Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 609
Чакан ишкердик субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү, финансылык маалыматтардын сапатын жакшыртуу, чакан ишкердиктин субъекттерине финансылык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Чакан ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелери бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттерин, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген "Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 427 токтому;
- "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |