Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры № 824
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133, 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 200, 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Д.Үсөнов |