Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-июну УӨ № 104
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын 19-июнундагы № 76 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция, № 1 тиркеме) жөнүндө жобо;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин чектик саны 42 штаттык бирдик санында (тейлөө жана имаратты кайтаруу боюнча кызматкерлерди кошпогондо) белгиленсин.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы УӨ № 104 токтомуна 2-тиркеме |
┌────────────────────┐
│ Башкы директор │
└─────────┬──────────┘
│ ┌──────────────┐
├─────────────────┤ Жардамчы │
│ └──────────────┘
┌─────────────────┬────────┴─────────┬────────────────┐
│ │ │ │
┌─────────┴───────┐┌────────┴────────┐┌────────┴────────┐ ┌────┴─────┐
│Башкы директордун││Башкы директордун││Башкы директордун│ │Аппараттын│
│ биринчи ││ орун басары ││ орун басары │┌─┤жетекчиси │
│ орун басары ││(Бишкектеги офис)││ (Жалал-Абаддагы ││ └──────────┘
├─────────────────┘└────────┬────────┘│ офис) ││ ┌──────────┐
│ ┌──────────────┐ │ └─────────────────┘├─┤Юридикалык│
├──┤ Эксперттик │┌────────┴────────┐ │ │ бөлүм │
│ │ топтор ││ Инвестициялар │ │ └──────────┘
│ │ башкармалыгы ││ бөлүмү │ │ ┌──────────┐
│ └──────────────┘└─────────────────┘ │ │Коомчулук │
│ ┌──────────────┐ ├─┤ менен │
└──┤Финансы-эконо-│ │ │байланышуу│
│ микалык бөлүм│ │ └──────────┘
└──────────────┘ │ ┌──────────┐
└─┤ КТК │
└──────────┘
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы УӨ № 104 токтомуна 1-тиркеме |
I. Жалпы жоболор
1. Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган жана координацияланган ишин, Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча жарандык коом, менчик сектор, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Мамлекеттик дирекция Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, алардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жана аларга караштуу уюмдардын Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча ишин координациялоону, өз ара аракеттенүүнү жана контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп саналып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, эмблемасы, ошондой эле Борбордук казыначылык менен банктарда эсептешүү жана башка эсептери болот.
Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө кетүүчү чыгымдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген сметага ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Адистештирилген фонддун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Адистештирилген фонддун каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын, анын ичинде донорлор, эл аралык уюмдар, менчик сектор, башка өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан берилүүчү, анын ичинде кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Дирекциянын төмөнкүлөрү болот:
- толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция";
расмий тилде: "Государственная дирекция по восстановлению и развитию городов Ош, Джалал-Абад и пострадавших населенных пунктов Ошской и Джалал-Абадской областей;
- кыскартылып аталышы:
мамлекеттик тилде: "Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча мамлекеттик дирекция";
расмий тилде: "Государственная дирекция по городам Ош и Жалал-Абад".
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Өз максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик дирекция белгиленген тартипте филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү түзүшү мүмкүн.
6. Мамлекеттик дирекциянын турган жери Ош шаары, Ленин көчөсү, 318 болуп саналат. Мамлекеттик дирекциянын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратында Бишкек шаарында жайгаштырылат, Жалал-Абад шаарындагы өкүлчүлүгү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратында жайгаштырылат.
7. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын жашоо турмушун жана инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү ресурстук камсыз кылууга тартуу жана башкаруу;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча долбоорлор менен программаларды мониторингден өткөрүү жана аларга баа берүү боюнча жумуштарды уюштуруу жана координациялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Баяндалган милдеттерге ылайык Мамлекеттик дирекция төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен киргизет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө бардык жеке жана юридикалык жактардын аракеттерин макулдашуу менен алардын ишке ашырылышына көмөк көрсөтөт;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүнүн концепцияларын, стратегияларын, программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгууну, алардын инфраструктурасын модернизациялоону жана башка жерге көчүрүү тутумун пландаштырууну координациялайт жана белгиленген тартипте бекитилгенден кийин аларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарындагы объекттерди калыбына келтирүү менен байланышкан инвестициялык программаларды түзүү менен ишке ашыруу боюнча ишке жетекчилик кылат жана аны координациялайт;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан донор өлкөлөр, финансы институттары жана эл аралык уюмдар менен макулдашуулардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат жана ишке тиешеси бар мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарга ылайык көрсөтүлгөн макулдашууларга кол коюу менен алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан ведомстволор аралык, тармактар аралык, аймактык, финансы-экономикалык, инвестициялык жана башка пландарды иштеп чыгууну координациялайт;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү чөйрөсүндө финансылык божомолдоого жана пландаштырууга катышат;
- Мамлекеттик дирекция иштеген мезгилге Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү үчүн бөлүнүп берилген мамлекеттик каражаттарды финансылык башкарууну жүзөгө ашырат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан донор өлкөлөр, финансы институттары, фонддор жана эл аралык уюмдар, менчик сектор менен өз ара аракеттенет;
- Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын курулмалары, анын ичинде социалдык-инженердик түзүмдөрүнүн, инженердик коммуникацияларынын жана коргоо курулмаларынын техникалык абалын текшерип териштирүүнү жана аларга чыгымдар сметасын даярдоону уюштурат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан тышкы жана ички инвестицияларды, финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенет;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүнүн программаларын, долбоорлорун ишке ашыруунун мониторингин, ага баа берүүнү жана аны контролдоону жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Мамлекеттик дирекция Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү маселелерине түздөн-түз байланышкан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик дирекция белгиленген милдеттер менен функцияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу үчүн тиешелүү жоопкерчилик тартат.
IV. Мамлекеттик дирекциянын укуктары
10. Өзүнө жүктөлгөн милдеттер менен функцияларды ишке ашыруу максатында Мамлекеттик дирекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча иш үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын кызматкерлерин, ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартууга;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин, токтомдорунун жана тескемелеринин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик органдардын, бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызмат адамдарынын отчетторун угууга;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча жүргүзүп жаткан натыйжалуу иши үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө каралган республикалык бюджеттик каражаттарынын жана башка булактардын негизги тескөөчүсү менен алуучусунун функцияларын жүзөгө ашырууга жана ал каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча товарларды жөнөтүүлөргө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга белгиленген тартипте сынактарды өткөрүүгө жана келишимдерди түзүүгө;
- имараттар менен курулмалардын, анын ичинде социалдык-инженердик түзүмдүн объекттерин, инженердик коммуникациялар менен коргоо курулмаларынын техникалык абалын иликтеп текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүүгө;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
- объекттерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссияларды түзүүгө, аларды кабыл алуу актыларын бекитүүгө;
- Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштар үчүн Мамлекеттик дирекцияга зарыл болгон маалыматтар менен документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка органдардан суратууга жана алууга;
- Мамлекеттик дирекциянын өз функцияларын аткарышы үчүн координациялык органдарды, кеңештерди, комиссияларды, комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө байланышкан эксперттик, техникалык, өндүрүштүк жана башка милдеттерди аткаруу боюнча филиалдар менен өз алдынча бөлүкчөлөрдү мыйзамдар менен белгиленген тартипте түзүүгө;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча финансылык жана техникалык жардамдын жана башка кызматташуунун маселелери боюнча донорлор, финансы институттары, эл аралык уюмдар, менчик сектор жана башка уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө жана өз ара аракеттенүүгө;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүгө ички жана тышкы финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартуу боюнча ишти уюштурууга;
- өз атынан жарандык-укуктук мамилелерге киришүүгө, жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга;
- Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан тургундарына турак үйлөрүн куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды белгиленген тартипте берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
V. Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштуруу
11. Мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, Кыргыз Республикасынын министри рангындагы башкы директор башчылык кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун үч орун басары, алардын бири биринчи орун басар болот.
Башкы директордун орун басарлары башкы директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалып жана кызматынан бошотулуп, түздөн-түз башкы директорго баш ийет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштурат.
Башкы директор болбогондо анын милдеттерин башкы директордун биринчи орун басары аткарат.
Башкы директор мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Мамлекеттик дирекциянын калган бардык кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Башкы директор:
- Мамлекеттик дирекциянын ишине жалпы жетекчиликти жеке башкаруунун негизинде жүзөгө ашырат жана Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү катары чыгат;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча жергиликтүү бийлик органдарына, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүкчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
- Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө чыгымдар сметасын мыйзамдар менен белгиленген тартипте макулдашат;
- башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чегинде өкүлчүлүк кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана протоколдорду түзөт;
- орун басарларындагы ортосунда функцияларды бөлүштүрүп, аларга ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырып, Мамлекеттик дирекциянын компетенциясына тиешелүү оперативдүү, кадр, финансы, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүүнүн маселелери боюнча жол берилген кемчиликтери үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине ээлеген кызматтарынан бошотууга чейин тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин кызматка дайындап, кызматка которуп жана кызматынан бошотуп, аларга карата сый акы жана тартиптик жаза чараларын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык колдонот;
- финансы каражаттарын Мамлекеттик дирекциянын чыгымдар сметасынын чегинде белгиленген тартипте тескейт;
- өз компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Мамлекеттик дирекциянын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- кызматкерлердин белгиленген штаттык санынын чегинде Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамлекеттик дирекцияда жети адамдын курамында коллегия түзүлөт. Башкы директор, анын орун басарлары, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрлери, Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары кызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын жеке курамы башкы директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Башкы директор коллегиянын төрагасы болуп саналат.
Мамлекеттик дирекциянын коллегиясы Мамлекеттик дирекциянын ишинин кыйла маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечимдери токтомдор түрүндө кабыл алынат жана башкы директордун буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби башкы директор тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Корутунду жоболор
15. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)