Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Чекене тармак объекттеринде соода ишин иретке келтирүү, соода ишин жүргүзүү процессинде ишкердик субъекттеринин теңдигин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 17-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«17-глава. Базарларда жана соода үйлөрүндө соода кылуунун эрежелери»;
- 464-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«464. Рыноктордо жана соода үйлөрүндө (айыл-чарбачылык, азык-түлүк, буюм, автоунаа, кичи-рыноктор жана башкалар) (мындан ары - рыноктор) соода кылуунун эрежеси жеке менчик түрүнө карабастан сооданы же башка чарбачылык иштерди жүргүзгөн бардык чарбакер субъекттердин иштерине негизги талаптарды регламенттейт.»;
- 465-пункттагы «(мындан ары - базарлар)» деген сөздөр алынып салынсын;
- 487-пункттун бешинчи абзацындагы «атайын» жана «кээ бир топторун деген сөздөр алынып салынсын;
- 489-пунктта:
экинчи абзацтагы «имараттарды» деген сөздөн кийин «жана соода аянттарын» деген сөздөр менен толукталсын, «тиричилик иш - каналарын ачуу» деген сөздөр «ишкердик субъекттин документи болгон учурда (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент), калкка кызмат көрсөтүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы «соода катарларынын» деген сөздөрдөн кийин «жана ага жанаша жайгашкан аймагын» деген сөздөр менен толукталсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«-квартал сайын аймактык салык органына ишкердиктин субъекттери менен түзүлгөн келишимдер (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү, ИСНи, келишимдин колдонуу мөөнөтү, берилген соода оруну (контейнер, павильон ж.б.) үчүн ижара акысынын суммасы) ага киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, ошондой эле номерленген, шифр менен аныкталып белгиленген соода орундарынын жайгашкан схемасы тууралуу маалыматтарды берүүгө»;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- ишкердик субъект ишкердик иш-аракеттерин жүзөгө ашыра турган документтердин жоктугу (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент) тууралуу салык органдары кайрадан кайрылгандыгынын негизинде ижара келишимин бузууга;»;
- 18-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18-глава. Базарларды жана соода үйлөрүн башкаруунун тартиби жөнүндө жобо»;
490-пункт «Соода базары» деген сөздөрдөн кийин «жана соода үйлөрү (мындан ары - базар)» деген сөздөр менен толукталсын;
502-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- ишкердик жүргүзүүгө негиз болгон, контейнерди же соода орундарын ижара берүү боюнча келишимдин маалыматтарын, ишкердик жүргүзгөн ижарачынын документтеринин даректерин туура жана так чагылдыруу (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, же даректери жана ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент, ИСН) жана жогоруда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу тууралуу салык органдарынын кайрадан кайрылуусунун негизинде ижара келишимин бузуу шарты»;
төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-глава менен толукталсын:
«20-1-глава. Чекене соода тармактарында соода жүргүзүүнүн эрежелери
Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат азык-түлүк товарлары - табигый же кайра иштетилген, жүгүртүүдөгү жана адам тамак үчүн колдонуучу (анын ичинде балдар тамак ашы продукттары, диеталык (мүнөздүү) тамак аш продукттары), бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суулар, алкоголдук продукциялар, пиво жана анын негизинде даярдалуучу ичимдиктер, алкоголсуз ичимдиктер, сагыздар жана башка тамак аш продукттар жана кошулмалар түрдөгү продукттар;
азык-түлүк эмес товарлары - ар кандай керектөөлөрдү камсыздоо максатында сатылуучу, тамак-ашка колдонууга багытталбаган жана тамак-аш даярдоого сырьё катары колдонулбаган товарлар.
Чекене соода тармактарында сооданы уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби
564-1. Чекене соода тармактарындагы соода ишин ушул Эрежелерге ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ишкердик субъекттери жүргүзөт.
Чекене соода тармактарында соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин укуктары жана милдеттери
564-2. Соода тармагын уюштуруу аркылуу соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъектти (мындан ары - сатуучу) азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүргүзгөн ишкердик субъектине (мындан ары - жеткирүүчү), азык-түлүк товарларын жеткирүүгө келишимди түзүү үчүн жеткирүүчүнү тандоо шарты тууралуу маалыматтын ачыктыгын «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы өз сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу, ошондой эле суралган маалыматты тиешелүү сурамды алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кайтарымсыз берүү жолу менен камсыз кылууга милдеттүү.
564-3. Сатуучу жана жеткирүүчүнүн ортосумда түзүлгөн товарларды жеткирүү келишими боюнча товардын баасы ушул Эрежелерде каралган талаптарды эске алуу менен азык-түлүк товарларын жеткирүү келишиминде тараптардын белгиленген товарларынын баасы менен аныкталат.
564-4. Товарларды жеткирүү келишиминде белгилүү бир товардын саны жеткирүүчүдөн алынгандыгына байланыштуу сатуучуга төлөнгөн сый акы товардын баасына кошулушу мүмкүн. Сый акынын көлөмү алынган товарларды баасынын он пайызынан жогору болбойт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеде көрсөтүлгөн товарлардын айрым түрлөрүн алгандыгына байланыштуу сый акыны төлөөгө жол берилбейт.
Жеткирүү келишимине сатуучу товарларды жеткирүүчүдөн кирүүгө төлөмдү (бонусту), такталарды жана соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн жана башка төлөмдөрдү кошууга жол берилбейт.
Бул келишимдин шарттарын сатуучунун аткаргандыгы жана (же) анын өзгөргөндүгү үчүн сый акынын башка түрлөрүн товарларды жеткирүү келишиминин баасына кошууга жол берилбейт.
564-5. Эгерде сатуучунун жана товарларды жеткирүүчүнүн ортосунда сатуучуга мындай товарларды өткөрүп бергенден кийин төлөө шарты менен бул товарларды жеткирүү келишими түзүлсө, товарларды төлөө мөөнөтү төмөнкү эрежелер боюнча аныкталат:
1) жарактуулук мөөнөтү календардык он күндөн кем эмес коюлган товарлар мындай товарларды сатуучу кабыл алган күндөн тартып он жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш;
2) жарактуулук мөөнөтү календардык он күндөн отуз күнгө чейин коюлган товарлар мындай товарларды сатуучу кабыл алган күндөн тартып календардык отуз күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш;
3) жарактуулук мөөнөтү календардык отуз күндөн ашык коюлган товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган алкоголь ичимдиги сатуучу мындай товарларды кабыл алган күндөн тартып календардык кырк беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
564-6. Ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө товарларга төлөмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарларды жеткирүүгө тиешелүү болгон документтерди берүү боюнча милдеттерди товарларды жеткирүүчү аткарган шарттарда жүргүзүлөт.
Эгерде товарларды жеткирүүчү сатуучуга документтерди бербесе же берүүдөн баш тартса, товарларды төлөө мөөнөтү көрсөтүлгөн документтерди берген мөөнөткө чейин узартылат.
564-7. Товарларды жеткирүүгө багытталган товарларды жарнактоо, маркетинг жана башка кызматтар өз ыктыяры менен гана тиешелүү акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү келишимдеринин негизинде көрсөтүлөт.
Товарларды жеткирүү келишимине сатуучу белгилүү бир иш-аракеттердин товарларга карата жүргүзүү, товарларды жарнактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу, товарларды жеткирүүгө багытталган ушул сыяктуу кызматтар жана маркетинг, ошондой эле товарларды жеткирүүгө багытталган акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен мажбурлоо аркылуу товарларды жеткирүү келишимин түзүү тууралуу шарттарды кошууга жол берилбейт.
Товарларды жеткирүүгө антимонополдук талаптар
564-8. Соода тармагын уюштуруу аркылуу товарларды сатуучуга жана соода тармактарына товарды жеткирүүчүгө тыюу салынат:
1) басмырлоо шарттарым түзүү, анын ичинде:
а) башка ишкердик субъекттерине товар рыногуна кирүү же товар рыногунан чыгуу үчүн тоскоолдүктарды түзүүгө;
б) ченемдик укуктук актылар тарабынан коюлган баа түзүү тартибин бузууга.
2) жеткирүүчүгө төмөнкүдөй шарттарды таңуулоо:
а) ушул сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери менен товарларды жеткирүү келишимдерин ишкердик субъекттери менен түзүүгө же башка шарттарга тыюу салууга;
б) ушул сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери үчүн түзүлгөн шарттарга салыштырмалуу жакшы шартта товарларды жеткирүү тууралуу ишкердик субъекттеринин милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу,
в) жеткирүүчүгө ушуп сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалыматтарды ишкердик субъектти тарабынан берүү тууралуу;
г) иштеп жаткан же ачылып жаткан соода объекттерине мындай товарларды жеткирген (киргендиги үчүн төлөм жана башка кандайдыр бир келишимди түзгөндөгү төлөмдөр) укугу үчүн төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө;
д) товарлардын түрлөрү өзгөргөндүгү үчүн төлөмдүн ишкердик субъекттери тарабынан киргизгендиги жөнүндө;
е) мындай товарларга менчик укугу өткөндөн кийин мындай товарлардан айрылгандыгына же залакага учураткандыгына байланыштуу чыгашаларды товарларды жеткирүүнү жүргүзгөн ишкердик субъектисинин ордун толтуруусу тууралуу, буга мындай товарларды жок кылуу же зыян келтирүү жеткирүүнү аткарган ишкердик субъектти тарабынан болгон учур кирбейт;
ж) товарларды жеткирүү жана мындай товарлардын конкреттүү партиясын кийинчерээк сатуу келишимин аткаруу менен байланышпаган чыгымдарды ишкердик субъектисинин ордун толтуруусу тууралуу;
з) белгилүү бир мөөнөт аяктаганда сатылбаган товарларды товар жеткирүүчүгө кайтаруу жөнүндө, буга товарларды кайтаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган же жол берилген учурлар кирбейт;
и) башка шарттар, эгерде алар ушул пункттун «а»-«и» пунктчаларында каралган шарттардын маанилүү белгилерин камтыса;
3) комиссиялык келишимди же комиосиялык келишимдин элементтерин камтыган аралаш келишимди пайдалануу менен дүң сооданы жүргүзүүгө».
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |