КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 257
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишин жөнгө салуучу чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигин каржылоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- "толук түрдө" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин атайын каражаттарды Кыргыз Республикасынын тийиштүү мезгилге карата республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланууга уруксат берилсин.";
3-пунктунда:
- "толук түрдө" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жободо:
26-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"республикалык бюджеттин каражаты";
- сегизинчи абзацында "Министрликтин каражаттары ошондой эле" деген сөздөр "Министрликтин атайын каражаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө жободо:
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Департаментти кармоого чыгымдар республикалык бюджеттин каражатынын жана Министрлик которгон атайын каражаттардын эсебинен, сарптоолордун бекитилген сметасына ылайык каржыланат.";
- 31-пунктундагы "Атайын" деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти жөнүндө жободо:
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- республикалык бюджеттин каражатынан.";
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө жободо:
- 8-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөздөр "мамлекеттик мүлк министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Фондду кармоого чыгымдар республикалык бюджеттин каражатынын жана Министрлик которгон атайын каражаттардын эсебинен, сарптоолордун бекитилген сметасына ылайык каржыланат.";
Фонд атайын каражаттарды материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнү, программалык продуктуларды алууну, фонддун компетенциясына берилген маселелер боюнча мониторинг жүргүзүүнү, ишке тартылган эксперттердин, анын ичинде баалоочулардын ишине акы төлөөнү, адистерди даярдоону жана кайра даярдоону каржылоого, тооруктарды уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтурууга, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга жана иштерге пайдаланса болот.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Сатуу баасынын 7 процент өлчөмүндөгү комиссиялык жыйым, мөөнөтү кечиктирилген комиссиялык жыйымга айып санкциялары жана кайра берилбеген гарантиялык взностор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин менчиги болуп эсептелет жана анын атайын эсебине кириштелет.".
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы №626 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|