Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-декабры № 816
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Уставында:
- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулат";
- 13-пунктундагы "Директордун орун басарлары жана Институттун кызматкерлери" деген сөздөр "Институттун кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункттун бешинчи абзацындагы "Институттун директорунун орун басарларын жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|