Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-апрели № 192
«Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги № 192 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, А.М.Режавалиев, Т.У.Шайназаров демилге кылган «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын берилген долбоору этностук кыргыздар-кайрылмандар жеке пайдалануу, ошондой эле өндүрүштүк, ишкердик жана башка коммерциялык иштер үчүн бажы чек арасы аркылуу товарларды, товардык-материалдык баалуулуктарды (жабдууларды, инвентарларды ж.б.) алып өтүүдө аларга салык салуунун жеңилдетилген шарттарын белгилөөнү карайт.
Мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар, айрым алганда этностук кыргыздар-кайрылмандар өндүрүштүк, ишкердик жана башка коммерциялык иштер үчүн арналган товардык-мактериалдык баалуулуктарды алып келген учурда үч жылга чейинки мезгилге салыктар жана жыйымдар боюнча жеңилдетилген тарифтерди белгилөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Салык кодексинде каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ар кандай салык жеңилдиктери салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна алып келет. Бул принцип салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык иштин бирдей шарттарын жана салыктарды салык төлөөчүлөрдүн ортосунда адилеттүүлүк жана теңдештирүү принциби боюнча бөлүштүрүүнүн механизмин түзүүнү карайт. Экономикалык иштин кайсы бир түрүнө салык жеңилдиктерин бергенде, мамлекет албай калган кирешелердин ордун толтуруу үчүн иштин башка түрлөрүнө салык төлөмдөрүн жогорулатууга аргасыз болот. Мына ушунун айынан салык жүктөмүн тең эмес бөлүштүрүү келип чыгат.
Этностук кыргыздарга - кайрылмандарга өндүрүштүк, ишкердик жана башка иштер үчүн арналган жабдууларга жана башка товардык-материалдык баалуулуктарга салыктык жана бажылык артыкчылыктарды берүү мындан сырткары жекече мүнөздөгү салык жеңилдиктерин берүү катары квалификацияланып, салыктык башкарууну кыйла татаалдатат, аталган артыкчылыктарды ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн кыянаттык менен пайдалануулары боюнча терс көрүнүштөрдү жаратат.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүндө жеке жактын, анын ичинде жеке ишкер болуп саналгандардын өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка иш үчүн арналган товарларды алып өтүшү Бажы кодексине ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөрү аныкталган.
Бажылык тарифтер жана салыктык жеңилдиктер Бажы, Салык кодекстерине жана «Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
Көчкөндөр мурда өздөрүнө менчик укугунда таандык жана өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык максаттарга арналбаган товарларды Кыргыз Республикасына туруктуу жашоочу жерине алып кирүүсүндө, алардын салмагына, санына, баасына карабастан алып келиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана автотранспортторду алып өтүүсү жөнүндө нускамага ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу менен жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдиктүү тартипте ишке ашырыла тургандыгын белгилөө керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|