Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-июну №285
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун уставы;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун штаттык саны.
2. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Институттун кызматкерлери үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- иштеген жылдары үчүн үстөк акы төлөнөрү;
- эмгек өргүүсүнө чыгууда ден соолукту чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү;
- календардык жылдын аягында эмгек акынын орто айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөрү.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун
Уставы
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине илимий-изилдөө жана талдоочулук жактан колдоо көрсөтүүгө арналган.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун, Кыргызстанды өнүктүрүү институтунун жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу Келечектүү иштеп чыгуулар борборунун укук мурастоочусу болуп саналат.
3. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, сметага, банктык жана башка финансы мекемелериндеги алыш-бериш жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган мөөргө жана бланкаларга, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы түшүрүлгөн башка мөөргө, штамптарга ээ.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Институт түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш ийет жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип, өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат.
6. Институт жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан киришүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Институттун расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту»;
расмий тилде: «Национальный институт стратегических исследований Кыргызской Республики»;
англис тилинде: «Тhе National Institute for Strategic Studies of the Кyrgys Republic».
8. Институттун жайгашкан орду: Эркиндик проспекти, 58а, 6-7-кабаттар, 720040, Бишкек.
2. Институттун милдеттери
9. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине илимий-изилдөө жана талдоочулук жактан колдоо көрсөтүү;
- жалпы мамлекеттик өнүктүрүү программаларынын долбоорлору боюнча сунуштарды киргизүү жана илимий-изилдөө жана талдоочулук жактан камсыздоо жагында аларды иштеп чыгууга катышуу;
- илимий-изилдөө жана талдоочулук иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес заказ системасын киргизүү;
- ата мекендик изилдөөчүлөрдүн жана изилдөө уюмдарынын потенциалын күчөтүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий кызматкерлерди, изилдөө уюмдарын жана эксперттерди мамлекеттик жана мамлекеттик эмес заказдарды аткаруу ишине тартуу.
3. Институттун функциялары жана ыйгарым укуктары
10. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Институт төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- илимий-изилдөө жана талдоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес заказдар системасын уюштурат;
- экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча илимий изилдөөлөргө, талдоо иштерине жана сунуштарды иштеп чыгууга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес заказдарды жайгаштырат;
- заказдардын аткарылышына мониторинг, контролдоо жана экспертиза жүргүзөт;
- илимий изилдөөлөргө, талдоо иштерине жана экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга айрым заказдарды аткарат;
- илимий изилдөөлөрдүн, талдоо иштеринин жана экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдарды, жумуштарды жана консультанттардын жана башка адамдардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууларды, анын ичинде тендердик сатып алууларды уюштурат жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Институттун веб-сайтын түзөт жана администрациялайт;
- экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу, даярдоо жана ишке ашыруу боюнча консультацияларды, тренингдерди жана семинарларды уюштурат;
- экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча долбоорлордун сапатына көзөмөл жүргүзүү системасын ишке киргизет жана өркүндөтөт;
- экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча долбоорлорду башкаруу системасынын натыйжалуулугуна дайыма талдоо жүргүзөт;
- жарандык-укуктук келишимдерди, мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана кандайдыр бир жумушту аткаруу убактысына эмгек келишимдерин, анын ичинде тендердик комиссиялардын чечимдерине ылайык башка келишимдерди түзөт, өзгөртөт жана жоет.
11. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана кандайдыр бир жумушту аткаруу убактысына эмгек келишимдеринин шарттарында штаттык кызматкерлерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартууга;
- өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык консультацияларын, изилдөөчүлүк, маалыматтык-укуктук жана башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- мамлекеттик органдардын кеңешмелеринин жана коллегияларынын ишине катышууга;
- кеңешүүчү, жумушчу, тренингдик жана талдоочу топторду, жер-жерлерде кырдаалды изилдөө боюнча топторду, убактылуу комиссияларды ж.б. түзүүгө;
- стажер жана кызматкерлерди коомдук негизде тартууга;
- өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга эл аралык финансы жана башка уюмдардын каражаттарын тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каражаттарды берүүчүлөр менен түзүлгөн гранттык макулдашууларга ылайык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган гранттардык каражаттар же башка булактардын каражаттары берилген долбоорлор боюнча чыгашалар сметасына ылайык гранттар жана башка булактардын каражаттарын тескөөгө;
- өзүнүн милдеттерин ишке ашырууга мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты сурап алууга.
4. Институттун ишин уюштуруу
12. Институтту директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Институттун кызматкерлери Институттун директору тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Институттун кызматкерлери, анын ичинде директор мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелишпейт.
15. Институттун директору:
- Институттун максаттарына жана милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине түздөн-түз баш ийүү менен Институттун ишине жалпы жетекчиликти камсыз кылат;
- Институттун өзүнүн ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруусун камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлеринин ишин уюштурат жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчиликти камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык кызматка дайындайт жана бошотот;
- Институттун штаттык жана штаттан тышкаркы кызматкерлери менен мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана кандайдыр бир жумушту аткаруу убактысына эмгек келишимдерин мыйзамдарга ылайык түзөт жана бузат;
- Институттун түзүмүн бекитет;
- Институттун чыгашалар сметасынын чектеринде финансылык каражаттарын тескейт;
- Институттун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышын камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлерине кызматтык маянанын 70 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акы белгилөөгө укуктуу;
- Институт тарабынан бекитилген Сыйлык жана үстөк акылар жөнүндө жобого ылайык эмгек акыдан ашык эмес өлчөмдө Институттун кызматкерлерине ай сайын сыйлык берет;
- Институттун кызматкерлерине карата тартиптик таасир чарасын колдонот;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан юридикалык жана башка иш-аракеттерди аткарууга Институттун кызматкерлерине жана үчүнчү жактарга ишеним каттарды берет;
- материалдарды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, анын ичинде тендердик комиссиясынын чечимдеринин негизинде түзөт, өзгөртөт жана жоет;
- штаттык жана штаттан тышкаркы кызматкерлердин, акы төлөнүүчү тышкы консультанттардын, коомдук негиздеги кызматкерлердин жана стажерлордун ыйгарым укуктарын аныктайт;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ишти уюштурат;
- буйруктарды чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Институттун директору жок учурда директордун тиешелүү буйругунун негизинде анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.
17. Институттун кызматкерлеринин штаттык саны жана кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
18. Институттун штаттан тышкаркы кызматкерлерине эмгек акы төлөө Институт менен штаттан тышкаркы кызматкердин ортосундагы эмгек келишиминин негизинде эмгек акы төлөө үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
19. Институттун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гранттар жана башка булактардын эсебинен акы төлөнүшү мүмкүн.
20. Институттун кызматкерлери өзүнүн компетенциясынын чектеринде Институттун өкүлдөрү болуп эсептелет. Институттун кызматкерлеринин ушул Устав менен жөнгө салынбаган иш маселелери, алардын функциялары, укуктары жана милдеттери, ошондой эле ишин уюштуруу жана анын шарттары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Институттун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызмат адамдары жөнүндөгү жоболор, тиешелүү келишимдер жана кызматтык нускамалар менен аныкталат.
21. Институттун кызматкерлери өзүнүн иш алкагында катышкан Институттун ичиндеги иштин жана талкуулардын мазмуну тууралуу маалыматты жайылтууга укугу жок.
5. Институттун мүлкү жана каржылоо
22. Институттун мүлкү оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилет.
23. Долбоорлордун алкагында сатып алынган мүлк Институт жоюлганга чейин анын менчиги болуп эсептелет.
24. Жабдууларды жана башка мүлктү сатып алуу Институт тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пландаштырылат жана жүргүзүлөт.
25. Мүлктү эсебин алуу жана отчет үчүн Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана тиешелүү эл аралык финансы уюмдарынын жол-жоболорунда белгиленген тартипте мезгил мезгили менен мүлктү инвентаризациялоону жүргүзөт.
26. Институтту каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жана каражаттарынын чектеринде, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучулардан, заказчылардан, гранттык негизде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан келип түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Институттун эсеби жана отчеттуулугу
27. Институт эсептерди жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
7. Институтту жоюу жана өзгөртүп уюштуруу
28. Институтту жоюу же өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
29. Институт жоюлгандан кийин анын бардык мүлкү, эгерде келишимдерде башкача белгиленбесе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилет.
30. Институттун иши токтотулгандан кийин анын иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун
штаттык саны
№ | Кызмат орду | Штаттык бирдиктердин саны | Маяна (айына, сом менен)
|
1 | Директор | 1 | 18000 |
2 | Директордун орун басары | 2 | 16000 |
3 | Илимий кызматкер | 18 | 15000 |
4 | Финансылык менеджер-бухгалтер | 1 | 12000 |
5 | Администрациялык менеджер | 1 | 10000 |
6 | Кадр маселелери боюнча менеджер | 1 | 10000 |
| Бардык негизги кызматкерлер | 24 |
|
7 | Редактор | 1 | 12000 |
8 | Веб-менеджер | 1 | 12000 |
9 | Офис-менеджер-китепканачы | 1 | 10000 |
10 | Айдоочу | 1 | 8000 |
11 | Техничка | 2 | 4000 |
| Бардык КТК/ТКТ | 6 |
|
| Бардыгы: | 30 |
|
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|