Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июну № 282
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, №11, 683-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-беренеде:
1) биринчи бөлүгүндөгү «билимин, педагогикалык стажын эске алуу менен аттестациянын жыйынтыгына жараша жана Бирдей тарифтик сетканын (БТС) негизинде» деген сөздөр алып салынсын;
2) 5, 7, 8, 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене. «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 4, 169-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
21-берененин 2-бөлүгүндө:
1) экинчи сүйлөмдөгү», ошондой эле «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык жаш мугалимдерге берилүүчү жеңилдиктер» деген сөздөр алып салынсын;
2) үчүнчү сүйлөм алып салынсын.
3-берене. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 2003-жыл, №8, 323-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
32-беренеде:
1) 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;
2) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.»;
3) 9-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене. «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2009-жылдын 10-июлу, 2009-жылдын 20-июлу № 57-58) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
20-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
5-берене. Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|