Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
расмий тилдеги редакция төмөнкүдөй мазмундагы II глава менен толукталсын:
«II. Агенттиктин максаты
Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортту өнүктүрүү.»;
II - V главалар тиешелүү түрдө III - VI главалар деп эсептелсин;
II главанын төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары менен бирдикте» деген сөздөр алып салынсын;
III главанын алтынчы абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча агенттик менен өз ара аракеттенүү аркылуу» деген сөздөр алып салынсын;
V глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«VI. Агенттиктин уюштуруу иштери
1. Агенттик төмөнкүлөрдөн турган бирдиктүү система түрүндө болот:
- борбордук аппарат;
- аймактык органдар;
- Агенттиктин карамагында турган мекемелер;
- «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы».
2. Агенттиктин карамагында турган аймактык органдар жана мекемелер Агенттиктин директору тарабынан бекитилген жобого ылайык өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырат.
3. «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү уставга ылайык өзүнүн иштерин жүзөгө ашырат.
4. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
5. Директор:
- Агенттиктин иш-аракеттерине жалпы жетекчилик кылат;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат;
- бекитилген жалпы санынын жана эмгекке акы төлөө фондунун чегинде Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Агенттиктин карамагында турган аймактык органдардын жана мекемелердин жобосун, түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин жана аймактык органдардын жетекчилерин кызматтан бошотот;
- Агенттиктин карамагында турган мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коллегиясынын жыйындарына катышат;
- Агенттиктин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка ведомстволук актыларды чыгарат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;
- дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө акча каражаттары жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет, бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу үчүн контролду жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындоо үчүн «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматына талапкерди сунуштайт;
- Агенттиктин «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарларын жана башкы бухгалтерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине, Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишкананын жана уюмдардын директоруна карата сыйлоо жана жазалоо чараларын көрөт;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт.
6. Агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлгөн.
Агенттиктин директору менен макулдашуу боюнча статс-катчы:
- талапкерлерди Агенттиктин кызматкерлеринин бош администрациялык мамлекеттик кызмат ордуна дайындайт;
- Агенттиктин администрациялык мамлекеттик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурууну жана ротациялоону жүзөгө ашырат.
Статс-катчынын функциясы жана ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.
7. Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот.
Агенттиктин директорунун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
8. Агенттикте 9 кишиден турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын курамына Агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчысы, директордун орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
Агенттиктин коллегиясынын жеке курамы Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынын бекитилет.
Коллегия жөнүндө жобо Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |