Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июнундагы № 288
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдалануу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобо;
Атайын уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү чарбалык, коммерциялык жана башка илимий максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн (жеке менчикте болгон жерлерден башка) алып коюлуучу жапайы өсүмдүктөрдүн, алардык бөлүктөрүнүн жана азыктарынын (мөмө-жемиштер) түрлөрүнүн тизмеси;
- Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксаттын бирдиктүү формасы;
- Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жаратылышта пайдалануу тармагындагы укуктук мамилелерди белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделет.
1. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу принциптери
1.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жаратылыш пайдалануу чөйрөсүндө пайда болуучу укуктук мамилелер мамлекеттик токой фонду жөнүндө нормативдик актыларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобо менен жөнгө салынат.
1.2. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугу акы төлөөнүн негизинде берилет. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Акы алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Жеке менчиктеги же менчиктин жеке формасында негизделген жеке жактардын же юридикалык жактардын (ижара акысында) пайдалануудагы өсүмдүктөрдүн дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун өлчөмдөрү жана формалары жер участогунун ээси (пайдалануучу) менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну жүргүзүүгө ниеттенген адамдын ортосундагы жарандык-укуктук келишимдин шарттарында аныкталат.
1.5. Чарбалык, коммерциялык жана башка максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өсүмдүктөрдүн запастары, алардын бөлүктөрү жана продуктуларын (мөмө-жемиштерин) алып коюу уруксаттар боюнча гана жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, алардын бөлүмчөлөрү, бөлүмдөрү же болбосо башка адистештирилген илимий уюмдар жүргүзүүчү жыл сайынкы мониторингдин жыйынтыгынын негизинде аныкталат.
1.6. Уруксатты берүүдө ыйгарым укуктуу орган адистештирилген илимий уюм жүргүзгөн жана берген жыл сайынкы мониторингдин жыйынтыгын эске алууга милдеттүү.
1.7. Айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчиктеги же болбосо пайдалануучулардын ар кандай түрлөрүнө пайдаланууга берилген жерлерге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Экспорттоо лицензия боюнча ишке ашырылуучу өзгөчө товарлардын тизмесине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүн алып коюуга жалпы лимит белгиленет. Өсүмдүктөрдүн калган түрлөрүн алып коюу белгиленген нормаларга, эрежелерге жана мөөнөттөргө ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик же муниципалдык (коммуналдык) менчикке таандык болгон жана алып коюу уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү жапайы өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн тизмесине кирген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга укук алуу
2.1. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу укугун юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактар алуусу мүмкүн.
2.2. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат жаратылыш пайдаланууну уруксатта көрсөтүлгөн көлөмдө жүргүзүү үчүн керектүү болгон уруксат берүүчү документ болуп саналат. Башка мамлекеттик жана муниципалдык органдар өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алган адамдан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жаратылыш пайдаланууну кошпогондо, жайыттардын категориясына караштуу жерлерди алып коюуга кошумча акы төлөөгө же кошумча уруксат берүүчү документтерди талап кылууга укуктуу эмес.
2.3. Белгиленген формадагы уруксатты берүү ишканалардын, уюмдардын жана башка юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, ал эми жарандар үчүн - алардын арызы боюнча арыз берилген учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Арыз берүүчү берген маалыматты текшерүү зарыл болгон учурда уруксат берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок он жумуш күнүнөн ашпайт.
2.4. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алууга билдирме (арыздар) айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органына берилет. Арыз берүүчү айлана-чөйрөнү коргоонун борбордук органына, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органына кайрылууга укуктуу. Борбордук органдан уруксат алынган учурда, мындай уруксат жаратылышты пайдалануунун башталышына чейин өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну жүргүзүү жери боюнча аймактык органда катталууга тийиш.
2.5. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алууга билдирмеде (арыздарда) төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- билдирме берүүчүнүн толук аталышы, дареги (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү жана жашаган жери (жеке жак үчүн);
- түрлөр боюнча өсүмдүк ресурстарынын даярдалышынын болжолдуу көлөмү;
- өсүмдүк ресурстарын даярдоонун же башка түрлөрүн пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү;
- даярдоо жүргүзүлүүчү аймак (облус, район, айылдык округ, капчыгай);
- даярдоо жолу (чабуу, жыйноо ж.б.у.с).
Билдирмеге (арызга) төмөнкү документтер тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин органдарында (юридикалык жак үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке жак үчүн) мамлекеттик катталганын тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- билдирме берүүчүнүн мамлекеттик катталган жери боюнча салык органдарында билдирме берүүчүнүн катталганын тастыктоочу документтин көчүрмөсү (ИННдин көчүрмөсү же ИННди көрсөтүү менен салык органдарынан маалымкат);
- жаратылыш пайдаланууга төлөмдү тастыктоочу документтин көчүрмөсү.
Билдирме берүүчү документтерди мамлекеттик же расмий тилде берет.
Билдирме берүүчү берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жеке жоопкерчилик тартат.
2.6. Уруксат бир айдан бир жылга чейинки мөөнөткө берилет. уруксатты колдонуу мөөнөтү өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугуна уруксат алууну каалаган жактын билдирмеси менен аныкталат.
2.7. Бир аймакта өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга бир нече билдирме келген учурда, билдирмелерде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө бардык билдирмелерди канааттандыруу мүмкүн болбогондо уруксат жакка (адамга) билдирменин түшкөн күнү боюнча аныкталуучу кезек тартибинде берилет. Артыкчылык эртерээк мөөнөттө билдирмени берген билдирме берүүчүгө берилет.
2.8. Билдирме берүүчү жакка уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Анын колдонулуу мөөнөтү объективдүү себептер болгондо уруксат алууга арыз берген жакка ушул уруксатты берүүчү орган тарабынан баш тартууну (чектөөнүн себебин) жазуу жүзүндө негиздөө менен ушул уруксатты берген орган тарабынан азайтылышы же билдирилген көлөмдөрүнүн азайтылышы мүмкүн.
Уруксатты берүүдө баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- билдирме берүүчүгө карата, ага аталган иштин түрү менен иштөөгө тыюу салуучу соттун чечиминин бар болушу;
- ушул Жобонун 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербөө же туура эмес таризделиши;
- жаратылышты пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөө;
- билдирме берүүчүнүн анык эмес маалыматтарды бериши.
Уруксат берүүдө баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга жана 10 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирме берүүчүгө билдирилүүгө тийиш. Жогоруда аталган тоскоолдуктарды билдирме берүүчү четтеткен учурда билдирме жалпы негизде каралат.
2.9. Уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксатты колдонуунун мөөнөтүн чектөө же даярдоо (жыйноо) көлөмүн чектөө административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жаатындагы мыйзамдарга ылайык арызданылышы мүмкүн. Сот уруксат берүүдөн баш тартууну, уруксатты колдонуунун мөөнөтүн чектөөнү же даярдоо (жыйноо) көлөмүн чектөөнү тааныган учурда уруксат үчүн кайрылган жак Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат мыйзамдарда белгиленген тартипте жер участогун бөлүүнү кошпогондо, аталган объекттер жайгашкан жер участогун пайдаланууга укук бербейт.
2.11. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат алган жак даярдалуучу сырьенун түрү жана саны жөнүндө өзгөрүүлөрдү уруксатка киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
2.12. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксатты алган жак жаратылышты пайдалануу процессинде уруксатта аныкталган пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга жол берилген укуктан жогору экенин аныктаса, мындай жак Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2.13. Уруксатты жокко чыгаруу аны берген орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен болсо;
- мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн жер алынса;
- пайдаланууда нормаларды, мөөнөттөрдү, даярдоо эрежелерин жана өсүмдүктөрдүн абалынын начарлашына же жок болуусуна алып келүүчү башка аракеттер жүргүзүлсө;
- пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
3. Алып коюуга уруксат боюнча гана жол берилген жана жеке менчикке таандык болгон же пайдалануудагы (ижара укугундагы) жапайы өсүмдүктүн түрлөрүнүн тизмесине киргизилген өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алуу
3.1. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алуу жер участогунун менчик ээлери (пайдалануучулары) менен ошол жер участкаларында жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугун алууга талапкер жактардын ортосунда жарандык укуктук келишимдерди түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.2. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген тарифтер боюнча акы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынбайт.
3.3. Жеке менчиктеги же жарандардын же мамлекеттик эмес юридикалык жактардын пайдалануусундагы (ижара укугунда) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда жыйноо (даярдоо) фактысын тастыктоочу документ тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан маалымкат формасында берилет.
3.4. Өсүмдүктөрдүн табигый ресурстарын коргоо жана калыбына келтирүү, алардын өсүү чөйрөсүн коргоо жана белгиленген эрежелерди, мөөнөттөрдү, лимиттерди жана нормативдерди сактоо боюнча чаралар системасы менен байланышкан иш-чаралар жер участогунун ээсинин (пайдалануучунун) эсебинен жүргүзүлөт.
4. Контролдоо
4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык (коммуналдык) менчиктеги, ошондой эле жеке менчиктеги өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы үчүн контролду айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 токтому менен бекитилген |
Уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү чарбалык, коммерциялык жана башка илимий максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн (жеке менчикте болгон жерлерден башка) алып коюлуучу жапайы өсүмдүктөрдүн, алардын бөлүктөрүнүн жана азыктарынын (мөмө-жемиштер) түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Дары-дармек өсүмдүктөрү
1.1. Уу коргошун - Aсоnitum leucostomum;
1.2. Жунгар уу коргошуну - Асоnitum songoricum;
1.3. Дарылык алтей - Althaea officinalis;
1.4. Кайың - Веtula pendula;
1.5. Долоно (Кызыл китепке кирген түрлөрдөн башкасы) - Сrataegus;
1.6. Түркстан валерианасы - Valeriana turkestanika;
1.7. Уйгак - Тhalictrum foetidum;
1.8. Кадимки адырашман - Реganum harmala;
1.9. Бийик карындыз - Inula helenium;
1.10. Кадимки жыттуу чай - Origanum vulgare;
1.11. Жостер - Rhamnus cathartica;
1.12. Чай чөп - Hypericum perforatum;
1.13. Майда тикендүү чатыраш - Acanthophyllum paniculatum;
1.14. Эки үйлүү чалкан - Urtica dioica;
1.15. Дарыканалык нан кабыкча - Sanguisorba officinalis;
1.16. Марена - Rubia tinctorum;
1.17. Өгөй эне өз эне - Tussilago farfara;
1.18. Дарылык мелисса - Melissa officinalis;
1.19. Түркстан, казак арчасы - Juniperus sabina, J.turkestanica;
1.20. Кадимки жана талаа жалбызы - Mentha silvestris, Mentha arvensis;
1.21. Чычырканак - Hippophae rhamnoides;
1.22. Койчу баштык - Capsella bursa pastoris;
1.23. Орточо патриния - Patrinia intermedia;
1.24. Кадимки пижма - Tanacetum vulgare;
1.25. Орточо чымылдык - Paeonia intermedia;
1.26. Чоң бака жалбырак - Plantago major;
1.27. Ачуу эрмен - Artemisia absinthium;
1.28. Түркстан арстан куйругу - Leonurus turkestanica;
1.29. Максимович ышкыны - Rheum - Ышкын;
1.30. Дарыканалык чатыр гүл - Matricaria recutita;
1.31. Тяньшань четини - Sorbus tianschanica;
1.32. Жылаңач солодка - Glycyrrhiza glabra;
1.33. Ланцет термопсис - Thermopsis lanceolata;
1.34. Маршалл тимьяны - Thymus marschallianus;
1.35. Муунак жалбырактуу солкулдак - Achillea setacea;
1.36. Ферула - Ferula foetida;
1.37. Кыркмуун ийне жалбырак (эфедра хвощевая) - Ephedra equisetina;
1.38. Талаа кыркмууну - Equisetum arvense;
1.39. Үч бөлүктүү ит уйгак - Bidens tripartita;
1.40. Талаа аткулагы - Salvia deserta;
1.41. Итмурун (бардык түрлөрү) - Rosa sp.;
1.42. Дарыканалык топ баш гүл (эркек папоротник) - Dryopteris filixmas.
2. Тамак-аш өсүмдүктөрү
2.1. Бөрү карагат (Кызыл китепке кирген түрлөрдөн башкасы) - Berberis heteropoda;
2.2. Жаңгак - Juglans regia;
2.3. Бүлдүркөн - Rubus caesius;
2.4. Тикенектүү каперс - Capparis spinosa;
2.5. Кадимки дан куурай - Rubus idaeus;
2.6. Мейер карагаты - Ribes Meyeri;
2.7. Кадимки мисте - Pistacia vera.
3. Техникалык өсүмдүктөр
3.1. Түштүк камыш, камыш - Phragmites australis;
3.2. Жалтырак чий - Achnatterum splendens.
4. Козу карындар
4.1. Желе турган козу карындар.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 токтому менен бекитилген |
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга уруксаттын БИРДИКТҮҮ ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ Лицензия-уруксат берүүчү комиссия Уруксаттын дүмүрчөгү N 000000-Р Берилди: _______________________________ Жооптуу жак: ________________________________________ Пайдалануу түрлөрү: ________________________________________ Колдонулуучу ыкмалар, куралдар жана каражаттар: ________________________________________ Пайдалануу объекттери, алардын саны: _______________________________________ Наркы: _______________________________________ Пайдалануу жери: _______________________________________ Колдонуу мөөнөтү: ________________________________________ Берилген күн: ________________________________________ Берди: _________________________________ Алды: _________________________________ М. О. | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ Лицензия-уруксат берүүчү комиссия Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат N 000000-Р Берилди: _____________________________________________ Жоопту адамдын аты-жөнү, кызматы: _____________________________________________________ Жаратылыш ресурстарын жана объекттерин пайдалануу укугуна ________________ жылдын N ________ билдирмесине ылайык Пайдалануу түрлөрү: ____________________________________ Колдонулуучу ыкмалар, куралдар жана каражаттар: ______________________________________________________
Наркы: ___________________________________________ Пайдалануу жери: ___________________________________ Колдонуу мөөнөтү: ________________________________________ Бул уруксат айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык башкармалыгында каттоодон өткөндөн кийин анык ______________________________________________________ Берилген күн: __________________________________________ Берди: _______________________________________________ кызматы, аты-жөнү, колу |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноонун жол берилген нормаларынын эрежелери жөнүндө жобо
1. Дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды чогултуу (жыйноо) таблицада көрсөтүлгөн ыкмаларга, талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзүлүшү керек (1-тиркеме).
2. Чогултуу өсүмдүктөр жыш өскөн жерлерде гана уруксат берилет.
3. Уруктук жана вегетативдик көбөйүү үчүн калтырылган өсүмдүктөр жакшы өөрчүгөн болуш керек.
4. Өсүмдүктөрдү тамыры менен жулууга тыюу салынат, себеби ал жыйноодон кийин калыбына келүүгө тоскоолдук кылат.
5. Тамырларды тик боорлордон (36 градус жана андан жогору) жыйноого тыюу салынат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо
эрежелери
№ | Дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүнүн жана козу карындардын аталышы | Даярдалуучу бөлүгү | Жыйноо убактысы | Жыйноонун (даярдоонун) жол берилген нормалары | Жыйноо (даярдоо) эрежеси | ||
латинское | русское | кыргызское | |||||
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1. | Acanthophyllum paniculatum | Колючелистник метельчатый | Шыпыргыдай кой тикен | Тамыры | Март - апрель, август -сентябрь айларынын аягы | Ар бир 10 кв. метрде 2-3 өсүмдүктү калтыруу. Эс алдыруу 6-8 жыл | Тамырлар күрөк же чукулдук менен казылат. Жаш өсүмдүктөр даярдалбайт. Тамырды топурактан тазалап, аягын сууга жууп, жаңы же кургак түрдө пайдаланылат. |
2. | Althaea officinalis | Алтей лекарственный | Дары гүлкан | Тамыры | Сентябрь - октябрь | Ар бир 10 кв. метрге 4-5 өсүмдүктү калтыруу | Сабактары кургатылгандан кийин күрөк менен казылат. |
3. | Aconitum leucostomum | Аконит белоустый | Бурма кара ак темгилдyy коргошун | Чөбү | Июнь-июлдун ортосунда | 1 кв. метрге 1-2 өркүн калтыруу. Эс алдыруу - 2 жыл | Кыртыш бетинен 20 см бийиктикте орок же секатор менен кесилет. |
Тамыры | Август - сентябрдын ортосунда, гүлдөгөндөн кийин, уруктары пайда болгондон | 4 өркүндөн кем эмес экземплярларды казуу. Эс алдыруу - 3-4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат. | ||||
4. | Aconitum songoricum Aconitum karacolicum | Аконит джунгарский. Аконит каракольский | Жунгар уу коргошуну Каракол уу коргошуну | Тамыры | Август - сентябрдын ортосунда | Тоо беттеринен 2/3 бөлүгү казылат (70%). Эс алдыруу - 3-4 жыл | Күрөк же чукулдук менен казылат. Өркүндөрдүн уругу казылган жерде күбүлүп, топурак тыгыздалат. |
5. | Achillea setacea | Тысячелистник щетинистый | Каз тандай | Чөбү | Июнь - август | 1 кв. м. жерге 2-3 гүл байлоочу өркүндү калтыруу керек. Бир жылдан кийин даярдаса болот | Орок, быча же сектор менен өркүндөрдүн жалбырак байлаган бүчүрлөрү 15 см. узундукта кесилет. Топ гүлдөрүн чогултууга гүл кармагычтар менен калакчалары 2 см ге жетпеген узундукта кесилет. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт. |
6. | Artemisia absinthium | Полынь горькая | Эрмен шыбак | Чөбү | Июнь - август. | 1 кв.м. жерге уругун жаңылоо үчүн 1-2 өсүмдүк калтыруу керек. Даярдоону 1-2 жылда жүгүрсө болот. Эс алдыруу 1-2 жыл | Гүлдөө учурунда, орок же бычак менен жалбырак байлаган учтарын 20-25 см узундукта кесип даярдалат, сөңгөктүн катуу бөлүгү алынбайт |
Жалбырак | Июнь - июль | Жалбырактын жарымынан кем эмесин калтыруу керек. Жыйноо жыл сайын жүргүзүлөт. | Тамырга жакын жана сөңгөктөгү жалбырактар кол менен үзүлөт. | ||||
7. | Berberis heteropoda Berberis integerima | Барбарис разноножковый. Барбарис цельнокрайний | Бору карагат | Мөмө | Август - февраль | Бадалчада 1/3төн кем эмес бөлүгү (30%) калтыруу керек. Жыл сайын жыйнаса болот | Кол менен чогултулат. |
Жалбырак | Май | Бадалчада 2-3төн кем эмес бөлүгү (70%) калтыруу керек | Кол менен чогултулат. | ||||
Тамыры | Март же сентябрь - октябрь | Тамырынын бөлүгүнөн (30%) 1-3төн кем эмесин казуу керек. Эс алдыруу - 5-10 жыл | Күрөк менен казылат. | ||||
8. | Betula pendula | Береза повислая, бородавчатая | Кайын | Бүчүрлөрү | Февраль | Токой кыюу учурунда гана даярдоо керек. Өсүп турган бактардан бүчүрлөрүн үзүүгө болбойт. |
|
Жалбырак | Май | Бир бактан жалбырактын 1/3 бөлүгүнөн көп эмеси чогултулат. | Жаш чайырлуу жалбырактарды кол менен үзүшөт. Бутактарды кесүүгө болбойт. | ||||
Сок | Апрель | Бир бактан 1 литрден көп шире чогултууга болбойт. | Дарактын сөңгөгүн Т түрүндө тилип, ага ширени жыйноочу идишти илет. | ||||
9. | Bidens tripartita | Череда трехраздельная | Ит уйгак | Чөбү | Июль - август | Уругун жаңылоо үчүн 1 кв.м. аралыкта 2-3 жакшы өскөндөрүнөн калтыруу керек. | Жалбырагы түшкөн учурда жана 15 см узундуктагы бутакчаларды бүчүрлөгөн учурда бычак, орок же секатор менен кесишет. |
10. | Crataegus sp. | Боярышник | Долоно | Гүлдөрү | Апрель - май | Бадалдын 2/3 бөлүгүнүн (70%) гүлдөрү чогултулат. | Кол менен чогултулат. |
Мөмөлөрү | Август - декабрь | Бадалдын 2/3 бөлүгүнүн (70%) мөмөлөрү чогултулат. | Кол менен чогултулат. | ||||
11. | Сapparis spinosa | Каперсы колючие | Тикендуу коңуз баш | Бүчүрлөрү | Июнь - сентябрь | Даярдоо жай бою ар бир 8-10 күндө жүргүзүлөт. Үрөн жаңылоо үчүн бадалда бүчүрлөрдүн 1/3 бөлүгү (30%) калтыруу керек. Жыл сайын жыйналат. | Жай бою пайда болгон бүчүрлөр кол менен чогултулат. Узундугу 1 см ден ашпашы керек. |
12. | Capsella bursa pastoris | Пастушья сумка | Койчу баштык | Чөп | Май - июнь | Үрөнүн жаңылоо үчүн 1 кв.м. аралыкта 2-3 жакшы өскөн өсүмдүк калтыруу керек. | Гүлдөгөн учурда тамырга жакын жалбырактары менен бирге жер үстүндөгү бөлүгү бычак, орок же секатор менен кесүү керек. Көп учурларда өсүмдүктү тамыры менен жулум, тамырын кесип ташташат (бир жылдык өсүмдүк) |
13. | Equisetum arvense | Хвощ полевой | Талаа кырк мууну | Чөп | Июнь - август | Эс алдыруу - 2-3 жыл | Жашыл вегетативдүү өркүндөрдү орок менен жер бетинен 5 см бийиктикте кесүү керек. |
14. | Ephedra equisetina | Хвойник хвощевой (эфедра хвощевая) | Кырк муундай чекенде | Чөп | Май-июнду кошпогондо, жыл бою | 10 кв.м. аралыкта 3-5 жаш өсүмдүк калтырылат. Эс алдыруу - 3-5 жыл | Жашыл бутактарды орок же бакча кайчылары менен кесүү керек |
15. | Ferula foetida | Ферула вонючая | Чайыр | Камедь-смола | Апрель - май | 10 кв.м. аралыкта 4-5 зыянга учурабаган өсүмдүк калтыруу керек. Ошол эле жерден 6-7 жылдан кийин даярдоо жүргүзүлөт. | Ири гүлдөбөгөн өсүмдүктөн камедь-смола чогултулат, өсүп турган өсүмдүктүн башы (казылып алынган тамыры эмес) кесилет, чогулган жана кургап калган ак шире алынып, кийинки ичке тилик жасалат. Бул күнүгө кайталанып, шире чыкпай калганга чейин улантылат. |
16. | Glycyrrhiza glabra Glycyrrhiza uralensis | Солодка голая. Солодка уральская | Кызыл мыя | Тамыры | Март - октябрь | Чийки затты чогултууда тамырынын 2/3 бөлүгү (70%) чогултулат. Калгандары өсүп чыгуу үчүн калтырылат. Чийки затты кайталап даярдоону 3-4 жылдан кийин жүргүзүүгө болот. | Тамырын алуунун алдында үстүнкү бетин чаап салат. Даярдоо үчүн атайын арналган ири өсүмдүктөрдө тамыры соко, майдалары күрөк менен 30-35 см тереңдикте казылат. Казылгандан кийин аянтча түздөлүп жана тыгыздалат, мүмкүн болсо сугаруу керек. |
17. | Helichrysum maracandicum | Бессмертник самаркандский | Самарканд өчпөс гүлү | Топ гүлдөрү | Июнь | Ар бир 10 кв.м аралыкта 5-6 гүлдөгөн өсүмдүктү калтыруу керек. Уруктун жаңыланышынын камсыздоо үчүн топ гүлдөрдү жыйноону ар бир 2 жылда жүргүзүү керек. | Даярдоо гүлдөй баштаганда каптал тамырлары ачылганга чейин жүргүзүлөт. Топ гүлдөрү чанагы менен бирге 1 см узундукта бычак секатор, кайчы менен кесилет же кол менен үзүлөт. Топ гүлдү сабагы менен же тамыры менен жулууга болбойт. |
18. | Hippophae rhamnoides | Облепиха крушиновидная | Чычырканак | Мөмөлөрү | Август - декабрь | Бадалчанын мөмө байлаган бутактарынын жок дегенде 1-3 бөлүгүн (30%) калтыруу керек. Эс алдыруу - 2-3 жыл. Кышында тоңгон мөмөлөрдү бадалчадан күбүү. Мөмөнүн жок дегенде 1/3 бөлүгүн калтыруу керек. | Бадалчанын мөмөлөгөн шактары жер бетинен 1 метрден кем эмес секатор менен кесилет. Мөмөлөрдү күбүгөндө бутактардын сынышына жол бербөө керек. Илгичтин жардамы менен ийип үзүп алууга тыюу салынат. |
19. | Hypericum perforatum | Зверобой продырявленный | Сары чай чөп | Чөбү | Июнь - июль | Уруктук жаңылануусу үчүн ар бир 10 кв.м. аралыкта 1-2 өсүмдүк калтыруу керек. Бир эле жерден 2-3 жыл чогултууга болот, андан кийин эс алдыруу - 1-2 жыл | Гүлдөгөн учурда 25-30 см узундукта сабактарынын жалбырактаган учун бычак же орок менен кесип даярдалат. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт, себеби ал өсүмдүктүн жоголуусуна алып келет. |
20. | Inula helenium | Девясил высокий | Сарындыз, карындыз | Тамырлары | Сентябрь - октябрь | 10 кв.м. аралыкта 4-5 жакшы өскөн өсүмдүктү калтыруу керек. Бир эле жерден даярдоо 3-4 жылда бир жүргүзүлөт. | Тамыры күрөк менен казылат. Уруктарды пайда болгон чуңкурларга күбүү сунушталат. |
21. | Juglans regia | Орех грецкий | Жаңгак | Мөмөлөрү | Сентябрь - октябрь | Бакта мөмө-жемиштин 1/2 (20%) бөлүгүн калтыруу керек. |
|
22. | Juniperus sp. | Можжевельник | Арча | Мөмөлөрү | Август - октябрь | Бакта мөмө-жемиш 1/3 (30%) бөлүгүн калтыруу керек. | Кол кап кийип өзөктү же бутакты бадалдын түбүнө салынган чүпүрөккө күбүйт. Бадалды таяк менен күбүүгө болбойт, себеби ал жашыл мөмөнүн жана ийне жалбырактын түшүшүнө алып келет. Бул дарактардын түшүмдүүлүгүн азайтат. Даярдоодо дарактарды кыюуга жана бутактарды сындырууга катуу тыюу салынат. |
23. | Leonurus turkestanica | Пустырник туркестанский | Дүлөй чалканы | Чөбү | Июнь - июль | 1 кв.м. аралыкта 4-5 жакшы өскөн өркүндөрдү калтыруу керек 2-3 жыл катар даярдалат. Эс алдыруу - 1-2 жыл | Гүлдөгөн учурда сабагынын учун жана алардын бутакталганын 30-40 см узундукта бычак, секатор же орок менен кесүү керек, жоондугу 5 ммден ашкан сабын кесүүгө болбойт. |
24 | Matricaria chamomilla | Ромашка ободранная, аптечная. | Айрыктуу ромашка | Гүлдөрү | Май - июль | Уругун жаңылоо үчүн ар бир өсүмдүктө ири гүлдөрдүн 1-3 бөлүгүн (30%) калтыруукерек. | Гүлдөгөн учурда, ак таажылары гаризонталдуу болгондо гүлдөрүн жыйнашат. Узундугу 3 см ден ашпаган таажыларды кол менен же атайын тарак менен үзүлөт. |
Ромашка ромашковидная | Окшошураак ромашка | ||||||
25. | Melissa officinalis | Мелисса лекарственная | Дары мелисса | Чөбү | Июнь - август | 10 кв.м. аралыкта 2-3 өсүмдүк калтыруу керек. Жыл сайын даярдаса болот. | Гүлдөө учурунда одоно бөлүктөрү жок өркүндөрүн бычак же орок менен кесип, жердин үстүндөгү бөлүктөрү даярдалат. |
26. | Меntha arvensis | Мята полевая | Тала жалбызы | Чөбү | Июнь - июль | 1 кв.м. аралыкта 2-3 гүлдөгөн өркүндү калтыруу керек. 2-3 жыл катар даярдалат. Эс алдыруу - 1-2 жыл | Төмөн жагындагы одоно бөлүктөрүн кошпой бычак, секатор же орок менен кесүү керек. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга болбойт. |
27. | Оriganum vulgare | Душица обыкновенная | Көк чай чөп | Чөбү | Июнь - июль | 10 кв.м. аралыкта 1-2 өсүмдүк калтыруу керек. 2-3 жыл катар даярдалат. Эс алдыруу - 1-2 жыл | Гүлдөгөн учурда 20 см ге чейин узундукта жалбырактуу гүлдөгөн учун бычак, орок же секатор менен кесип даярдалат. |
28. | Paeonia intermedia | Пион средний | Чымылдык | Тамыры, чөбү | Май - июль | 100 кв.м. аралыкта жок дегенде 5 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу - 6-8 жыл | Бүчүрлөрүнө зыян келтирбес үчүн жер бетиндеги бөлүгүн бычак же орок менен кесүү керек. Казууда пайда болгон чуңкурлар көмүлөт. |
29. | Patrinia intermedia | Патриния средняя | Патриния | Тамыры | Август - сентябрдын ортосу | 10 кв.м. аралыкта 2-3 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу - 6-8 жыл | Тамыры күрөк же керки менен казылат. Жаш өсүмдүктөрдү даярдоого болбойт. |
30. | Pistacia vera | Фисташка настоящая | Мисте | Мөмөлөрү | Август - сентябрь | Бакта мөмөлөрүнүн 1/3 бөлүгү (30%) калышы керек. |
|
31. | Plantago major | Подорожник большой | Чоң бака жалбырак | Жалбырагы | Май - август | 1 кв.м. аралыкта 2-3 өсүмдүк калтыруу керек. 3-4 жыл катар даярдалат. Эс алдыруу - 1 жыл | Чоң жалбырактарды секатор, бычак же орок менен кесилет. Жалбырактардын бутакташкан жерлерин кесүүгө болбойт, бул өсүмдүктүн бат эле куурап калуусуна алып келет. |
32. | Polygonum hydropiper | Горец перечный, водяной перец | Суу кымыздыгы | Чөбү | Июнь - август | 1 кв.м. аралыкта 1-2 өсүмдүк калтыруу керек. | Өсүмдүктүн кыртыштан 4-5 см бийиктиктеги жалбырактуу, гүлдөгөн бөлүгү кесилет. |
33. | Rhamnus cathartica | Крушина слабительная (жостер) |
| Мөмөлөрү | Август - сентябрь | Уругун жаңылоо үчүн бадалда мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Кол менен чогултулат. Терүү учурунда бутактарды сындырууга жана кесүүгө болбойт. |
34. | Rheum sp. | Ревень | Ышкын | Тамыры | Сентябрь - октябрь | Уругун жаңылоо үчүн 10 кв.м. аралыкта 4-5 жакшы өскөн өсүмдүктү калтыруу керек. Даярдоо 3-4 жылда бир жүргүзүлөт. | Күрөк менен казылат. Уруктарын пайда болгон чуңкурга күбүү керек. |
35. | Rhodiola linearifolia | Родиола линейнолистная | Сызгыч чегендир | Бутакталган тамыры | Август - сентябрдын ортосу | 100 кв.м. аралыкта жок дегенде 10 өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу - 10-15 жыл | Бутакталган тамыры керки күрөк же атайын казгычтар менен казылат. 1-2 сабактуу жаш өсүмдүктөрдү даярдоого болбойт. |
36. | Ribes | Смородина | Карагат | Мөмөлөрү | Август | Уругун жаңылоо үчүн даракта мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Башкы мөмөсү кол менен терилет. |
37. | Rosa sp. | Шиповник | Ит мурун | Мөмөлөрү | Август - декабрдын ортосу | Уругун жаңылоо үчүн бадалда мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Кол менен терилет. Терүү учурунда бутактарды сындырууга жана кесүүгө болбойт. |
38. | Rubus caesius | Ежевика сизая | Кара бүлдүркөн | Мөмөлөрү | Август - сентябрь | Уругун жаңылоо үчүн бадалда мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Бышкан мөмөсү кол менен терилет. |
39. | Rubus idaeus | Малина обыкновенная | Дан куурай | Мөмөлөрү | Июль - август | Уругун жаңылоо үчүн бадалда мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Бышкан мөмөсү кол менен терилет. |
40. | Sorbus tianschanica | Рябина тянь-шаньская | Тянь-шань четини | Мөмөлөрү | Август - сентябрь | Уругун жаңылоо үчүн бадалда мөмөсүнүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтырыш керек. | Бутакчалары кол менен сындырылат же кесилет.Мөмөсүн чогултууга шакты сындырууга болбойт. |
41. | Tanacetum vulgare | Пижма обыкновенная | Пижма | Топ гүлдөрү | Июнь - июль | Уруктук калыбына келүү үчүн даракта гүлдөөчү бүчүрлөр 2-3 калтырыш керек. Даярдоо бир эле жерде 1-2 жылда бир кылууга болот. | Гүл ачуунун башталышында таажылуу гүлдөрү 4 см көп эмес даярдоо керек, кол, секатор же бычак менен жулуп, өсүмдүктөрдү тамыры менен жулууга болбойт. |
42. | Thalictrum foetidum | Василистник вонючий | Сасык тармал чөп | Чөбү | Июнь - июль | 10 кв.м. аралыкта 3 төн аз эмес гүлдөгөн өсүмдүк калтыруу керек. Эс алдыруу - 1жыл | Өсүмдүктүн учун 20 см чейин узундукта бычак, орок же секатор менен кесиш керек. |
43. | Thermopsis lanceolata | Термопсис ланцетный | Сары мыя | Чөбү, уругу | Май - июнь | Өзгөчө чектөөсүз даярдалат | Гүлдөгөн же гүлдөй элек өркүндөрүн чогултса болот, алар адатта 3-5 см узундукта орок же бакча бычагы менен кесилет. |
44. | Thymus Marschallianus | Тимьян Маршаллов | Кийик от | Чөбү | Июнь - июль | Терүү аянтында өсүмдүктөрдүн 1/5 бөлүгүн (20%) калтыруу керек. | Жаш бутактардын уч жагы бычак же орок менен кесилет. Өсүмдүктү тамыры менен жулууга тыюу салынат. |
45. | Tussilago farfara | Мать и мачеха обыкновенная | Өгөй эне | Гүлдөрү | Апрель | Уругун жаңылоо үчүн 1 кв.м. аралыкта гүлдөгөн сабагынан 5-6ны калтырыш керек. Терүү аянтында жалбырактардын 1/5 бөлүгүн калтыруу керек. Жыл сайын даярдоо жүргүзүүгө болот. | 2 см узун эмес таажылар кол менен терилет. Жаш чоң жалбырактары гүлдөгөндөн кийин даярдалат. Жалбырактарын кол менен үзүп же бычак менен кесип, 5 см узундуктагы түбү калтырылат. Эки жагынан ачылган жаңы жалбырактарды, ошондой эле чирип же саргайган жалбырактарды жыйноого болбойт. |
Жалбырагы | Май - июль | ||||||
46. | Valeriana turkestanica | Валериана туркестанская | Туркестан мышык тамыры | Бутакталган тамыры | Сентябрь | Уругун жаңылоо үчүн 1 кв.м. аралыкта 2-3 өсүмдүктү калтырыш керек. Даярдоо 2 жылдык эс алдыруудан кийин гана болот. | Күрөк же айры менен казылат. Казылып алынган өсүмдүктөрдүн уруктарын чуңкурга күбүү керек. |
47. | Urtica dioica | Крапива двудомная | Чалкан | Жалбырагы | Май - июль | Популяциянын 1/5 бөлүгү (20%) уругун жаңылоо үчүн калтырылат. Жыл сайын даярдаса болот. | Гүлдөө учурунда даярдалат. Ылдыйкы жана ортоңку жалбырактары кол менен үзүлөт. Жыш өскөн жерде орок менен оруп, чалгы менен чабышат, коңур кургатып жалбырактарын алышат. |
48. |
| Ар түрдүү козу карындар т.а. ак козу карын, синявка, сморчок, шампиньон ж.б. | Козу карын | Сөңгөгү | Апрель - октябрь | Жаш козу карындарды гана терүү керек, өтө бышкан чоң козу карындарды терүүгө болбойт | Мицели менен жулбоо керек. Кыртыштын деңгээлинде түп жагын бычак менен кесип же кол менен бурап үзүү керек. Козу карынды алгандан кийин калган чуңкуру чөп-чар менен толтуруп кою зарыл. Төшөлүп калган чөп-чарды бузбоо керек. Жакшы белгилүү козу карынды гана жыйноо керек. |
Эскертүү:
1. Дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды чогултуу (жыйноо) ушул Эреже боюнча ыкмаларга, талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзүлүшү керек.
2. Чогултууга өсүмдүктөр жыш өскөн жерлерде гана уруксат берилет.
3. Уруктук жана вегетативдик көбөйүү үчүн калтырылган өсүмдүктөр жакшы өөрчүгөн болуш керек.
4. Өсүмдүктөрдү тамыры менен жулуута тыюу салынат, себеби ал жыйноодон кийин калыбьша келүүсүнө тоскоолдук кылат.
5. Тамырларды өтө тик боорлордон (36 градус жана андан жогору) жыйноого тыюу салынат.
6. «Эс алдыруу» - бул бир эле участокто жыйноону таблицада көрсөтүлгөн мезгилден эрте эмес жүргүзүү керектигин билдирет.