ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы №421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 308 «Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн.юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция28.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 28-июлу № 421

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 308 «Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн.юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө машина-трактор паркын техникалык жабдуу жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 308 «Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн.юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

«5.1. Тракторлорду жана аларга запастык бөлүктөрдү «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна өткөрүл берген учурдан тартьш бажылык тариздөө үчүн шарттуу түрдө эсептелген бажылык алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелер токтотулду деп эсептелсин.».

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев