ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 130 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районуядагы Бешарал мамлекеттик коругунда «Сандалаш» корук участогун уюшгуруу жөнүндө» токтомуна езгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому

Редакция31.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты № 130

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районуядагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук участогун уюшгуруу жөнүндө" токтомуна езгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кен казуу тармагына инвестицияларды тартуу жана Жалал-Абад облусунда геологиялык чалгындоо иштерин енүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

I. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 291 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук участогун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

"25270" деген цифралар "25715,3" деген цифраларга алмаштырылсын;

"Жалал-Абад облусунун" деген сөздөрдөн мурда "Ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

4. Төмөнкүлөр бекитилсин:

тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун экспликациясы;

тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун чек араларынын баяндамасы.";

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин бөлүү боюнча материалдарды белгиленген тартипте тариздешсин;

"Сандалаш" корук участогуна бөлүнүүчү жерлерди ушул токтомдон келип чыгуучу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизишсин.";

7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1 -тиркеменин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун экспликациясы";

2-тиркеменин аталышы төменкүдөй редакцияда берилсин:

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун чек араларын баяндамасы";

токтом ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

 

 

 

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын

24-апрелиндеги № 291

токтомуна 3-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Бешарал мамлекеттик коругундагы "Сандалаш" корук участогунун чек араларынын баиндамасы

 

Чек араны баяндап жазуунун башталышы үчүн 3559 тригопункттан түндүктө жайгашкан № 1 чекит (X: 12661214.274, У: 4648000.0) кабыл алынган.

№ 1 чекиттен чек ара № 2 чекитке чейин жалпы аралыгы 7214.278 м болгон түз сызык боюнча батыш багытты карай кетет, № 2 чекит Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана төмөнкү координаттарда турат (X: 12654000.0, У: 4648000.0).

№ 2 чекиттен чек ара Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын бойлото жалпы аралыгы 64632.21 м барат жана № 3 чекитке - Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын тогошуу чекитине чыгат.

№ 3 чекиттен чек ара (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 15-майындагы № 5930-Х Указы) Музбел ашуусу аркылуу Талас Ала-Тоосунун кыры боюнча Талас облусу менен . жандашып жалпы 8134.531 м аралыкты өтүп № 4 чекитке (X: 12693909.142, У: 4677542.135) чыгат.

№ 4 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 5542.128 м болгон түз сызык боюнча түштүк багытта өтөт жана № 5 чекитке чыгат, ал 3590 тригопункттан түндүктө жайгашкан жана төмөнкүдөй координаттарга ээ (X: 12693909.142, У:467222000.0).

№ 5 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 6134.014 м болгон түз сызык боюнча түштүк-батыш багытта № 6 чекитке (X: 12687775.551, У: 4672000.0) чейин барат.

№ 6 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 35798.067 м болгон түз сызык боюнча түштүк-чыгыш багытта кетип жана № 1 чекитке (X: 12661214.274, У: 4648000.0) чыгат.

Корук участогунун аянты 25715.328 гектарды түзөт.».