Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ
Бюджеттик чөйрөнүн тармактарында өлкөнүн экономикалык жактан жигердүү калкынын 13%тен ашыгы иштейт. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгеги иштин кыйла татаал түрлөрүнүн бири, кесиптердин көбү даярдыктын жогорку деңгээлин жана атайын билимдин болушун талап кылат. Кызматкерлердин бул категориясынын кирешесинин негизги булагы - Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде аныкталчу эмгек акы.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын реформалоо бюджеттик чөйрөнүн ар кандай тармактарынын кызматкерлеринин эмгегинин татаалдыгын жана квалификациялык деңгээлдерин салыштыруу принциптерине негизделген Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча акы төлөө кызматкерлердин айрым категорияларынын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк бербегендиги жана аларда эмгектин натыйжалуулугун жогорулатууда ынтызарлыкты жаратпагандыгы менен шартталган. Бирдиктүү тарифтик торчонун бөлүштүрүүчү принцибинде натыйжага жана сапатка багытталган шыктандыруу жок экендигин белгилей кетүү керек.
Бирдиктүү тарифтик торчону колдонуу бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын андан ары өркүндөтүү боюнча иштин жүргүзүлүшүн татаалдатат. Бюджеттик чөйрөдөгү эмгекке акы төлөөнүн төмөн деңгээли ишке орношуу үчүн мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызыктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Колдонуудагы мотивация системасы моралдык стимул тарабына ооп жана материалдык жагы начар пайдаланылат. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн уюштуруу-башкаруу жана мотивациялык иштер боюнча тажрыйбасы моралдык да, жана материалдык да стимулдарды шайма-шай айкалыштыруу зарылдыгын далилдейт.
Кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн орчундуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жана минималдуу айлык акыны жашоо минимумуна жакындатуу үчүн бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү жөнгө салууга принциптүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
Бүгүнкү күндө бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин жалпы штаттык саны 321,7 миң бирдикти түзөт. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жалпы фонду 18826,9(1) млн. сомду түзөт (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрсүз - 16223,0 млн. сом), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы (эмгек боюнча мамлекеттик статистикалык отчет, форма N 1-Т) боюнча бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо өлчөмү 2010-жылы 5225 сомду түзгөн, ал эми республика боюнча орточо эмгек акы 7330 сом.
Алардын ичинен кыйла жогору акы төлөнчүлөрү - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле аскер кызматчылар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери. 2010-жылы алардын эмгек акыларынын орточо өлчөмү тийиштүү түрдө 9697 сомду жана 11492 сомду түзгөн. Бул чөйрөлөрдөгү кызматкерлердин жалпы саны 64,6 миң адам(2), же бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин жалпы санынын 21,0%ын түзөт.
Бюджеттик чөйрөнүн акы аз төлөнчү кызматкерлеринин катарына социалдык чөйрөнүн кызматкерлери кирет, алардын кызматтык маяналары Бирдиктүү тарифтик торчо (мындан ары - БТТ) боюнча эсептелет. Саламаттык сактоодо орточо эмгек акы 2010-жылы 4320 сомду, билим берүү мекемелеринде - 4145 сомду түзгөн, бул тийиштүү түрдө республика боюнча айлык орточо номиналдык эмгек акынын 60%ын жана 58%ын түзөт. Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин жалпы саны 257,1 миң адам же бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин жалпы санынан 79%ын түзөт.
Азыркы учурда бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасы 100дөн ашык ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, алар төмөнкүлөрдү аныктайт:
- мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын;
- аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын;
- социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын (билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият, көркөм өнөр, дене тарбия жана спорт).
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын структурасы базалык, компенсациялык жана дем берүүчү бөлүктөрдөн(3) турат. Мында бул структуранын так бөлүштүрүлүшү жок, ведомстволук актылар менен жөнгө салынган кошумча үстөктөр жана төлөмдөр киргизилген. Кошумча үстөктөр жана төлөмдөр көптүгүнө карабастан бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн бойдон калууда. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлинин башка айрым тармактагылардан кыйла айырмасы бул чөйрөдөгүлөрдүн кадрдык дараметинин алсырашына реалдуу коркунуч болууда. Иштин натыйжасы үчүн жетиштүү шыктандыруунун жоктугу квалификациялуу кызматкерлердин бюджеттик уюмдардан жапырт кетишинин бир себеби болууда.
2008-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнөкөйлөштүрүү жана унификациялоо жагына өзгөртүлүп, анда ар бир кызматтык категория үчүн минималдуу базалык ставка жана эселенген коэффициент караган. Мисалы, министрликтерде минимум базалык ставка 4500 сомду, администрациялык ведомстволордо - 4000 сомду түзгөн.
2008-жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы 12 айлык маянаны, ден-соолукту чыңдоого жөлөкпулду, кварталдык сыйлыктарды, класстык чен жана иштеген жылдары үчүн кошумчаларды, жекече үстөк акыны камтыган.
2008-жылдан тартып 18 ар айлык эмгек акынын ордуна календарлык жылга 15 айлык эмгек акы өлчөмүндө төлөмдөр каралган, анын ичинде 12 айдагы кызматтык маяна, ден соолукту чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө жөлөкпул, ошондой эле эмгек акынын бир айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы каралган.
Жалпы минималдуу маяналарды жана тийиштүү коэффициенттерди белгилөө менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын жалпылоо жана бирдиктүү мамиле мунун негизги артыкчылыгы болду. Мисалы, коэффициенттердин градациясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин эске алуу менен белгиленген, кызматтык маяналар республикалык, облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги жүктөлгөн функцияларды, милдеттерди жана аткарылчу иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленген.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн кемчиликтерине төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
- кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн өлчөмү менен иштин натыйжалуулугунун ортосунда өз ара байланыштын начарлыгы;
- эмгекке акы төлөөдө мамлекеттик жана жеке сектордун ортосунда кыйла ажырымдын болушу (3 эсе);
- ведомстволук тар кызыкчылыктарды көздөө;
- кайсы бир мамлекеттик органды бул же тигил категорияга киргизүүнүн так, даана критерийлеринин жоктугу.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча эсептелет, ал 23 разряддык торчодон турат, мында ар бир разрядга разряддык коэффициент жана категориялары боюнча кызмат орундарынын аталышы тиешелүү болот. Тарифтик ставкаларды жана кызматтык маяналарды эсептөө үчүн баштапкы база - Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разрядынын ставкасы болот.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын базалык кепилденген бөлүгү номиналдык жагынан кызматкердин квалификациясына көп деле көз каранды эмес. Бул фактор Бирдиктүү тарифтик торчонун башкы кемчилиги, ал бөлүштүрүү принцибине гана негизделген жана натыйжа менен сапатка багытталган шыктандыруу жок. Бирдиктүү тарифтик торчо тигил же бул тармактарга таандык бардык өзгөчөлүктөрдү эске алууга жараксыз.
Инфляция процесстеринин таасири астында керектөө куржуну "оордогон" сайын Бирдиктүү тарифтик торчонун базалык ставкасына үстөк акыларды жана кошумча төлөмдөрдү колдонуу боюнча ведомстволук ченемдик укуктук актылар да көбөйгөн. Кошумча төлөмдөргө жана үстөк төлөмдөргө карабастан, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн орточо өлчөмдөрү, өзгөчө бюджеттен тышкары кошумча булактары жок уюмдарда, төмөн болуп кала берген. Бул фактор өзгөчө айыл жеринен мугалимдердин жана врачтардын миграциялык кетишинин башкы себеби болду.
Социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасында иштин натыйжасына байланыш аз жана иштин сапатын жогорулатууга реалдуу стимул эмес.
Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (күч структураларынын) аскер кызматчыларын акчалай камсыздоо жагында укук чыгаруу жана укук колдонуу практикасынын абалын талдоо төмөнкүдөй проблемалар бар экендигин көрсөтүүдө:
- аскер кызматчыларын акчалай камсыздоонун мыйзам менен бекитилген бирдиктүү системанын жоктугу;
- аскер кызматчыларынын маяналарындагы, аскер адамдарынын пенсиялары менен күч структураларынын пенсионерлеринин пенсияларынын өлчөмдөрүндөгү кыйла диспропорция. Акчалай маяна төлөө системасы кээ бир күч структуралары тарабынан жарым-жартылай колдонулат, бул укук колдонуу практикасында олуттуу карама-каршылыктарды жаратат.
Аскер кызматчылардын акчалай маянасы аскердик кызмат орду боюнча маянадан (ал акчалай акы төлөөнүн жалпы фондунун 24%дан ашыгын түзөт) жана бир топ үстөк акылардан жана кошумча төлөмдөрдөн турат (эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 76%га жакынын түзөт).
Эмгек акыны кызмат орду боюнча белгилөө практикасында, анын ичинде акчалай күтүү системасында бирдиктүү системалык ыкма жок, ал үзүндү мүнөздө. Жалпысынан аскер кызматчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасынын кемчиликтери төмөнкүлөр:
- көбүнчө аскер кызматчыларынын өзгөчө статусун аныктаган Бирдиктүү тарифтик торчонун элементтери менен жана мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасынын модели колдонулат;
- аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносторунун чегерүү жана кирешеге салык төлөө боюнча атайын преференцияларга ээ;
- кызматтык маяналарга үстөк акылардын, кошумча акылардын 20дан ашык түрү, анын ичинде кийим-кече жана азык-түлүк менен жабдуу эмгек акынын базалык бөлүгүн орчундуу тарытып жана аны алгылыксыз кылды.
Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшы жагы шыктандыруучу мүнөздөгү үстөк акынын болушу мүмкүн, мисалы:
- аскерлердин жогорку күжүрмөн даярдыкта болушу үчүн;
- эмгектеги жогору жетишкендиктери, өзгөчө маанилүү ишти аткарганы үчүн;
- аскер бөлүктөрүнүн иштериндеги негизги натыйжалар үчүн.
Бирок бул стимулдар аларды баалоо жана түпкү натыйжага жетишүү жагындагы критерийлер боюнча кайра карап чыгууга жана конкреттештирүүгө муктаж.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин акысын реформалоонун максаты бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасына жана сапатына багытталган тармактык системасын иштеп чыгууну жана киргизүүнү көздөйт.
1. Милдеттери:
1) Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча төлөөнү токтотуу жана эмгек акы төлөөнүн тармактык шарттарын киргизүү.
2) Эмгек акы төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн структурасын иштеп чыгуу.
3) Төмөнкүлөр үчүн тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен компенсациялоочу жана дем берүүчү төлөмдөрдүн түрлөрүн жана өлчөмдөрүн бирдей түргө келтирүү:
- социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн;
- аскер кызматчылары үчүн;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн;
- укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жарандык жана эркин жалданма персоналы үчүн;
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын алдындагы мекемелерди кошо алганда, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн;
- бюджеттик чөйрөнүн башка тармактарынын кызматкерлери үчүн;
- техникалык жана кенже тейлөөчү кенже персонал үчүн.
4) Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн эмгектин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин иштеп чыгуу.
5) Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине эмгек акынын пайдаланылбаган фондун кызматкерлерди сыйлоого, иштин сапатына түрткү берүүгө, мамлекеттик органдын, уюмдун жана мекеменин ишине өзгөчө салым үчүн сыйлыкка өз алдынча бөлүштүрүүгө укук берүү.
6) Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү.
2. Концепцияны ишке ашыруунун багыттары:
1) Эмгекке акы төлөөнүн тармактык системасын киргизүү.
2) Төмөнкү максаттар үчүн эмгек акыны этап боюнча көбөйтүү:
- кызматкерге толук сапаттуу жашоо үчүн жетиштүү материалдык ыңгайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун көлөмүн камсыздоо;
- кызматкердин ишинен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берген тийиштүү натыйжаларды алуу.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн тармактык системасы тармактын кызматкерлерине кызматтык маяналарды, ошондой эле өзгөчө шарттарда иш үчүн кошумчаларды киргизүүнү карайт. Бюджеттик чөйрөнүн ар бир тармагында эмгек акы төлөө системасы төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турууга тийиш:
- мекемелердин жетекчи курамынын иштин көлөмүнө жана мекемелердин адистешүүсүнө жараша топтор боюнча дифференцияланган кызматтык маяналарынан;
- адистердин жана кызматчылардын эмгектин татаалдыгына, эмгектин социалдык маанисине жана кызматкерлердин квалификациясына жараша дифференцияланган кызматтык маяналарынан;
- жумушчулардын разряддарга жараша тарифтик маяналарынан.
Аталган кызматтык маяналар тармактык түзүмгө кирген мекемелер менен уюмдарын түрлөрү боюнча иштелип чыгат. Уюмдарды алардын ишинин түрү боюнча топторго бөлүштүрүү менен алардын тармактык номенклатурасын кайра карап чыгуу зарыл. Жетекчилердин, адистердин, кызматчылардын жана жумушчулардын кызматтык маяналары менен тарифтик ставкаларынын өлчөмдөрүн дифферециациялоо мекемелерин ишинин өзгөчөлүктөрүнө, аткарылган жумуштун татаалдыгына, квалификациясына, билим деңгээлине, атайын стажына жараша белгиленет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу үчүн эмгек акынын жана социалдык кепилдиктердин мамлекеттик эмес сектордогу эмгек акынын деңгээлине жана жеңилдиктерине салыштырганда атаандашууга жөндөмдүү, талаптарга жооп берген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга дем берген системасын киргизүү зарыл.
Мында бир эле деңгээлдеги кызмат орундардын чегинде аткарылган функциялардын көлөмүндөгү жана сапатындагы айырмачылыкты эске алуу керек.
Кызматкерлердин ар түрдүү категорияларынын (жетекчилер, адистер) эмгек акыларынын ортосунда диспропорцияны болтурбоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын функцияларынын жана кызмат орундарынын иерархиясын аныктоочу шарттарды, ошондой эле кызматтагы өсүү критерийлерин адистик боюнча кызматты аткаруунун натыйжалуулук жана майнаптуулук көрсөткүчтөрүн эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн тармактык системасын киргизүүнүн негизги жоболору болуп төмөнкүлөр саналат:
- саат боюнча эмгек акы төлөө киргизилчү жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдеринен жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын окутуучуларынан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы жатак мектептердин, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынан башка кызматкерлер үчүн базалык кызматтык маяналарды белгилөө;
- компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө;
- дем берүүчү төлөмдөрдү белгилөө.
Билим берүү уюмдарынын педагог жана башка кызматкерлеринин ставкаларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн билим берүү мекемелеринин типтери жана түрлөрү боюнча эмгегинин татаалдыгына жараша белгилөө каралууда.
Илимий кызматкерлер үчүн кызматтык маяналарды ээлеген кызмат орундарына жана уюмдардын категорияларына жараша белгилөө керек.
Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн базалык маяналар уюмдардын категорияларына (улуттук борборлор, саламаттыкты сактоонун республикалык, облустук жана шаардык уюмдары) жараша кызмат орундун ар бир категориясы үчүн (мекемелердин жетекчилери, врачтар, орто медициналык жана администрациялык-башкаруучу персонал) белгиленүүгө тийиш. Ошондой эле кызматкердин квалификациялык категориясы үчүн базалык маянага үстөк акыларды белгилөө да каралууда. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын иш убакыттын нормасын аткарганына жана эмгекке катышуу коэффициентине жараша эсептөө белгиленип жатат (каржылоонун кошумча булактарынын эсебинен).
Маданият, көркөм өнөр жана информация системасынын кызматкерлери үчүн базалык кызматтык маяналар кызмат орундун ар бир категориясы (жетекчи, бөлүмдүн жетекчиси, жетекчинин орун басары, башкы адис, негизги персонал, инженердик-техникалык персонал) үчүн белгилөө каралууда.
Калкты социалдык коргоо кызматкерлери үчүн администрациялык-башкаруучу персоналдын кызматтык маяналарын ээлеген кызмат ордуна, медициналык персонал үчүн - квалификациялык категориясына жараша белгилөө каралууда.
Дене тарбия жана спорт кызматкерлери үчүн администрациялык-башкаруучу персоналдын кызматтык маяналарын спорттук уюмдардын категориясына жараша белгилөө каралууда (Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадалык даярдоо борбору, олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайы, олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр үчүн республикалык адистештирилген мектеби, олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр үчүн адистештирилген мектеби, балдардын-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептери жана балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбиялык клубдары). Машыктыруучу-окутуучу курамдын кызматтык маяналары билимине жана ээлеген кызмат ордуна жараша белгилениши керек.
Социалдык чөйрөдө айрым тармактар үчүн эмгектин шартын, иштин өзгөчөлүгүн, мисалы, карантиндин чордонунда иштөөнү эске алуу менен кызматкерлердин базалык маяналарына атайын кошумча жана үстөк акыларды белгилөө каралат.
Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн аскер кызматчыларын жана аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу максатында бир катар үстөк акыларды, кошумча акыларды жана бир жолку төлөмдөрдү кайра кароонун эсебинен аскердик кызмат орун боюнча маяналарды көбөйтүү жолу менен акчалай камсыздоону унификациялоо зарыл. Акчалай камсыздоону төмөнкүлөргө жараша белгилөө каралууда:
- аскердик кызмат орду боюнча маянага;
- аскердик наам боюнча маянага;
- иштеген жылдары үчүн кошумча акыга;
- иштин өзгөчө шарттары үчүн үстөк акыга;
- иштеген жылдары үчүн пенсияга укугу бар жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскер кызматын улантып жаткан аскер кызматчыларына пенсиянын 50% өлчөмүндө кошумча төлөмгө;
- аскерлердин жогорку күжүрмөн даярдыгын кармап туруу, кызматтык милдеттерди ак ниет аткарганы жана кынтыксыз тартиби үчүн бир жолку акчалай акыга;
- өргүүгө чыгууда бир жолку жөлөкпулга;
- аскер кызматынан бошонгондо чыгуу жөлөкпулуна;
- жол акыга.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоо кызматтык милдеттерине жараша критерийлерге жана функциялык классификацияга ылайык системага салууну талап кылат.
Төмөнкү топтор боюнча базалык маяналарды белгилөө каралууда: жетекчи курам, командалык-катардагы курам, улук жетекчи тергөөчү-операциялык-инспектордук курам, кенже жетекчи операциялык-инспектордук курам.
Кызматтык маяна менен акчалай күтүүнүн өлчөмүндөгү орчундуу айырмадан улам айрым укук коргоо органдарындагы эмгек акыларда диспропорция бар, ал пенсиянын өлчөмүнө таасир тийгизет. Айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери пенсияны башка укук коргоо органдарындагы ушундай эле бөлүктөрдүн кызматкерлерине караганда 2,5 эсе көп алышат.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскер түзүлүштөрүнүн жарандык жана эркин жалданган персоналына эмгек акы төлөө шарттары бардык күч түзүмдөрү үчүн ээлеген кызматтарына ылайык бирдей түргө келтирилиши керек.
Бирдиктүү тарифтик торчону колдонуу токтотулганына байланыштуу бюджеттик чөйрөнүн башка тармактарынын кызматкерлери үчүн эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик кызматчыларга кирбеген кызматкерлердин эмгегине акы алардын функциялык милдеттерине жана иштин өзгөчөлүү шарттарына жараша төлөнүүгө тийиш.
Бюджеттик чөйрөдө эмгектенген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгек акысынын минимум өлчөмү жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
Эмгек акы төлөөнүн тармактык системасына өтүү кошумча жана үстөк акылардын өлчөмдөрүн жана белгилөө шарттарын тартипке салууну талап кылат. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өзгөртүү менен бир учурда, айрым шарттардагы эмгек үчүн кызматкерлерге компенсация төлөөгө мүмкүндүк берген логикалуу системага салуу максатында компенсациялык төлөмдөр тартипке келтирилет.
Компенсациялык төлөмдөр системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- кесиптерди жана кызмат орундарын айкаштыргандык, тейлөө зонасын кеңейткендик, убактылуу жок кызматкердин ишин аткаргандык үчүн кошумча акыны;
- ошол тармакта узак иштегендиги үчүн сыйлык акыны;
- бийик тоолуу жана алыскы жерлердеги шартта иштегени үчүн кошумчаны.
Узак иштегени үчүн акы кызматкерлерге ошол тармактагы иш стажына жараша кызматтык (тарифтик) маянасына карата пайыз менен эсептелчү ар айлык кошумча акы түрүндө белгиленүүгө тийиш. Азыркы учурда узак иштегени үчүн кошумча акы саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык коргоо кызматкерлери үчүн белгиленген. Илим, маданият жана көркөм өнөр, спорт кызматкерлери үчүн иш стажына үстөк акы киргизүү каралып жатат.
Кызматкерлерди ишти сапаттуу жана натыйжалуу аткарганы үчүн материалдык сыйлоо максатында ардактуу наамы, илимий даражасы, квалификациясы, иш стажысы үчүн кызматтык (тарифтик) маянасына ай сайынкы кошумча түрүндө шыктандыруучу үстөк акы системасын белгилөө сунуш кылынат.
Шыктандыруучу башка төлөмдөрдүн, ошондой эле иштин жогорку натыйжасы үчүн айрым кызматкерлерге үстөк акылардын өлчөмү, аларды колдонуу тартиби жана шарттары уюмдар тарабынан өз алдынча аныкталууга жана ведомстволук ченемдик актылар же жамааттык келишимдер менен белгиленүүгө тийиш.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн бардык бюджеттик чөйрө үчүн иш стажы, класстык/атайын чени, аскердик наамы, илимий даражасы, ардактуу наамы, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегени, иштин өзгөчө шарттары үчүн бирдиктүү үстөк жана кошумча акылар, ошондой эле ар бир тармак үчүн өзүнчө тиешелүү үстөк жана кошумча акылар каралууга тийиш.
Дем берүү мүнөзүндөгү (иштин жогорку натыйжасы үчүн) төлөмдөр кызматкердин ишинин натыйжасына жана сапатына баа берүүгө мүмкүндүк берген критерийлердин негизинде белгиленүүгө тийиш. Муну менен бирге төмөнкүдөй объективдүү критерийлер эске алынууга тийиш: жоопкерчиликтүүлүк, тартиптүүлүк, тил табыша билүү, алдыга коюлган маселени чечүүгө чыгармачылык мамиле жана бир топ башка критерийлер.
Бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн ресурстардын ар кандай түрлөрү колдонулат.
Кадрдык: Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясын ишке ашырууга катышууга ынтызар кызматкерлери, кесиптик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Техникалык: компьютердик жана башка офистик техника, аткаруу бийлик органдарынын транспорттук каражаттары.
Финансылык: бюджеттик каражаттар, эл аралык донорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттары, гранттык жардам. Башкы финансы булактарынын бири өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин каражаты болот. Концепцияны ишке ашыруу үчүн каражатка жалпы муктаждык жыл сайын аныкталат. 2011-жылга республикалык бюджетте социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн 10 млрд. сом суммада кошумча финансылык каражат бөлүү каралган.
Бул Концепцияны ишке ашыруудагы коркунучтар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- тышкы факторлор (тамак-ашка, биринчи муктаждыктагы товарларга дүйнөлүк баалардын кымбатташы);
- бюджеттин дефицити;
- инфляциянын өсүшү;
- мыйзамдагы тобокелдиктер;
- өлкөдөгү саясый туруксуздук.
Концепцияны ишке ашыруу үчүн конкреттүү иштерди, аларды аткаруу мөөнөттөрүн, каржылоо булактарын, жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде бекитүү каралып жатат. Иш-чаралардын планынын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баа берүү Концепцияны ишке ашыруу стадиясында негизги компоненттерден болот.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилет, Иш-чаралардын планына түзөтүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Концепциянын ишке ашырылышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Иш-чаралардын планынын негизинде контролдошот.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун натыйжасы төмөнкүлөр болот:
- эмгекке акы төлөөнүн тармактык системасын киргизүү;
- эмгек акынын жөнөкөйлөштүрүлгөн структурасы;
- тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен компенсациялык жана шыктандыруучу төлөмдөрдүн түрлөрүн жана өлчөмдөрүн бирдей түргө келтирүү;
- иштөөнүн натыйжалуулугун баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана колдонуу;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынын ченемдик укуктук базасы өркүндөтүлөт;
- айыл жеринен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин жана врачтардын миграциялык кетиши азаят;
- бюджеттик чөйрөдө кадрлардын кетүүсү азаят;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин материалдык абалы жакшырат;
- эмгек акынын мотивациялык жана дем берүүчү потенциалы жогорулайт.
(1) Социалдык фондго которууларды эске алуу менен, бирок Бажы кызматынын атайын каражаттардын эсебинен түзүлүүчү ЭАФ эсепке албастан.
(2) Санды жана "башкалардын" ЭАФ эске албастан.
(3) 2008-жылы мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын реформалоодо базалык жана шыктандыруучу бөлүктөрү бириктирилген, компенсациялык бөлүгү орчундуу өзгөртүлгөн эмес.