Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 734
"Каракол" аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 57-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн мүмкүндүктөрүн андан ары кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Каракол" аэропортуна эл аралык аэропорттун статусу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгиленген тартипте:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бирдикте "Каракол" эл аралык аэропортунда ички резервдердин эсебинен медициналык санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык, чек аралык жана бажылык контролдоп өткөрүү пункттарын ачышсын;
- "Каракол" эл аралык аэропортунда медициналык санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык, чек аралык жана бажылык контролдоп өткөрүү пункттарын жабдуу жана кармоо үчүн максаттык сарптоолорду каржылоону 2011-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде караштырышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Каракол" эл аралык аэропортунда ушул токтомдун 2-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн контролдун бардык түрлөрү боюнча процедураларды жүргүзүү үчүн жай бөлүп берүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
Ө.Бабанов
|