Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майы № 231
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, А.С.Өмүрбекова, Г.У.Асымбекова, Т.Балтабаев жана К.С.Айтматов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, А.С.Өмүрбекова, Г.У.Асымбекова, Т.Балтабаев жана К.С.Айтматов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 231 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, А.С.Өмүрбекова, Г.У.Асымбекова, Т.Балтабаев жана К.С.Айтматов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет:
Мыйзамдын долбоорунда улгайган жарандарга бакыбат өмүр сүрүү менен коомдун экономикалык жана саясый турмушуна катышууга мүмкүндүк берген татыктуу шарттарды түзүүчү мамлекеттик саясатты аныктоо сунушталат.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат. Ушуга байланыштуу, улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты аларга коомдун экономикалык жана саясый турмушуна катышууга мүмкүндүк берүү менен гана чектөөнү ылайыксыз деп эсептейбиз.
Ушул айтылгандарга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин бул Мыйзам жөнгө салуучу предметти аныктаган жоболорун кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек. Мында нормативдик укуктук актынын тексти жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен баяндалып, кош мааниде чечмелөөгө жол берилбөөгө тийиш.
Ошого байланыштуу, жогоруда аталган Мыйзамдын норма чыгаруу техникасынын эрежесине таянуу менен аталган Мыйзам долбоорунун жоболорун толуктап иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунда айтылгандардын негизинде төмөнкүлөр сунушталат:
- долбоордун 2-беренесинин экинчи абзацында "карылыгы боюнча" деген сөздөр алып салынсын, ал эми "улгайган жарандар (улгайган адамдар)" деген терминде бул категорияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча 63 жашка (эркектер) жана 58 жашка (аялдар) жете электе эле пенсияга чыгууга укуктуу, жетик жана орто жаштагы жарандар да кирип калбашы үчүн, калктын бул аталган категориясынын жаш курактык чегин так аныктоо керек;
- жарандардын ооруктун эмгекчилери сыяктуу категориясын мамлекеттик социалдык колдоо "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандыктан жана айтылып жаткан принцип (социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн приоритеттүүлүгүн жана алардын улгайган жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо) мамлекеттик гарантиялардын улгайган курактагы бардык жарандарга бирдей шартта колдонулушун белгилегендиктен, долбоордун 2-беренесинде "ооруктун эмгекчилери жана эмгектин ардагерлери" деген сөздөр алып салынсын;
- "геронтология" жана "гериатрия" деген терминдер туруктуу аныктамасы бар жана кошумча чечмелөөнүн зарылдыгы жок болгондуктан сунушталып жаткан долбоордун 2-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын;
- долбоордун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө "ар жылдык" деген сөз "кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү" деген сөздөргө алмаштырылсын, анткени улгайган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жыл сайынкы жалпы мамлекеттик жана региондук программаларын иштеп чыгуу аларды даярдоонун узактыгына, ишке ашыруу жана натыйжалуулугун баалоо үчүн убакыттын чектелгенине байланыштуу иш жүзүндө майнапсыз болуп калышы ыктымал;
- долбоордун 5-беренесинин төртүнчү абзацы "эске алуу менен" деген сөздөрдөн мурда "кепилденген мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын, "жашоонун сапаты" деген сөздөр "жашоо-турмуштун" деген сөздөргө алмаштырылсын, долбоордун 9-беренесинин 2-бөлүгү "эске алуу менен" деген сөздөрдөн мурда "кепилденген мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
- долбоордун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен, долбоордун 7-беренесинин 1-бөлүгүндө "улуттук" деген сөз "жалпы мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- долбоордун 9-беренесинин 4, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жоболору бул берене жөнгө салуучу предметтин чегинен чыккандыктан, алардын баяндамасын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз;
- 10-берененин экинчи абзацында "социалдык кызматтардын кызматкерлери тарабынан" деген сөздөр алып салынсын, анткени улгайган адамдарга сый жана гумандуу мамиле бүткүл коом тарабынан болууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта даректүү кызмат көрсөтүүнү күчөтүү, жеңилдиктерди оптималдаштыруу максатында жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берүү киргизилген. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө социалдык жеңилдиктердин колдонуудагы ченемдерин жокко чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылган. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамы менен, жеңилдиктерди берүүнү белгилеген колдонуудагы мыйзам актыларындагы "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылган. Ага байланыштуу, долбоордун тексти боюнча "социалдык жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын, 11-берененин 2-бөлүгүндө "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын, 20-берененин 1-бөлүгү алып салынсын;
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен долбоордун 13-беренесинде "эмгектик" деген сөз алып салынсын;
- долбоордун 15-беренесинин 1-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "жана акы төлөнүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
- долбоордун 19-беренесинде геронтология кызматтарын ким жана кайсы институттардын базасында түзөөрү көрсөтүлсүн, долбоордун 2-беренесинде "геронтология кызматы" деген терминге аныктама берилсин.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджет жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жумшалат, ага байланыштуу долбоордун 20-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "алар жок болсо улгайган жарандар жашаган жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр алып салынсын.
Мындан тышкары, улгайган жарандар үчүн бул Мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан кошумча социалдык кызмат органдарын түзүү зарыл эмес деп эсептейбиз, анткени "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында калкты, анын ичинде улгайган жарандарды социалдык тейлөөнүн нормалары мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү курамдык бөлүгү катары каралган. Ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды үйүндө социалдык тейлөө азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин райондук социалдык коргоо башкармаларынын социалдык кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоору негизинен декларациялык мүнөздө экенин жана бланкеттик (шилтеме) нормаларды камтырын белгилейбиз. Долбоордун 3 жана 4-главаларында каралып жаткан улгайган жарандарды социалдык жана укуктук коргоо, ден соолугун сактоо жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүү маселелери "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Согуштун, Куралдуу Күчтөрүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" ж.б. мыйзамдары менен жөнгө салынган.
Ушул айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, А.С.Өмүрбекова, Г.У.Асымбекова, Т.Балтабаев жана К.С.Айтматов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну жогоруда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып толуктап иштеп чыккан шартта колдойт.