Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнундагы № 308
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кенеш (мындан ары - Кеңеш) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында учурдагы жана капысынан пайда болгон маселелерди чечүү боюнча макулдашылган чараларды даярдоону ишке ашыруучу коллегиялуу орган болуп эсептелет.
2. Кеңештин иш жүргүзүүсүнө коомдук-саясий, коргонуу, чек ара, маалыматтык, экономикалык жана коопсуздуктун башка түрлөрүн камсыз кылуу, туруктуулукту жана укуктук тартипти колдоо, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмушундагы маанилүү кызыкчылыктардын тышкы жана ички коркунучтардан корголуу абалын сактоо, ошондой эле терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү проблемалары кирет.
3. Кеңештин ишинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
4. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча шашылыш жана учурдагы проблемаларды чечүү;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин абдан маанилүү кызыкчылыктарына актуалдуу коркунучтарды аныктоо жана коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунучтарды табуу;
- олуттуу социалдык-саясий, аскердик, экономикалык жана башка кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого, жайылышын чектөөгө жана жоюуга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Премьер-министринин ыкчам чечимдерин даярдоо;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо жаатында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу процессиндеги аткаруу бийлиги органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугун баалоо.
5. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген ички жана тышкы саясатты ишке ашыруу маселелерин кароо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрүн жана каражаттарын түзүүгө, контролдоого, даярдыкта кармоого тийиштүү болгон маселелерди кароо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштердин абалына мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилик маселелерин белгиленген тартипте кароо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматтарды талдоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясынын чектеринде аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Кеңештин курамы, аны түзүү тартиби жана иштеши
6. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эсептелет. Кеңештин катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин коргоо, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлөөчү орун басары болот (мындан ары - Кеңештин катчысы).
7. Кеңештин курамы министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына орун алмаштыруу укугусуз катышат.
8. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы боюнча шашылыш, ошондой эле Кеңештин катчысынын сунушу боюнча өткөрүлөт.
9. Кеңештин жыйындарынын күн тартибин жана анда маселелерди кароо тартибин Кеңештин катчысынын сунушу боюнча анын төрагасы бекитет.
10. Кеңештин жыйындарын анын төрагасы башкарат. Кеңештин компетенттүүлүгүнө кирген маселелер боюнча кечиктирилгис чечимдерди кабыл алуу талап кылынган жана Кеңештин төрагасы Кеңештин жыйынына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча Кеңештин жыйынын Кеңештин катчысы башкарышы мүмкүн.
11. Кеңештин чечимдери анын жыйындарында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан алардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12. Кеңештин чечимдери Кеңештин жыйындарынын протоколдору менен таризделет.
13. Кеңештин мүчөлөрү анын иштөө жана чечимдерди даярдоо процессинде бирдей укуктарга ээ болот.
14. Айрым маселелер Кеңештин катчысынын жетекчилигинде өткөрүлүүчү Кеңештин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмелеринде алдын ала талкууланышы мүмкүн.
15. Кеңештин катчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мамлекеттин коопсуздугуна чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун кечиктирилгис маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырма (анын ичинде жазуу жүзүндө) берүүгө укуктуу.
16. Каралуучу маселенин мазмунуна жараша Кеңештин жыйындарына даярдоого жана катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн.
17. Кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
18. Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү эсептелет.