Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен бекитилген |
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Комиссиянын иштөө тартибин, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептеги каражаттарды пайдаланууну жөнгө салат.
2. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) курман болгондордун, жаракат алгандардын жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүндө келип чыккан социалдык проблемаларды чечүү, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, фонддор, жарандык сектор тарабынан аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн түзүлөт.
3. Комиссия 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди координациялоо жана алардын аткарылышын контролдоо боюнча коомдук башталышта аракеттенген коллегиялуу орган болуп саналат.
4. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
5. Комиссиянын милдеттери болуп 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоону төмөнкү жолдор менен уюштуруу саналат:
- аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, фонддор менен 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын чечүү жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кайрымдуулук акцияларын, башка иш-чараларды уюштуруу аркылуу жер-жерлерде келип чыккан көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө практикалык жардамды көрсөтүү.
6. Комиссия төмөндөгүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо жаатында мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашырууну аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына жардам көрсөтүү маселесинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, жарандардын өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
3) чет өлкөлүк мамлекеттик эмес органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
4) жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин кайрылууларын, каттарын жана арыздарын карайт;
5) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча коомдук жана башка уюмдардын иштерине жардам көрсөтөт;
6) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын иликтеп чыгат жана болжолдойт, корутундуларды жана сунуштарды даярдайт жана аларды милдеттүү түрдө кароо үчүн тийиштүү аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.
4. Комиссиянын ыйгарым укуктары
7. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды суратууга;
2) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды берүүгө;
3) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар менен кызматтык кат алышууларды жүргүзүүгө;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, диний конфессиялардын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүгө;
5) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
6) Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүгө жана ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле Комиссиянын жыйналышынын күн тартибиндеги маселелер боюнча аларды угууга.
8. Комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери аркылуу ишке ашырылат жана милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
5. Топтоо булактары
9. Атайын эсепте топтоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын кайрымдуулук төгүмдөрүнүн жана жардамдарынын;
2) эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кайрымдуулук акцияларын, башка иш-чараларды өткөрүүнүн;
4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардын.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Атайын эсептеги каражаттарды пайдалануунун тартиби
10. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөздө болот жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүгө арналган, анын ичинде:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен майып болгон адамдарды диспансеризациялоого, дарылоого, протездөөгө жана реабилитациялоого (санаторий-курорттук дарылоо);
2) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууга;
3) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун эстелигин түбөлүк калтырууга.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим арыздарды кароонун натыйжасы боюнча төмөнкү тартипте кабыл алынат:
1) Комиссия тарабынан - 500000 сомго чейинки өлчөмдө;
2) Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан - 500000 сомдон жогорку өлчөмдө.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Билдирме курман болгон жана жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандары тарабынан Комиссияга берилет.
Билдирмени жол-жоболоштуруунун, берүүнүн тартиби жана каржылоо комиссия тарабынан аныкталат.
Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө Комиссиянын чечими Комиссиянын курамынын жалпы санынын көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат.
Кабыл алынган чечимге макул эмес Комиссиянын мүчөсү тийиштүү түшүндүрмө жазуу менен өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу.
Комиссиянын чечимине Комиссиянын мүчөлөрү кол коет жана тийиштүү чечим даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлөт.
13. Комиссия жана/же Өкмөт кабыл алган чечимдер тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго жана Борбордук казначылыкка (мындан ары Борбордук казначылык) жиберилет.
Министрликтер менен ведомстволор атайын эсептен чыгымдарды жумшоо үчүн зарыл документтерди даярдайт жана Борбордук казначылыкка жиберет.
Борбордук казначылык министрликтер менен ведомстволор даярдаган документтердин негизинде арыз-катты жана чыгымдарды жумшоо үчүн тийиштүү документтерди банкка жиберет, ошондой эле атайын эсептеги акча каражаттарынын жүрүшүнүн эсебин жүргүзөт жана Комиссияга жана/же Өкмөткө атайын эсептен каражаттарды которуу жөнүндө маалымат берет.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13-1. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууга атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө Комиссиянын жана/же Өкмөттүн чечимдерин жүзөгө ашыруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) турак жай курууга атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө Комиссиянын жана/же Өкмөттүн чечимдери ал кабыл алынгандан кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш Департаментине (мындан ары - Департамент) жиберилет;
2) Департамент атайын эсептен каражат бөлүү үчүн тийиштүү документтерди даярдайт жана Борбордук казначылыкка жиберет;
3) Борбордук казначылык Департаменттин арызын карайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсептен Департаменттин эсебине каражат которуу үчүн банкка арыз-катты жөнөтөт;
4) Департамент буюртмачы катары чыгат жана долбоордук, курулуш уюмдары жана жабдууларды жана курулуш материалдарын берүүчүлөр менен белгиленген тартипте келишим түзөт жана алардын куруу мөөнөттөрүн жана сапатын сакташын камсыз кылат;
5) Департамент Комиссияга каражаттарды пайдалануу жана курулуштун жүрүшү жөнүндө квартал сайын отчет берип турат;
6) Буюртмачылар менен подрядчылардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн негиздүүлүгүнө контролдукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги камсыз кылат.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Атайын эсептеги каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
15. Атайын эсептеги каражаттарды пайдалануу тууралу маалыматтар Комиссия тарабынан ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
7. Комиссиянын түзүмү жана иши
16. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн жана жарандардан, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун туугандарынан, жабыр тарткандардан түзүлөт жана өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16.1. Комиссиянын ишине жетекчилик анын тең төрагалары тарабынан Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт, жыйналыштар зарылчылыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес жана Комиссиянын тең төрагалары бекиткен иш планга ылайык өткөрүлөт.
(КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Эгерде жыйналышка Комиссиянын курамынын үчтөн экиси катышса, жыйналыштар ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.