Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 130
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районуядагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук участогун уюшгуруу жөнүндө" токтомуна езгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кен казуу тармагына инвестицияларды тартуу жана Жалал-Абад облусунда геологиялык чалгындоо иштерин енүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук участогун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
"25270" деген цифралар "25715,3" деген цифраларга алмаштырылсын;
"Жалал-Абад облусунун" деген сөздөрдөн мурда "Ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун экспликациясы;
тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун чек араларынын баяндамасы.";
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин бөлүү боюнча материалдарды белгиленген тартипте тариздешсин;
"Сандалаш" корук участогуна бөлүнүүчү жерлерди ушул токтомдон келип чыгуучу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизишсин.";
7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1 -тиркеменин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун экспликациясы";
2-тиркеменин аталышы төменкүдөй редакцияда берилсин:
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун чек араларын баяндамасы";
токтом ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев
|
| Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 токтомуна 3-тиркеме |
Чек араны баяндап жазуунун башталышы үчүн 3559 тригопункттан түндүктө жайгашкан № 1 чекит (X: 12661214.274, У: 4648000.0) кабыл алынган.
№ 1 чекиттен чек ара № 2 чекитке чейин жалпы аралыгы 7214.278 м болгон түз сызык боюнча батыш багытты карай кетет, № 2 чекит Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана төмөнкү координаттарда турат (X: 12654000.0, У: 4648000.0).
№ 2 чекиттен чек ара Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын бойлото жалпы аралыгы 64632.21 м барат жана № 3 чекитке - Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын тогошуу чекитине чыгат.
№ 3 чекиттен чек ара (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 15-майындагы № 5930-Х Указы) Музбел ашуусу аркылуу Талас Ала-Тоосунун кыры боюнча Талас облусу менен . жандашып жалпы 8134.531 м аралыкты өтүп № 4 чекитке (X: 12693909.142, У: 4677542.135) чыгат.
№ 4 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 5542.128 м болгон түз сызык боюнча түштүк багытта өтөт жана № 5 чекитке чыгат, ал 3590 тригопункттан түндүктө жайгашкан жана төмөнкүдөй координаттарга ээ (X: 12693909.142, У:467222000.0).
№ 5 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 6134.014 м болгон түз сызык боюнча түштүк-батыш багытта № 6 чекитке (X: 12687775.551, У: 4672000.0) чейин барат.
№ 6 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 35798.067 м болгон түз сызык боюнча түштүк-чыгыш багытта кетип жана № 1 чекитке (X: 12661214.274, У: 4648000.0) чыгат.
Корук участогунун аянты 25715.328 гектарды түзөт.».