │ │
├─┼─────┼────────────┼───────┼───────┼─────┼─────┼───────┼─────┼──────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└─┴─────┴────────────┴───────┴───────┴─────┴─────┴───────┴─────┴──────┘
5-тиркеме
"ИКТ боюнча кирешелер" КЭКи
┌────────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐
│ КАТ │ Тиркеме │
├─┬─────┬────────────┬───────┬───────┼─────┬─────┬───────┬─────┬──────┤
│№│ Дата│ Төлөөчү │Суммасы│Багыты │ N │Дата │Төлөөчү│Сумма│Багыты│
│ │ │ │ │ │ Т/Т │ Т/Т │ │ │ │
├─┼─────┼────────────┼───────┼───────┼─────┼─────┼───────┼─────┼──────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │
└─┴─────┴────────────┴───────┴───────┴─────┴─────┴───────┴─────┴──────┘
6-тиркеме
┌─┬───────┬──────┬──────┬─────┬────┬───────┬─────┬────┬───────┬──────┐
│№│ МСК │ Кору-│Төлөө-│Салык│Сум-│ Кимге │Салык│Сум-│ БКнын │ Атка-│
│ │аталышы│тунду-│чүнүн │түрү │ ма │эсепке │түрү │ ма │ же │ руу │
│ │ │ нун │ ата- │ │ │ кирги-│ │ │финор- │датасы│
│ │ │номери│ лышы │ │ │ зилет │ │ │гандын │же баш│
│ │ │ жана │ │ │ │(салык │ │ │урукса-│тартуу│
│ │ │датасы│ │ │ │ төлөө-│ │ │тынын №│себеби│
│ │ │ │ │ │ │ чүнүн │ │ │ жана │ │
│ │ │ │ │ │ │ аталы-│ │ │датасы │ │
│ │ │ │ │ │ │ шы │ │ │ │ │
├─┼───────┼──────┼──────┼─────┼────┼───────┼─────┼────┼───────┼──────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
└─┴───────┴──────┴──────┴─────┴────┴───────┴─────┴────┴───────┴──────┘
7-тиркеме
ЖЫЙЫНДЫ РЕЕСТР
__ ____________ ____-жыл
(күн, ай, жыл)
┌───────────┬───────────┬─────────────┬────────────────┬──────────────┐
│Түшүүлөрдүн│ Кирешелер,│Республикалык│ Райондук │Айыл өкмөтүнүн│
│ түрү │ бардыгы │ бюджет │(шаардык) бюджет│ бюджети │
├───────────┼───────────┼─────────────┼────────────────┼──────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───────────┴───────────┴─────────────┴────────────────┴──────────────┘
КРБнын аткаруучусу _______________________________________________
(колу)
МСКнын кызматкери ________________________________________________
(колу)