Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-майы №211
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жободо:
- 3-пункттун биринчи абзацындагы "фирмалык жана товардык белгилери," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун экинчи абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- 4-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"мамлекеттик тилде: "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция";
"расмий тилде: "Государственная дирекция по восстановлению и развитию городов Ош, Джалал-Абад и пострадавших населенных пунктов Ошской и Джалал-Абадской областей";
- 8-пункттун алтынчы абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, Кыргыз Республикасынын министри рангындагы башкы директор башчылык кылат";
- 12-пункттун экинчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кызматкерлердин белгиленген штаттык санынын чегинде Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;";
- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |