КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 293
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Реепубликасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., №7, 371-берене) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-беренесинин 1-бөлүгү «Чегара кызматы» деген сөздөр», калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 8-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 35-беренесинде түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 10-беренесинде, 14-беренесинин бешинчи абзацында жана 43-беренесинде түрдүү жөндөмөдөгү «ички иштер органдары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө» калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 13-беренесинин 2-бөлүгүндө, 15-беренесинин 5-бөлүгүндө, 31-беренесинде жана 32-беренесинин 5-бөлүгүндө түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмелөрдө» калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 1, 6-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «ички иштер органдарында» деген сөздөр «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|