Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 606
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуу ыкмаларын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө жободо:
1-пункттагы "Жаратылышты коргоо жөнүндө" деген сөздөр "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10-пунктта:
төртүнчү абзацтагы ", кой күпкөлөөчү ванналарды салууга" деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кой күпкөлөөчү ванналарды салууга жана малды нормадан ашык жаюуга (айрыкча дренаждалган кокту-колотто);";
- 19-пункттагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойлордо тыюу салынып көрсөтүлгөн тилкелердин көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча кабыл алышат;";
- 32-пункттагы "токтомуна ылайык" деген сөздөр "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |