Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну № 277
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-февралындагы № 179-V "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" токтомуна ылайык жана ички азык-түлүк базарындагы кырдаалды турукташтыруу жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкү курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши жөнүндө жободо:
5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.2. Кеңештин ишин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин төрагасы, ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |