Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июлу № 520
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жана бөлүштүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге кошулуусунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жана бөлүштүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жана активдер жана милдеттенмелер менен операциялардан түшкөн кирешелерди эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |