Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 токтому менен бекитилген |
Инвестициялык активдерди ишенимдүү ишенимдүү башкаруу боюнча иш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин, анын ичинде пенсиялык активдерин башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунун негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Бул жободо белгиленген талаптар төмөнкүлөргө карата колдонулат:
- коммерциялык уюмдун инвестициялык активдерин ишенимдик башкарууну жүргүзүүгө, бул башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ушул активдердин эмитенти тарабынан тикелей жүргүзүлөт;
- коммерциялык уюмдардын инвестициялык активдерин ишенимдик башкарууга;
- пенсиялык активдерди ишенимдик башкарууга.
3. Бул Жобонун 8 жана 12-пункттарында саналган инвестициялык активдер курамына кирген мүлктү ишенимдик башкарууга бир жак экинчи жакка өткөрүп бергенде, башкаруучу компаниянын аталган активдерди ишенимдик башкаруусунун шарттарына жана тартибине карата ушул Жобонун талаптары колдонулат.
Башка мүлктүн курамындагы акча каражаттарын ишенимдик башкарууга бергенде, кардар башкаруучу компания тарабынан бул каражаттарды ушул Жобонун 8 жана 12-пункттарында саналган инвестициялык активдерге инвестиция кылуу үчүн пайдалануунун мүмкүндүгүн караган учурда да ушул Жобонун талаптары колдонулат.
4. Камкордук жана көзөмөл органы менен башкаруучу компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде инвестициялык активдер, анын ичинде пенсиялык активдер ишенимдик башкарууга өткөрүп берилгенде, ишенимдик башкаруунун шарттарына жана тартибине карата коюлуучу ушул Жобонун талаптары камкордукка алынуучунун мүлкүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.
5. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Ишенимдик башкаруунун объекттери - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында инвестициялык актив катары аныкталган төмөнкүдөй баалуу кагаздар, акча каражаттары, пенсиялык активдер жана башка активдер:
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлгөндө же болбосо башкаруу мөөнөтүнүн ичинде ишенимдик башкарууга берилген;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимди колдонуу мөөнөтүндө ишенимдик башкаруучу сатып алган.
Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш - инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде аныкталган мөөнөткө кардардын кызыкчылыгында киреше алуу максатында башкаруучу компания сый акы үчүн жүргүзгөн иш.
Кардар - ушул Жободо аныкталган, ишенимдик башкарууга берилүүчү инвестициялык активдердин менчик ээси.
Пайда табуучу - кардар же милдеттенмесин аткарууну башкаруучу компаниядан талап кылууга укуктуу болгон, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде аныкталган башка жак.
Пенсиялык активдер - активдердин (акча каражаттарынын) жыйындысы, бул активдер пенсиялык эсептерде эсепке алынган пенсиялык салымдардан жана аларды жайгаштыруудан алынган кирешелердин бир бөлүгүнөн түзүлөт.
Башкаруучу компания - баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусу, ал инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти өз атынан, башкаруучу компаниянын кардарларынын кызыкчылыгында жана алардын эсебинен жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Баалуу кагаздардын рыногунда брокер жана дилер катары кесиптик иш менен айкалыштырып инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларында белгиленет.
7. Пенсиялык фонддордун пенсиялык активдерин ишенимдик башкаруунун өзгөчөлүктөрү пенсиялык активдерди ишенимдик башкарууну жөнгө салган Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобо менен жөнгө салынат.
II. Ишенимдик башкаруунун объекттери
8. Бул Жобого ылайык төмөнкүдөй инвестициялык активдер ишенимдик башкаруунун объекттери боло алат:
- акционердик коомдордун акциялары, анын ичинде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлгөн учурда мамлекеттин менчигинде болгон акциялар;
- коммерциялык уюмдардын облигациялары, анын ичинде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлгөн учурда мамлекеттин менчигинде болгон облигациялар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары чыгаруучу жана жайгаштыруучу баалуу кагаздар, буга чыгаруунун жана жайгаштыруунун шарттары ишенимдик башкарууга жол бербеген баалуу кагаздар кирбейт;
- ушул Жободо белгиленген талаптарды эске алуу менен ишенимдик башкаруу жүргүзүлүүчү төмөнкүдөй баалуу кагаздарга инвестициялоого арналган акча каражаттары:
кардардын менчигинде болгон жана башкаруучу компанияга берилген, анын ичинде талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча берилген;
башкаруучу компания келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткаргандыгынын натыйжасында алган;
- пенсиялык эсептерде эсепке алынган пенсиялык салымдардан жана аларды жайгаштыруудан алынган кирешелердин бир бөлүгүнөн түзүлгөн пенсиялык активдер;
- башка баалуу кагаздар (ата мекендик же чет өлкөлүк эмитенттердики) жана финансылык куралдар, анын ичинде туунду баалуу кагаздар жана мөөнөттүү бүтүмдөр - эгерде квалификациялуу инвестор болуп саналган жак пайда табуучу болуп саналса.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул Жобонун 8-пунктунда аталган инвестициялык активдер аларды чыгаруунун формасына карабай (документардык же документардыксыз) ишенимдик башкаруунун объектиси болуп эсептелиши мүмкүн.
10. Эгерде ишенимдик башкарууга берилген баалуу кагаз милдеттүү болгон жакка карата бул баалуу кагаздын ээсинин жыйынды укугун ырастаса, анда укуктардын мындай жыйындысы ишенимдүү башкаруунун бирдиктүү жана бөлүнбөй турган объектти болуп эсептелет. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимге киргизилген башкаруучу компания аталган жыйынды укуктардын кээ бир укугун гана жүзөгө ашыра турган шарттар негизги болуп эсептелбейт, ал эми баалуу кагаздын өзү андагы ырасталган укуктардын бардык жыйындысы ишенимдик башкарууга берилгендигин билдирет.
11. Баалуу кагаздардын төмөнкүдөй түрлөрү ушул Жобонун талаптарына ылайык ишенимдик башкаруунун объекттери болуп эсептелбейт:
которуучу жана жөнөкөй векселдер, квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган башкаруудан башкалары;
чектер;
банктардын жана адистештирилген кредиттик башка мекемелердин депозиттик (аманат) сертификаттары, ошондой эле көрсөтүүчүгө берилүүчү банктык аманат китепчелери;
ар кандай түрдөгү (типтерди) кампа күбөлүктөрү, ошондой эле товар бөлүштүрүүчү башка баалуу кагаздар.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Сунуш кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү чет элдик эмитенттердин инвестициялык активдери ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү ишенимдик башкаруунун объекттери болуп эсептелиши мүмкүн. Ошол эле учурда төмөнкүдөй шарттар аткарылууга тийиш:
- чет элдик эмитенттердин инвестициялык активдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана жүгүртүүгө киргизүү мыйзамдуу ыкма менен б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алып кирүүнүн жана жүгүртүүнүн шарттарын жана тартибин эске алуу менен жүргүзүлсө;
- чет элдик эмитенттер чыгарган инвестициялык активдерди Кыргыз Республикасынын аймагында сунуш кылуу жана жүгүртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталса б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сунуш кылуунун шарттарын жана тартибин эске алуу менен жүргүзүлсө, мыйзамдуу болуп эсептелет;
- чет элдик эмитенттердин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштыруу же сатуу үчүн сунуш кылынган инвестициялык активдеринин мазмуну алар ырастаган укуктарга, ушул Жобонун 8-пунктунда саналган инвестициялык активдерге ылайык келсе жана ушул Жобонун 10-пунктунда каралган талаптарды эске алынса.
Ушул пункттун жоболору квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган ишенимдүү башкарууга карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Ишенимдик башкаруунун процессинде алынган инвестициялык активдерди ишенимдик башкарууга берүү
13. Башкаруучу компанияга инвестициялык активдерди ишенимдик башкарууга берүү ушул берилген активдерге болгон башкаруучу компаниянын менчик укугунун пайда болушун жаратпайт. Эгерде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде башкаруучу компаниянын инвестициялык активдерди ажыратууга болгон укугу каралса, анда бул ажыратуу мүлктү менчик ээсинен башка жактын менчигине ажыратуунун шарттарын жана тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
14. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча тиешелүү таризделген жазуу жүзүндөгү келишимдин бар болушу инвестициялык активдерди ишенимдик башкаруунун процессинде алынган инвестициялык активдерди башкаруучу компанияга берүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Инвестициялык активдердин реестрин жүргүзгөн жактар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар жана органдар инвестициялык активдерди ишенимдик башкаруунун процессинде алынган инвестициялык активдерди ишенимдик башкарууга берүү үчүн негиз катары башка документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.
15. Накталай акча каражаттарын ишенимдик башкарууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кассалык операцияларды жүргүзүүнүн тартибин эске алуу менен башкаруучу компаниянын кардарына иш жүзүндө тапшыруу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кардардын эсебинен акча каражаттарын ишенимдик башкарууга берүү ушул максат үчүн башкаруучу компания атайын ачкан ишенимдик башкаруу эсебине каражаттарды которуу жөнүндө кардардын жазуу жүзүндөгү буйругун тиешелүү банкка берүү жолу менен жүргүзүлөт. Каражаттар ушул эсепке которулган учурдан баштап башкаруучу компания каражаттарды алды деп эсептелет.
17. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин тараптары кардарга карызы болгон карызкордон (карызкорлордон) башкаруучу компания өндүрүп алган акча каражаттары (өз алдынча же башка ыкма менен башкарууга берилген каражаттардын курамында) баалуу кагаздарга инвестициялоонун каражаттары болуп эсептелээри жөнүндө шарттарды белгилөөгө укуктуу.
Тиешелүү келишим (келишимдер) боюнча кардардын талап кылуу укугун башкаруучу компаниянын пайдасына өткөрүп берүү аталган жактардын ортосунда ушундай өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү жолу менен жүргүзүлөт, бул макулдашуу инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимге бир бөлүк катары киргизилет.
Эгерде кардардын башкаруучу компанияга өткөрүп берген талап кылуу укугу баалуу кагаздардын категориясына кирген документтер (тактап айтканда вексель, чек) менен ырасталса, анда мындай баалуу кагаздар алар боюнча төлөмдөрдү өндүрүү (же сатуу) жана ушундай жол менен алынган каражаттарды баалуу кагаздарга инвестициялоонун каражаттарынын курамына которуу максатында ишенимдик башкаруунун объектти катары башкаруучу компанияга берилиши мүмкүн.
IV. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимди түзүү
18. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш кардар менен башкаруучу компаниянын ортосунда түзүлүүчү инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Кардар жана башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча бир нече келишимдерди түзүшү мүмкүн, ага ылайык башкаруучу компания келишимде каралган инвестициялык активди ишенимдик ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзөт.
19. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимге ылайык башкаруучу компаниянын кардардын баалуу кагаздарын ишенимдик башкарууга алуусу каралса, башка инвестициялык активдерди башкаруу үчүн алууга жол берилбейт.
Ушул пункттун жоболору квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган ишенимдүү башкарууга карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин баалуу кагаздарды ишенимдик башкаруу бөлүгү кардар башкаруучу компанияга баалуу кагаздарын берген учурдан баштап түзүлдү деп эсептелет.
21. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимди аткаруунун процессинде башкаруучу компания кардардын менчиги үчүн сатып алган баалуу кагаздарды алардын менчик ээлери же башка укук ээлери башкаруучу компанияга берген учурдан баштап, бул баалуу кагаздар ишенимдик башкаруунун объекттери болуп эсептеле баштайт. Бул учурда кардар менен башкаруучу компаниянын ортосунда мындай баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндө кошумча келишимдерди түзүүсү башкаруучу компанияга талап кылынбайт.
22. Эгерде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде кардарга карызы бар карызкордон карызды өндүрүүнүн натыйжасында башкаруучу алган каражаттар инвестициялык активдер болуп саналат деп белгиленсе, анда төмөнкүдөй эрежелер колдонулат:
талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурдан баштап инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим колдонулат жана аталган макулдашуунун ушул бөлүгү гана тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет;
келишимдин акча каражаттарын ишенимдик башкарууга байланыштуу тараптардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү болгон бөлүгү кардарга карызы бар карызкордон ишенимдик башкаруучу акча каражаттарын өндүрүп алган учурдан баштап гана колдонулат.
23. Эгерде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде акча каражаттары кардар берген баалуу кагаздар боюнча милдеттерди аткаруудан же мындай баалуу кагаздарды сатуудан башкаруучу компания алган каражаттар болуп эсептелээри каралса, анда төмөнкүдөй эрежелер колдонулат:
- милдеттенмелерди аткартуу же сатуу максатында кардар башкаруучу компанияга баалуу кагаздарды берген учурдан баштап инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлдү деп эсептелет. Ошол эле учурда башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери келишимдин аталган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткартууга же аларды сатууга тиешелүү болгон бөлүгүндө гана пайда болот;
- келишимдин акча каражаттарын ишенимдик башкарууга байланыштуу тараптардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү болгон бөлүгү башкаруучу компания акча каражаттарын алган учурдан баштап гана колдонулат.
24. Келишимди аткаруунун процессинде башкаруучу компания кардардын менчиги үчүн алган акча каражаттарын менчик ээлери же башка укук ээлери башкаруучу компанияга берген учурдан баштап, бул акча каражаттары ишенимдик башкаруунун объекттери болуп эсептеле баштайт. Бул учурда кардар менен башкаруучу компаниянын ортосунда мындай баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндө кошумча келишимдерди түзүүсү башкаруучу компанияга талап кылынбайт.
Эгерде инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде кардардын менчиги үчүн башкаруучу компания алган бардык акча каражаттары кардарга толук өлчөмдө, башкаруучу компания алган учурдан баштап кечиктирилбестен, берилүүгө тийиш деп белгиленсе, анда аталган эрежелер колдонулбайт.
V. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдердин шарттары, аны аткаруунун жалпы тартиби жана шарттары
25. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жана ушул Жободо белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тараптар аныкташат.
26. Инвестициялык активдерди башкарууга алган башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде инвестициялык активдерге карата пайдалануу жана тескөө укуктарын жүргүзөт, тактап айтканда:
башкарууга алган баалуу кагаздарда ырасталган бардык укуктарды (мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес) өз алдынча жана өзүнүн атынан жүргүзөт;
башкарууга алган баалуу кагаздарга карата бардык укуктарды (ажыратуу, күрөөгө берүү, баалуу кагаздар менен башка бүтүмдөрдү же иштерди жүргүзүү укуктарын) өз алдынча жана өзүнүн атынан жүргүзөт;
кардар менен макулдашуу боюнча жана өзүнүн атынан акча каражаттарын инвестициялык активдерге инвестициялайт.
27. Инвестициялык активдерди ишенимдик башкарууга берүүдө ар кандай жактарга ишенимдик башкарууга берилген инвестициялык активдерди бириктирүү каралышы мүмкүн.
28. Ишенимдик башкарууга берилген акча каражаттарын чыгымдоо максаттуу мүнөзгө гана ээ болот. Башкаруучу компания бул каражаттарды клиенттин менчиги үчүн инвестициялык активдерди сатып алууга, же кардардын же пайда табуучу башка жактын мүлктүк пайдасы катары жумшалууга гана пайдаланылышы керек.
VI. Ишенимдик башкаруу жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
29. Жеке жана юридикалык жактар (жергиликтүү жана чет элдик), ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кардар болушу мүмкүн.
30. Башкаруучу компания кардардын активдеринин менчик ээси болуп эсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкаруучу компаниянын кардарларынын мүлкүнөн обочолонууга тийиш.
31. Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында тикелей тыюу салынбаган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюм өзү эмитент болуп эсептелген баалуу кагаздарды баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусунун инвестициялык актыларды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын негизинде ишенимдик башкарууга алганга укуктуу.
32. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын - атайын уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.
33. Инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучусунун инвестициялык актыларды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын негизинде ушул Жобого ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
34. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык активдерди башкарууну жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы
35. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү шарттарынан тышкары, акча каражаттарын ишенимдик башкарууга берүү каралган келишимде кардардын акча каражаттарын инвестициялоонун багыттарын жана ыкмаларын аныктаган башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясын камтууга тийиш.
36. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Инвестициялык декларациянын жоболору келишимдин башка жоболору менен катар эле милдеттүү түрдө талаптагыдай аткарылууга тийиш.
Келишимди түзүү инвестициялык декларациянын жоболоруна кардардын макулдугун, анын ичинде өзүнө тиешелүү болгон акча каражаттарын декларацияда саналган бардык баалуу кагаздарга - инвестициянын объекттерине инвестициялоого кардардын берген макулдугун билдирет.
37. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ишенимдик башкаруунун максаттарын аныктоо (кардардын акча каражаттарын пайдалануунун коммерциялык жактан абдан натыйжалуулугуна жетишүү же башка максаттар);
- кардардын акча каражаттарын инвестициялоонун тиешелүү түрдөгү объекттеринин, б.а. башкаруучу компания кардардын мүлкүнүн курамы үчүн сатып алуусу мыйзамдуу болгон баалуу кагаздардын тизмеси;
- башкаруучу компания келишимди колдонуу мөөнөтүндө кармап турууга милдеттүү болгон активдердин түзүмү жөнүндө маалыматтар (ар кандай түрдөгү жана эмитенттердин баалуу кагаздарынын ортосундагы катыш);
- кардардын ишенимдик башкарууда турган баалуу кагаздары менен акча каражаттарынын ортосундагы катыш;
- инвестициялык декларациянын жоболору колдонулуучу жана башкаруучу компания үчүн милдеттүү болуп эсептелген мөөнөт.
38. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин бир бөлүгү болуп эсептелген инвестициялык декларациянын жоболорунун колдонуу мөөнөтү жалпы алганда келишимдин колдонуу мөөнөтүнө барабар болушу же андан аз болушу мүмкүн.
Инвестициялык декларациянын колдонуу мөөнөтү аяктаганда инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин тараптары кошумча макулдашуу менен жаңы инвестициялык декларацияны ушул инвестициялык декларациянын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөткө колдонууга киргизет.
Инвестициялык декларацияны колдонуу мөөнөтү аяктаганда келишимдин тараптарынын бири ушул инвестициялык декларацияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө талаптарды койбосо, ал ушул декларацияда көрсөтүлгөн мөөнөткө узартылды деп эсептелет, бирок бул мөөнөт декларация бир бөлүк катары кирген келишимдин колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
39. Инвестициялык декларацияда колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү аталган мөөнөттө негиз бар болсо инвестициялык декларацияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө бөгөт болбойт.
40. Колдонуудагы инвестициялык декларацияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кардардын талабы башкаруучу компания үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Башкаруучу компания аталган өзгөртүүлөргө макул болбосо, кардар бир тараптуу актыны (арызды) түзүү жолу менен өзгөртүүлөрдү тариздейт, ал келишимге тиркелет, бул учурда башкаруучу кардардын талаптарын аткарган айынан мүлктүк кесепеттердин болушунун тобокелдиги кардарга жүктөлөт.
Колдонуудагы декларацияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө башкаруучу компаниянын талабы келишимдин тараптарынын тиешелүү түрдөгү кошумча макулдашууну түзүүсү менен канааттандырылат, бул кошумча макулдашуу келишимге тиркелет.
41. Башкаруучу компаниялардын инвестициялык декларацияларын түзүүнүн эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары менен аныктайт.
42. Эгерде эмитентине ишенимдик башкарууга берилүүчү баалуу кагаздар гана, тактап айтканда акциялар жана башка баалуу кагаздар, ишенимдик башкаруунун объекттери болуп эсептелсе, анда инвестициялык декларацияны түзүү талап кылынбайт.
VIII. Башкаруучу компаниянын ишине чектөөлөр
43. Башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимге ылайык өзүнүн милдеттерин аткарганда төмөнкүдөй бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуксуз:
а) башкарууга алган акча каражаттарынын эсебинен өзүнүн менчигинде, кардардын менчигинде турган баалуу кагаздарды сатып алууга;
б) башкарууга алган баалуу кагаздарды өзүнүн менчигине, кардарынын менчигине ажыратууга;
в) башкаруучу компания бир эле мезгилде башка жактын тарабында брокер (комиссионер, ишенимдүү өкүл) катары чыккан бүтүмдөрдү жүргүзүүгө;
г) баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болгон, баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучулардын листингинин (котировкалык тизмесинин) эң жогорку категориясына жана эң жогорку категориясынан кийинки категорияга кирген баалуу кагаздарды кошпогондо, башкаруучу компаниянын уюштуруучулары чыгарган баалуу кагаздарды карамагына берилген акча каражаттарынын эсебинен сатып алууга;
д) квалификациялуу инвестор анын пайда табуучусу болуп саналган башкаруудан башкасы - башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоюлуу, банкрот болуу жана атайын башкаруунун башка процесстери жүрүп жаткан уюмдар чыгарган (эмиссиялаган) баалуу кагаздарды сатып алууга;
е) башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда турган баалуу кагаздарды ушул пункттун а, б, в, г, д пунктчаларында аныкталган баалуу кагаздарга алмаштырууга;
ж) башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон баалуу кагаздарды төлөмдү төлөөнүн мөөнөтүн 30 календардык күндөн ашык мезгилге узартуу каралган келишимдер боюнча ажыратууга;
з) башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон баалуу кагаздарды өзүнүн өздүк милдеттенмелерин (башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча тиешелүү келишимди аткаргандыгына байланыштуу пайда болгон милдеттенмелерди кошпогондо), өзүнүн кардарларынын милдеттенмелерин, башка үчүнчү жактардын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн колдонууга;
и) кардар менен макулдашууда каралган же кызыкчылыгында инвестициялык активдерди ишенимдик башкаруу жүргүзүлгөн кардардын тапшырмасында каралган учурларды кошпогондо, башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон баалуу кагаздарды депозитти тескөөчү жана (же) алуучу катары үчүнчү жакты аныктоо менен сактоого берүүгө;
к) кардар менен макулдашууда каралган же кызыкчылыгында инвестициялык активдерди ишенимдик башкаруу жүргүзүлгөн кардардын тапшырмасында каралган учурларды кошпогондо, башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон акча каражаттарын үчүнчү жактын пайдасына салым катары берүүгө же тескөөчү катары үчүнчү жак (жактар) аныкталган эсепке (эсептерге) аталган каражаттарды которууга;
л) акчалай тындырууну алуучу катары үчүнчү жак аныкталган камсыздандыруучу келишимдерин башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон акча каражаттарынын эсебинен түзүүгө (камсыздандыруу полистерин сатып алууга);
м) башкаруучу компанияга ишенимдик башкарууга берилген инвестициялык активдерди кайтарымсыз негизде ажыратууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ишенимдик башкарууга берилген баалуу кагаздардын эмитенти болуп эсептелген башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуксуз:
а) башкарууга алган баалуу кагаздарды өзүнүн менчигине, кардарынын менчигине ажыратууга;
б) ишенимдик башкаруусунда турган баалуу кагаздарды өзүнүн менчигинде, кардарынын менчигинде болгон баалуу кагаздарга алмаштырууга;
в) башкаруучу компаниянын ишенимдик башкаруусунда болгон баалуу кагаздарды өзүнүн өздүк милдеттенмелерин (башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча тиешелүү келишимди аткаргандыгына байланыштуу пайда болгон милдеттенмелерди кошпогондо), өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелерин, башка үчүнчү жактардын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн колдонууга;
г) ишенимдик башкаруусунда болгон баалуу кагаздарды депозитти тескөөчү жана (же) алуучу катары үчүнчү жакты аныктоо менен сактоого берүүгө.
45. Башкаруучу компания инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруунун процессинде мүлктүк инвестициялык активдерин ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдери түзүлгөн эки тараптын тең кызыкчылыктарын бир мезгилде билдирген бүтүмдөрдү кардар менен алдын-ала макулдашуусуз жүргүзүүгө укуксуз.
46. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдери башкаруучу компаниянын өздүк активдеринен өзүнчө эсепке алынат жана башкаруучу компания банкрот болгондо же ыктыярдуу түрдө жоюлганда жоюлуучу массага киргизилбейт.
IX. Башкаруучу компаниянын ишкердигинин натыйжаларын аныктоо. Ишенимдик башкарууда болгон мүлктү эсепке алуу. Башкаруучу компаниянын отчет берүүсү
47. Башкаруучу компаниянын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсүнүн тартибин жана курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
48. Кардарлардын инвестициялык активдерин жана операцияларын эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.