Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майы № 226/14/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылга экономикалык саясат жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылга экономикалык саясат жөнүндө тиркелген биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 16-майындагы № 226/14/1 токтому менен жактырылды |
Киришүү
2010-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө апрелдеги болуп өткөн саясий жана июндагы кайгылуу окуялардын терс таасиринин шартында экономикалык өсүштүн кескин төмөндөп кетүү коркунучун жеңип чыгуу мүмкүн болду.
2010-жылдын башынан тартып республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сезилерлик оң жылыштар байкалды, бул дүйнөлүк экономиканын жакшырышынан кандай болсо, дал ошондой эле кризистүү 2009-жылдан кийин өлкөнүн экономикасын тездик менен калыбына келтирилиши менен шартталган. 2010-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча өнөр жайында 178,8 % жана курулушта - 135,1% өсүштүн жогорку темптери менен шартталган ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмүнүн реалдуу өсүш темпи 116,4% түзгөн.
Апрелдеги жана республиканын түштүгүндөгү июнь окуялары, өлкөдөгү саясий туруксуздуктун кесепеттери өлкөнүн экономикасына жана калктын жашоо деңгээлине катуу терс таасирин тийгизди. Чакан жана орто бизнестин көптөгөн ишканалары зыян тартты, туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү олуттуу чыгымдарды тартышты, ишкердик активдүүлүк орчундуу төмөндөдү.
Жалпысынан чет өлкөлүк түз инвестициялар дээрлик эки эсе кыскарды, бул чет өлкөлүк инвесторлордун терс маанайлары тууралуу күбөлөндүрөт. Жагымсыз социалдык-саясий жагдайлардан улам ишкердик активдүүлүк азайды, бир катар, анын ичинде кен казуу тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу токтотулду, айрым ири ишканалар иштебей калды, жумуш орундар кыскарды. 2010-жылы жумушсуздардын саны 3%ке өсүп, 63,4 миң адамды түздү.
Негизги тамак-аш продуктуларына жана товарларга баалардын өсүшү, өзгөчө калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашоо тиричилигинин деңгээли төмөндөшүн шарттарды.
Коңшу мамлекеттер менен чек аралардын жабылышы айыл чарба продуктуларын экспорттоонун иш жүзүндө токтолушуна алып келди, кийим тигүү жана кайра иштетүү ишканалары катуу жабыр тартышты.
2010-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай кыйынчылыктардын натыйжасында баштапкы баалоо боюнча ИДПнын көлөмүнүн төмөндөшү 1,4% (98,6%) түзгөн, ИДПнын көлөмү 212,2 млрд. сом суммасын түздү. «Кум-Төр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо көлөмдүн төмөндөшү 2,1% (97,9%) түздү.
Отчеттук мезгилде экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун катарына төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
- социалдык-саясий кырдаалдын, өзгөчө өлкөнүн түштүк регионундагы чыңалуусу;
- жалпы суроо-талаптын кыскарышы;
- апрелдеги жана өлкөнүн түштүгүндөгү июнь окуяларынан ишканалардын түздөн-түз талкаланышы жана токтоп калуусу;
- аба ырайынын жагымсыз шарттары (жаан-чачындуу жаз, сел агындары, кургакчыл жай айлары);
- күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүүнүн татаалдыгы жана баасынын өсүшү;
- Казакстан менен Өзбекстандын чек араларынын жабылышы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2010-жылы тышкы соода жүгүртүү 5265,5 млн. АКШ долларын түзгөн жана 2009-жылга салыштырганда 11,7%ке өстү, анын ичинде импорт 21,2%ке, экспорт 6,5%ке көбөйдү. Ошентип, 1209,9 млн. долларды түзгөн соода балансынын (-) терс сальдосу түзүлдү.
Дүйнөлүк товардык жана сырьелук рыноктордогу баалардын өтө көтөрүлүп кетиши, ички саясий окуялар жана алардын кесепеттери 2010-жылы инфляциянын өсүшүнө жана экономикалык төмөндөөгө алып келди. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 19,2%ти түзгөн. Өткөн жылдагы инфляциялык процесстерге таасир эткен негизги факторлор, жалпысынан 27%ке, анын ичинде өсүмдүк майы - 47,3%, ун - 42,6%, жаңы эт - 32,7%, нан - 22,2%, кант - 22,5%ке кымбаттаган тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын жогорулашы болуп саналат. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 12,9%ке өскөн.
Бир нече жылдар бою болуп жаткан инфляциялык өсүштөрдүн удаалаштыгы экономикалык агенттердин жогорку инфляциялык күтүүлөрүн жаратып, өлкөнүн калкынын социалдык абалына терс таасир этүүдө.
Жогоруда белгиленгендерди эске алып, ошондой эле экономиканын ар түрдүү секторлорунда экономикалык стабилдүүлүктү сактоо жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылга экономикалык саясаты жөнүндө ушул биргелешкен билдирүүсү иштелип чыкты.
1. Макроэкономикалык саясат
2011-жылга макроэкономикалык саясатты ишке ашыруунун негизги максаты экономикалык өсүштүн темпин калыбына келтирүү, баанын туруктуулугуна жетишүү жана колдоо, орто мөөнөттүү мезгилге экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн базалык шарттарды түзүү болуп саналат.
2011-жылдагы макроэкономикалык саясат төмөнкү негизи маселелерди чечүүгө багытталат:
- ички дүң продуктунун (ИДПнын) 6,3% төмөн эмес реалдуу өсүш темпин камсыздоо;
- инфляцияны үч жылдык мөөнөткө орточо 10%ке чейин кыскартуу;
- бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 8,7% чегинде кармап туруу;
- айлык орточо эмгек акыны 18%ке көбөйтүү;
- өнөр жай секторунун продуктусун 4,2%ке(1) өстүрүү;
- айыл чарба өндүрүшүн 4%ке өстүрүү;
- курулуш секторун 27,3%ке өстүрүү;
- кызмат көрсөтүү секторун 5,4%тен кем эмес өстүрүү;
- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында аткаруу.
Өлкөдөгү татаал макроэкономикалык кырдаал, бюджеттик чыгымдардын олуттуу өсүшү жана мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы, дүйнөлүк азык-түлүк жана сырьелук рыноктордо көтөрүлүп жаткан баа тренддери 2011-жылы жогорку инфляциялык көрүнүштүн сакталып туруусу үчүн шарт түзүүдө. Өкмөт жана Улуттук банк бул шарттарда инфляциянын иш жүзүндөгү мааниси белгиленген инфляциялык чектен жогору болуп калышы мүмкүн экендигин түшүнүшөт. 2011-жылы өлкөдө баалардын өсүш темпин кармап турууга багытталган чаралардын комплекси кабыл алынат, бул андан ары үч жылдык мөөнөткө инфляцияны 10%ке төмөндөтүүгө мүмкүндүк бермекчи.
2. Акча-кредиттик саясат
Орто мөөнөттүү мезгилге баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу акча-кредиттик саясаттын негизги максаты болуп калат, мында биринчи кезектеги милдет өсүп бара жаткан инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүү болуп саналат.
Инфляцияны түзүүчү монетардык чектөөлөр үчүн акча-кредит саясатынын стандарттык инструменттерин пайдалануу, бюджеттик чыгымдардын өсүшүнө жооп катары ашыкча ликвиддүүлүктү тазалоо боюнча операцияларды көбөйтүү менен акча базасын жөнгө салуу ишке ашырылат. Улуттук банк Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фондунун иш-аракеттери түрүндө стандарттык эмес акча-кредиттик механизм аркылуу акчаны сунуштоону камсыз кылууну улантат, бирок экономиканы калыбына келтирүүнүн туруктуу белгилеринин пайда болушу менен бул механизмди колдонуу чектелет. Мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишмердүүлүгү бааларды турукташтырууга, зарыл болгон учурда акча-кредиттик саясатты катуулатуу менен көңүл бурат.
Алмашуу курсунун өзгөрүлүп туруучу саясатынын алкагында алмашуу курсун ийкемдүү оңдоп-түзөтүүгө жана анын кескин өзгөрүүсүн болтурбоого мүмкүндүк берүүгө багытталган валюталык интервенцияларды жүргүзүү практикасы сакталат. Алмашуу курсуна басым күчөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы эл аралык резервдерди олуттуу кыскартуудан четтейт жана акча-кредиттик саясатты катуулатууну камсыз кылат.
Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын иштерин координациялоонун жана оперативдүүлүгүнүн маанилүү экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ведомстволор аралык координациялык кеңешинин ишине айрыкча көңүл бурулат.
Банк системасынын туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактап калуу максатында банк көзөмөлүн чыңдоо жана банктарга көзөмөл кылууну күчөтүү жана алардын иштерин жөнгө салуу жагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер уланат. Азыркы учурда 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын чакан каржылоону өнүктүрүүнүн Орто мөөнөттүү стратегиясы иштелип чыгууда. 2011-2013-жылдарга банк системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштер башталды.
Төлөмдөр системасын реформалоо калк жана чарбакер субъекттер үчүн коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жаңы жана ыңгайлуу механизмдерин өнүктүрүүгө шарт түзөт. Кыргыз Республикасынын борбордук бийлик жана башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн топтоого жана төлөөгө, эмгек акыларын жана башка төлөмдөрдү коммерциялык банктардагы эсептерден жана кассаларынан жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн алууга өтүүсү белгиленүүдө. Төлөмдөрдү заманбап инновациялык (интернет-банкинг, мобилдүү банкинг, алдын ала төлөөнүн карталары жана башка кызматтар жана технологиялар) кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды колдонуу менен кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү, республиканын бардык аймактары боюнча банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүнүн системасын андан ары өнүктүрүү каралууда. Финансылык опурталдарды азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында төлөмдөр системасын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш-чаралар күчөтүлөт.
3. Фискалдык саясат
2011-жылы фискалдык саясат бюджетке салыктык жана бажылык кирешелердин түшүүсүн көбөйтүүнү камсыз кылууга, салыктык башкаруунун системасын өркүндөтүүгө, экономиканын формалдуу эмес секторун легалдаштырууга багытталат.
Бюджетке салыктык жана бажылык кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү максатында төмөнкүлөр пландаштырылууда:
- өндүрүшкө, импортко, экспортко жана керектөөлөргө экономиканын тармактары боюнча, субъекттер боюнча жана товардык позициялар, төлөнгөн салыктардын суммасы жана башка параметрлер боюнча талдоо жүргүзүү;
- макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсүнө, жана учурдагы жылга кандай болсо, дал ошондой эле кийинки жылдарга анын бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирине талдоо жүргүзүү;
- салыктык жана бажылык башкаруунун системасын өркүндөтүү, ишкерлердин жана контролдоочу органдардын укуктарынын алгылыктуу балансына жетишүү, коррупцияны азайтуу, алардын иштеринин ачык-айкындыгын камсыздоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- салык отчетторун тапшырууда «бирдиктүү терезе» системасын өркүндөтүү аркылуу салык төлөөчүлөрдүн салык кызматынын өкүлдөрү менен түз карым-катнашын болушунча жок кылуу;
- салык отчетторун электрондук каналдар боюнча берүүнү кеңейтүү;
- патенттик салык салуу системасын өркүндөтүү.
Салыктык жана социалдык базага терс таасир тийгизген экономиканын формалдуу эмес секторлорун легалдаштыруу төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат:
- контролдук-кассалык аппараттарды колдонуунун механизмин өркүндөтүү;
- тобокелдиктерди башкаруунун механизмдеринин негизинде салыктык текшерүүлөрдү кеңейтүү;
- күйүүчү-майлоочу материалдар, мобилдүү байланыш, алкоголдуу продукцияларды, тамеки буюмдарын ж.б. өндүрүү сыяктуу айрым секторлорду легалдаштырууга багытталган чараларга талдоо жүргүзүү жана аларды иштеп чыгуу;
- салык органдарынын иштешин автоматташтыруу жана модернизациялоо боюнча жумуштарды улантуу.
2011-жылы бажы саясаты жалпысынан тышкы соодага көмөк көрсөтүүгө жана экономиканын экспортко багытталган негизги чөйрөлөрүнө көмөктөшүүгө, чек араларда бажылык текшерүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, бажылык төлөмдөрдү башкарууну күчөтүүгө багытталат.
Көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн 2011-жылы төмөнкү иш-чаралар каралат:
- бажылык жана бажы айланасындагы инфраструктураларды модернизациялоо, анан ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонууга киргизүү;
- контрабанданы аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган операциялык-издөө иш-чараларын жүргүзүү аркылуу кыянаттык менен салык төлөбөй жүргөндөр боюнча иштерди активдештирүү;
- транспорттук, радиациялык, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык жана контролдун башка түрлөрү үчүн жооптуу ведомстволор жагынан биргелешкен контролду уюштуруу үчүн тышкы соода чөйрөсүндө «бирдиктүү терезе» принцибин колдонууга киргизүү;
- бажылык башкаруу системасын өркүндөтүү.
4. Бюджеттик саясат
2011-жылы мамлекеттик сарптоолор саясатынын максаты мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо, экономикалык өсүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экономикалык баа берүү системасын киргизүү менен мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болмокчу.
Сарптоолор 2013-жылга карата бюджеттин тартыштыгын акырындап кыскартуу прогрессин камсыздоо үчүн түшкөн кирешелерге ылайык катуу контролдоо менен жүргүзүлөт.
Бюджеттик саясатта төмөнкүдөй багыттарга өзгөчө көңүл бурулат:
- мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга;
- мекемелерди каржылоодо натыйжага багытталган ыкмаларды ишке киргизүүгө;
- бюджеттик ресурстарды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү;
- социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн күчөтүү;
- бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү.
Мындан тышкары, 2011-жылы өлкөнүн бюджеттик саясатын аныктоочу Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун иштеп чыгуу форматын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иштер улантылат. Бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү анын программалык форматын ишке киргизүү да улантылат.
5. Мамлекеттик карыз
Мамлекеттик карызды башкаруу карыз түйшүгүн акырындап жеңилдетүү багытында, анын ичинде тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн белгиленген графигин бир эле учурда сактоо менен тышкы карыздарды кыскартуунун эсебинен ишке ашырылат. Орто мөөнөттүү келечекке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу боюнча жаңы стратегиясынын алкагында жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлине жетишүү, анын структураларын оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүн негиздерди түзүү максатында төмөнкүлөр болжолдонот:
- мамлекеттик тышкы карыз түйшүктөрүн жеңилдетүү;
- мамлекеттик карызды өз убагында тейлөө;
- тышкы карызды андан ары реструктуралоо мүмкүнчүлүгүн кароо;
- эки тараптуу кредиторлор менен конверсиялык операцияларды жүргүзүү;
- натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген долбоорлорго кеминде 35 процент грант-элементи менен жеңилдетилген тышкы кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын баштапкы, ошондой эле экинчи рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды кармоочулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу ички карыздардын көлөмүн өстүрүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын портфелин диверсификациялоо;
- тобокелдиктерди башкаруу практикасын колдонууга киргизүү.
6. Реалдуу секторду өнүктүрүү
6.1. Өнөржай
2011-жылы өнөр жай секторун өнүктүрүү өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалды акырындап калыбына келтирүү, токтоп турган көптөгөн ишканалардын ишин жандандыруу, сатып алуучулук суроо-талапты арттыруу, ошондой эле айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо боюнча көрүлүүчү чаралардын натыйжасында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн айыл чарба продукцияларын берүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык активдүүлүктү жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
2011-жылы өнөр жайда негизинен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүнүн эсебинен 4,2%ке өндүрүштүн өсүшү болжолдонот. Иштетүүчү өнөр жай чөйрөсүндө тармактардын туруктуу иштешине жетишүү, ата мекендик товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспорттук берүүлөрдү көбөйтүү максатында 2011-жылы төмөнкүлөр боюнча маселелерди чечүү каралат:
- экономиканы түзүүчү 20 ири ишкананын тизмесин аныктоо жана өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүү чараларын иштеп чыгуу, алардын финансылык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү аркылуу экономиканы түзүүчү ири тармактардын жана ишканалардын иштерин жакшыртуу жана бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү;
- чакан жана орто бизнести колдоо үчүн финансылык ресурстарды тартуу;
- түштүк региондо бизнес-чөйрөнү калыбына келтирүү үчүн шарт түзүү;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын сатып алууну кеңейтүү;
- айыл чарба продукцияларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, аларды толук иштетүү жана тамак-аш продукциясынын экспортун өнүктүрүү максатында орто мөөнөттүү мезгилге тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндө андан аркы саясатты аныктоо.
Өндүрүш көлөмдөрүнүн өсүшү тамак-аш өнөр жайын оңдоо жана өнүктүрүү боюнча жергиликтүү сырьену толук жана тереңирээк кайра иштетүүгө, кошумча наркы жогору болгон товарларды өндүрүүгө багытталган ишканалар менен тармактарды артыкчылыктуу өнүктүрүү боюнча жөнгө салуу чараларын колдонуу, «Касиет» АКы(2), «Розквит» ЖЧК(3), Бишкек кендир фабрикасы, «Илбирс» АКы, «Кара-Балта килем» ЖЧК сыяктуу иштеп жаткан ишканалардын өндүрүш көлөмдөрүн акырындык менен арттыруунун эсебинен текстиль жана тигүү өнөр жай ишканаларында, тамак-аш өнөр жайында кластерлерди түзүү жана иштетүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле химиялык өнөр жайдын токтоп турган ишканаларын жандандыруу жана «КХМЗ-Астра» ЖЧК жана Айдаркен сымап комбинаты АКны ишканаларынын иштерин оңдоо жагындагы андан аркы иш-аракеттерге шарт түзөт.
6.2. Айыл чарба
Айыл чарба приоритеттүү болуп кала берет, анткени бүткүл калктын 14 проценти ушул сектордо иштейт, жана элдин 65 проценти айыл жерлеринде жашайт, бүгүнкү күндө алардын жашоо деңгээли жогору эмес. 2011-жылы реалдуу өсүш темпи 104,0% деңгээлинде күтүлөт, ал кыйла түшүмдүү күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, пахтанын, тамекинин, кант кызылчанын жаздык себүү аянттарын кеңейтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Мындан тышкары, 1 млрд. сом суммасындагы жеңилдетилген агрокредиттер дан, кант кызылча, пахта, май өсүмдүктөрдү өстүрүүчү айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө берилет.
Болжолдонгон өсүш темптери: себүү аянттарынын структурасын оптималдаштыруунун, үрөнчүлүк системасын шайкеш келтирүүнүн, илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин колдонууга киргизүүнүн, материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоону жакшыртуунун, машина-трактор паркын жаңылоонун, асыл-тукум малдын генофондун жана аны көбөйтүү иштерин жакшыртуунун, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануунун, сервистик кызматтарды өнүктүрүүнүн, фермерлер менен дыйкандардын квалификациялык деңгээлин жогорулатуунун эсебинен жетишилет.
Айыл чарбага мамлекеттик колдоону күчөтүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн ортосунда натыйжалуу байланышты жөнгө салуу, айыл чарбалык сырьену экспорттоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкты түзүү, айыл чарбасына техникалык жардам көрсөтүү, ата мекендик жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу белгиленүүдө.
6.3. Курулуш
Курулушта артыкчылыктуу багыттар жеке турак-жайларды куруу, июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыркаган Ош, Жалал-Абад шаарларын жана райондорду калыбына келтирүү; транспорттук магистраль объектилери (Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолдору, Түштүк региондук коридор: Бишкек-Нарын-Торугарт, Тараз-Талас-Суусамыр, Ош-Исфана, Сарыташ-Карамык, Каракол-Түп-Кеген автожолдору); энергетика объекттери (гидроэлектр станцияларды куруу жана реконструкциялоо) болот.
Саясий жайсыздыктын айынан инвестициялык климаттын начарлашына карабастан 2011-жылы 110 кВ «Айгүлташ-Самат» подстанциясын реконструкциялоо менен 220 кВ «Айгүлташ-Самат» жогорку чыңалуудагы линияны курууну аяктоонун эсебинен капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле Бишкек шаарында «Жал-Артис» 15-кичи районун эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө» долбоорду ишке ашырууну улантуу белгиленүүдө. Мындан тышкары, июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыркаган Ош, Жалал-Абад шаарларынын, райондордун инфраструктураларын калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 токтому менен «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан калыбына келтирилүүгө жана курулууга тийиш болгон объекттердин алдын ала тизмеси» бекитилген, анда 2010-2011-жылдарда 207 миң чарчы метрге жакын турак-жай куруу каралган.
7. Инвестициялык саясат
Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн соңку жылдарда кыйла күч-аракеттер жумшалды. Бирок, 2010-жылдагы окуялардан кийин өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу кескин начарлап кетти.
Бүгүнкү күндө тике инвестициялардын келишине инвестициялык иш-аракеттерди жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын учурдагы талаптарга дал келбеши; өлкөнүн транспорттук жана энергетикалык инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон институттук жана ченемдик-укуктук базанын жоктугу; мамлекеттин экономикалык саясатындагы өзгөрүүлөрдү алдын ала айтууга болбостук; инвестицияларды тартуунун жана илгерилетүүнүн натыйжалуу институттук структурасынын жоктугу; коррупциянын жогору деңгээли сыяктуу бир катар көйгөйлөр кедергилик кылууда.
Чет өлкөлүк түз инвестициялардын келишинин өсүшүн камсыздоо үчүн экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн институттук негиздерди түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууга киргизүү, инфраструктуралык проблемаларды чечүү үчүн институттук негиздерди түзүү, мыйзамдардын деңгээлинде инвестициялык артыкчылыктар системасын түзүү зарыл.
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана өлкөгө чет өлкөлүк тике инвестициялардын келишинин өсүшүн камсыздоо максатында 2011-жылы «2012-2014-жылдарга чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартууну илгерилетүү стратегиясын» иштеп чыгуу, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, бир катар өлкөлөр менен бирдикте өнүктүрүү институтун жана инвестициялык фонддорду түзүү каралууда. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн инвестициялык виза берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун колдонууга киргизүү пландаштырылууда.
8. Социалдык саясат
Кризистик көрүнүштөрдүн терс таасири негизинен калктын аз камсыз болгон жана корголбогон катмарына тийди. Мындай шарттарда социалдык коргоону камсыздоодо жана өлкөнүн калкына жардам берүүдө мамлекеттин социалдык саясаты өзгөчө маанилүү.
2011-жылы социалдык чөйрөдөгү негизги чаралар калктын социалдык жактан аялуу топторун (майыптар, пенсионерлер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери) кошо алганда толугу менен социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга багытталат.
Социалдык саясаттын негизги чаралары жакырчылык деңгээлин азайтууга, калктын сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Бул максатта социалдык өнүктүрүүнүн бардык тармагында реформалар улантылат.
Социалдык чөйрөдө даректүү социалдык коргоонун эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарына баалардын өсүшүнүн таасирин жеңилдетүү боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын иштери күчөтүлөт.
Социалдык саясат аз камсыз болгон калктын социалдык коргоо жана социалдык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу ишке ашырылат. Калктын жардамга муктаж болгон катмарын - жарандардын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмарын социалдык жактан коргоону камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Калктын социалдык жактан корголбогон катмарынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр боюнча иштер улантылат:
- калктын мамлекеттик колдоого муктаждыгын аныктоо методологиясын өркүндөтүү;
- мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо;
- социалдык коргоо жана социалдык камсыздандыруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- социалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү;
- пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо;
- пенсиялардын орточо өлчөмүн көбөйтүү;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын реформалоо.
Калкты иш менен камсыздоо чөйрөсүндөгү күч-аракеттер жумушсуздук деңгээлин азайтууга жана иш менен камсыздоо саясаты боюнча активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөнүүчү иштерге, чакан кредит берүүгө жана кесиптик жактан окутууга) болушунча тартууга багытталат.
Корутунду
Биздин өлкөнүн экономикалык структурасынын алсыздыгы жана дүйнөлүк азык-түлүк жана сырьелук рыноктордогу бааларга көз карандылыгы, ички өндүрүштүк мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талап менен сунуштардын ортосундагы балансты жакшыртуу максатында экономиканын реалдуу жана тышкы соода секторлорун реформалоого багытталган структуралык кайра өзгөртүүлөрдүн бүткөрүлбөгөндүгү акча-кредиттик программанын шарттарын жана акча-кредиттик көрсөткүчтөрдү олуттуу өзгөртүшү жана инфляцияны баалоону кошо алганда, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү баалоону оңдоп-түзөтүүнү талап кылышы мүмкүн.
(1) Өсүш темпи иштетип алма сырьесуз келтирилди.
(2) АК - акционердик коом.
(3) ЖЧК - жоопкерчилиги чектелген коом.