Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели № 136
2011-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын пенсионерлеринин турмуш деңгээлин мындан ары жогорулатууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү төмөнкүдөй шкала боюнча жогорулатылсын:
- өлчөмү 1000 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 600 сомго;
- өлчөмү 1001 сомдон 2000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 400 сомго;
- өлчөмү 2001 сомдон 4000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 250 сомго;
- өлчөмү 4001 сомдон 10000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 150 сомго;
- өлчөмү 10001 сомдон ашкан пенсиялар үчүн - 100 сомго.
Ар бир кийинки шкала боюнча пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө мурдагы шкала боюнча пенсиянын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
Ушул пунктта аталган жогорулатылып жаткан пенсиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөк акы жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу, ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун бир жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте киргизсин:
а) 2011-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүдөй үстөк акылардын өлчөмүн киргизүү бөлүгүнө:
- 1930-1950-жылдарда саясый жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, негизсиз түрдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана кийин акталган жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө;
- азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 200 пайызы өлчөмүндө;
- курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсия алган 80 жашка толгон пенсионерлерге; "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга; I топтогу майыптарга, ошондой эле бирөөнүн жардамына муктаж болгон II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 200 пайызы өлчөмүндө;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "Ленинградды коргоо үчүн" медалы жана "Блокадалык Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 200 пайызы өлчөмүндө;
б) орточо бир айлык эмгек акынын деңгээлинин чегин 2011-жылдын 1-майынан тартып эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү эселенген өлчөмүндө белгилөө бөлүгүндө;
2) пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана жаңы өлчөмдөрдө алардын төлөнүшүн камсыз кылсын;
3) 2011-жылдын 1-майынан баштап ушул токтомдо каралган үстөк акыларды каржылоону Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 жана "Тарифтик саясат өзгөргөндө компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 509 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунан келип чыккан пенсиялардын өлчөмүнүн кайра эсептелишине байланыштуу өзгөрүлбөйт.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кийинки жылдарга каражат караштырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А .Атамбаев
|