Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну № 280
«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 30-майы) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|