Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 427
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтото туруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 2011-жылдын 16-февралындагы жыйынынын протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин токтотулуп турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
- Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү өркүндөтүү үчүн кызыкдар бизнес-ассоциацияларынын эксперттерин тартуу менен жумушчу топту бир айлык мөөнөттө түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин иштелип чыккан долбоорун үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |