Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 токтому менен бекитилген |
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпул чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартибин белгилейт.
1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1.1. Жалпы киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (пенсиялар, стипендиялар, жөлөкпулдар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы.
1.2. Жан башына туура келүүчү орточо жалпы киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси.
1.3. Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар.
2. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет:
2.1. Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, пенсия түрүндө алынган кирешелер;
2.2. Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер;
2.3. Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер;
2.4. Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер участокторду жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери;
2.5. Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер.
Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча алынган кирешелерге төмөнкү кирешелер таандык:
- кызматкерлердин үстөктөрдү, сыйлыктарды, кызматты айкалыштырганы үчүн эмгек акы, иш стажы үчүн, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жана климаттык шарты оор жерлерде иштегени үчүн жана иш орду боюнча башка төлөмдөр үчүн коэффициенттерди жана үстөктөрдү кошкондогу эмгек акысы;
- акчалай үлүштөр, аскердик наамга жана иштеген жылдарга кошумчалар, ошондой эле аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга натуралай үлүштөр же үлүштүн ордуна төлөнүүчү суммалар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;
- жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, аспиранттарынын, окуучуларынын стипендиялары.
Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелерге төмөнкү кирешелер таандык:
- ачылыш жасаганга, ойлоп табууга, өнөр жай үлгүлөрүнө жана рационализатордук сунуштарга, ошондой эле илимдин, адабияттын, искусствонун чыгармаларын жаратканга, басып чыгарганга, аткарганга же башкача пайдаланганга автордук сый акылар;
- банктагы салынган акчалар боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынасынын милдеттенмелери боюнча проценттер жана утуштар;
- акчалай же натуралай түрүндө мураска калтыруу жана белекке алуу тартибинде алынган суммалар;
- өзүнө жеке менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуудан алынган суммалар;
- юридикалык жактардын уставдык (уюштуруу) фондундагы үлүштөрүнө ылайык жарандарга акционердик коомдордун акцияларынан түшкөн кирешелерден төлөнө турган дивиденддер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алынчу алименттер.
1. Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелерге төмөнкүлөрдүн негизинде экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер кирет:
- юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодо тургандыгы тууралуу күбөлүк;
- салык органдары тарабынан берилген патент.
2. Экономикалык иштин (ишкердиктин) башка түрлөрүнөн алынган кирешелерге төмөнкүлөрдүн негизинде алынган кирешелер таандык:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү жалдоого (ижарага, прокатка, пайдаланууга) берүүдөн;
- териси баалуу айбанаттарды багып өстүрүүдөн жана сатуудан;
- үй жаныбарларын кайтарып багуу боюнча иштерди аткаруудан;
- жер үлүшүн ижарага берүүдөн же ижарага алуудан.
1. Жер үлүшүн пайдалануудан алынган үй-бүлөнүн кирешелери жер үлүшүнөн алынган кирешелердин нормативдерин колдонуу менен эсептелет (1-тиркемеге ылайык).
2. Эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе, анда жер үлүшүн ижарага берүү фактысын тастыктаган, ижарага берүү себеби жана ижара төлөмүнүн суммасы көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын - айыл өкмөтүнүн (мындан ары - айыл өкмөтү) маалымкатынын негизинде ижара акысынын суммасы кирешеге киргизилет.
3. Жер үлүшүн иштетүүгө жана/же аны ижарага берүүгө мүмкүндүк болбогон учурда жер үлүшүнүн иштетилбей жана ижарага берилбей калышынын себептери көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн маалымкаты талап кылынат. Мындай үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо тууралуу айыл өкмөтүнүн комиссиясынын сунушу болсо, анда жер үлүшүнөн алынган киреше эсепке алынбайт.
4. Короо жанындагы участоктон алынган кирешелер короо жанындагы участоктон алынчу кирешелердин нормативдерин пайдалануу менен (2-тиркемеге ылайык) эсептелет.
5. Жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынчу кирешелердин нормативдери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин калктын айыл чарбалык иштен алчу шарттуу кирешелерин баалоо боюнча эсептөөлөрүнүн негизинде жыл сайын кайрадан каралып турат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Үй-бүлөнүн айыл чарбалык жаныбарлары бар болсо, балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулга муктаждыгы үй-бүлөнүн сандык курамына жана малынын санына ылайык төмөнкүчө аныкталат:
- эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан аз (1-9) болсо, үч жана андан көп ую жана 25 же андан көп кой-эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу жок;
- эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан көп болсо, 4 жана андан көп ую жана 35 же андан көп кой жана эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдаланылуучу товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун алууга укугу болбойт.
2. Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автомобиль;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автомобиль.
Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелердин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик жөлөкпулдар;
- сөөк коюуга берилчү жөлөкпулдар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялык төлөмдөр;
- камкордукка алгандардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери;
- социалдык коргоо органдары тарабынан бир ирет берилүүчү жөлөкпулдар жана жеңилдиктердин бардык түрлөрү;
- кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча жөлөкпул;
- жумушка убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул;
- иш сапарга жана жаңыдан иштей турган жерге баруу үчүн берилчү сарптоолор (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде);
- күндүзгү окутуучу формадагы орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, башталгыч кесиптик билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын өндүрүштүк практика, каникул учурунда студенттик отряддын курамында иштеген же айыл чарба жумушуна жөнөтүлгөн учурда иштеген эмгегинин акысы;
- травма же майыптык алган учурдагы, камсыздандырылган адам каза болгондо, материалдык чыгым же мүлкүнөн айрылгандагы камсыздандырылган суммалар;
- табигый кырсыктарга кабылгандагы, ооруп калгандагы, ошондой эле кызматкер же анын жакын туугандары каза болгонго байланыштуу материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу катары кызматкерге көрсөтүлчү материалдык жардамдын суммалары;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо үй-бүлөнүн курамында эсепке алынчу адамдарга төмөнкүлөр кирет:
- атасы, энеси, өгөй атасы, өгөй энеси, алардын балдары, жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашаган ата-энелери. Өгөй балдар жана өгөй кыздар чогуу жашаган шартта өз балдары менен бирдей эсептелишет.
2. Үй-бүлөнүн курамы балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпул чектетүү үчүн кайрылган учурдагы абалга карата аныкталат.
3. Үй-бүлөнүн курамын тастыктоо үчүн айыл өкмөтүнөн, турак-жай пайдалануу органдарынан, кварталдык комитеттерден берилген маалымкаттар тапшырылат.
Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эсепке алынбачу адамдарга төмөнкүлөр кирет:
- үй-бүлөнүн бош жүргөн, окубаган жана иш менен камсыз кылуу органдарында белгиленген тартипте катталбаган, эмгекке жарактуу курактагы (16 жаштан жогорку) мүчөлөрү (ата-энесинен башкалар);
- камкордукка алгандар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары, арыз камкордукка алынган балдарга берилгенде (камкордукка алынган балдар жана алардын бир тууган агалары, эжелери өзүнчө үй-бүлө катары эсептелишет);
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү чыныгы аскердик кызмат өтөп жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү;
- жазасын өтөчү жайларда жүргөн, соттолуп кеткен үй-бүлө мүчөлөрү;
- балдар үйлөрүндөгү, интернат үйлөрдөгү жана карылар үйлөрүндөгү мамлекеттин толук камкордугунда турган үй-бүлө мүчөлөрү;
- социалдык тейлөөнүн жеке мекемелеринде туруктуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү;
- ата-энелик укугунан ажыратылган ата-энелер;
- арыз берүүчү адам менен такай чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзгөн адамдардан башка, арыз берүүчү адам менен туугандык байланышы жок адамдар.
1. Үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жалпы кирешеси үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга кайрылган айдан мурдагы үч ай ичиндеги жалпы кирешесин үчкө, андан кийин үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен эсептелет.
Арыз берген адам үй-бүлөнүн курамында же кирешенин өлчөмүндө жакында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө билдирген учурда тапшырылган документтерге ылайык кайрадан эсептөө жүргүзүлөт.
2. Бул Жобонун IV бөлүмүнүн 1, 2-пункттарында жана V бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келген жалпы кирешеси жана мезгилдүү иштеген кызматкерлердин кирешелери үй-бүлөнүн 12 ай ичиндеги жалпы кирешесин 12ге, андан кийин үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен эсептелет.
Жамааттык жана мамлекеттик чарбаларда иштеген жарандардын кирешелерин эсептөө алардын чарбадан алган эмгек акысына жараша жүргүзүлөт.
3. Натура түрүндө алынган кирешенин өлчөмү кирешени алган мезгилдеги базар баасына которуу жолу менен эсептелет.
4. Үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жалпы кирешесин эсептөөдө камкордукка алгандардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын кирешелери өзүнчө аныкталат.
5. Аялына (күйөөсүнө) соттун чечими менен балдарына алименттин өлчөмү аныкталып, бирок алимент төлөнбөсө, анда жөлөкпул алимент төлөө боюнча карыз тууралуу сот органдарынын маалымкатынын негизинде чектелет. Мындайда сот органдарынан маалымкатты алты ай сайын жаңыртып туруу талап кылынат.
6. Жубайлар ортосундагы нике ажыратылып, бирок соттун чечими менен алимент аныкталбаса, анда кирешенин өлчөмү текшерүү актысынын жана арыз берген адамдын түшүнүк катынын негизинде аныкталат.
7. Жубайлар ортосундагы нике ажыратылбаган, бирок атасынан (энесинен) алимент төлөтүү жөнүндө соттун чечими чыгарылган болсо, ал эми жубайлар чогуу жашоосун улантышып жана жалпы чарба жүргүзүшсө, анда үй-бүлөнүн жалпы кирешесине атасынын (энесинин) эмгек акылары киргизилет.
Эгерде атасы (энеси) өзүнчө жашаса, анда үй-бүлөнүн курамынан атасы (энеси) чыгарылат, ал эми үй-бүлөнүн жалпы кирешесинде алып жаткан алимент гана эсептелет.
8. Жубайлар ортосундагы нике ажыратылбаган, бирок алар чогуу жашабаган учурда, анда үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоо үчүн атасынын (энесинин) кирешеси же алименттин өлчөмү талап кылынат.
Атасынын (энесинин) жашап турган орду аныкталбаган учурда ички иштер органынын издөө жөнүндөгү маалымкаты талап кылынат жана үй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт.
9. Баланын ата-энеси никеге катталбаган жана чогуу жашашпаган учурда үй-бүлөнүн курамын жана үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоо үчүн үй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт.
10. Алименттер сот органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын маалымкаттарынын негизинде эске алынат.
11. Эгерде ата-энелердин бирөө республиканын чегинен сырткары, ошондой эле республикада иш жүзүндө жашаган ордунан башка жакта иштесе, анда үй-бүлөнүн жалпы кирешеси арыз берген адамдын жашоо-тиричилик шартын текшерүүнү эске алуу менен аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде аныкталат.
12. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо талаш маселелер пайда болгон учурда бул маселе райондук (шаардык) мамлекеттик администрациянын социалдык маселелер боюнча комиссиясында каралат.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда бул маселе социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
1. Бир жыл ичиндеги үй-бүлөнүн жалпы кирешесин тактоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;
- үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө;
- бала төрөлгөндө;
- арыз берген адамдын, үй-бүлөнүн курамынын туруктуу жашаган жери өзгөргөндө же республиканын чегинен сыртка туруктуу жашоо үчүн кеткенде;
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө мамлекеттин толук камкордугуна алынган мекемелерге өткөрүлсө;
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө жеке менчик социалдык жактан тейлөөчү мекемеге өткөрүлсө;
- никеге катталса же нике ажыратылса;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү чыныгы аскердик кызмат өтөгөнгө чакырылса (офицердик курамдан башка);
- арыз берген адам же үй-бүлөнүн мүчөсү каза болсо;
- ата-энелик укугунан ажыратылса;
- күйөөсү же аялы эркинен ажыратууга соттолсо (тергөөдө болгон убакытты кошо) же мажбурлап дарыланууга жөнөтүлсө;
- бала 16 жашка чыкканда;
- окуучу жалпы билим берүүчү мектепти бүтүргөндө же андан чыгып кеткенде;
- окуучу же студент 23 жашка чыкканда, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайды бүтүргөндө же андан чыгып калганда;
- окууга же жумушка киргенде;
- пенсионерлер, жумушсуздар ишке орношкондо;
- майыптык тобунун мөөнөтү бүткөндө же өзгөргөндө.
1. Социалдык жактан коргоо органына же айыл өкмөтүнө балдары бар, аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпул дайындоого арыз менен кайрылган арыз берүүчү адам, алынган кирешелерин тастыктаган төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жери боюнча;
- негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлери боюнча эмес;
- экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн;
- айыл чарба ишинен.
Кирешелер тууралуу маалымкаттар эгер алар берилгенден бери үч айдан көп өтүп кетпесе кабыл алынат.
2. Жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жана башка жерлеринен эмгек акы, стипендия, ошондой эле пенсия түрүндө алган кирешелери жөнүндө тастыктоочу документтер болуп иштеген, окуган жерлердин, калкты ишке орноштуруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчи, башкы бухгалтер кол коюп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкаттары эсептелет.
Жалпы киреше жөнүндө маалымкаттын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги иштеп чыгат жана бекитет.
3. Ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөнү жөнүндө күбөлүктүн жана салык органдары берчү патенттин негизинде жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлеринен тышкары, экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алган кирешелери тууралуу тастыктоочу документ болуп жарандардын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык салык органдары берген, белгиленген формадагы маалымкат эсептелет.
4. Алимент жөнүндө тастыктоочу документтерди сот органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурга карата аткаруу барагы бар болсо гана беришет.
5. Жер үлүшүн пайдалануудан, короо жанындагы участоктон, ошондой эле айыл чарба жаныбарларынан алынган кирешелерди аныктоо үчүн жердин өлчөмү, категориясы жана айыл чарба жаныбарларынын саны көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн маалымкаты талап кылынат.
6. Жамааттык жана мамлекеттик чарбалардын мүчөлөрү иштеген жериндеги эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды тапшырышат.
1-тиркеме
┌──────────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ Облустар менен │ Жер үлүштөрү │
│ райондордун аталышы ├────────────────────┬─────────────────────┤
│ │ Сугат │ Кайрак │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Баткен облусу (орточо) │ │ │

│Баткен району │ 8 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Лейлек району │ 8 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кадамжай району │ 9 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кызыл-Кыя шаары │ 9 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сүлүктү шаары │ 8 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жалал-Абад облусу (орточо)│ │ │

│Аксы району │ 10 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ала-Бука району │ 10 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Базар-Коргон району │ 13 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ноокен району │ 15 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сузак району │ 13 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Тогуз-Торо району │ 7 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Токтогул району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чаткал району │ 6 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жалал-Абад шаары │ 13 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Көк-Жаңгак шаары │ 12 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Майлуу-Суу шаары │ 12 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Таш-Көмүр шаары │ 12 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Көл шаары │ 8 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Көл облусу (орточо) │ │ │

│Ак-Суу району │ 16 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жети-Өгүз району │ 13 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Көл району │ 12 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Тоң району │ 10 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Түп району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Каракол шаары │ 14 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын облусу (орточо) │ │ │

│Ак-Талаа району │ 6 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ат-Башы району │ 6 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жумгал району │ 6 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кочкор району │ 6 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын району │ 6 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын шаары │ 6 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ош облусу (орточо) │ │ │

│Алай району │ 6 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Араван району │ 12 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Кулжа району │ 6 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Суу району │ 13 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ноокат району │ 12 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Өзгөн району │ 12 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чоң-Алай району │ 5 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас облусу (орточо) │ │ │

│Бакай-Ата району │ 16 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Буура району │ 18 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Манас району │ 17 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас району │ 15 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас шаары │ 15 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чүй облусу (орточо) │ │ │

│Аламүдүн району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жайыл району │ │ │

│а) Чүй аймагы │ 6 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│б) Суусамыр аймагы │ 3 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Ата району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кемин району │ 7 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Москва району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Панфилов району │ 7 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сокулук району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чүй району │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Токмок шаары │ 8 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ош шаары │ 26 │ 3 │
└──────────────────────────┴────────────────────┴─────────────────────┘
2-тиркеме
┌──────────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ Облустар менен │ Үй жанындагы участкалар │
│ райондордун аталышы ├────────────────────┬─────────────────────┤
│ │ Сугат │ Кайрак │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Баткен облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Баткен району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Лейлек району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кадамжай району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кызыл-Кыя шаары │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сүлүктү шаары │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жалал-Абад облусу (орточо)│ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Аксы району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ала-Бука району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Базар-Коргон району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ноокен району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сузак району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Тогуз-Торо району │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Токтогул району │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чаткал району │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жалал-Абад шаары │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Көк-Жаңгак шаары │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Майлуу-Суу шаары │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Таш-Көмүр шаары │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Көл шаары │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Көл облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ак-Суу району │ 17 │ 11 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жеги-Өгүз району │ 17 │ 9 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Көл району │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Тоң району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Түп району │ 17 │ 11 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Каракол шаары │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Балыкчы шаары │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ак-Талаа району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ат-Башы району │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жумгал району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кочкор району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын району │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Нарын шаары │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ош облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Алай району │ 17 │ 12 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Араван району │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Кулжа району │ 17 │ 12 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Суу району │ 17 │ 8 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ноокат району │ 17 │ 12 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Өзгөн району │ 17 │ 12 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чоң-Алай району │ 17 │ 5 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Бакай-Ата району │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кара-Буура району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Манас району │ 17 │ 4 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас району │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Талас шаары │ 17 │ 6 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чүй облусу (орточо) │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Аламүдүн району │ 17 │ 2 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Жайыл району │ │ │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│а) Чүй аймагы │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│б) Суусамыр аймагы │ 17 │ 1 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ысык-Ата району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Кемин району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Москва району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Панфилов району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Сокулук району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Чүй району │ 17 │ 3 │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Ош шаары │ 17 │ - │
├──────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────────┤
│Бишкек шаары │ 14 │ - │