Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жиктөө өзгөчө кырдаалдарды алардын оордук даражасы боюнча баалоонун уюштуруу-укуктук ченемдерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жарандык коргоо тармагындагы иш процессинде келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.
2. Өзгөчө кырдаалдар төмөндөгү белгилери боюнча жиктелет:
- жабыр тарткандардын саны боюнча;
- экономикалык зыяны боюнча;
- жашоо тиричилиги бузулган калктын саны боюнча.
3. Өзгөчө кырдаалдар пайда болуу мүнөзү боюнча төмөндөгүлөргө бөлүнөт:
- табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
- чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу мүнөзүнүн түрлөрү жана аларды баалоонун критерийлери 1-тиркемеде келтирилген.
Оордук даражасы боюнча өзгөчө кырдаалдарды жиктөө критерийлери жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жооптуу уюмдарды аныктоо ушул жиктөөнүн 2-тиркемесинде келтирилген.
4. Белгилүү бир аймакта түзүлгөн кырдаал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтомуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуусу боюнча Жарандык комиссиялардын чечимдеринин негизинде өзгөчө кырдаал деп табылышы мүмкүн.
5. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу оордук даражасына жараша төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
- объектилик (оордуктун 1 даражасы) - менчигинин түрүнө карабастан карамагында объект бар уюмдун, ишкананын жана мекеменин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- жергиликтүү (оордуктун II даражасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (айыл өкмөтү), менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- райондук (оордуктун III даражасы) - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын (оордуктун IV даражасы) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлик органдарынын жана облустун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык бөлүмдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларын кошуу менен, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;
- республикалык (оордуктун V даражасы) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган күчтөр жана каражаттар аркылуу;
- чек аралар аралык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.
7. Кырсыктан-куткаруу жумуштары аягына чыккандан кийин өзгөчө кырдаал жоюлду деп эсептелинет жана калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектеш райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 604 "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, алардын кесепеттерин жоюу учурунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомунун редакциясына ылайык)
Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар
┌─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│ Өзгөчө │ Өзгөчө кырдаалдардын болуусунун │ Баалоо │
│кырдаалдардын│ мүнөздөмөсү │ критерийлери │
│ булагы │ │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жер титирөө │Жердин астындагы катмарлардын │Жабыр тарткан │
│ │кыймылдоосунун, жарылуусунун же │адамдардын саны │
│ │мантиянын үстүнкү катмарынын │(курагы, жынысы),│
│ │жарылуусунун себебинен жер үстүнүн │жашоо турмушунун │
│ │алыска таралуучу 6 баллга же андан │бузулушу, │
│ │көп силкинүүсү. │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Сел │Анча чоң эмес тоолуу дарыяларда жана │Жабыр тарткан │
│ │кургак колоттордо, нөшөрлүү жаан │адамдардын саны │
│ │- чачындардан же кардын тез эрүүсүнөн│(курагы, жынысы),│
│ │улам келип чыгуучу минералдык │жашоо турмушунун │
│ │бөлүкчөлөр, таштар жана тоо │бузулушу, │
│ │тектеринин сыныктарынын өтө чоң │экономикалык │
│ │концентрациясы (агымдын көлөмүнүн │чыгым │
│ │50-60% чейинкиси) аралашкан агым │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Суу ташкын │Кардын, мөңгүнүн эришинен же │Жабыр тарткан │
│ │жамгырдын көп жаашынан улам келип │адамдардын саны │
│ │чыккан дарыядагы суунун агуу │(курагы, жынысы),│
│ │деңгээлинин кыска убакытка жогорулашы│жашоо турмушунун │
│ │менен мүнөздөлгөн суунун абалы │бузулушу │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бийик тоолуу │Тосмолорунун толук же бир бөлүгүнүн │Жабыр тарткан │
│табигый │жырылуусунун натыйжасында суунун │адамдардын саны │
│көлдөрдүн │табигый фазасына же убактылуу агын │(курагы, жынысы),│
│тосмолорунун │сууларына таасир этүүчү кыйратуучу │жашоо турмушунун │
│жырылуусу │күчкө ээ болгон калыптанган сел же │бузулушу │
│ │суу ташкын агымы │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кар көчкү │Кыйратуучу, талкалоочу күчкө ээ │Жабыр тарткан │
│ │болгон кардын жана (же) муздун ылдам,│адамдардын саны │
│ │кокусунан пайда болгон кыймылы. │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Урап түшүү │Табигый жантайманын бурчунан чоң │Жабыр тарткан │
│ │бурулуш менен чукул эңкейиштерде │адамдардын саны │
│ │оордук тартылуу күчүнүн негизинде │(курагы, жынысы),│
│ │пайда болгон тоо тектеринин │жашоо турмушунун │
│ │массасынын бөлүнүшү. │бузулушу │
│ │Тектердин кулашы дарыялардын │экономикалык │
│ │жээктеринде, сайларында, тоолордо │чыгым │
│ │жана көлдөрдүн жээктеринде жүрөт. │ │
│ │Тектеринин кулашы эңкейиштин │ │
│ │туруктуулугунун жоголушунун │ │
│ │натыйжасында пайда болот │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Таш кулоолор │Тоо тектеринин сыныктарынын тоо │Жабыр тарткан │
│ │боорунан кулоосу же сыйгаланып │адамдардын саны │
│ │түшүүсү │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жер көчкүлөр │Тоо боорунан же жантаймадан төмөн │Жабыр тарткан │
│ │карай гравитациялык күчтөрдүн таасири│адамдардын саны │
│ │астында ири көлөмдөгү тоо тектеринин │(курагы, жынысы),│
│ │массасынын түшүү кыймылы │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Геокриология-│Тоо тектеринде өнүгүүчү кооптуу тоң │Жабыр тарткан │
│лык жараяндар│процесстери (суук ирими, сууктан │адамдардын саны │
│ │жарылып кетүү, термоабразия, │(курагы, жынысы),│
│ │термоэрозия, курумдар жана башка │жашоо турмушунун │
│ │гравитациялык жараяндар) │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Карсттык- │Карсттын (жер астындагы боштуктун) │Жабыр тарткан │
│суффозиондук │100 метрден көп эмес тереңдигинде │адамдардын саны │
│жараяндар │эрүүчү тектердин (туздардын, гипстин,│(курагы, жынысы),│
│ │акиташтын, бордун) туруктуу │жашоо турмушунун │
│ │калыңдыгын жоготуусу, төбөсү кулаган │бузулушу, │
│ │учурда алардын тектеринин атайын │экономикалык │
│ │оюктарынын бөгөлүп калуусу │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Лесс жана │Инженердик курулмалардын │Жабыр тарткан │
│чополуу │талкалануусуна алып келүүчү, лесс │адамдардын саны │
│кыртыштын │жана чополуу кыртышта алардын │(курагы, жынысы),│
│чөгүүсү │нымдалуусунун жана суу менен камсыз │жашоо турмушунун │
│ │болуусунун эсебинен кысылуунун │бузулушу, │
│ │бирдей эмес бүлгүндүк бузулушу │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Суу каптоо, │Дарыяларда, суу сактагычтарда, суу │Жабыр тарткан │
│жер астындагы│тоскучтарынында суунун горизонтунун │адамдардын саны │
│суулардын │көтөрүлүшүнүн, суу түтүкчөлөрүнүн , │(курагы, жынысы),│
│деңгээлинин │канализацияларда суулардын │жашоо турмушунун │
│жогорулашы │жоготуусунунун таасирлеринин │бузулушу, │
│ │негизинде жер астындагы суулардын │ │
│ │деңгээлинин жогорулашы: │экономикалык │
│ │- инженердик курулмалардын │чыгым │
│ │талкаланышына, чыгымдарга алып │ │
│ │келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли │ │
│ │0-0,3 м болгон учурдагы күчтүү суу │ │
│ │каптоо; │ │
│ │- инженердик курулмалардын │ │
│ │талкаланышына, чыгымдарга алып │ │
│ │келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли │ │
│ │0,3-2,0 м болгон учурдагы орточо │ │
│ │суу каптоо; │ │
│ │- инженердик курулмалардын │ │
│ │талкаланышына, чыгымдарга алып │ │
│ │келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли │ │
│ │3,0-5,0 м болгон учурдагы анчалык │ │
│ │катуу эмес суу каптоо. │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Катуу шамал │Шамалдын ылдамдыгы 25 м/с жана андан │Жабыр тарткан │
│ │жогору, тоолуу райондордо 35 м/с жана│адамдардын саны │
│ │андан жогору │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чаң аралаш │Өтө катуу шамал, ошондой эле │Жабыр тарткан │
│(кумдуу) │деңиздеги (көлдөгү) чоп толкундоо. │адамдардын саны │
│катуу бороон │Орточо 15 м/с же андан көп │(курагы, жынысы),│
│ │ылдамдыкта 6 же андан көп саатка │жашоо турмушунун │
│ │созулат, 100 м же андан аз аралыкка │бузулушу, │
│ │чейин көрүнүштүн метеорологиялык │экономикалык │
│ │ыраактыгынын начар менен коштолот │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Узакка │Суу каптап кетүүгө, суунун │Жабыр тарткан │
│созулган │жайпоосуна, суу ташкынына алып │адамдардын саны │
│жамгыр │келүүчү, бир нече күнгө чейин │(курагы, жынысы),│
│ │үзгүлтүксүз жааган атмосфералык суюк │жашоо турмушунун │
│ │жаан-чачын. Жаан-чачындын өлчөмү 48 │бузулушу, │
│ │саатта жана андан аз убакыттын │экономикалык │
│ │ичинде 60 мм жетсе │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Катуу жаан, │12 сааттын жана андан аз убакыттын │Жабыр тарткан │
│нөшөр (кар │ичинде жаан-чачындын өлчөмү 30 мм │адамдардын саны │
│аралаш жаан, │жетет. │(курагы, жынысы),│
│суу кар) │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
│ │ │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кардын оор │Унаа кыймылынын оорлошуна, көрүүнүн │Жабыр тарткан │
│түшүүсү │бир кыйла начарлашына алып келүүчү, │адамдардын саны │
│ │узакка созулган ургаалдуу кар түшүү │(курагы, жынысы),│
│ │- 12 сааттын же андан аз убакыттын │жашоо турмушунун │
│ │аралыгында 20 мм жана андан көп │бузулушу, │
│ │жаан-чачын болот │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Катуу │Көрүүнүн начарлашына жана унаа │Жабыр тарткан │
│бурганак │магистралдарынын күрткүсүнө алып │адамдардын саны │
│ │келүүчү, мүмкүн кардын түшүшү менен │(курагы, жынысы),│
│ │айкалышкан, катуу шамал аркылуу жер │жашоо турмушунун │
│ │бетиндеги кардын учуусу. 12 м/с жана │бузулушу, │
│ │андан жогору шамалдын ылдамдыгында │экономикалык │
│ │12 саат же андан көп убакытка │чыгым │
│ │созулат. Көрүүнүн начарлашы 50 м же │ │
│ │андан төмөн болуп, шоссе жана темир │ │
│ │жолдордо кыймылдын токтошуна алып │ │
│ │келет │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Тайгак │Стандарттуу тайгак станогунун │Жабыр тарткан │
│ │зымындагы катмарлардын диаметри 20 мм│адамдардын саны │
│ │жана андан көп │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Мөндүр │Диаметри 20 жана андан чоң │Жабыр тарткан │
│ │миллиметрди түзгөн, катуу муздун │адамдардын саны │
│ │бөлүкчөсү түрүндө жылдын жылуу │(курагы, жынысы),│
│ │мезгилинде түшүүчү атмосфералык │жашоо турмушунун │
│ │жаан-чачын │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┤
│(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык │
│күчүн жоготту) │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык │
│күчүн жоготту) │
├─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┤
│Коюу туман │Суунун буулануусунун натыйжасында │Жабыр тарткан │
│ │тамчы же кристалл түрүндөгү │адамдардын саны │
│ │продуктылардын абада учуп жүрүүсү │(курагы, жынысы),│
│ │жана жердин үстүнкү бетинде көрүүнүн │жашоо турмушунун │
│ │бир кыйла начарлашы менен коштолгон │бузулушу, │
│ │топтолуусу. Темир жолдогу жана унаа │экономикалык │
│ │жолдогу кыймылдын токтоп калуусуна │чыгым │
│ │алып келет, көрүү аралыгы 50 м жана │ │
│ │андан аз, узактыгы 6 саат жана андан │ │
│ │көп │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Үшүк │Жер кыртышынын бети же абанын │Жабыр тарткан │
│ │температурасы жылдын өсүмдүктөрдүн │адамдардын саны │
│ │өсүү жана өөрчүү мезгилинде 0 градус │(курагы, жынысы),│
│ │цельсияга чейин төмөндөйт жана │жашоо турмушунун │
│ │эгинге, техникалык, жашылча, │бузулушу, │
│ │мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөргө │экономикалык │
│ │зыян келтирет же жок болуусуна алып │чыгым │
│ │келет │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Катуу суук │Республиканын дыйканчылык аймагында │Жабыр тарткан │
│ │5 же андан көп күндүн аралыгында │адамдардын саны │
│ │абанын температурасы минус 35 градус │(курагы, жынысы),│
│ │цельсия жана андан аз болот │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Суу кардын │Стандарттуу тайгак станогунун │Жабыр тарткан │
│катмарланышы │зымындагы катмарлардын диаметр │адамдардын саны │
│жана аралаш │35 м.м жана андан көп болсо │(курагы, жынысы),│
│оор │ │жашоо турмушунун │
│катмарлануу │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Күчтүү кыроо │Нымдуу суук аба ырайында ичке жана │Жабыр тарткан │
│ │узун предметтердеги (дарактардын │адамдардын саны │
│ │бутактарындагы, электр │(курагы, жынысы),│
│ │чубалгыларындагы) кристалл же дан │жашоо турмушунун │
│ │кабаттары түрүндөгү атмосфералык │бузулушу, │
│ │жаан-чачындардын түрү. Стандарттуу │экономикалык │
│ │тайгак станогунун зымындагы │чыгым │
│ │катмарлардын диаметри 50 мм жана │ │
│ │андан көп. │ │
├─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┘
│(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык │
│күчүн жоготту) │
├─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┤
│Кыртыш │2-декаданын ичинде 0-20 см катмардагы│Жабыр тарткан │
│кургакчылыгы │пайдалуу нымдуулук 10 мм же андан │адамдардын саны │
│ │аз, │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Атмосфералык │Өсүмдүктөрдүн өсүү жана өөрчүү │Жабыр тарткан │
│кургакчылык │мезгилинде катары менен 30 күндүн же │адамдардын саны │
│ │андан көп убакыттын аралыгында абанын│(курагы, жынысы),│
│ │температурасы 30 градустан жогору │жашоо турмушунун │
│ │болгон учурда натыйжалуу │бузулушу, │
│ │жаан-чачындын (бир күндө 5 мм ден │экономикалык │
│ │көп) жок болуусу. Калган күндөрү │чыгым │
│ │(мезгилдин узактыгынан 25% көп эмес) │ │
│ │төмөндө көрсөтүлгөн маанилерден │ │
│ │максималдуу температуранын болуусуна │ │
│ │жол берилет
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ысык шамал │30 град. Цельсий же андан жогору │Жабыр тарткан │
│ │температуранын учурунда 5 же андан │адамдардын саны │
│ │көп күнгө чейин абанын салыштырма │(курагы, жынысы),│
│ │нымдуулугу 30% жана азыраак болуп, │жашоо турмушунун │
│ │шамалдын ылдамдыгынын 5 м/сек. жана │бузулушу, │
│ │андан көп болуп сакталуусу │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Катуу ысык │Абанын температурасы 5 жана андан көп│Жабыр тарткан │
│ │күнгө чейин 40 град. Сельция жана │адамдардын саны │
│ │андан жогору болот │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Токой өртү, │Күтүүсүздөн пайда болуучу жана │Жабыр тарткан │
│тоо өртү, │жаратылыш чөйрөсүнө тароочу, күнүнүн │адамдардын саны │
│талаа жана │баш ийбеген жараяны │(курагы, жынысы),│
│дан │ │жашоо турмушунун │
│массивдери- │ │бузулушу, │
│нин өртү │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Суу │Тосмолорунун толук же бир бөлүгүнүн │Жабыр тарткан │
│тосмолорунун,│жырылуусунун натыйжасында суунун │адамдардын саны │
│дамба, │табигый фазасына же убактылуу агын │(курагы, жынысы),│
│шлюздардын, │сууларына таасир этүүчү кыйратуучу │жашоо турмушунун │
│суу │күчкө ээ болгон калыптанган сел же │бузулушу, │
│өткөрбөөчү │суу ташкын агымы │экономикалык │
│тосмолордун │ │чыгым │
│ж.б. │ │ │
│жырылуусу │ │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Аймактардын │Имараттардын, курулуштардын жана унаа│Жабыр тарткан │
│ылдый түшүп │тутумдарынын кошумча күч теңдемдик │адамдардын саны │
│кетүүсү │жана күч кыймылдык жүктүн │(курагы, жынысы),│
│ │натыйжасында шаар аймактарынын ылдый │жашоо турмушунун │
│ │түшүп кетүү жараяны, ошондой эле │бузулушу, │
│ │көмүр суутекти казып алууга │экономикалык │
│ │байланыштуу жер бетинин ылдыйлап │чыгым │
│ │кетүүсү │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Турмуш- │Турмуш-тиричиликти камсыздоо │Жабыр тарткан │
│тиричиликти │тутумдарындагы колдонулган │адамдардын саны │
│камсыздоо │курулуштардын же техникалык │(курагы, жынысы),│
│тутумдарын- │каражаттарынын кырсыктарынынын │жашоо турмушунун │
│дагы │кесепетинен: │бузулушу, │
│кырсыктар │- калкка ичүүгө жарамдуу суу берүүнүн│экономикалык │
│ │токтоосу; │чыгым │
│ │- калкка газ берүүнүн токтоосу; │ │
│ │- жылдын суук мезгилинде жылуулук │ │
│ │берүүнүн токтоосу; │ │
│ │- канализация тутумдарынын иштөөсүнүн│ │
│ │бузулушу │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Имараттардын,│Унаа коммуникацияларынын │Жабыр тарткан │
│курулуштардын│элементтеринин кыйроосу: │адамдардын саны │
│кокусунан │- өндүрүштүк имараттардын жана │(курагы, жынысы),│
│урап түшүүсү │курулуштардын кыйроосу; │жашоо турмушунун │
│ │-турак-жай, социалдык-тиричилик жана │бузулушу, │
│ │маданий багыттагы имараттардын жана │экономикалык │
│ │курулуштардын кыйроосу │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Энергетика │Электр берүүдө колдонулуучу │Жабыр тарткан │
│тутумундагы │курулуштардын же техникалык │адамдардын саны │
│кырсыктар │каражаттарынын кырсыктарынын │(курагы, жынысы),│
│ │кесепетинен электр берүүнүн 6 саат │жашоо турмушунун │
│ │жана андан көп убакытка созулган узак│бузулушу, │
│ │мөөнөттүү үзгүлтүгү │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Өрт, │Адамдардын өмүрүнө зыян же коркунуч │Жабыр тарткан │
│жарылуулар, │келтирген жана материалдык │адамдардын саны │
│жарылуу │балуулуктарды жоготуу же жоготуу │(курагы, жынысы),│
│коркунучу │коркунучу, кыска мөөнөттүн ичинде │жашоо турмушунун │
│ │көп сандагы энергиянын бөлүнүп │бузулушу, │
│ │чыгарылышы жана көзөмөлсүз күйүү │экономикалык │
│ │жараяны. │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Унаа │Бузулуулардын же кызматкерлердин │Жабыр тарткан │
│кырсыктары │профессионалдык эмес аракеттеринин │адамдардын саны │
│ │натыйжасында техникалык түзүлүштөрдүн│(курагы, жынысы),│
│ │бузулушу: │жашоо турмушунун │
│ │- жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу │бузулушу, │
│ │поезддердин кыйроолору жана │экономикалык │
│ │кырсыктары; │чыгым │
│ │- аба кырсыктары; │ │
│ │- ири автоунаа кырсыктары; │ │
│ │- суу акваторияларындагы кыйроолор │ │
│ │жана кырсыктар │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Радиоактивдүү│Атомдук станцияларда өндүрүштүк жана │Жабыр тарткан │
│заттардын │изилдөө багытындагы атомдук │адамдардын саны │
│абага │энергетикалык орнотмолордо │(курагы, жынысы),│
│чыгуусуна │колдонулуучу курулуштардын жана (же) │жашоо турмушунун │
│жана (чыгуу │техникалык түзүлүштөрдүн │бузулушу, │
│коркунучуна) │радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгуу│экономикалык │
│байланышкан │коркунучу) менен бузулушу: │чыгым │
│кырсыктар │- транспорттук авариянын натыйжасында│ │
│ │радиоактивдүү заттардын абага чыгуу │ │
│ │коркунучу же чыгуусу; │ │
│ │- өнөр жай жана сыноолордо (анын │ │
│ │ичинде чек аралык) болгон авариянын │ │
│ │натыйжасында радиоактивдүү заттардын │ │
│ │абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; │ │
│ │- радиоактивдүү заттардын жоготуу. │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Химиялык │Химиялык коркунучтуу заттарды │Жабыр тарткан │
│коркунучтуу │өндүрүүдө, кайра иштетүүдө же │адамдардын саны │
│заттардын │сактоодо колдонулуучу имараттардын │(курагы, жынысы),│
│(ХКЗ) абага │жана техникалык орнотмолордун │жашоо турмушунун │
│чыгуусу жана │бузулуусу: │бузулушу, │
│чыгуу │- транспорттук авариянын │экономикалык │
│коркунучуна │натыйжасында химиялык коркунучтуу │чыгым │
│байланышкан │заттардын абага чыгуу коркунучу же │ │
│кырсыктар │чыгуусу; │ │
│ │- авариянын натыйжасында реакцияга │ │
│ │кирген химиялык коркунучтуу заттардын│ │
│ │пайда болуусу жана таркалышы; │ │
│ │- химиялык согуш куралдары менен │ │
│ │болгон авария: │ │
│ │- ХКЗ булактарын жоготуу. │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Биологиялык │Биологиялык коркунучтуу заттарды │Жабыр тарткан │
│коркунучтуу │иштеп чыгарууда, аларды сактоодо жана│адамдардын саны │
│заттардын │аларды көмүлө колдонулуучу │(курагы, жынысы),│
│(БКЗ) абага │имараттардын жана техникалык │жашоо турмушунун │
│чыгуусу жана │орнотмолордун бузулуусу: │бузулушу, │
│чыгуу │- транспорттук авариянын натыйжасында│экономикалык │
│коркунучуна │биологиялык коркунучтуу заттардын │чыгым │
│байланышкан │абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; │ │
│кырсыктар │- биологиялык заттарды жоготуу. │ │
├─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┤
│ Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар │
├─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┤
│ Өзгөчө │ Өзгөчө кырдаалдардын булагы │ Өзгөчө │
│кырдаалдардын│ │ кырдаалдардын │
│ булагы │ │ булагы │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Кургак жердин│Жер астын иштетүүдөн улам жер бетинин│Жабыр тарткан │
│(кыртыштын, │бүлгүндүү чөгүп кетүүсү, көчүүсү, │адамдардын саны │
│жер астынын, │кемирилүүсү: │(курагы, жынысы),│
│ландшафт- │- жер кыртышында (топуракта) чектен │жашоо турмушунун │
│тардын) │тыш кошундулардын, оор металлдардын │бузулушу, │
│абалынын │(анын ичинде радионуклиддердин) жана │экономикалык │
│өзгөрүүсү │башка зыяндуу заттардын болушу; │чыгым │
│ │- жер кыртышынын интенсивдүү │ │
│ │начарлашы, чөлгө, шорго айлануусу, │ │
│ │сазга айлануусу ж.б.; │ │
│ │- жаратылыш кендеринин түгөнүшүнө │ │
│ │байланышкан кризисттик кырдаалдар; │ │
│ │- өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик │ │
│ │калдыктарын сактоочу жайлардын │ │
│ │(таштандыларды ыргытуучу жай) толуп │ │
│ │кетүүсүнө алып келген кризистик │ │
│ │кырдаалдар. │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Атмосферанын │Антропогендик иштин натыйжасында │Жабыр тарткан │
│курамынын │аба-ырайынын жана климаттын чукул │адамдардын саны │
│жана │өзгөрүүсү: │(курагы, жынысы),│
│касиетинин │- атмосферадагы зыяндуу │жашоо турмушунун │
│өзгөрүүсү │аралашмалардын жол берилүүчү чектен │бузулушу, │
│ │ашыкча жогорулашы; │экономикалык │
│ │- шаар ызы-чуусунун жол берилүүчү │чыгым │
│ │чектен деңгээлинен бир кыйла │ │
│ │жогорулашы; │ │
│ │- кислоталык жаан-чачындын кеңири │ │
│ │тилкесинин пайда болуусу; │ │
│ │- шаарлардын үстүндөгү │ │
│ │температуралык инверсиялар. │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Гидросфера │Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: │Жабыр тарткан │
│абалынын │- суу ресурстарынын соолушу; │адамдардын саны │
│өзгөрүүсү │- суу ресурстарынын булгануусу │(курагы, жынысы),│
│ │ │жашоо турмушунун │
│ │ │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Биосфера │Ресурстарды өндүрүүгө биосфера │Жабыр тарткан │
│абалынын │жөндөмдүүлүгүнүн кескин өзгөрүүсү: │адамдардын саны │
│өзгөрүүсү │- жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн │(курагы, жынысы),│
│ │түрлөрүнүн жок болуусу; │жашоо турмушунун │
│ │- жаныбарлардын түрү жоголуусу │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┤
│ Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар │
├─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┤
│ Өзгөчө │ Өзгөчө кырдаалдардын булагы │ Өзгөчө │
│кырдаалдардын│ │ кырдаалдардын │
│ булагы │ │ булагы │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Адамдардын │Калктын жана алардын кээ бир │Жабыр тарткан │
│массалык │топторунда оорулардын таркашы: │адамдардын саны │
│түрдөгү │- экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу│(курагы, жынысы),│
│жугуштуу │эмес жугуштуу оорулардын сейрек │жашоо турмушунун │
│оорулары │учурлары; │бузулушу, │
│ │- коркунучтуу жугуштуу оорулардын │экономикалык │
│ │топтук жагдайы; │чыгым │
│ │- жугуштуу оорулардын эпидемиялык │ │
│ │тез таралышы; │ │
│ │- эпидемия; │ │
│ │- пандемия; │ │
│ │- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын │ │
│ │25-декабрындагы № 850 токтомуна │ │
│ │ылайык күчүн жоготту │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жаныбарлардын│Жаныбарлардын арасында оорулардын │Жабыр тарткан │
│массалык │таркашы: │адамдардын саны │
│түрдөгү │- экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу│(курагы, жынысы),│
│жугуштуу │жугуштуу оорулардын сейрек учурай │жашоо турмушунун │
│оорулары │турган жагдайы; │бузулушу, │
│ │- энзоотиялар; │экономикалык │
│ │- эпизоотиялар; │чыгым │
│ │- панзоотиялар; │ │
│ │- этиологиясы аныкталбаган жугуштуу │ │
│ │оорулар; │ │
│ │- жаныбарлардын массалык түрдө │ │
│ │кырылышы │ │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Айыл чарба │Өсүмдүктөрдүн арасында оорулардын │Жабыр тарткан │
│өсүмдүктөрү- │таркашы: │адамдардын саны │
│нүн │- күчөп бараткан эпифитотия; │(курагы, жынысы),│
│оорулардан, │- пантофитотия; │жашоо турмушунун │
│отоо │- өсүмдүктөрдүн этиологиясы │бузулушу, │
│чөптөрдөн │аныкталбаган оорусу; │экономикалык │
│жана │- инвазиялар (курт-кумурскалардын │чыгым │
│зыянкечтерден│чабуулу) │ │
│массалык │ │ │
│түрдө зыян │ │ │
│тартышы │ │ │
├─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┤
│ Чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар │
├─────────────┬─────────────────────────────────────┬─────────────────┤
│ Өзгөчө │ Өзгөчө кырдаалдардын булагы │ Өзгөчө │
│кырдаалдардын│ │ кырдаалдардын │
│ булагы │ │ булагы │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жарандык │Өлкөдөгү конституциялык жана укуктук │Жабыр тарткан │
│чыр-чатактар │тартипти бузган, коомдо жана │адамдардын саны │
│ │мамлекетте жарандык ынтымактын │(курагы, жынысы),│
│ │бузулуусуна алып келген социалдык │жашоо турмушунун │
│ │тынчсыздануулар │бузулушу, │
│ │ │экономикалык │
│ │ │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Согуштук │Мамлекеттердин же айрым │Жабыр тарткан │
│окуялар │мамлекеттердин ички социалдык │адамдардын саны │
│ │коомчулуктарынын ортосундагы │(курагы, жынысы),│
│ │экономикалык, саясий, │жашоо турмушунун │
│ │улуттук-этностук жана башка пикир │бузулушу, │
│ │келишпестиктерди чечүү максатындагы │экономикалык │
│ │куралдуу күрөш │чыгым │
├─────────────┼─────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Терроризм │Жарылууну, өрт коюну же адамдардын │Жабыр тарткан │
│ │курман болушуна коркунуч түзгөн башка│адамдардын саны │
│ │аракеттерди жасоо, кыйла чоң мүлктүк │(курагы, жынысы),│
│ │зыян келтирүү же башка │жашоо турмушунун │
│ │коомдук-коркунучтуу кесепеттердин │бузулушу, │
│ │келип чыгышы, эгерде мындай аракеттер│экономикалык │
│ │коомдук коопсуздукту бузуу, калкты │чыгым │
│ │коркутуу же бийлик органдары же эл │ │
│ │аралык уюмдар чечимдер кабыл алуусуна│ │
│ │таасир көрсөтүү максатында жасалса, │ │
│ │ошондой эле аталган аракеттерди ошол │ │
│ │эле максаттарда жасоо коркунучу. │ │
└─────────────┴─────────────────────────────────────┴─────────────────┘
2-тиркеме
┌──────────┬─────────────────────────────────┬───────────┬────────────┐
│Өзгөчө │Өзгөчө кырдаалдын кесепеттери │Минималдуу │Өзгөчө │
│кырдаалдын├──────┬──────────────────────────┤эсептик │кырдаалдын │
│оордук │ │ Жабыр тартты │көрсөткүч- │кесепеттерин│
│даражасы │ ├────────┬────────┬────────┤төрдөгү │жоюучу │
│ │Өзгөчө│Бардыгы,│Бардыгы,│Бардыгы,│материалдык│органдар │
│ │кырда-│адам │адам │адам │ │ │
│ │алдын │(жынысы,│(жынысы,│(жынысы,│ │ │
│ │тара- │курагы │курагы │курагы │ │ │
│ │луу │боюнча) │боюнча) │боюнча) │ │ │
│ │аймагы│ │ │ │ │ │
├──────────┼──────┼────────┼────────┼────────┼───────────┼────────────┤
│I даража │Өндү- │5ке │3кө │30га │500гө │Объекттер │
│(объекти- │рүштүк│чейин │чейин │чейин │чейин, │карамагында │
│лик) │объек-│ │ │ │курман │турган уюм, │
│ │тинин,│ │ │ │болгондор- │ишкана жана │
│ │ишка- │ │ │ │дун │мекеме │
│ │нанын,│ │ │ │үй-бүлөлө- │ │
│ │уюмдун│ │ │ │рүнө жана │ │
│ │чегин-│ │ │ │жабыр │ │
│ │де │ │ │ │тарткан- │ │
│ │жерги-│ │ │ │дарга │ │
│ │ликтүү│ │ │ │төлөп │ │
│ │тара- │ │ │ │берүү- │ │
│ │луусу │ │ │ │лөрдү │ │
│ │ │ │ │ │эсепке │ │
│ │ │ │ │ │албаганда │ │
├──────────┼──────┼────────┼────────┼────────┼───────────┼────────────┤
│II даража │Жерги-│6дан │4дөн │31ден │501ден │Жергиликтүү │
│(жергилик-│ликтүү│20га │10го │50гө │1000ге │өз алдынча │
│түү) │өз │чейин │чейин │чейин │чейин, │башкаруу │
│ │алдын-│ │ │ │курман │органдары, │
│ │ча │ │ │ │болгондо │менчигинин │
│ │башка-│ │ │ │үй-бүлөлө- │түрүнө │
│ │руу │ │ │ │рүнө жана │карабастан │
│ │орга- │ │ │ │жабыр │уюмдардын, │
│ │нынын │ │ │ │тарткан- │ишканалардын│
│ │кара- │ │ │ │дарга төлөп│жана │
│ │магын-│ │ │ │берүүлөрдү │мекемелердин│
│ │дагы │ │ │ │эсепке │күч - │
│ │аймак-│ │ │ │албаганда │каражаттары,│
│ │тын │ │ │ │ │зарыл учурда│
│ │чегин-│ │ │ │ │жогору │
│ │де │ │ │ │ │турган │
│ │(айыл │ │ │ │ │уюмдар │
│ │айма- │ │ │ │ │ │
│ │гы, │ │ │ │ │ │
│ │район-│ │ │ │ │ │
│ │дук │ │ │ │ │ │
│ │маани-│ │ │ │ │ │
│ │деги │ │ │ │ │ │
│ │шаар, │ │ │ │ │ │
│ │айыл, │ │ │ │ │ │
│ │шаар- │ │ │ │ │ │
│ │ча) │ │ │ │ │ │
├──────────┼──────┼────────┼────────┼────────┼───────────┼────────────┤
│II даража │Район-│21ден │11ден │51ден │1000ден │Жергиликтүү │
│(райондук,│дук, │50гө │20га │500гө │10000ге │мамлекеттик │
│шаардык) │облус-│чейин │чейин │чейин │чейин, │администра- │
│ │тук │ │ │ │курман │ция алдынча │
│ │маани-│ │ │ │болгондор- │башкаруу │
│ │деги │ │ │ │дун │органдары, │
│ │шаар- │ │ │ │үй-бүлөлө- │райондук │
│ │дын │ │ │ │рүнө жана │аткаруу │
│ │чегин-│ │ │ │жабыр │бийлиги │
│ │де │ │ │ │тарткандар-│органдарынын│
│ │ │ │ │ │га төлөп │аймактык │
│ │ │ │ │ │берүүлөрдү │бөлүктөрү, │
│ │ │ │ │ │эсепке │менчигинин │
│ │ │ │ │ │албаганда │түрүнө │
│ │ │ │ │ │ │карабастан │
│ │ │ │ │ │ │уюмдардын, │
│ │ │ │ │ │ │ишканалар- │
│ │ │ │ │ │ │дын жана │
│ │ │ │ │ │ │мекемелер- │
│ │ │ │ │ │ │дин күч - │
│ │ │ │ │ │ │каражат- │
│ │ │ │ │ │ │тары зарыл │
│ │ │ │ │ │ │учурда │
│ │ │ │ │ │ │облустук │
│ │ │ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │ │ │республи- │
│ │ │ │ │ │ │калык │
│ │ │ │ │ │ │уюмдар │
├──────────┼──────┼────────┼────────┼────────┼───────────┼────────────┤
│IV даража │Эки же│51дөн │21ден │501ден │10001ден │Жергиликтүү │
│(облустук,│андан │1000гө │40ка │1500го │50000ге │мамлекеттик │
│Бишкек, │көп │чейин │чейин │чейин │чейин, │администра- │
│Ош │район-│ │ │ │курман │циялар, │
│шаардык) │дун │ │ │ │болгондор- │Бишкек жана │
│ │чегин-│ │ │ │дун │Ош шаарла- │
│ │де, │ │ │ │үй-бүлөлө- │рынын │
│ │бирок │ │ │ │рүнө жана │мэриялары, │
│ │бир │ │ │ │жабыр │Бишкек жана │
│ │облус-│ │ │ │тарткан- │Ош шаарлары-│
│ │тун же│ │ │ │дарга төлөп│нын, │
│ │рес- │ │ │ │берүүлөрдү │облустардын │
│ │публи-│ │ │ │эсепке │аткаруу │
│ │калык │ │ │ │албаганда │бийлик │
│ │маани-│ │ │ │ │органдарынын│
│ │деги │ │ │ │ │аймактык │
│ │бир │ │ │ │ │бөлүктөрү, │
│ │шаар- │ │ │ │ │Кыргыз │
│ │дын │ │ │ │ │Республика- │
│ │чегин-│ │ │ │ │сынын Өзгөчө│
│ │де │ │ │ │ │кырдаалдар │
│ │ │ │ │ │ │министрлиги,│
│ │ │ │ │ │ │Кыргыз │
│ │ │ │ │ │ │Республика- │
│ │ │ │ │ │ │сынын │
│ │ │ │ │ │ │министрлик- │
│ │ │ │ │ │ │тери, │
│ │ │ │ │ │ │мамлекеттик │
│ │ │ │ │ │ │комитеттери,│
│ │ │ │ │ │ │администра- │
│ │ │ │ │ │ │циялык │
│ │ │ │ │ │ │ведомство- │
│ │ │ │ │ │ │лору, │
│ │ │ │ │ │ │ошондой эле,│
│ │ │ │ │ │ │менчигинин │
│ │ │ │ │ │ │түрүнө │
│ │ │ │ │ │ │карабастан │
│ │ │ │ │ │ │уюмдар, │
│ │ │ │ │ │ │ишканалар │
│ │ │ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │ │ │мекемелер │
├──────────┼──────┼────────┼────────┼────────┼───────────┼────────────┤
│V даража │Бир │101ден │41ден │1501ден │50001ден │Кыргыз │
│(республи-│облус-│көп │көп │көп │жогору, │Республика- │
│калык) │тан │ │ │ │курман │сынын │
│ │көп │ │ │ │болгондор- │Өкмөтү, │
│ │чекте │ │ │ │дун │Кыргыз │
│ │ │ │ │ │үй-бүлөлө- │Республика- │
│ │ │ │ │ │рүнө жана │сынын │
│ │ │ │ │ │жабыр │Өзгөчө │
│ │ │ │ │ │тарткан- │кырдаалдар │
│ │ │ │ │ │дарга │министрлиги,│
│ │ │ │ │ │төлөп │Коргоо │
│ │ │ │ │ │берүүлөрдү │министрлиги,│
│ │ │ │ │ │эсепке │министрлик- │
│ │ │ │ │ │албаганда │тер, │
│ │ │ │ │ │ │мамлекеттик │
│ │ │ │ │ │ │комитеттер, │
│ │ │ │ │ │ │администра- │
│ │ │ │ │ │ │циялык │
│ │ │ │ │ │ │ведомство- │
│ │ │ │ │ │ │лор, эл │
│ │ │ │ │ │ │аралык │
│ │ │ │ │ │ │уюмдар │
├──────────┼──────┼────────┴────────┴────────┴───────────┼────────────┤
│Транс чек │Кыргыз│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз │
│аралык │Рес- │тарабынан регламенттелет │Республика- │
│ │публи-│ │сынын │
│ │касы- │ │мамлекет- │
│ │нын │ │тердин │
│ │айма- │ │өкмөттөрү, │
│ │гынын │ │Кыргыз │
│ │чеги- │ │Республи- │
│ │нен │ │касынын │
│ │тышка │ │Өзгөчө │
│ │тара- │ │кырдаалдар │
│ │луу. │ │министрлиги,│
│ │Чектеш│ │Кыргыз │
│ │мамле-│ │Республи- │
│ │кет- │ │касынын │
│ │тердин│ │Коргоо │
│ │айма- │ │министрлиги,│
│ │гынан │ │эл аралык │
│ │Кыргыз│ │уюмдар │
│ │Рес- │ │ │
│ │публи-│ │ │
│ │касы- │ │ │
│ │нын │ │ │
│ │айма- │ │ │
│ │гына │ │ │
│ │тара- │ │ │
│ │луу │ │ │
└──────────┴──────┴──────────────────────────────────────┴────────────┘
Эскертүү: Эгерде өзгөчө кырдаалга көрсөткүчтөрдүн ичинен жок дегенде бирден дал келсе, тигил же бул категорияга кирет.