Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №118
Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-июлундагы №392, 2011-жылдын 2-августундагы №439,
2011-жылдын 30-декабрындагы №769 , 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 ,
2012-жылдын 25-сентябрындагы№ 633 , 2014-жылдын 27-январы № 50
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Соода ишин уюштурууну өркүндөтүү, керектөө рыногун өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн сапаттуу соода кызматтарын жана товарларды сатып алуусундагы укуктарды коргоону камсыз кылуу үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагы бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы № 255 "Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-мартындагы № 99 "Соода ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 10-июнундагы № 255 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 235 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 17-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасынын аймагында эт жана эт азыктарын, сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды, нанды жана нан азыктарын чекене сатуунун, коомдук тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода тармагында сатып алынган, азык-түлүк эмес товарларды алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-январындагы № 26 "Кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан жасалган буюмдарды сатуунун жана кымбат баалуу металлдарды, таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын иштөө эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасында базарларды башкаруунун тартиби, Кыргыз Республикасынын базарларында соода жүргүзүүнүн эрежелери жана Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене соода тармагынын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-апрелиндеги № 176 "Кыргыз Республикасында аймагында соода ишин жөнгө салууга тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы № 255 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-январындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксат берүү тармагындагы ишкердик жүргүзүүнүн башталышындагы жана соода жүргүзүү укугуна уруксат берүүдөгү каттоо процедураларын жөнөкөйлөтүү маселесине тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 6 жана 8-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда чекене соода тармагынын ишинин эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 838 "Кыргыз Республикасында чекене соода жүргүзүүнү жана соода-өндүрүштүк ишти жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруунун тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда чекене соода тармагынын ишинин эрежелерин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-декабрындагы № 929 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода эрежелери жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда дүң соода тармактарынын иштери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны чекене сатууну иретке салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №118 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392, 2011-жылдын 2-августундагы № 439, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 769, 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүүнүн - Эрежелердин ушул жыйнагы (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында соода иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун тартибин аныктайт. Ушул Эрежелер бардык ишкердик субъекттерине жана юридикалык жакты түзбөй ишкердик иш жүргүзгөн жарандарга таркатылат.
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзам актылары менен жөнгө салынуучу айрым товарлардын түрлөрүн жүгүртүү боюнча мамилелерге карата таркатылбайт.
3. Ушул Эрежелерде төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
автодүкөн - соода жабдуулары менен жабдылган автотранспорт каражаты;
товарлардын ассортименти - кандайдыр бир белгиси же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген товарлардын тобу;
ички соода (ички соода иши)- Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүнө ашырылуучу соода иши;
көчмө соода - соода үчүн атайын же атайын жабдылган транспорттук каражаттарды, ошондой эле транспорттук каражат менен чогуу гана колдонулуучу мобилдик жабдууну пайдалануу менен стационардык чекене тармактан тышкары иш жүзүнө ашырылуучу чекене соода;
алып чыгуучу прилавкалар - атайын белгиленген орунга жайгашкан, жеңил орнотулуучу, ташып жүрүүчү же орун которуп туруучу соода оруну;
товардын сапаты - товардын керектөөчүлүк касиеттеринин жыйындысы;
күркө - атайын бөлүнгөн жер участогуна орнотулган, соода залы жок, соода жабдуулары менен жабдылган капиталдык эмес орун которуп туруучу курулма;
контейнер - соода залы бар же анысы жок, бир же эки жумушчу орунуна ээ болгон металлдан жасалган соода объекти;
комиссиялык соода жүргүзүү - калктан комиссияга кабыл алынган жаңы, ошондой эле мурда колдонулган, бирок оңдоону талап кылбаган жана санитардык жактан таза, азык-түлүк эмес товарларды сатууга мүнөздөлгөн чекене сооданы уюштуруу формасы;
лоток - орун которуп алып жүрүүчү прилавка, атайын бөлүнгөн жайда жайгашкан стол түрүндөгү соода оруну;
дүкөн - соода, көмөкчү, административдик-тиричилик имараты, ошондой эле сатууга товарларды кабыл алуу, сактоо жана даярдоо үчүн имарат менен камсыздалган капиталдык стационардык курулма же анын бөлүгү;
майда чекене соода тармагы - стационардык соода бирдиктерден жана орун которуп жүрүүчү пункттардан тышкаркы соода автоматтарынан, чатырлардан, дүкөнчөлөрдөн, күркөлөрдөн, чакан-кафеден (жайкы кафе) турган чекене соода тармагынын бөлүгү;
стационардык эмес соода түйүнү - көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү принциби менен иштөөчү соода түйүнү;
дүң соода - өздүк, үй-бүлөлүк, үй-чарбалык жана башка пайдалануулар менен байланышпаган, сатууга же башка максаттарга багытталган товарларды сатып өткөрүү боюнча ишкердик ишмердүүлүк;
чатыр - атайын аныкталган орунга жайгашкан жана соода жабдуулары менен жабдылган, курап-чечүү түзүлүшүндөгү жеңил курулуучу курулма;
павильон - бир же бир канча жумушчу орунга эсептелген, соода залына жана товардык запасты сактоо үчүн жайга ээ жабдылган курулма;
сатып алуучу - товар сатып алуучу жеке же юридикалык жак;
сатуучу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соода иштерин иш жүзүнө ашыруучу, соода иш-аракеттеринин субъекти;
төлөмдүк пластикалык карточка (банктык пластикалык карточка) - эл аралык стандарттарга ылайык интегралдык схемада же маалымат менен магниттик тилкеде басуу түрүндө жартылай өлчөмдүк негизде аткарылган банктык кызмат көрсөтүүнү алууга, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү каражаты;
көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү - сатуучунун сатып алуучу менен үйлөрдө, мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда, транспортто жана көчөдө түздөн-түз катнашуу жолу менен стационардык чекене соода түйүнүнөн тышкары жүргүзүлүүчү чекене соода;
чекене соода - керектөөчүлөргө жекече пайдаланууга товарларды сатуу боюнча ишкердик иш;
чекене соода тармагы - товарларды чекене сатуу пункттарынын жыйындысы;
өзүн-өзү тейлөө - өзалдынча кароо, тандоо жана тандалган товарларды эсептешүү түйүнүнө сатып алуучу өзү жеткирүүгө негизделген чекене сатуунун ыкмасы;
тез бузулуучу тамак-аш азыктары - ташып жүрүүдө, сактоодо атайын шарттарды жана сунушталган так мөөнөттө сатып өткөрүүнү талап кылган тамак-аш азыктары;
сатып алуу - калктан жаңы, ошондой эле мурда колдонулган товарларды аныкталган келишимдик баада кабыл алуу менен мүнөздөлгөн, тапшыруучу менен сатып өткөргөндөн кийин эсептешүүгө негизделген чекене сооданы уюштуруу формасы;
соода объектисин адистештирүү - соода объектисинин кандайдыр-бир белгилери же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген, товардын бир же бир нече түрүн сатууга жараша аныкталуучу иш-аракетинин багыты;
жарактуулук мөөнөтү - мезгил аралыгы, анын бүтүшү менен товар багытталган негизи боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелет;
сактоо мөөнөтү - ченемдик документтерде көрсөтүлгөн, сактоонун аныкталган шарттарын аткарган учурда товар өз касиеттерин сактап турган мезгил аралыгы;
стационардык соода тармагы - соода жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жана багытталган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, соода объекттеринин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн соода тармагы;
соода иш-аракеттеринин субъекттери - (ишкердик субъекттери) белгиленген тартипте катталган жана соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгер мыйзам менен соода иш-аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салынбаган коммерциялык эмес уюмдар;
товар - сатуу же алмаштыруу үчүн негизделген, жүгүртүүдөн алынбаган ар кандай эмгек продуктусу;
соода автоматы - товарларды сатуу үчүн арналган автоматташтырылган түзүлүш;
соода иши - товарларды сатып алуу-сатууну ишке ашырууга негизделген жеке жана юридикалык жактардын ишкердик иши;
соода үйү (супермаркет, соода комплекси) - соода иши үчүн багытталган жана соода, административдик-тиричилик жана кампа жайлары жана өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон, бирдиктүү бүтүндүк катары башкарылуучу соода объекттеринин жана коомдук тамактануу объекттеринин жыйындысы жайгашкан капиталдык стационардык курулма;
соода залы - сатып алуучуларды тейлөө үчүн багышталган, соода жайынын атайын жабдылган негизги бөлүгү;
соода маалыматы - товар, даярдоочу, сатуучу жөнүндө мыйзамда каралган жана товар жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу максатында сатып алуучуларга чейин билдирилүүчү маалымат;
соода инвентары - соода иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн багышталган буюмдар;
соода объекти - соода иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн соода иш-аракеттеринин субъекти тарабынан пайдалануучу мүлктүк комплекс;
соода базары - туруктуу негизде аракеттенген аймакты, башкаруу жана коргоо чарбалык тейлөөсү борборлоштурулган иш милдеттери менен өзгөчөлөнгөн, өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон жана соода иш-аракеттерине багышталган, чектеш аймактардан тосулган мүлктүк комплекс;
соода тармагы - белгилүү бир аймактын чегинде жайгашкан же жалпы башкаруунун алдындагы соода объекттеринин жыйындысы;
товардык коңшулук - чийки жана даяр продуктыларды биргеликте сактоону жана сатып өткөрүүнү жокко чыгарган, алардын булганышын жана товардын сапатына таасир берген тышкаркы жыттардын киришин болтурбоочу шарт;
баа - товардын наркынын акчалай чагылдырылышы.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү иш-аракети жеке жана юридикалык жактар тарабынан, алардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте катталган жана Кыргыз Республикасында ишкердик иш-аракетти ишке ашыруучу чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, жарандыгы жок жактар миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө берилген уруксаттын негизинде соода жүргүзүү иш-аракетин ишке ашырат.
6. Соода объектиси анын аталышы, кимге таандык экендиги (менчик ээси), иштөө тартиби мамлекеттик жана расмий тилде көрсөтүлгөн көрнөгү болушу керек.
Көрүнүктүү жерде төмөнкү маалыматтар илинип турушу керек:
- сооданы жана өндүрүштүк-соода иш-аракеттерин жөнгө салуучу ушул Эрежеден жана башка ченемдик актылардан алынган үзүндүлөр;
- ушул соода объектисин ачкан ишкердик субъектисинин аталышы (жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү).
7. Соода объектилеринде аныкталган иш тартибин жана товардык профилди сакталышы милдеттүү.
8. Сатуучунун ишинин тартиби - мамлекеттик жана муниципалдык соода объектинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын чечими боюнча аныкталат. Сатуучунун - менчиктин башка түрүнүн соода объектисинин, ошондой эле ишкердин иштөө тартиби алар тарабынан укуктук тартиптин талаптарын сактаган шартта өз алдынча белгиленет.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомствого таандык аймактарда соода жана коомдук тамактануу объектилерин ачуунун жана аны иштешинин кошумча шарттарын аныктай алышат.
10. Соода объектинин соода жана өндүрүштүк имарат-жайлары эмгекти, ден соолукту коргоо, чөйрөнү коргоо, продукцияларды (товарларды) сактоо, өндүрүү жана сатып өткөрүү, өрт коопсуздугуна каршы учурдагы ченемдерге жана ченемдик укуктук актыларда каралган башка талаптарга ылайык жабдылат.
11. Сатып алуучуларды тейлөө соода объектин жабуу убактысы болоору менен токтотулат.
12. Ишкана витриналарга сатууда болгон гана товарлардын үлгүсүн коет. Ар бир үлгү так даана жазып-катталган баанын жарлыгы (баа көрсөткүч) менен жабдылат жана продукциянын ушул түрүнө ченемдик документациянын талаптарына ылайык реквизиттери менен маркирлөөгө ээ болушу керек.
Товарларды кабыл алуу, даярдоо жана сатуу
13. Соода объекттеринде товарлардын саны жана сапаты боюнча кабыл алуу колдонуудагы ченемдик актыларга (документтерге) жана жеткирүүчүнүн (сатуучунун) коштоочу документтерине ылайык ишке ашырылышы керек.
14. Товарлардын сапатына карата текшерүү жана күбөлөндүрүү ушул Эрежелерге жана башка ченемдик документтерде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
15. Соода объекти тарабынан кабыл алынган товарлар түшкөн күн накталай саны боюнча кириштелет.
16. Товарлардын этикеткасында ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн маалыматтар болушу керек.
17. Ишкананын кампа жана башка имарат-жайлары өрткө каршы зарыл жана коргоонун механикалык каражаттары, ошондой эле тиешелүү сигнализация менен жабдылат.
18. Товарларды (продукцияны) чыгаруу учурунда соода объектисинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын метрология органы тарабынан текшерилген өлчөөчү приборлорду пайдаланышы керек.
19. Соода объекти товарларды туура тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган товарлар жана алардын даярдоочулары жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматтарды сатып алуучуга өз учурунда көрсөтмө жана жеткиликтүү формада жеткирүүгө милдеттүү.
20. Сатып өткөрүлүүчү товарлар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган маалыматка ээ болушу керек.
21. Эгер сатып алуучу тарабынан алынып жаткан товар мурда колдонулган же анын кемчилик жери (кемчилик жерлери) калыбына келтирилген болсо, сатып алуучуга бул жөнүндө маалымат берилиши керек.
22. Өзүн-өзү тейлөө методун колдонгон соода объектилеринде сатып алуучулар тарабынан товарларды тандоо инвентардык идишке (корзина, лоток, чиркегич) жүргүзүлөт. Сатып алуучуга соодасы үчүн эсептешүү жүргүзгөнгө чейин төлөнө элек товарды өзүнүн сумкасына салууга тыюу салынат.
23. Өзүн-өзү тейлөө методун колдонгон соода объектилери сатып алуучулар тарабынан товарларды тандоо үчүн жетишээрлик санда инвентардык идиш жана башка зарыл инвентарлар менен камсыздалышы керек.
24. Сатып алуучулар тарабынан тандалган азык-түлүк эмес товарларды кассалык чекте белгиленген төлөнгөн убактысынан тартып соода объектинде эки саатка сактоого болот.
25. Кредитке сатып алуу үчүн тандалган товарларды соода объектинде бир суткага чейин сактоого болот. Аныкталган убакыттын бүтүшү менен сатылып алынбаган товар сатууга коюлат.
26. Сатылып алынган ири көлөмдөгү товарларды (эмерек, курулуш материалдары, пианино, муздаткычтар, кир жуугуч машиналар ж.б.) сатып алуучу бир суткадан ашык эмес мөөнөткө соода объектинде сактоого калтыра алат. Администрация менен макулдашуу боюнча сактоо мөөнөтүн белгиленген акыны төлөө менен узартууга болот.
27. Соода объектинин кызматкерлерине соода объектине таандык эмес товарларды соода залында сактоого тыюу салынат. Соода объектине таандык эмес товарларды анын буюм-тайым коюучу жайларында жана көмөкчү имараттарында сактоо келишимдин негизинде ишке ашырылат. Соода объектин кызматкерлеринин өздүк буюмдары атайын бөлүнгөн жайларда сакталышы керек.
28. Өздүк колдонуу үчүн (кийимдер, бут кийим, трикотаж товарлары ж.б.) азык-түлүк эмес товарларды сатууда аларды ченеп кийип көрүү үчүн, ал эми татаал-техникалык жана башка текшерүүнү талап кылган товарларга текшерүүнү жүргүзүү үчүн шарттар түзүлүшү керек.
29. Соода объектиси сатылып жаткан товарларга жеткирүүчүнүн реквизиттери, келип түшкөн товарлардын саны, баасы, жалпы суммасы көрсөтүлгөн тиешелүү документтерге ээ болушу керек.
30. Азык-түлүк товарларын жана тамак-аш азыктарын сатууда, соода кылуучу субъекттер, жеке жана юридикалык жактар, сатылуучу товарлардын коопсуздугу жөнүндөгү далилдеген документтерге ээ болушу керек.
31. Соода объектинин кызматкерлери сатып алуучуга сатылып алынган товарларга кошуп товардык (кассалык) чекти же ишкананын аталышын, товардын аталышын, анын баасын, сатылган күнүн көрсөтүү менен товарларга төлөнгөндүгүн далилдеген башка документти берүүгө милдеттүү.
32. Жашы жете элек 15 жашка чейинкилерге уу химикаттарды жана күйүүчү суюктуктарды, 18 жашка чейинкилерге алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Талаш болгон учурларда сатып алуучу жаш курагын далилдеген документти көрсөтүүгө милдеттүү.
33. Соода объекттеринде сатылып алынган товарга кошуп башка товарды сатууну шарттоого жол берилбейт.
34. Сатылып алынган сапатсыз азык-түлүк эмес товарлар Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык алмаштырылат. Ушуну менен бирге мындай товар сатылган керектөөчү, эгер анын кемчиликтери сатуучу тарабынан айтылбаган болсо, ал өзүнүн каалоосу боюнча сапатка ээ товарга алмаштырууга же товардын наркын төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу.
35. Майыптарды, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана аларга тең укуктуу адамдарды тейлөө жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
36. Накталай эмес эсептешүү боюнча мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга товарларды сатуу аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Соода иш-аракеттерин ишке ашырууга жалпы талаптар
37. Соода объекттеринде товарларды жана продукцияларды сатуу так салмакта, белгиленген тартипте текшерилген таразада, толук өлчөмдө жана сатып алуучу менен туура эсептешүү аркылуу жүргүзүлүшү керек. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген азык түлүк жана азык түлүк эмес товарлар аларды бажы жазып каттоосунан өткөндүгү далилдеген тиешелүү документтеринин толук учурунда, ошондой эле атайын тастыкталууга аныктала турган товарлар, алардын коопсуздугун күбөлөндүргөн документтери бар учурда сатып өткөрүлөт.
38. Соода иш-аракеттеринин субъекттери өзүнүн иш-аракеттеринин профилин жана адистешүүсүн эске алуу менен ушул Эрежелерде аныкталган талаптарды сактоого милдеттүү.
39. Товарлардын сатууга сунушталган ассортименти, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ошондой эле тейлөөнүн формасы өзүнүн иш-аракеттеринин профилине жана адистешүүсүнө ылайык өз алдынча соода объектти тарабынан аныкталат.
40. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген товарларды кабыл алууга жана сатып өткөрүүгө жол берилбейт.
41. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эркин соода кылууга тыюу салынган товарларды сатууга жол берилбейт.
42. Салмагын, узундугун, көлөмүн өлчөөдө аныкталган тартипте текшерүүдөн өткөрүлбөгөн жана бузулган каражаттарды колдонууга жол берилбейт.
43. Товарларды жана продукцияларды сактоо, жыйнап коюу жана сатып өткөрүү санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек.
44. Коомдук тамактануу соода объекттерде даяр продукцияларды бөлүштүрүүнүн жана чыгаруунун аныкталган ченемдери сакталышы керек.
45. Соода иш-аракеттеринин субъекттери өкүлчүлүк органдар тарабынан иш-аракеттерине текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө жана аныкталган кемчиликтерди калыбына келтирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Сатып алуучулар менен эсептешүү
46. Сатып алуучу товарлар үчүн накталай акча менен же накталай эмес түрүндө эсептеше алат.
47. Соода объекти накталай акча каражаттары, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана кассалык чекти берүү менен жүргүзүлөт. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүгө ишкердик субъекттерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү уюмдардын жана жеке жактардын тизмесине ылайык уруксат берилет, алар өз ишинин адистешкенине же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө карата контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүнү ишке ашыра алышат.
48. Соода объектисинин каражаты болуп эсептелбеген накталай акчаларды кассада (акча ящигинде, сейфте) сактоого жол берилбейт.
Өндүрүштүк-соода иш-аракеттерин ишке ашырып жаткан коомдук тамактануу объекттеринде керектөөчүлөрдү тейлөө жана өндүрүштү уюштуруунун өзгөчөлүгү
49. Ишкердик субъекттери өндүрүштүк-соода иш-аракеттерин коомдук тамактануу аймагында аталган ишкананын тибине шайкеш менчик ээси же ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилген менюга же продукциянын ассортименттик тизмесине ылайык ишке ашырат.
50. Меню жана продукциянын ассортименттик тизмеси клиентке эркин тандоону сунуштаган тамак-аштын, азыктардын аталыштарынын санын аныктайт.
51. Бирдик, ченем үчүн продукциянын наркы менюда көрсөтүлөт. Ишкана менюда көрсөтүлгөн тамак-аштарды, азыктарды аларды сатып өткөрүүгө багышталган жумушчу күндүн же мезгилдин ичинде толук камсыз кылууга милдеттүү.
52. Коомдук тамактануу объектиси продукцияны аракеттеги ченемдик-технологиялык документтерге ылайык өндүрөт, ошондой эле анын негизинде жаңы фирмалык тамак-ашты, азыктарды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө укуктуу жана продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылат.
53. Берилген продукция үчүн керектөөчүлөр тарабынан төлөө керектөөчүнү тейлеп жаткан адамга түздөн-түз, же кассирге жүргүзүлөт.
54. Тейлөө официанттар тарабынан жүргүзүлгөн коомдук тамактануу объектилеринде берилген продукцияга төлөө, керектөөчүгө официанттын көрсөткөн эсеби боюнча жүргүзүлөт.
55. Коомдук тамактануу объектти заказдын төмөнкү чегин аныктоого жана керектөөчүгө продукциянын милдеттүү ассортиментин сунуштоого укуктуу эмес.
56. Аныкталган тартипте жол-жоболоштурулган алдын ала заказдарды (үйлөнүү тою, банкеттер ж.б.) тейлөөдө, эгер коомдук тамактануу объекти ага таандык эмес себептерден улам шартталган убакта тейлөөнү уюштура албай турган учурда, администрация бул жөнүндө заказ берүүчүгө белгиленген күнгө чейин кеминде 7 күн мурда билдирүүгө милдеттүү.
57. Сапатсыз же технологиясын бузуу менен даярдалган тамак-ашты (жасалманы) коомдук тамактануу объектти алмаштырууга же анын наркын керектөөчүгө төлөп берүүгө милдеттүү.
58. Коомдук тамактануу объектти керектөөчүнүн буюмдарын гардеробдо сактоону камсыз кылышы керек. Керектөөчүнүн оокаттарынын гардеробдон жоголгондугу үчүн ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
59. Тартип бузган адамдарды коомдук тамактануу объектинин кызматкерлери тейлебей коюу укугуна ээ.
60. Коомдук тамактануу объектинин мүлкүнө зыян келтирген керектөөчү келтирилген чыгымды калыбына келтирет.
Соода объекттин пайдаланууга жана анын кызматкерлерине санитардык талаптар
61. Азык-түлүк товарларын сатып-өткөргөн бардык соода иш-аракеттеринин субъекттери санитардык эрежелерди жетекчиликке алат.
62. Азык-түлүк товарларын сатып-өткөргөн соода объектинин кызматкерлери жана ишкерлер медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт жана белгиленген тартипке ылайык азык-түлүк товарларын атайын кийим кийип сатууга милдетүү.
63. Соода объектин саны жетекчиси соода объекттин иш санитардык абалына бүтүндөй жоопкерчиликти жекече тартат.
64. Сатууга сунушталган товарлардын ассортименти, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, ошондой эле тейлөөнүн формасы соода иш-аракеттеринин субъекти тарабынан кесибине жана өз иш-аракеттеринин адистигине ылайык өз алдынча аныкталат.
65. Сатуучу соода иш-аракеттерин ишке ашырууда профилин жана адистигин эске алуу менен аныкталган эрежелердеги талаптарды сактайт.
66. Соода иш-аракеттеринин субъекттери товарлардын сапатын жана коопсуздугун сактоодо соода жүргүзүү шартына жаткан аларды сактоо жана сатып өткөрүүдө сатуу менен биргеликте техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык камсыз кылуучу, зарыл жайлар, жабдуулар жана инвентарларга, ошондой эле товарларды сатып алуучулар тарабынан туура тандоо мүмкүнчүлүгүн башкарат. Товарды сактоонун температуралык режими жана мөөнөтү, продукция өндүрүүчү белгилеген талаптарга ылайык болушу керек.
67. Эгер соода иш-аракеттеринин субъектиси тарабынан ишке ашырылып жаткан ишмердүүлүк лицензиялоого жатса, анда ал лицензиянын номери жана мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле аны берген орган тууралуу маалымат берет.
Көрсөткөн маалымат сатып алуучулар таанышууга ыңгайлуу жерлерге жайгаштырылат.
68. Эгер соода сатуучунун туруктуу эмес жайгашкан жеринде ишке ашырылып жатса, убактылуу жайларда, жарманкелерде, жайма лотоктордо ж.б. учурларда соода жүргүзүүдө ушундай эле маалыматтар сатып алуучуларга маалымдалат.
69. Соода иш-аракеттеринин субъекти өз учурунда көрүнүктүү жана жеткиликтүү формада товарларды туура тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, товарлар жана аларды даярдоочулар жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматты сатып алуучуга жеткирет, тактап айтканда:
- товардын аталышы;
- товар чыгарылган өлкөнү, товарды өндүрүүчүнүн аталышы, товарга оңдоо жана техникалык тейлөө жүргүзүүчү даярдоочу (сатуучу) тарабынан дайындалган өкүлчүлүк уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жери;
- талаптарына товар шайкеш келүүсү шарт болгон техникалык регламенттерди жана стандарттарды көрсөтүү;
- товардын керектөөчүлүк касиеттери жана курамы жөнүндө маалымат;
- товарды натыйжалуу жана коопсуз колдонуу жана сактоо ыкмасы, эрежеси жана шарты;
- кепилдик милдеттер жана доо-арыздарды көрсөтүү тартиби;
- даярдалган күнүн, кызмат көрсөтүү мөөнөтүн же сактоо мөөнөтүн жана жарактуулугун, эгер товарлар көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн бүтүшү боюнча өмүргө, ден соолукка жана сатып алуучунун мүлкүнө коркунуч келтирсе же дайындалган багыты боюнча пайдаланууга жараксыз болуп калса, эгер алар кайсы бир товарга аныкталган болсо, ошондой эле сатып алуучунун көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн аякташы боюнча зарыл аракеттери жана мындай аракеттерди аткарбоо учурунда болуп кетүүчү кесепеттер жөнүндө;
- товарды сатып алуу шарты;
- товардын дүң жана (же) чекене баасын, анын ичинде кошумча наркка салыкты көрсөтүү менен;
- товардын коопсуздугу жөнүндө маалымат;
- электрондук эсептөөчү машиналарды жана маалыматтардын базасы үчүн программаларды, аудио-, аудиовизуалдык продукцияларды сатууда чыгармага автордук жана (же) чектеш укуктун ээси жөнүндө маалымат.
70. Эгер сатып алуучу тарабынан алынган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) калыбына келтирилген болсо, сатуучу бул маалыматты сатып алуучуга билдирет.
71. Товарларды сатуу учурунда соода ишинин субъектиси белгиленген талаптарга товарлардын шайкештигин аныктоо жөнүндөгү маалыматты сатып алуучуга билдирет жана керектөөчүнүн талабы боюнча төмөндөгү документтерди көрсөтөт:
1) шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан продукциялар үчүн түп нускасын кармоочудан күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө декларацияны же алардын көчүрмөсүн, же эгер товардын шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жатпаса, ыктыярдуу түрдө алынуучу товардын коопсуздугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык бүтүмдү;
2) товардык-коштоочу документтерди;
3) автордук (лицензияланган) келишим боюнча чыгармаларды кайра чыгаруу учурунда келишимдин көчүрмөсүн.
72. 2 жана 3-пунктчаларда көрсөтүлгөн документтер даярдоочунун (жеткирүүчүнүн, сатуучунун) реквизиттерин көрсөтүү менен колу жана мөөрү коюлуп күбөлөндүрүлөт.
73. Товардын сапатына карата жогоруда аталгандар жөнүндө маалымат этикеткаларда, жарлыктарда, тиркелген-барактарда мамлекеттик жана орус тилдеринде камтылышы керек.
74. Товар, аны даярдоочу жана сатуучу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысында аныкталган ыкмалар менен сатып алуучуга билдирилет.
75. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында аныкталган талаптарга ылайык келиши керек.
76. Сатуучу, товарлар жана аларды даярдоочулар жөнүндө маалымат сатып алуучуга мамлекеттик жана орус тилдеринде, ал эми зарылчылык болгон учурда сатуучунун кароосу боюнча башка тилдерде билдирилет.
77. Сатууга жол берилбейт:
1) интеллектуалдык менчик объекттин камтыган, автордук жана (же) чектеш укукту бузуу менен, же башка товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу менен даярдалган товарлар;
2) жүгүртүүдөн алынып салынган товарлар;
3) атайын уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жүгүртүүсү чектелген товарлар;
4) аныкталган тартипте маркирлөөгө жаткан акцизделүүчү товарлар, аларда акциздик маркалардын жок учурунда;
5) сапатка туура келбеген, коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик документтерге ылайык келбеген товарлар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сатууга тыюу салынган башка товарлар.
78. Сатуучу көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр, алардын баасы жана кызмат көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле товарларды сатуу учурундагы соода жүргүзүүнүн колдонулуп жаткан түрү жөнүндө көрсөтмө жана ишенимдүү маалыматты көрсөтөт. Товарларды сатуу учурунда сатып алуучуга продукциянын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат менен өз алдынча же сатуучунун жардамы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.
79. Сатып алуучуга сунушталган товарды карап көрүүгө, сапатын текшерүү же анын аракетин иштетип көрүүгө, эгер бул товардын мүнөздөмөсүндө бар болсо сатуучу мүмкүнчүлүк берет.
80. Сатып алуучуга алган товарларынын сапатын, комплекттүүлүгүн, колдонуучу чараларын, салмагын жана баасын, алардын ыңгайлуулугун текшерип көрүүгө, ошондой эле аларды коопсуз жана туура колдонуу боюнча маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берилет. Мындай учурларда сатуучу сатып алуучуга контролдук-ченөөчү приборлорду, анын ичинде мүнөздөмөдө көрсөтүлгөндөрдү өз алдынча текшерүү үчүн берет жана зарылчылык болгон учурда аларды экспертизага жөнөтүүгө көмөктөшөт.
81. Сатуучу сатылып жаткан товарларга товардын аталышын, анын сортун, узундук бирдигине, аянтына, көлөмүнө, идишсиз салмагына же товардын бирдигине бааны көрсөтүү менен кынтыксыз жазылган баа көрсөткүчтөрдүн болушун камсыз кылат.
82. Товарлардын баасын соода иш-аракеттеринин субъекттери өз алдынча аныктайт. Бааны мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык гана жол берилет.
83. Сатып алуу-сатуу келишими, товарга төлөнгөндүгүн далилдөөчү кассалык же товардык чекти же башка документти тийиштүү формада сатуучу тарабынан сатып алуучуга берген учурдан тартып макулдашылды деп эсептелет, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы келишимде башка нерсе каралбаса.
84. Сатуучу соода иш-аракеттерин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда фискалдык эс тутуму менен контролдук-кассалык машиналарды колдонот.
85. Сатуучу товарларды сатуу менен байланышкан, товардын наркына кошулуп эсептелиши мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучуга сунуш кылат. Ошону менен бирге сатып алуучуга, товарды сатуу учурунда сунушталган кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, ошондой эле анын макулдугусуз көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн сумманы кайтарып берүүсүн сатуучудан талап кылуу мүмкүнчүлүгү берилет.
86. Сатуучу бир товарды сатууда ага кошуп башка товарды дагы милдеттүү кошуп алуу же аларды сатуу менен байланышкан милдеттүү кызмат көрсөтүү шартын кое албайт.
87. Сатуучу өзүнүн мүнөзү боюнча идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылбаган, белгилүү бир топтомдогу (товарлардын комплекти) жана комплекттеги, документи жана кошумча буюмдары бар товарга таандык товарлардан тышкары, сапатка туура келген идиштеги жана (же) таңгактагы товарды сатып алуучуга берип жиберет.
88. Белгилүү бир мөөнөттө сатып алуучу тарабынан кабыл алына турган товарды сатуу учурунда, сатуучу ушул мөөнөттүн ичинде товарды башка сатып алуучуга сата албайт. Эгер сатуучу жана сатып алуучунун ортосунда келишим аркылуу башка каралбаган болсо, келишимде аныкталган мөөнөттүн аралыгында товарды кабыл алуу үчүн башка зарыл аракеттерди аткарбаган болсо же сатып алуучунун келбеген учурунда, сатуучу тарабынан товарды алуудан сатып алуучунун баш тарткандыгы катары карашы мүмкүн.
89. Сатып алуучуга азык-түлүк эмес товарды ага берип жиберген учурдан тартып 14 күндүн аралыгында, эгер сатуучу тарабынан ашыкча мөөнөт жарыяланбаган болсо, сатылып алынган сапатка ээ товарды сатып алган жеринде же сатуучу тарабынан жарыяланган башка жайларда башка өлчөмдөгү, формадагы, көлөмдөгү, фасондогу, түстөгү, комплекттеги ж.б. ошондой эле товарга баасында айырма болсо сатуучу менен зарыл болгон кайта эсептешүүнү жүргүзүү аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгү берилет.
90. Сатуучуда алмаштырууга зарыл болгон товар жок учурда, сатып алуучуга алынган товарды сатуучуга кайтарып берүүгө жана ага төлөнгөн акчалай сумманы алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
91. Келишим боюнча сатуучу сатып алуучуга алынган товарын ошондой эле товарга сатууга биринчи түшкөн эле учурунда алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
92. Товарды алмаштыруу же болбосо кайтарып берүү жөнүндө сатып алуучунун талабы канааттандырууга жатат, эгер товар пайдаланылбаган болсо, анын керектөөчүлүк касиети сакталса жана аны ушул сатуучудан алгандыгы далилденсе.
93. Сатып алуучуга сапатка туура келбеген товар берилсе, эгер ал товардын кемчиликтери сатуучу тарабынан айтылбаган болсо, өзүнүн тандоосу боюнча сатуучудан талап кылуу мүмкүнчүлүгү берилет:
1) сатып алуу баасын өлчөмүнөн азайтуу;
2) товардын кемчиликтерин акысыз калыбына келтирүү;
3) товардын кемчиликтерин калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын ордуна коюу;
4) келишимге ылайык келген, сапатка ээ товарга товарды алмаштыруу;
5) келишимди аткаруудан баш тартуу жана товарга төлөнгөн акчалай сумманы кайтарып алуу.
94. Ушул Эрежелер соода иш-аракеттеринин субъекттери билүүгө жана аткарууга милдеттүү. Бул Эрежелер менен белгиленген ченемдерди соода субъекттери бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган административдик жоопкерчиликти тартышат.
Комиссияга товарды кабыл алуу
95. Соода иш-аракеттеринин субъекттери комиссияга кабыл алат:
- пайдаланууга жарактуу, мурда колдонулган, ошондой эле жаңы бирок оңдоону же жаңылоону талап кылбаган, гигиеналык талаптарды канааттандырган азык-түлүк эмес товарлар;
- шайкештигин милдеттүү далилдөөгө жаткан товарларга сертификаты же декларациясы же түп нускасын кармоочудан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү бар учурунда азык-түлүк товарлары.
96. Конфискацияланган, ээлик кылуу укугу мамлекетке өткөн, ээсиз мүлктөр, ошондой эле соттордун чечимин жана өкүмүн аткаруу үчүн келтирилген зыянды калыбына келтирүү тартибинде жарандардан алынган мүлктөр, салык органдары тарабынан (6-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) аныкталуучу соода ишканаларында кабыл алынат жана сатып өткөрүлөт. Ушул мүлктөр сатылып өткөрүлгөндөн кийин соода ишканасынын ээлигинде товар үчүн сатып өткөрүү баасынан 10 пайыз калат. Ал эми калган сумма республикалык бюджетке которулат.
97. Комиссияга кабыл алынбайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан чекене сатуу тыюу салынган товарлар;
- дары жана медициналык препараттар;
- сапаттык сертификаттары (күбөлүктөрү) жок синтетикалык жуучу жана парфюмердик-косметикалык каражаттар;
- таңгагынын бүтүндүгү бузулган, сактоо жана сатып өткөрүү мөөнөтү бүткөн продуктылар, ошондой эле тез бузулуучу тамак-аш азыктары;
- жарандык соода жүгүртүүсүнөн алынып салынган товарлар, анын ичинде:
- ок атуучу, адамдын өмүрүнө залал келтирүүчү колго жасалган (бычак ж.б.) газ колдонуучу куралдар;
- армиялык жабдуулар, ошондой эле аскер ассортиментиндеги башка товарлар, формалык формалуу кийимдер, мекеменин, уюмдун жана ишкананын штампы коюлган шейшептер;
- мындан ары пайдаланууга жарактуулугу тиешелүү органдар (газ чарбасы) тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн газ аппаратурасы.
98. 16 жашка чейинки курактагы жашы жете электерден товар кабыл алууга тыюу салынат.
99. Товарлар комиссияга кабыл алынат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан, инсандыгын далилдеген паспортун же башка документин көрсөтүү боюнча чет элдик жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан;
- ишканалардын (уюмдардын, мекеменин, ишкердик субъектинин) өкүл адамына аныкталган тартипте жазып-катталган жана берилген накладнойду жана анын инсандыгын далилдеген паспортун же башка документин көрсөтүү боюнча ишканалардан (уюмдардан, мекемелерден, ишкердик субъектиден).
100. Товарларды комиссияга тапшыруу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары паспортун же аны алмаштыруучу документти, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар жана саясий эмигранттар Кыргыз Республикасында жашоо уруксат; Кыргызстанда убактылуу жашаган чет элдик жарандар Кыргыз Республикасында жашоо мөөнөтү жөнүндө белгиси менен улуттук паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.
101. Ушул Эреженин 6-пунктуна ылайык товарды тапшырууга укугун аныктоо үчүн паспортун көрсөтүү зарыл болгон учурдан тышкарыда, эгер комиссияга тапшырылып жаткан товардын наркы 100 (жүз) сомдон ашпаса, паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөтүү, ошондой эле квитанцияга паспорттук маалыматтарды киргизүү талап кылынбайт.
102. Соода иш-аракеттеринин субъекттери буюмдарды кабыл алуу, ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктү жана паспортун көрсөтүүсү менен макулдашуу (келишим) боюнча ишке ашырылат.
103. Пайдалануунун кепилдик мөөнөтү аяктай элек техникалык татаал товар комиссияга, сатуу учурунда сатып алуучуга берилүүчү паспорту жана кепилдик талону менен биргеликте кабыл алынат.
104. Комиссияга тапшыруучу кайсы учур болбосун, комиссияга товар тапшыргандыгын аныктаган комиссиялык макулдашууну (квитанцияны) көрсөтүү менен өзүнүн товарын кайра алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
105. Комиссиялык макулдашууну (квитанцияларды) жана аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн комиссияга тапшыруучунун ишеним катын, ошондой эле өзүнүн паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөткөн учурда товар башка адамга кайтарылып берилиши мүмкүн.
106. Соода иш-аракеттеринин субъектиси комиссияга кабыл алынган товарларын сакталышына жоопкерчиликтүү болот.
Комиссия кабыл алган товарларды баалоо
107. Комиссияга кабыл алынып жаткан товардын баасы иштетилгендигинин даражасына карата тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
108. Товарды кабыл алууну ишке ашырып жаткан соода объектисинин кызматкерлери комиссияга тапшыруучуларга комиссияга тапшырылып жаткан товарларга аракеттеги эркин баалар, базардын конъюнктурасы жана тигил же бул товарга калктын суроо-талабы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
109. Комиссияга кабыл алынган товарга комиссияга тапшыруучунун күнөөсү боюнча кетирилген жашыруун кемчиликтерди табылган учурда, ал сатууга коюлбайт же сатуудан алынат жана тапшыруучуга кайтарылып берилет (бул жөнүндө акт түзүлөт).
110. Соода объектисинин администрациясы комиссияга кабыл алынган товарлардын баасынын тууралыгына жоопкерчиликтүү болот. Товарды баалоодо пайда болгон талаш маселелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
111. Комиссиялык жыйым процент комиссияга тапшыруучунун жана соода иш-аракеттеринин субъектисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
112. Сатуунун мөөнөтү 30 календардык күнгө аныкталат. 30 календардык күндөн ашыкча сакталган товарды кайтарып берүүдө ишкана комиссияга тапшыруучудан сакталган ар бир күн үчүн товардын наркына тараптардын макулдашуунун өлчөмүндө төлөм кармап калуу укугуна ээ.
113. Кабыл алынган азык-түлүк товарларынын сатуу мөөнөтү алардын жарактуулук (сактоо) мөөнөттөрүнөн ашпашы керек. Жарактуулук мөөнөтүнүн аякташы боюнча товар сатуудан алынып салууга жана комиссияга тапшыруучуга кайтарылып берүүгө жатат.
114. Сот, укук коргоо же финансы органдары тарабынан сатып өткөрүү үчүн берилген мүлктөрдү кайра баалоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Товарды сатуу жана кайтарып берүү
115. Комиссияга кабыл алынган товарлар, аларды кабыл алгандан кийин кийинки күндөн кечиктирилбестен сатууга түшөт.
116. Ишканадан алынган товарлар, аларды комиссияга кабыл алууда байкалган жаңы кемчиликтеринен тышкаркы учурда, сатып алуучулардан кайра кабыл алынбайт. Кемчиликтери бар товарлар комитенттерге кайтарылып берилет. Кабыл алууда байкалган кемчиликтери бар товарларды кайтарып берүүдө, аларды сактагандыгы үчүн төлөм алынбайт.
117. Ири көлөмдүүлөрдөн тышкаркы сатылып алынган товарлар, соода объектисинде сактоого калтырылбайт. Сатылган ири көлөмдүү товарлар сактоо тилкаты боюнча бир күнгө акысыз соода объектисинде сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн аякташы боюнча товар башка адамга ошол эле баада сатылышы мүмкүн. Алынган акча биринчи сатып алуучуга кайтарылып берилет.
118. Комитентке сатылган товар үчүн акчаны аны саткандан кийинки соода иш-аракеттеринин субъектиси тарабынан берилген комиссиялык макулдашууну (квитанцияларды), паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөтүү менен аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн комитеттин ишеним каты боюнча төлөнүп берилет.
119. Ишкана комитент менен товарды комиссияга тапшыруу учурунда эле эсептешүүнү жүргүзүү укугуна ээ.
120. Соода иш-аракеттеринин субъектисинин күнөөсү боюнча акчаны төлөп берүү создуктурулган учурда, ишкана комитентке ар бир узартылган күн үчүн ага тараптардын макулдашуусунун өлчөмүндө бышмана төлөп берет.
121. Сатылган товарды бир суткага чейин ишканада сактагандыгы үчүн төлөм комитенттен акы алынбайт.
Комиссиялык операцияларды тариздөө
122. Комиссияга товарларды кабыл алуу квитанция менен таризделет. Квитанция менен бир эле учурда товардык жарлык жазылып берилет, ал квитанцияда көрсөтүлгөн номерге ээ болушу керек.
123. Квитанциялык китепче жана товардык жарлыктар катуу тартиптеги отчеттуулуктун бланкалары катары эсептелет, ал атайын журналда катталат (тигилген жана катар номерлери коюлган).
124. Комиссияга товарды кабыл алууда соода объектисинин кызматкери, соода объектисинин кызматкери жана комитент тарабынан кол коюлган квитанцияны эки нускада жазат. Квитанциянын биринчи нускасы комитентке тапшырылат.
125. Квитанциялардагы жана товардык жарлыктардагы суммаларды оңдоого жол берилбейт.
126. Соода объектисинин кызматкери эки нускада түзүлгөн тизмеге (опись) комиссияга кабыл алынган товарларды квитанцияга ылайык каттайт. Тизменин (опистин) биринчи нускасы товардык отчет менен бухгалтерияга берилет, экинчиси кызматкерде калат.
127. Комиссияга кабыл алынган товарлар соода объектисинин кызматкеринин материалдык жоопкерчилигинин көзөмөлүнө келип түшөт жана тизменин негизинде кириштелиши керек.
128. Комиссияда турган товарлардын баасын төмөндөтүү комитент менен макулдашуу боюнча соода объектисинин кызматкери тарабынан ишке ашырылат жана бир нускада түзүлгөн акты менен (№ 4 тиркеме) жазып катталат. Комиссияга кабыл алынган товарды сатуудан алып салуу акты менен жазып катталат.
129. Товарлардын баасын төмөндөтүү актысын түзүү менен ошол эле учурда товарга бекитилген товардык жарлыкка, баасын төмөндөтүү жүргүзүлгөн күнүн жана актынын номерин көрсөтүү менен жаңы баа коюлат. Комиссияга товарды тапшыруу учурунда комитентке берилген квитанциянын биринчи нускасына ошондой эле баасын төмөндөтүү актысынын күнү жана номери жана товарды сатып өткөрүүнүн жаңы баасы көрсөтүлөт.
130. Комитентке товарды кайтарып берүү квитанциянын жана комитенттин паспортунун негизинде ишке ашырылат.
131. Комитентке товардын сакталгандыгы үчүн андан алынуучу сумманы төлөгөндөн кийин товар берилет.
132. Кайтарылып жаткан товарды сактагандыгы үчүн алынган сумма квитанциянын арткы бетинде көрсөтүлөт.
133. Товарды алууда комитент квитанцияга кол коет. Товарды алууда комитенттин колу коюлган квитанция жана товардык жарлык соода объектин кызматкеринде калтырылат.
134. Комитентке акчаны төлөп берүү Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык сооданын Эрежелери менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Комитент акчаны алуу учурунда товарга таандык квитанцияны (1-нуска) соода объектисинин кызматкерине кайтарып берет жана сатылган товар үчүн акчаны алгандыгы үчүн кол коет.
135. Сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды чекене сатуу техникалык регламенттер менен уруксат берилген, соода жүргүзүүчү азык-түлүк дүкөндөрүндө, чатырларда, павильондордо (мындан ары - соода объектисинде) жүргүзүлөт. Көчөдө соода жүргүзүүнүн орду жана сатып өткөрүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка өкүлчүлүк органдары тарабынан аныкталат.
136. Сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды сатууну ишке ашырып жаткан соода объектти, зарыл болгон муздатуучу жана соода жабдуулары, механизациялаштыруу каражаттары жана инвентарлар менен камсыз кылынат.
137. Сүт азыктары, маргарин жана жумурткалар менен соода жүргүзгөн жеке жактардын медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгү жөнүндө белгиси бар санитардык китепчеси болушу керек, атайын кийим кийиши жана соода инвентарын таза кармашы керек.
Продуктыларды ташып келүү
138. Сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды чекене соода тармагына температуралык режимди камсыз кылган атайын транспорт менен жеткирүү техникалык регламенттерге ылайык жүргүзүлөт.
139. Сүт азыктарын башка жыты бар товарлар менен биргеликте ташууга тыюу салынат.
140. Продуктылар ташылышы керек:
сүт, кам каймак, айран, простокваша, апидофилин ж.б. сүт продукциясы - бөтөлкөлөрдө, кагаз стакандарда жана пакеттерде;
куюлуп сатылуучу сүт - металлдан жасалган пломбаланган флягаларда;
каймак, быштак, быштак массалары - атайын баштыкка салынып чапталган түрүндө;
брынза - калай банкаларда, челектерде;
жумуртка - стандарттуу жыгач ящиктерде жана дөңчө төшөлмөсү бар гофирленген картондон жасалган ящиктерде.
141. Товарларды жеткирүү температуралык режимди камсыз кылган атайын транспорт менен ишке ашырылат.
Продуктыларды кабыл алуу
142. Кабыл алууга Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана стандарттардын талаптарын канааттандыруучу жана бар милдеттүү түрдө чыгарылган күнүн, сатып өткөрүүнүн акыркы күнүн, тез бузулуучу товарлар боюнча чыгарылган саатын жана бул документтердин аракетинин мөөнөтү жана продуктыны сактоо шартын көрсөтүүчү коштоочу документтери (сертификаттар, күбөлүк же түп нусканы кармоочудан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү) бар продуктылар кабыл алынууга жатат.
143. Сатып өткөрүү мөөнөтү аяктаган продукция кабыл алынбайт.
144. Товардын жарамдуу мөөнөтүнүн аякташы менен соода объектинин жетекчи-ээси аны сатуудан алып салат.
145. Сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды саны жана сапаты боюнча кабыл алуу, чекене соода объектинде материалдык-нормативдик жана укуктук актыларда жана ушул Эрежелерде каралган тартипте жүргүзүлөт.
146. Салмагы боюнча продуктыларды таза салмагы боюнча, дааналарды саны боюнча кабыл алуу.
147. Даана товарларды кабыл алуу учурунда бир аталыштагы буюмдун арасынан тандоо менен милдеттүү түрдө накталай салмагын текшерүү жүргүзүлөт.
Товарларды сактоо
148. Сүт жана маргарин продукциясы кабыл алуу аяктары менен тиешелүү температуралык режимдеги муздатуучу камераларга, прилавкаларга, шкафтарга, муздуу жайларга токтоосуз жайгаштырылат.
149. Кошумча чарбалык имаратта булганган идиштерди жуу, тазалоо жана сактоо үчүн, соода объектисине ысык жана муздак суу менен жабдылган атайын орун бөлүштүрүлөт.
150. Товарды сактоонун температуралык режими жана сактоо мөөнөтү, продукция өндүрүүчү тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келиш керек.
151. Сүт азыктары, маргарин жана жумуртка соода объектинде башка продуктылардан өзүнчө бөлүнүп сакталат.
152. Муздатуучу камераларда жана кошумча чарбалык имаратта продуктылар товар коюучу жайларда жана текчелерде сакталат, бөлүштүрүлгөн сүт жана маргарин продукциясы дүкөнгө жеткирилген идиште сакталат.
153. Сүт азыктары, таразалануучу каймак жана быштак металл флягаларда жана челектерде температура режимин сактоо менен сакталат. Аларды ачылгандан кийин капкак менен жабылат.
154. Быштак жана каймак салынган идиште кашыкты калтырууга тыюу салынат.
155. Кашыкты бул үчүн атайын бөлүнгөн идишке салып техникалык регламенттер пайдаланууга уруксат берген дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттарды колдонуп күн сайын ысык суу менен жуу керек.
156. Көлөмү чоң сырлар идишке салынбастан температура режими сакталган жыгач тактанын үстүнө сакталат. Сырларды биринин үстүнө бирин коюуда ортосуна фанерадан жасалган төшөлмө жайгаштырылат.
157. Майда сырлар идишке салынып текчелерде же жыгач стеллаждарда сакталат. Сактоодо бир гана катуу сырларда пайда болуучу ыйлаакчалар же көк дат, ашкана тузунун азыраак аралашмасына нымдалган сүлгү менен сырдын кабыгын сүртүү жолу аркылуу кетирилет.
158. Жуулган май муздатуучу камераларда идишке салынып, ал эми муздатуучу шкафтарда жана прилавкаларда идишсиз сакталат.
159. Кампадагы жана базадагы муздаткычтардан келип түшкөн жумуртканы кайрадан муздатууга болбойт.
160. Пломбаланган идиштеги продуктылар келип түшкөн учурда аны ачуу, сатып алуучуларга товарларды сатуу алдында гана жүргүзүлөт.
161. Ирип кеткен сүттү сатууга жол берилбейт, келишимдерде каралган шарттарда өндүрүүчүгө кайтарып берүүгө жатат.
Товарларды сатууга даярдоо
162. Сатуучулардын жумушчу орду сооданын башталганга чейин ишканада болгон бардык товарлар менен камсыздалат.
163. Соода объектинде соода башталганга чейин бардык товарлар муздак прилавкаларга, текчелерге, горкаларда жайгаштырылат. Сүт жана кычкыл сүт азыктары соода залына, ящиктерге, кассеталарга, себеттерге салынып берилет.
164. Соода залына келип түшкөн товарлар сапаты боюнча текшерилет жана сорттолот.
165. Соода залына келип түшкөнгө чейин товарлар сатууга төмөндөгүчө даярдалат:
- жуулган май жана маргарин идиштен жана пергаменттен чыгарылат жана сырткы саргарган катмардан (штафтан) толук тазаланат;
- майды алдын ала бөлүштүрүү (кесүү) жүргүзүлөт, сатуунун шартына жараша прилавкаларга бүтүндөй түрүндө же болбосо анын бөлүгү берилет;
- парафинделген жана парафинделбеген ууз сырлар үстүнөн нымдалган таза, андан кийин кургак сүлгү менен сүртүлөт. Көлөмү чоң сырлар сатуучунун жумушчу орунуна берилгенге чейин жарымынан, төрткө же сегиз бөлүккө кесилиши мүмкүн;
- туздалган сырлар жана брынза сатууга чейин бир саат мурун туздалган чыктан алынат;
- жумуртка чамындылардан ажыратылат.
166. Соода объектинде жуулган майды, сырларды жана маргаринди сооданын бир күндүк керектөөсүнүн көлөмүндө баштыкчаларга бөлүштүрүүгө жол берилет.
167. Соода объектинде баштыкчаларга салыштырган товарлардын таңгагына товардын аталышы, сорту, салмагы, салмагына жараша наркы жана сатып өткөрүүнүн акыркы күнү көрсөтүлөт.
168. Ачык түстөгү пленкага (целофан, полиэтилен) жана башка таңгакталган товарлар жарыктан корголушу зарыл. Соода залында бул товарлар жарык тийген жерден алысыраак орундарга жайгаштырылат.
169. Сүт азыктары, маргарин жана жумуртка жумушчу орунда төмөндөгүчө жайгаштырылат:
- бөтөлкөдөгү, банкадагы, стакандардагы же башка фабрикалык таңгактагы сүт азыктары, прилавкаларга жана шкафтардын текчелеринде;
- куюлган сүт жана каймак - муздатуучу жабдууга коюлган атайын челектерде, флягаларда;
- быштак, быштак массасы, сары май - флягаларда, челектерде жана лотоктордо;
- жуулган май, маргарин - прилавкаларда, пергамент менен капталган мрамор же жыгач такталарда же эмалданган жалпак табактарда;
- жумуртка - картондон жасалган кутуларда, ошондой эле прилавкага коюлган дөңчөлүү төшөлмөдө.
170. Жумушчу орунда сыр төмөндөгүчө тартипте жайгаштырылат: сатуучунун сол жагына көлөмү чоң сырлар коюлат, андан кийин майда сырлар, анын соңунан жумшак жана туздалганы.
171. Сатууда турган таразалануучу сыр прилавкалык витринада бүтүндөй, ошондой эле кесип көрсөтүлөт (көлөмү чоң сыр кесилген түрүндө гана көрсөтүлөт).
172. Жумушчу күндүн аягына чейин витринада турган сыр мезгил мезгили менен алмаштырылышы керек.
Товарларды сатуу
173. Сүттү куюп берүү металлдан жасалган литрдик жана жарым литрдик ченегич чөмүч менен, каймак сузгу менен жүргүзүлөт.
174. Сүт жана каймак сатып алуучулардын таза идишине куюлат. Продуктыны сатып алуучунун идишинен соода жайынын идишине куюп алууга, ошондой эле сатып алуучунун идишин ачык турган продуктылардын үстүндө кармап турууга тыюу салынат.
175. Товарды кеспестен сатып алууга берүү учурунда, алынган товардын жалпы салмагынын 10 пайызынан ашпаган, экиден ашыкча эмес кошумча салмак кошулуп берүүгө жол берилет. Кошумча салмак сорту жана сапаты боюнча берилип жаткан товарга шайкеш келиши керек.
176. Сатып алуучуга сыр кабыгы менен берилет. Тегерек түрүндөгү сыр тең ортосуна чейин кесилет, себеби кабыгы берилип жаткан сырдын өлчөмүнө жараша болушу керек.
177. Башка түрдөгү сырларды сатууда кабык кесимдин үч тарабынан ашыкча болбошу керек. Сатып алуучунун өтүнүчү боюнча сыр бөлүкчөлөргө бөлүнөт.
178. Сатып алуучуга кесип берип жаткан сырдын үстүнкү ачык жагы жаңы жана таза болушу керек. Көк дат баскан кабыгы менен сырды сатууга тыюу салынат. Таразалануучу сырлар сатып алуучуларга орогучтан тазаланып берилет.
179. Таразага тартылган сыр сатып алуучуга пергаментке, подпергаментке, ал эми алар жок учурда таза ором кагазына оролуп берилет.
180. Сатып алуучуга сатууда кесилген сырды кагазга бычак салуу керек, кесилген сырды кол менен кармоого тыюу салынат.
181. Бир даана сыр сатып алуучуга заводдо жасалган таңгагы менен берилет, сатып алуучунун өтүнүчү боюнча сатуучу сырды ором кагазына ороп берүүгө милдеттүү.
182. Жумушчу күн аяктаганда прилавкада болгон бардык сырлар сактоо үчүн дайындалган муздаткыч шкафтарга, камераларга же имаратка коюлушу керек. Кесилген сырдын үстү жагы нымдалган таза сүлгү менен жабылышы керек.
183. Сыр катуу жыгачтан жасалган өлчөмү 60-35 см жана калыңдыгы 3-4 см болгон тактада атайын бычак менен кесилиши керек.
184. Ири көлөмдөгү төрт кырдуу сырлар тең ортосунан, төрткө же сегиз бөлүккө болот кылдуу кол араа менен кесилиши керек.
185. Маркировкаланган бөлүүчү инвентарды бир эле учурда сырды жана башка гастрономдук товарларды кесүү үчүн колдонууга жол берилбейт.
186. Продуктыларды сатууда колдонуучу инвентарлар күн сайын соода жүргүзүү бүткөндөн кийин техникалык регламенттер пайдаланууга уруксат берген майсыздандыруучу каражаттарды колдонуу менен жуулуп, таза сүлгү менен кургата сүртүлүп ал үчүн дайындалган атайын орунда сакталат.
187. Жаз-жай мезгилдеринде санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан мөөнөтү аныкталуучу сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды машинадан, лотоктордон, себеттерден, арабадан, колдон сатууга тыюу салынат.
188. Сүт азыктары, маргарин жана жумуртка менен чекене сооданы ишке ашыруучу соода объектинин бардык кызматкерлери жана жеке жактар, аныкталган тартипте медициналык текшерүүдөн өтүшү жана ушул Эрежелерди сакташы керек.
189. Эт жана эт сатуу азыктарынын чекене соодасы атайын дүкөндөрдө, бул товарларга соода жүргүзүүгө техникалык регламент уруксат берген азык-түлүк дүкөндөрүнүн бөлүмдөрүндө жана секцияларда, атайын павильондордо (мындан ары - соода объектилери) жүргүзүлөт. Кече соодасынын орду жана сатып өткөрүү тартиби башка өкүлчүлүк органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аныкталат.
190. Соода объектилери төмөнкү сооданы ишке ашырат:
- эт менен (туш, жарым туш, төрткө бөлүп, чабылган жана баштыкка салынган түрүндө);
- субпродуктылар менен;
- үй канаттууларынын жана илбээсин эти менен, коендун эти менен;
- эт өнөр жайында даярдалган фарш менен;
- эттен жасалган чийки тамактардын бардык түрү менен;
- сызгырылган майлар менен;
- эт, эт аралаштырылган өсүмдүк, жашылча-жемиш консервалары менен.
191. Атайын бөлүмдөр иштеген учурда соода объектилери колбаса жасалмалары, эт кошулган ышталмалар жана кулинардык азыктар менен, ошондой эле башка баштыкка салынып сакталган түрүндөгү (майонез, горчица, хен, соус, томат-паста, татымдар) азык-түлүк товарлары менен сооданы ишке ашыра алат.
192. Эт жана эт азыктарын сатууну ишке ашырып жаткан соода объектилери, зарыл жабдуулар, механизациянын каражаттары жана инвентарлар менен камсыз кылынат.
193. Эт жана эт азыктарын соодасын жүргүзгөн жеке жак атайын кийим кийүүгө жана соода инвентарын таза кармоого милдеттүү.
Продуктыларды ташып келүү
194. Эт жана эт азыктарын соода объектилерине ташып келүү, тез бузулуучу продуктыларды сатып өткөрүү мөөнөтүн эске алып, жеткирүүчү менен макулдашылган келишим боюнча жүргүзүлөт.
195. Чийки тамактар, ошондой эле кулинардык азыктарды, алар сатып өткөрүлүшүнө жараша соода жүрүп жаткан күндүн аягына чейин кошумча ташып келүүгө болот.
196. Эт жана эт азыктарын жеткирүү, кузову жабык, дат баспаган цинктелген темир же башка материалдар менен капталган атайын автотранспортто ишке ашырылат.
197. Айрым учурларда туш түрүндөгү, жарым туш, төрткө бөлүнгөн, чабылган эттерди үстү ачык, ошондой эле дат баспаган материалдар менен капталган кузовдордо продуктыларды милдеттүү түрдө жабуу менен ташууга жол берилет.
198. Өзгөчө тез бузулуучу продуктыларды жеткирүү (3-сорттогу колбасалар, ич эт жана кан колбасалары, 3-сорттогу зельц, кулинардык азыктар ж.б.) жылдын жылуу мезгилинде атайын транспорт менен ишке ашырылат.
199. Эт азыктарын ташуу үчүн транспорт каражаттары, идиштер жана аларды жабуу үчүн материалдар (брезент, клеенка ж.б.) санитардык талаптарга ылайык келиши керек. Эт азыктарын ташуу үчүн пайдаланылган бардык транспорттук каражаттарга аймактык санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органы тарабынан берилген санитардык паспорт болушу керек.
Эт жана эт азыктарын кабыл алуу
200. Ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайыктуу жана коштоочу документтери бар эт продуктылары кабыл алынууга тийиш. Ветеринардык кызматтын белгиси жана каралгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү жана ветеринардык корутундусу бар учурда гана этти кабыл алууга жол берилет. Ветеринардык күбөлүгү бар, бирок эн белгиси жок, ошондой эле шарттуу түрдө жарактуу деген этти кабыл алууга катуу тыюу салынат. Эсеп-фактуранын же накладнойдун арткы бетинде иштелип чыккан күнү, ал эми өзгөчө тез бузулуучу продуктылар үчүн - иштелип чыккан күнү жана сатып өткөрүү мөөнөтү, ошондой эле продуктылардын сапатын күбөлөндүрүүчү ветврачтын коюлган колун көрсөтүлгөн штамп болушу керек.
201. Сатып өткөрүү мөөнөтү аяктаган, тез бузулуучу продуктылардын бардык түрү кабыл алууга жатпайт.
202. Эт азыктарын кабыл алуу орундун саны, салмагы жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештиги боюнча жүргүзүлөт.
203. Даана товарлар, ошондой эле аталыштагы буюмдардын биринин салмагын тандап текшерүү эсеби боюнча кабыл алынат.
204. Таңгагы жана этикеткасы бузулган же этикеткасы жок товарлар кабыл алууга жатпайт.
205. Тез бузулуучу эт азыктарын кабыл алууда алардын муздатылган (муздак тартып калган, муздатылган, тоңдурулган) деңгээли текшерилет, ошондой эле веткөзөмөлдүн клеймосу жана эттин жаңы союлган малдыкы экендиги текшерилет.
206. Төмөнкүдөй эт кабыл алууга жатпайт:
- каны чала агызылган, уюп калган кандары бар эттеринин калдыгынын болушу, самсаалаган эттердин (бахрамок) жана теринин алдындагы май ченемден ашыкча кырылып жана үзүлүп алынгандар, ошондой эле булгангандар;
- кайтадан тоңдурулган белгиси менен (кочкул кызыл тартып көөп калган эт, май, тарамыштардын жана сөөктүн чучугунун кызарган түсү);
- эттин жаңы эместик белгиси (жыт, сасып кетүү жана чириген жыт, эттин сырты өтө кургап калган, жумшарып же көгөрүп кетүү, эттин бузулуп кетиши, туруп калган жана муздаган этти ныгыргандан кийин чуңкурча түздөлбөйт).
207. Оролгон эттин сапаты үлүш (порциянын) этикеткасында көрсөтүлгөн маалыматтардын түрүнө, сортуна жана эттин семиздигине, таңгактын абалына жараша текшерилет.
208. Субпродуктылардын сапаты алардын жаңылыгы, тазалыгы боюнча текшерилет. Субпродуктылар кабыл алуунун алдында түрлөрү боюнча сорттолушу керек.
209. Субпродуктылар кабыл алууга жатпайт:
- начар тазаланып - иштетилгендер, башка кандардын калдыгы калып калгандар (мисалы: боор - сырткы кан тамырлардын жана өттүн, чоң көлөмдөгү бездердин болушу; бөйрөктөр - сийдик түтүкчөлөрү менен; шыйрактарда - жүндүн болушу), кесиктери менен (ветсанэкспертизадан өткөрүлгөндөн тышкаркы органдар) жана ажыратылган;
- термикалык тазалап-иштетүүдөгү кемчиликтери бар (эриген же экинчи жолу тоңдурулган, бузулган абалда жана түсүн өзгөрткөн), ошондой эле блок түрүндө тоңдурулгандар (тилдер, мээлер, бөйрөктөр);
- жаңы эмес белгилери бар (ачыган, сасык жана чириген жыт менен).
210. Чийки тамактардын сапаты алардын түсү жана жыты, формасы, панировкасынын панировкалангандар бүтүндүгү, таңгактын абалы боюнча текшерилет; ошондой эле ящиктерге салынган пакеттердин этикеткаларында көрсөтүлгөн чийки тамактардын иштелип чыккан күнү жана сааты жана сатып өткөрүүнүн акыркы күнү текшерилет.
211. Канаттуунун этинин сапаты ныктуулук категориясы (булчуң эттеринин толуктугу жана майдын топтолушу), тазаланып иштетилиши туштун жаңылыгы, ошондой эле маркирлөөнүн бардыгы боюнча текшерилет.
212. Илбээсин этинин сапаты жүнүнүн тыгыздыгы, башынын абалы (кургабаган), туштун бүтүндүгү жана жаңылыгы боюнча текшерилет.
213. Кабыл алууга жатпайт:
- жакшы тазаланып иштетилбеген (жүндүн, канаттардын, түктөрдүн, көк тактар, теринин самсаалаган калдыктары ченемден жогору, ошондой эле уюп калган кандар жана жонунун, төш сөөктөрүнүн сындырылышы) тазаланбаган туштар;
- түсү өзгөргөн жана кайтадан тоңдурулган туштар;
- жаңы эместиги билинген (көгөрүп кетүү, көк жашык, сасык жыт), ошондой эле кемирүүчүлөр тиш салган туштар;
- сорттуулук эн белгисинин жоктугу.
214. Колбаса азыктарынын сапаты батондордун түйүндөрүнүн тууралыгы, алардын тышкы түрү, батондордун кесилгендеги көрүнүшү (фарштын көрүнүшү, фарштын жана майдын түсү), консистенциясы, даамы жана жыты боюнча текшерилет.
215. Колбаса азыктары кабыл алууга жатпайт:
- сырты кир, көгөрүп кеткендер;
- бозомтук-көк түстө болуп, толук кайнатылбагандар;
- батондору жарылган жана сынып калгандар;
- фарштары ачып-кычып кеткендер;
- жогорку сорттогу колбасанын фаршында сары бүртүкчөлөрдүн болушу, ошондой эле 1- жана 2-сорттогу колбаса азыктарында алардын чектелген ченемден ашыкча болушу;
- фаршта көк тактардын болушу.
216. Ыштамалардын сапаты тазаланып иштетилгендиги, консистенциясы, эти, бышкандыгынын даражасы, май катмарынын калыңдыгы, формасы, даамы жана азыктын жыты боюнча текшерилет.
217. Ыштамалар кабыл алууга жатпайт:
- технологиялык иштетүүдө кемчиликтери барлар (эт жана май туура эмес бөлүштүрүлгөн, бахрамок жана кылдардын калдыгынын болушу, туура эмес кайнатылгандар, кесилген жерде көк жана жашыл тактардын болушу);
- булганган, жаңы эмес (былжырдын жана көк даттын болушу, түсүнүн өзгөрүшү, ачыган, чирик жыттанган).
218. Кулинардык азыктардын сапаты азыктардын формасы жана тышкы көрүнүшү, алардын даяр экендигинин даражасы, ошондой эле идишке туура салынгандыгы боюнча текшерилет.
219. Сызгырылган майлардын сапаты түсү, жыты, консистенциясы, таңгакталышы боюнча текшерилет.
220. Чочконун майын кабыл алуу учурунда консистенциясы, түсү жана жытынан тышкары, ошондой эле тазалап-иштетүүнүн тазалыгы текшерилет.
221. Консервалар банкалардын тышкы көрүнүшү, этикеткалардын болушу жана алардын коштоочу документте көрсөтүлгөн аталышка ылайыктыгы боюнча текшерилет.
222. Этикеткасы жок, дат баскан, ийилген, чала жабылган жана жарылган банкалардагы консервалар кабыл алууга жатпайт.
223. Керектөөчүгө техникалык регламенттин негизинде этикеткада мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалган күнү, сактоо мөөнөттөрү жана шарттары, салмагы, продукция өндүрүү үчүн негиз болуп эсептелген ченемдик документтин аталышы, ошондой эле өндүрүүчүнүн реквизиттери көрсөтүлгөн, аталышы жөнүндө маалымат жазылышы керек.
224. Оролгон эт фаршынын сапаты, түсү, жыты, консистенциясы, тангактын абалы боюнча текшерилет, ошондой эле иштелип чыккан күнү жана сааты, сатып өткөрүүнүн акыркы күнү текшерилет.
225. Түсү өзгөргөн жана жыттанып кеткен фарш кабыл алууга жатпайт.
226. Сатып өткөрүү процессинде көрүнгөн, байкалбаган кемчиликтери бар эт азыктары товарды жеткирүүчүлөргө кайтарылып берилет.
Эт жана эт азыктарын сактоо
227. Соода объектти тарабынан кабыл алган эт жана эт азыктары токтоосуз сактоо жайына жайгаштырылат. Товарды сактоонун температуралык режими жана мөөнөтү, продукция өндүрүүчү белгилеген талаптарга ылайык болушу керек.
228. Эт жана эт азыктары муздатуучу камераларда, шкафтарда жана тоңдургучтарда сакталат, ал эми алар жок учурда эт жана эт азыктары кабыл алынбайт.
229. Товарлар сакталат:
- муздатылган эт, сорттолуп чабылган эт, бышырылган, ышталган жана жартылай ышталган колбасалар, ышталмалар, сосискалар жана сарделкалар желдеп турууну камсыз кылуу үчүн катарлардын ортосун ачык калтырып, чайкалып туруучу илмектерге илинген абалында; муздатылган канаттуулар ящиктерге салынып стелаждарда;
- тоңдурулган эт - жыгач же цинктелген стеллаждарда тизилип; - канаттуулар жана жапайы канаттуулардын тоңдурулган субпродуктылары идиштен чыгарылбастан стеллаждарда;
- консервалар, майлар - салынган идиштери менен ящиктерде (челектерде).
230. Баштыкка салынып, полимердик пленкага таңгакталган товарлар жарыктан коргоочу идиште сакталат. Алар соода залында жарык тийбеген орундарга жайгаштырылат.
231. Товарларды муздатуу үчүн тоңдурмаларды жана муз салынган ванналарды колдонгон соода объекттеринде, муздун үстүнө эт жана эт продуктыларын жайып коюуда жыгач решеткаларды пайдалануу менен гана жол берилет.
232. Чийки эт продуктыларын колбаса жана кулинардык азыктар менен бирге сактоого тыюу салынат.
Эт жана эт продуктыларын сатууга даярдоо
233. Сатуучулардын жумушчу орду сооданын башталышына чейин керектүү инвентарлар менен камсыз болушу керек.
234. Соода залына келип түшкөн товарлар этикеткада көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештиги боюнча абдан текшерилет жана сорттолот.
235. Сатып өткөрүүгө келип түшкөнгө чейин товарлар сатууга даярдалат:
- канаттуулардын эти идиштен чыгарылат, кагаз оромдордон жана тыгындардан ажыратылат;
- колбаса азыктарын жана сүрсүтмөлөр нерселер байланган жиптерден ажыратылат, колбаса азыктары сүлгү менен сүртүлөт, кабыктын учу кесилип ташталат, шамал тийбеген кесиктери тазаланат; эт кошулган нан, кайнатылган формадагы ветчина жана целлофан же пергаментке оролуп чыгарылган кайнатылып-сүрсүтүлгөн чочко эти жана башка азыктар жумушчу орунга оролгон түрүндө берилет, бул азыктардын орому сатуу учурунда (кесер алдында) алынат; сүрсүтүлгөндөр (чочко эти) аныкталган тартипте бөлүктөргө бөлүнөт.
236. Сүрсүтүлгөндөрдү кесимге кесүү аларды тамак аш продуктыларына кошуу үчүн техникалык регламенттерде уруксат берилген материалдардан жасалган соода инвентарларына 2 сааттан ашпаган убакытка чейин алдын ала кесүүгө жол берилет.
237. Тиешелүү шарты жана атайын жабдуусу бар соода объекттеринде эт жана эт продуктыларын, целлофан жана башка таңгактоочу материалдарга таңгактоо менен 2-3 сааттык соода жүргүзүүдө керектөөдөн ашпаган санда алдын ала баштыкка салыштырууну жүргүзө алат. Ар бир порциянын этикеткасында товардын аталышы, сорту, порциянын салмагы жана баасы, сактоо мөөнөтү, салыштырылган күнү, ошондой эле товарды баштыкка салыштырган ишкананын аталышы белгилениши керек. Май түсү өзгөргөн сырткы катмарынан тазаланат, чийки тамактар, кулинардык азыктар жумушчу орунга лотокто, идиште, табактарда берилет.
238. Товарлар жумушчу орундарда салкын прилавкаларда же муздатуучу камераларда түрлөрү жана текчелерде сорттору боюнча жайгаштырылат.
Эт жана эт азыктарын сатуу
239. Эт жана эт азыктары сатып алуучуларга тазаланган түрдө берилет. Тазалоодон калган калдыктарды чогултуу үчүн прилавканын алдына капкагы бекем жабыла турган металл же пластмасса ящиктер жайгаштырылат. Калдыктарды ящиктерден алып салуу толгонуна жараша жүргүзүлөт, бирок бир күндө эки иреттен ашпайт.
240. Соода объекттеринде этти сатуу алдын ала бөлүктөргө чабылып, прилавкаларга жайып коюу менен жүргүзүлөт.
241. Сатып алуучуга эт жана эт азыктарын кеспестен берүүдө, сатып алынган товардын жалпы салмагынан 10 пайызга ашпаган экиден ашпаган кошумча эт кошуп берүүгө жол берилет. Кошумча эт берилип жаткан товардын сапатына шайкеш келиши керек.
242. Канаттуулардын эти бүтүндөй же бөлүнүп берилет: тоок, өрдөк узатасынан эки бөлүккө, ал эми каз жана индейкалар - 2, 4, 6, жана 8 бөлүккө. Ошону менен бирге башы, буттары жана ич эттеринин топтому бардык бөлүктөргө тең өлчөмдө бөлүштүрүлөт.
243. Колбаса азыктарын жана сүрсүтмөлөрдү нерселерди сатуу учурунда сатуучу сатып алуучунун өтүнүчү боюнча товарды майда кесиндилер түрүндө кесип берүүгө милдеттүү. Кесиндилер бычак же айры таякча менен ороочу кагазга салынат.
244. Кулинардык азыктарды, чийки тамактарды (таңгакталбаганы), фаршты жана сызгырылган майды сатуу атайын күрөктүн жардамы менен жүргүзүлөт.
245. Сатуучулар сатып жаткан товарынын сапатына көз салууга милдеттүү, кокус сапаты начарлаган убакта бул жөнүндө администрацияга, ишкананын ээсине продуктуну мындан ары сатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн билдирет.
246. Этти жана эт азыктарын берүүдө колдонуучу инвентарлар (бычактар, айры таякчалар ж.б.) күн сайын жуулуп жана дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланышы керек.
247. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын аймактык органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик администрациялардын сооданы башкаруучу аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу тез бузулуучу продукциялар - этти, канаттуулардын этин, илбээсин этин, субпродуктыларды, эттен жасалган чийки тамактарды, колбасанын бардык түрлөрүн, сүрлөрдү, сызгырылган майларды машинадан, лотоктордон, корзиналардан, чиркегичтерден, колдон сатууга тыюу салынат.
248. Милдеттүү сертификациялоого жаткан эт продуктыларын сатып өткөрүү сертификациялоо боюнча уруксаты бар органдар тарабынан берилген шайкештик сертификаттары же декларациялары же түп нускасын кармоочудан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү бар учурда ишке ашырылат. Сатып алуучунун алгачкы талабы боюнча сатуучу аталган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.
249. Эт жана эт азыктарын сатууну ишке ашырып жаткан бардык кызматкерлер, аныкталган тартипте медициналык кароодон өтүшү жана ушул Эрежелерди жетекчиликке алышы керек.
250. Алкоголдук продукцияларды сатуу "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде аныкталган тартипте, спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү, сактоону жана сатууну контролдоо боюнча шайкештик лицензиясы бар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты бар болгондо ишке ашырылат.
251. Алкоголдук продукцияларды чекене сатуу Кыргыз Республикасынын "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамы менен аныкталган тартипте ишке ашырылат.
252. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттери жана стандарттары күчүнө киргенге чейин адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрүнүн талаптарына жооп бербеген; соода ишинин субъект - даярдоочунун ким экендигин белгилөөгө мүмкүндүк бербей турган так даана маркалоосуз таңгактагы, акциздик маркалары жок, ошондой эле ушул Эрежелердин 271-пунктунда көрсөтүлгөн чарба субъекттеринен башкаларга алкоголдук продукцияларды куюп сатууга, чекене сатууга тыюу салынат.
253. Алкоголдук продукцияны адамдар массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде аскердик багыттагы объектилерде, ошондой эле күркөлөрдө, чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда жана аталган продукцияларды сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде чекене сатууга жана таратууга жол берилбейт.
254. Алкоголдук продукция жүргүзүлгөн жерге чектеш аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга балдар, билим берүүчү уюмдарда жана аларга чектеш аймактарда жайгашкан, ошондой эле медициналык мекемелердин аймактарындагы соода объекттеринин тизмесин жыл сайын беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392,2014-жылдын 27-январы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
255. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны чекене сатуу убактысына кошумча чектөөнү аныктоого укуктуу.
Спирт ичимдиктерин кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби
256. Алкоголдук продукция чекене соода тармагына идиштин ачылгандыгын визуалдуу аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, керектөөчүлүк идиште түшүшү керек.
257. Алкоголдук продукция сактоо учурунда анын сапатын жоготууга жол бербеген аныкталган талаптарга (температуралык режимди жана башка параметрлерди, товардык жакындаштыкты жана сактоонун башка шарттарын) ылайык сакталышы керек.
258. Соода иш-аракеттеринин субъектилери техникалык регламенттердин талаптарына ылайык алкоголдук продукцияларды сактоо шартын жана мөөнөтүн сактоого милдеттүү.
259. Алкоголдук продукцияны чекене сатууга жол берилбейт:
- бала-бакчалар, билим берүүчү уюмдарга жана аларга таандык аймактарда , ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;
- шаардык жана шаар четиндеги каттамдагы коомдук транспорттун (жалпы пайдалануучу транспорт) бардык түрлөрүндө;
- маданий уюмдарда (аларда жайгашкан коомдук тамактануу объектилеринде, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөндөрдөн тышкары), дене тарбиялык-чыңдоо жана спорттук курулмаларда;
- жашы он сегизге жете электерге;
- он сегиз жашка жете электердин сатышына;
- Кыргыз Республикасынын "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктунун талаптарына жооп берген коштоочу документтери жоктор жана маркалануусуз же жасалма акциздик маркалар менен маркалангандарды;
- массалык иш-чараларды өткөргөн жерлерде, аскердик соода жүргүзүүчү объекттерди кошпогондо аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналардан жана башка аталган продукцияны сатуу үчүн ыңгайлашпаган жерлерде.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
260. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына сапаты жана коопсуздугу боюнча шайкеш келген, калктын саламаттыгын жана тиричилик коопсуздугун техникалык регламентин камсыз кылуу боюнча продукциянын коопсуздугун күбөлөндүргөн документи бар алкоголдук продукция сатууга жатат.
261. Сатып алуучунун талабы боюнча сатуучу тарабынан продукциянын коопсуздугун күбөлөндүргөн, белгиленген тартиптеги документти көрсөтүшү керек.
262. Алкоголдук продукциясы бар идиште нормативдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келген этикетка болушу керек.
263. Алкоголдук продукция менен сооданы ишке ашырып жаткан соода объектинин кызматкерлери, медициналык кароодон жана гигиеналык даярдоо курсунан өтөт жана аныкталган тартипке ылайык санитардык китепчени алып жүрүүгө милдеттүү.
264. Сатуучу алкоголдук продукцияны туура тандоону камсыз кылган, товар жана аны даярдоочу жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматты, сатып алуучуга көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү формада өз учурунда билдирүүгө милдеттүү.
265. Алкоголдук продукцияларды сатууну ишке ашырып жаткан соода иш-аракеттеринин субъекттери, сатып алуучуларды (товар сатып алган же сатып алууга кызыктар болгон адамдарды) анын ассортименти, даярдоочу-ишканалар жана продукциянын жарактуулук мөөнөттөрү жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга милдеттүү.
266. Товарлардын үлгүлөрү аталышын, идиштин сыйымдуулугун жана баасын көрсөткөн баа көрсөткүчтөрү менен жабдылышы керек. Спирт ичимдиктерин куюп сатуу учурунда 50 мл ичимдик үчүн жана андан жогоркуларынын (литр жана 0,1 литр үчүн - вино жана пивого карата) баасы көрсөтүлөт.
267. Коомдук тамактануу объектилеринде алкоголдук продукциялардын менюсунда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: ичимдиктин аталышы, бөтөлкөнүн сыйымдуулугу, бөтөлкөнүн бардык сыйымдуулугу үчүн, ошондой эле 100 же 50 мл ичимдик үчүн баасы.
268. Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу алкоголдук продукция этикеткада жана конроэтикеткада (импорттук продукция үчүн конроэтикеткада атайын стикерге (чаптагыч)) чапталган мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат менен милдеттүү түрдө коштолушу керек, ал төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- алкоголдук продукциянын аталышы;
- өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, ал эми алкоголдук продукция импорттолгондо - импорттоочунун аталышы жана анын юридикалык дареги;
- алкоголдук продукция өндүрүлгөн өлкө;
- алкоголдук продукциянын коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсү;
- алкоголдук продукция шайкеш келүүгө тийиш болгон талаптарга техникалык регламент;
- керектөөчү идиштеги алкоголдук продукциянын көлөмү;
- алкоголдук продукциянын даамына жана жытына таасир берүүчү негизги кошулмалардын аталышы;
- даярдалган күнү жана пайдалануу мөөнөтү же пайдалануунун акыркы мөөнөтү;
- кубаттуулугу, процент менен;
- сактоо шарты.
Ушул пунктта саналган маалыматты камтыбаган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
269. Көрсөтүлгөн маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте керектөөчүгө жеткирилет.
270. Алкоголдук продукцияны чекене сатуу товардык-транспорттук накладной болгон учурда гана ишке ашырылат:
271. Ордунда керектеген алкоголдук продукцияны чекене куюп сатуу ишкердик субъекттери тарабынан жүргүзүлөт:
- коомдук тамактануу объектилеринде;
- өндүрүштүк ишканалардын аймагында жайгашкан коомдук тамактануунун атайын тармагындагы ресторандарда, кафеде, барларда;
- үйлөнүү тойлорунда жана башка салтанаттарда калкты тейлөө учурунда өнөр жай ишканаларынын, мекемелердин жана уюмдардын ашканаларында.
272. Чекене сатылып жаткан алкоголдук продукция, товардык-транспорттук накладной жок учурда, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү продукция деп эсептелет.
273. Алкоголдук продукцияны шаарларда чекене сатууну ишке ашыруучу соода субъекттеринде, мындай максаттар үчүн стационардык соода жана кампа жайлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кассалык аппараты болушу керек.
274. Витринага коюлган алкоголдук продукциялардын үлгүлөрүндө, ичимдиктин аталышын, идиштин сыйымдуулугун жана баасын көрсөткөн баа көрсөткүчтөрү болушу керек.
275. Коомдук тамактануу объектилеринде сатылуучу шампанга жана башка игристый винолордун (мускат игристый, цимлян игристый), баасынын менюсунда бөтөлкөнүн сыйымдуулугу көрсөтүлөт. Коомдук тамактануу уюмдарында көрсөтүлгөн ичимдиктерди сатуу (шампанды сатуу боюнча атайын барлардан тышкары) идиши менен жүргүзүлөт.
276. Жеринде керектелген алкоголдук ичимдиктерди куюп сатуучу соода субъекттери, жетиштүү санда дозалоочу аппараттар же өлчөөчү идиш, жууп-тазалоочу ыңгайлуулуктар жана башка инвентарлар менен камсыз болушу керек.
277. Алкоголдук продукцияны куюп берүүдө пайдаланылган идиш таза сууга жуулушу керек, мензуркалар, стакандар, чөйчөктөр жана башка идиштер таза түрүндө түбү жогору каратылып атайын табактарда сакталышы керек.
Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
278. Жасалмаланган жана сапатсыз алкоголдук продукцияларды сатып өткөргөн учурларда аларды алмаштыруу жүргүзүлөт жана бул учурда күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
279. Соода иш-аракеттеринин субъекттери, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан, Кыргыз Республикасында алкоголдук продукция менен чекене соода жүргүзүү Эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле аны сактоо тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
280. Сапаты туура келбеген алкоголдук продукция сатылган сатып алуучу, мындай товарды талаптагыдай товарга өзүнүн тандоосу боюнча алмаштырууну талап кылууга же болбосо чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай учурда сатып алуучу сатылып алынган талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүүгө тийиш.
281. Товар үчүн төлөнгөн акча суммасын сатып алуучуга кайтарып берүү учурунда сатуучу, товарды толук же айрым бөлүгүн пайдалангандыгы үчүн товардын наркы төмөндөгөндүгүнө, товардык көрүнүшүн жоготконуна же башка ушул сыяктуу абалдарда андан сумманы кармап калууга укугу жок.
282. Товарды сатып алуу фактысын жана шартын күбөлөндүрүүчү, кассалык же товардык чектин же болбосо башка документтин сатып алуучуда жоктугу, анын талаптарын канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт, анткени мындай документтердин жоктугу чекене сатып алуу-сатуу келишимин түзүлгөндүгүн далилдөөдө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө шилтеме берүүгө анын мүмкүнчүлүктөрүн чектебейт.
283. Ушул Эрежелердин сакталышына контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органдар ишке ашырат.
284. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын "Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" мыйзамына жана тамекиге каршы күрөш боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) алкактуу конвенциясына ылайык иштелип чыккан.
285. Бул эрежелер сигареталарды, папиросторду, сигарларды, түтүкчө тамекилерди, жыттоочу, соруучу, чайноочу жана тамекиден жасалган башка буюмдарды жана аларды алмаштыруучуларды (мындан ары - тамеки буюмдары) чекене сатуу тартибин аныктайт.
286. Эреже тамеки буюмдары сатылган сооданын, коомдук тамактануу объектилерине жана чекене соода тармагына таркатылат, ушул Эрежелерден 289-пунктунда көрсөтүлгөн соода ишканаларынан тышкары.
287. Тамеки буюмдарын сатуу соода объектинин (дүкөн, супермаркет, гипермаркет, гастроном ж.б.) адистешкен бөлүмдөрүндө жана/же ушул Эрежелердин 289-пунктуна ылайык майда чекене соода тармактарынын пункттарынан сатуу тыюу салынгандан башка алкоголдук продукция сатууну ишке ашыруучу соода объекттеринин бөлүмдөрүндө жүргүзүлүшү керек.
288. Төмөнкүдөй тамеки буюмдарын сатууга жол берилет:
- техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги дал келген, бекитилген эрежеде жазылган шайкештик сертификаты бар, шайкештик сертификатынын көчүрмөсү, же декларациянын шайкештиги жөнүндө. Шайкештик сертификаты сатып алуучунун талабы боюнча берилиши керек:
- техникалык регламенттин талаптарына ылайык санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен рецептура жана технологиялык инструкциялар боюнча даярдалган тамеки буюмдары;
- кутусунда (таңгакта) Кыргыз Республикасынын "Тамекинин зыяндуу таасирлеринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 11-статьясынын талаптарына ылайык алдыңкы жана арткы бетинин 40 процентин ээлеген (текст жана сүрөт жана/же пиктограммалар) медициналык эскертүүсү бар тамеки буюмдарын сатууга жол берилет.
289. Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки буюмдарын төмөнкү учурларда сатууга тыюу салынат:
- он сегиз жашка чыга электерге, талаш пайда болгон учурда сатып алуучу, анын жашын далилдөөчү документ көрсөтүүгө милдеттүү;
- он сегиз жашка чыга электердин сатуусуна;
- саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарынын имараттарында, дене-тарбия жана ден соолук чыңдоочу жана спорттук курулмаларда, стадиондордо жана 100 метрден кем эмес радиуста жайгашкан жерлерде жана соода объекттеринде;
- Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
- алардын курамында жол берилген ченемден жогору уулуу заттар камтылган учурларда;
- пачкада (таңгакта) "Тамеки продукциясы жөнүндө" техникалык регламенттин жана Кыргыз Республикасынын "Тамекинин зыяндуу таасирлеринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарына ылайык медициналык эскертүүсү болбосо;
- пачкада жана кутучада (таңгакта) тамеки буюмдарынын мүнөзү жана анын ден соолукка таасири, ошондой эле бул тамеки буюму башка тамеки буюмдарына караганда зыяндуулугу төмөн экендиги жөнүндө тике же кыйыр таасир түзө турган "чайырдын төмөнкү өлчөмү менен", "жеңил", "абдан жеңил", "аябай жеңил", "жумшак" деген жазуулары бар болсо;
- кутуда 20 даана сигареттен кем болсо, же аларды бирден сатууга тыюу салынат.
290. Кыргыз Республикасынын акциздик маркаларысыз тамеки буюмдарын өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга тыюу салынат.
291. Тамеки продукциясын сатууну ишке ашырган соода объекттеринде, сатып алуучулар менен эсептешүүчү жерлерде сатып алуучулар үчүн (товар сатып алып жаткан же товар сатып алууга ниеттенген жактарга) көрсөтмөлүү жана жетиштүү түрдө тамеки тартуунун зыяны жөнүндө медициналык эскертүүнү жана 18 жашка жете элек жактарга тамеки буюмдарын сатып алууга тыюу жөнүндө маалымат жайгаштырылышы керек.
292. Кыргыз Республикасынын "Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесине ылайык тамеки продукциясы менен соода жүргүзүүчү соода объекттеринде тамеки продукциясынын жарнамасы А3 форматынан чоң эмес өлчөмдө маалыматтык баракчалардын же плакаттардын түрүндө уруксат берилет. Соода объектинин ичиндеги ар бир жарнамалык плакат бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолушу керек жана жарнамалык тактанын 40 процентинен кем эмес аянтты ээлеш керек.
293. Товарлардын үлгүлөрү аталышын жана баасын көрсөтүү менен баа көрсөткүчтөрү менен жабдылышы керек. Коомдук тамактануу жайларында тамеки продукциялары менюда аталышы жана 1 кутучанын баасы көрсөтүлүшү керек.
294. Коштоочу документтер толук жок болгон же айрымдары жок болгон учурда чекене сатуу ишке ашырылып жаткан тамеки буюмдары мыйзамсыз жүгүртүүдөгү буюмдар деп эсептелет.
295. Кыргыз Республикасынын "Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" мыйзамдын нормаларын жана ушул эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
296. Бул эрежелердин сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдар ишке ашырат.
297. Менчиктин бардык формасындагы соода объекттеринде нан жана нан азыктарын сатууга атайын ылайыкташкан жана фирмалык нан жана нан-кондитердик дүкөндөрүндө, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана универсамдардын нан бөлүмдөрүндө, нан жана азык-түлүк чатырларында, павильондордо (мындан ары - нан сатуу боюнча соода объекттери) жүргүзүлөт.
298. Нан сатуу объекттеринде баштыкка салынган жана чапталган кант, варенья, повидло, джем, бал, чай, кофе, какао, ал эми кафетерийлери бар соода объекттеринде, ошондой эле ысык ичимдиктер (чай, кофе, какао, сүт), өздүк өндүрүштөгү ун азыктарын, куюп берме ширелерди жана суусундуктарды сатууну жүргүзүүгө болот.
299. Нан жана нан азыктарын сатып өткөрүү, аныкталган тартипте берилген, продукциянын сапатын күбөлөндүрүүчү документтердин толук учурунда ишке ашырылат.
Кабыл алуу жана сактоо
300. Нанды жана ар түркүн нан азыктарын ташып келүү түзүлгөн келишимге ылайык нан сатуу боюнча соода иш-аракеттеринин субъекттеринин табыштамасы боюнча жүргүзүлөт. Ташып келүүнүн графиги нанды сатуу боюнча соода объектинин иш убактысынын ичинде нан жана нан азыктары менен соода жүргүзүүнү үзгүлтүксүз камсыз кылышы керек. Жасап чыгаруучу - ишкана нандын жана нан азыктарынын белгиленген талаптарга ылайыксыз жана тамак аш продуктыларын ташуу үчүн багытталбаган транспорт менен жеткирилгендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
301. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарынын шайкештиги, чыгарылган күнү жана убактысы милдеттүү көрсөтүлгөн товарлардын коопсуздугу жөнүндө тиешелүү коштоочу документтери бар продукция кабыл алууга жатат.
302. Нан жана ар түркүн нан азыктарын кабыл алуу үчүн анын алкагы же терезеси (люктары) түздөн-түз кладовыйга бириккен товар түшүрүүчү аянтчаны түзүү зарыл, ал лотоктор үчүн текчелер менен жабдылган болушу керек.
303. Нан жана нан азыктарын түнкүсүн жеткирген учурда, сапаты боюнча өткөрүп алуучу адамдын жоктугуна байланыштуу, саны жана салмагы боюнча кабыл алуу бир убакта кабыл алынуу менен жүргүзүлөт, ал эми сапаты боюнча кабыл алууну ишкананын ачылаар алдында жүргүзүүгө болот.
304. Нан менен соода жүргүзгөн соода объектилерде нандын жана нан азыктарынын кору таза, кургак, жакшы желдей турган жана бир калыптагы температурада болгон имаратта сакталышы керек.
305. Нан жана нан азыктарын сактоо үчүн имарат товар коюлуучу идиштер менен жабдылып, нанды кесүү үчүн столдору болушу керек.
306. Нан жана нан азыктары, нан менен соода жүргүзгөн соода объектилеринде кошумча чарбалык имараттарында жабык шкафтарда, стационардык же жылдырып жүрүүчү текчелерде жана идиш-жабдууда сакталат.
307. Нан жана ар түркүн нан азыктарынын сапатын сактоо үчүн, таза кездемеден жасалган каптагыч же жабуулар менен кымтылап коюу керек.
308. Кургатылган нандар жана баранка азыктары нан жана нан азыктарынан өзүнчө бөлүнүп текчелерде же шкафтарда коюлган ящиктерге же капка салынып, ошондой эле таңгакталган түрүндө идиш-жабдууда сакталат.
309. Нан жана нан азыктарын имараттын дубалына жөлөп үйүлгөн түрүндө, кошумча чарбалык имаратта аралыгы полдон 35 см кем жана соода залында 60 см кем жайгашкан товардын алдына коюлуучу тактасы жок полго же текчелерге тизип коюуга, сактоого жол берилбейт.
310. Нан жана нан азыктарын курч жана абдан жыттуу (балык, сельд, тамеки, самын, парфюмерия ж.б.) товарлар менен бирге сактоого тыюу салынат.
311. Нан жана нан азыктарын жыйыштыруунун тыгыздыгы жана ыкмасы нандын товардык көрүнүшүнүн сакталышын камсыз кылышы керек.
Ушул максатта төмөнкүдөй жыйыштырылат:
- формага салынган нан - бир же эки катарда каптал же төмөнкү кыртышынан;
- бөлкө нан жана нан азыктары (сүйрү бөлкө, хал, бөлкөлөр ж.б.) лотоктун каптал же арткы кырына кыйшайтуу менен төмөнкү же каптал менен бир катарга;
- майда булочка нан азыктары 200 граммга чейинки салмактагылар кошулуп жана май токочтор - төмөнкү сыртынан бир-эки катарга, ал эми кооздолгон азыктар үстүнкү сыртынан бир катарга;
- улуттук нандар (лепешка, армян жана грузин наны) сууганча төмөнкү же каптал жагынан катарга, ал эми суугандан кийин үч-беш катарга чейин.
312. Нан жана нан азыктарын атайын ылайыкташтырылбаган транспорт менен жеткирген учурда, аларды нан бышыруучу жайдан салып келген ящиктерде же корзиналарда сактоого жол берилет; ошону менен бирге нандар идишке тигинен бир катарга, товардын формасын жана көрүнүшүн жоготууга алып келүүчү тыгып салуусуз, идишке тизилиши керек. Нанды жүргүнчү ташууга жана жеке максаттарга колдонулуучу транспорт менен ташууга тыюу салынат.
Нанды сактоо үчүн жабык идиштерди күнүгө 1-2 саатка желдетүү жана 7 күндө 1 жолудан көп эмес самындап жууп, андан соң уксус кислотасынын 1 проценттик аралашмасы менен сүртүп жана кургатуу керек.
313. Торт жана пирожныйды сатууда нан менен соода жүргүзгөн соода объектиси муздатуучу жабдууларга ээ болушу керек.
Нан жана нан азыктарын сатууга даярдоо
314. Сатуучулардын жумушчу орунунда сатып алуучулар тарабынан өз алдынча товарды тандоо үчүн дайындалган шкафтарда, текчелерде жана башка жабдууларда нан жана нан азыктары соода башталганга чейин жетишээрлик санда жана ассортиментте жайгаштырылышы керек.
315. Идиш-жабдууда өзүн-өзү тейлөө соода объектине түшкөн нан жана нан азыктары түздөн-түз ошол идиштен сатылат, идиш-жабдууну орнотуу сатып алуучуларга товарды бир тарабынан алууну гана камсыз кылышы керек.
316. Баранкалык, катырылган жана кондитердик азыктар өзүн-өзү тейлөө соода объектинин соода залына, техникалык регламенттери уруксат берилген тамак-аш продуктылары үчүн кагаздан же полимердик пленкадан жасалган пакетке салыштырылып жана таңгакталып берилет.
317. Прилавкалардын витриналарына нан жана нан азыктарынын сатууда болгон бардык түрлөрү баасынын жарлыгы менен коюлат.
318. Өзүн-өзү тейлөө соода объектилеринде баанын жарлыгы нан жана ар түркүн нан азыктары жайгашкан жабууга тагылат.
319. Диеталык ар түркүн нан азыктары өзүнчө текчелерге жайгаштырылат, баа көрсөткүчүнөн тышкары аларды пайдалануу боюнча аннотация илинет.
Нан жана нан азыктарын сатуу
320. Нан жана нан азыктарын сатуу аракеттери ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
321. Нан жана нан азыктары менен соода жүргүзүү боюнча соода объектилеринде ал үчүн аныкталган иштөө сааттарынын ичинде нан жана нан азыктары тиешелүү ассортиментте сатууда болушу керек.
322. Нан жана нан азыктары, нан менен соода жүргүзгөн соода объектилеринде мештен чыккандан кийин даярдоочунун көрсөткөн убактысынан ашпастан сатууда болот.
323. Бул мөөнөттөрдүн бүтүшү менен нан жана нан азыктарын сатууга тыюу салынат.
324. Өзүн-өзү тейлөө методун колдонгон соода объекттеринде сатып алуучулар нан жана нан азыктарын тандап алуу үчүн металл кыпчуурлар, калактар жана кылдат кесилип атайын кутуга салынган таза кагаздар болушу керек.
325. Сатып алуучунун каалоосу боюнча дааналанган салмагы 0,4 кг же андан ашкан (таңгакталгандан тышкарылар) нан жана нан азыктарын, тең 2-4 бөлүккө кесүүгө жана аларды таразага тартпастан сатууга уруксат берилет.
326. Нанды кесүү үчүн нанды күкүмдөтпөй тез жана түз кесүү үчүн дайыма мыкты курчутулган нан кесүүчү рычактуу же кол бычактар колдонулат.
327. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына туура келбеген нан жана ар түркүн нан азыктарын, ошондой эле туура эмес сакталгандыктан бузулган белгиси менен сатууга тыюу салынат.
328. Сапатсыз нан жана нан азыктарын саткан учурда нан сатуу боюнча соода объектинин кызматкерлери сатып алуучунун талабы боюнча каршылык көрсөтпөстөн аларды сапаттуусуна алмаштырууга же акчасын кайтарып берүүгө милдеттүү; сатып алуучу тарабынан кайтарылып берилген нан жана нан азыктары санитардык брак деп эсептелет.
329. Нан жана нан азыктарын колдон, лотоктордон, корзинадан, чиркегичтен сатууга тыюу салынат.
330. "Картошка оорусу" менен ооруган нан жана ар түркүн нан азыктары сакталган текчелер, шкафтар, лотоктор, идиш-жабдуулар уксус кислотасынын 1 процент аралашмасы менен самындалган ысык суу менен кылдат жуулат. "Картошка оорусу" менен ооруган нан жана нан азыктары белгиленген тартипте жараксыздыкка чыгарылышы жана жок кылууга дуушарланат.
331. Нан жана нан азыктарын сатуу боюнча соода объектилеринде сатып алуучуга сатылып жаткан продукция жөнүндө маалымат көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү формада берилиши керек: даярдоочу ишкананын аталышы; нан жана нан азыктарынын ассортименти; салмагы (четтөө); баасы; мештен чыккан күнү жана убактысы; сатып өткөрүү мөөнөтү; нандын азыктык жана кубаттуулук баалуулугу жөнүндө маалымат.
Санитардык талаптар
332. Нан жана ар түркүн нан азыктарын сатуу боюнча соода объектилеринин кызматкерлери түшүрүү, жыйноо, тизүү, кесүү жана сатуу учурундагы иштер үчүн ак түстөгү санитардык кийимди жана тазалоо жумуштары үчүн атайын кийимди кийиши керек.
333. Нан жана соода жүргүзгөн соода объектилеринин түздөн-түз продукция менен иштеген бардык кызматкерлери милдеттүү профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталган мөөнөттө медициналык кароодон жана бациллосу бар-жоктугу текшерүүсүнөн өтүүгө милдеттүү. Медициналык кароодон өз учурунда өтпөгөн кызматкерлер жумушка киргизилбейт.
334. Нан жана нан азыктарын чогултуу үчүн жумуш бүткөн соң, ал эми (жерге түшүп кеткенде, булганганда жана башка учурларда) жумушчу күндүн аралыгында зарыл болгон учурда ысык суу менен таза жуулуп, сүртүп кургатылат.
335. Нан менен соода жүргүзгөн соода объектилеринде санитардык эпидемиологиялык кызмат органдарынын санитардык текшерүүлөрүнүн көрсөтмөсү жана сунушу жазыла турган санитардык журнал болушу керек.
336. Ушул Эрежелер менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында зер буюмдары менен чекене соода жүргүзүү жаатында ишкердик субъектилеринин ишине негизги талапты регламенттейт, зер жасалгалары, алтын, күмүш, платина, палладий жана алардын эритмелеринен жасалган тиричилик багытындагы буюмдар, ошондой эле ченем куймалар жана баалуу жана жартылай баалуу таштардан жасалган буюмдар таандык болгон зер буюмдарын сатып алуу жана сатуу боюнча сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы мамилени жөнгө салат.
337. Баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдарды сатуу ишкердик субъектилерине аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген каттоонун көчүрмөсү бар учурда уруксат берилет.
338. Баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдарды кабыл алуу жана сатып өткөрүү дайындалган материалдык жоопкер адам тарабынан ишке ашырылат.
339. Соода объектисинде зер буюмдарды ыңгайлуу көрсөтүү камсыз кылышы керек. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар витриналарда төмөнкүчө топтоштурулат:
- металлдын теги боюнча (алтын буюмдар, күмүш буюмдар, платина буюмдар);
- пробасы боюнча;
- өндүрүүчү өлкөлөр боюнча.
340. Соода объектинде көрүнүктүү жерге илиниши керек:
- баалуу металлдардан жасалган буюмдар үчүн Кыргыз Республикасында аныкталган пробалар жөнүндө маалымат;
- мамлекеттик пробирлөөчү эн тамганын сүрөтү;
- баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдар менен соода жүргүзүү укугуна ишкердик субъектилерине аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органында катталгандыгы жөнүндө көчүрмө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соода жана соода-өндүрүштүк иши боюнча ченемдик актылардан көчүрмө жана башка маалымат.
341. Ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдарды сатуу аларда даярдоочунун атынын оттиски жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирлөө эн белгисинин оттиски бар учурда гана ишке ашырылат.
342. Сатуу үчүн коюлган баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдар, буюмдун аталышын, даярдоочу өлкөнү, пробасын, буюмдун грамм өлчөмүндөгү салмагын, буюмдун өлчөмүн, вставканын түрү, буюмдун 1 грамм үчүн баасын жана буюмдун жалпы баасын көрсөтүлгөн жарлыгы болушу керек.
343. Баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдарды тандоо учурунда зарылчылыгына жараша сатуучу адистик жардамды жана кеңешти камсыз кылат.
344. Сатып алуучунун талабы боюнча ал тарабынан сатылып алынган баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдар текшерүү таразасына тартылышы керек. Соода орунунда колдонулуучу тараза таштары, гирлер жана башка өлчөм каражаттарынын мамлекеттик текшерүү жөнүндө белгиси болушу керек.
345. Баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдардын келип түшүүсүн жана сатып өткөрүүнү каттоо аныкталган (Баалуу металлдар башкармалыгы тарабынан) үлгүдөгү тиешелүү документтердин негизинде (сатып өткөрүү боюнча каттоо журналдары, квитанциялар, накладнойлор ж.б.) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
346. Ишкердик субъектилери ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
347. Ушул Эрежелердин сакталышына контролдукту Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы ишке ашырат.
348. Баалуу металлдарды, таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу соода иш-аракеттеринин субъекттери тарабынан уюштурулат.
349. Баалуу металлдарды жана таштарды сатып алууну буюмдарды сатып алууну жүргүзгөн пункттар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органында белгиленген тартипте катталат.
350. Баалуу металлдардын пробасын аныктоо жана баалуу буюмдарды таразага тартуу үчүн сатып алуу пунктунда төмөнкүлөр болушу керек:
- калктан сатылып алынган буюмдарда жана сыныктарда баалуу металлдарды, баалуу жана жарым-жартылай баалуу таштарды, ошондой эле металлдардын пробаларын аныктоо үчүн химиялык реактивдер;
- иштөө мөөнөтү көрсөтүлгөн мамлекеттик текшерүү жөнүндө тиешелүү күбөлүгү бар, баалуу металлдарды жана баалуу таштарды ченөөчү жана өлчөөчү тараза таштары, гирлер, лупалар, каратченегичтер жана башка каражаттар.
351. Баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюмдарга жана сыныктарга сатып алуу баасы келишимдик негизде аныкталат.
352. Сатып алуу пункттары калктан төмөнкүлөрдү сатып алат:
- баалуу таштарды (бриллианттар, изумруддар, сапфирлер, рубиндер), янтарь, табигый бермет жана андан жасалган буюмдар;
- жартылай жана жылмаланган кооз таштар (аметистер, топаздар, хризопраздар, аквамариндер, агаттар, сердолик, малазит, нефрит ж.б.) жана алардан жасалган буюмдар;
- синтетикалык таштар жана алардан жасалган буюмдар;
- кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдар, зергердик (тиричилик) буюмдарынын сыныктары;
- курамында баалуу металлдар бар монеталар;
- баалуу металлдардан жасалган тиш протездер, мурда колдонулган, тазаланган түрүндө;
- алтындан, күмүштөн жасалган советтик ордендер жана медалдар ж.б.;
- баалуу металлдар уютмалар.
353. Сатып алуу пункттарына төмөнкүлөрдү сатып алууга тыюу салынат:
- алтын, платина, палладий, күмүш уютмасын, шлих, пластинка түрүндө, уютма, проволка, лабораториялык идишти;
- техникалык багытта чыгарылган сусалдык алтын жана башка жартылай даярдалган заттарды;
- 1992-жылдан тартып чыгарылган Кыргыз Республикасынын алтын, күмүш ордендери жана медалдары;
- пробирдик эн белгинин оттиски жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;
- тарыхый жана археологиялык баалуулук болуп эсептелген баалуу металлдардан жана баалуу таштардан жасалган буюм-тайымдар;
- паспорту же аны алмаштыруучу документи жок адамдардан баалуу нерселерди;
- мамлекеттик жана коомдук ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин баалуулуктарын.
354. Баалуу буюмду сатуучу тапшырып жаткан баалуу металлдардын жана баалуу таштардын салмагын туура өлчөнгөндүгүнө ишенимдүү болгудай жерге тараза орнотулушу керек.
355. Баалуу буюмдарды таразага тартуу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- алтын, платина, палладий жана алардан жасалган буюмдар - 0,01 г чейин;
- күмүш жана күмүштөн жасалган буюмдар - 0,1 г чейин;
- алкагы жок баалуу таштар - 0,01 каратка чейин;
- жартылай баалуу жана синтетикалык таштар - 0,01 г чейин;
- жылмаланган таштар - 0,01 г чейин.
356. Сатып алуу учурунда буюмдан чыгарууга мүмкүн болбогон же максаттуу түрдө буюмдан чыгарылган таштар карат ченегич аркылуу так 0,1 г каратка чейин аныкталат.
357. Баалуу буюмдарды сатуу учурунда жарандар сатып алуу пунктуна паспортун же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
358. Сатып алуу баалуу буюмду сатуучунун катышуусунда жүргүзүлөт (пробасын аныктоо, таразага тартуу, штифтерди алып салуу).
359. Баалуу буюмдарды баалоо келишимдик баанын негизинде жүргүзүлөт.
360. Юридикалык жактардан баалуу буюмдарды сатып алуу учурунда аныкталган үлгүдө квитанция толтурулат, ал эми жеке адамдардан сатып алынып жаткан баалуу буюмдардын эсебин каттоо журналына (форма № 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
361. Көлөмү чоң бриллианттар (1 караттан тартып андан жогоркулар), орточолору (0,50 тартып 0,99 каратка чейин) ар бир таш боюнча анын аталышы, сатып алуу баасы, салмагы өзүнчө жазылат.
362. Айланасы роза түрүндөгү алмаздар, 0,49 каратка чейинки майда бриллианттар жана айланасы жөнөкөй бриллианттар алардын санын, салмагын, карат үчүн сатып алуу баасын жана наркынын жалпы суммасын көрсөтүү менен сатып алуу баасынын аталышы боюнча жазылат.
363. Изумруддар, сапфирлер жана рубиндер:
- 1 каратка чейинки салмактагылар сатып алуу баасын, санын, салмагын, карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат;
- салмагы 1 каратка чейинкилер жана андан жогоркулар аталышы, салмагы, карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен ар бир таш жазылат.
364. Бермет:
- ориенталь жана дарыя бермети көрүнүшү, данынын саны, салмагы, карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен жазылат;
- табигый кафим жана өстүрүлгөн бермет сырткы түрүнүн көрүнүшү, салмагы, грамм үчүн сатып алуу баасын жана суммасы боюнча жазылат.
365. Жартылай баалуу жана жылмаланган таштар салмагын, грамм үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат.
366. Рак кабынан колго жасалган таштар, баалуу металлдардан жасалган алкактуу жартылай баалуу жана жылмаланган таштар баалуу металлдардын граммы үчүн салмагын көрсөтүү менен аталыштары боюнча жазылат.
367. Сатылып алынган баалуу буюмдар таризделет жана аныкталган тартипте андан ары сатууга же сактоого берилет.
368. Сатылып алынган баалуу буюмдарын квитанциясы таризделбестен же сатып алуу боюнча каттоо журналына жазбай туруп сактоого тыюу салынат.
369. Юридикалык жактын сатып алуучусу сатылып алынган баалуу буюмдарды квитанцияга (форма № 2) ылайык жазат, ал эми жеке адамдар сатып алуу боюнча каттоо журналына (форма № 3) жазат.
370. Сатып алуу ишине контролдук Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
Форма № 1
┌──┬──────────┬────────────────────┬───────────┬───────────┬──────────┐
│№ │ Күнү │ Келип түшкөн булагы│ Буюмдун │ Салмагы │ Пробасы │
│ │ │ (тапшыруучунун │ аталышы │ (гр) │ │
│ │ │аты-жөнү, паспорттук│ │ │ │
│ │ │ маалыматтары) │ │ │ │
├──┼──────────┼────────────────────┼───────────┼───────────┼──────────┤
└──┴──────────┴────────────────────┴───────────┴───────────┴──────────┘
┌───────────┬───────────┬────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐
│ Саны │ Суммасы │Кабыл алууда│ Сатылып │Кайтарылып│Эскертүү │
│ (даана) │ │коюлган колу│өткөрүлгөнү│берилгени │ │
├───────────┼───────────┼────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤
└───────────┴───────────┴────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘
Форма № 2
Сатып алуу пункту ______
Шаары ___________
Сатылып алынган баалуу буюмга
КВИТАНЦИЯ
200_-ж. "__" ________
Сатылып алынды Жаран _____________________________________________
(Аты-жөнү)
Дареги ___________________________________________________________
Паспорттун сериясы _____________ № _______________________________
берилген _________________________ 200_-ж.
(берилген күнү)
┌──────────────┬─────────┬────────┬────────┬─────────┬───────┬────────┐
│Баалуу буюмдун│ Пробасы │ Саны │ Жалпы │Граммдагы│Келишим│Төлөнүп │
│ аталышы │ │(даана) │салмагы │ же │ баасы │берилген│
│ сүрөттөлүшү │ │ │(грамм) │караттагы│ │ сумма │
│ │ │ │ │ салмагы │ │ │
├──────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼───────┼────────┤
└──────────────┴─────────┴────────┴────────┴─────────┴───────┴────────┘
Сатып алуу наркы _________________________________________________
Баалоону жүргүздү ________________________________________________
Квитанцияда көрсөтүлгөн баалуу буюмду
кабыл алды ____________________________________________________________
Баалоо менен макулмун _________________ жана _____________________ суммадагы акчаны ______________________________________________________
(жазуу түрүндө)
алдым _________________ Акчаны төлөп берди ________________________
(колу) (колу)
Форма № 3
┌─┬─────┬─────────┬──────┬─────┬─────────┬─────────┬─────┬──────┬─────┐
│№│Күнү │Тапшыруу-│ Буюм │Сынык│Граммдагы│Граммдагы│Про- │Сумма-│Кабыл│
│ │ │ чунун │ │ │ салмагы │ же │басы │ сы │алуу-│
│ │ │аты-жөнү │ │ │ │караттагы│ │ │дагы │
│ │ │(паспорт-│ │ │ │ салмагы │ │ │колу │
│ │ │ тук │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │маалымат-│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ тары) │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴─────┴─────────┴──────┴─────┴─────────┴─────────┴─────┴──────┴─────┘
┌──────────┬──────────────┬─────────┬───────┬───────┬────────┬────────┐
│ Сатууга │Кимге берилген│ Саны │Пробасы│ Грамм │Суммасы │ Кабыл │
│ берилген │ (аты-жөнү) │ даана) │ │ үчүн │ │алуудагы│
│ күнү │цехке же сатып│ │ │ баасы │ │ колу │
│ │ өткөрүүгө │ │ │ │ │ │
└──────────┴──────────────┴─────────┴───────┴───────┴────────┴────────┘
371. Текстиль товарлары (кездеме жана кездеме эмес материалдар жана алардан буюмдар), трикотаж буюмдары, тигүү товарлары (кийим, ич кийим, баш кийим), мех буюмдар жана бут кийимдер соода залына берүүгө чейин сатуу алдындагы даярдыктан өтүшөт, ал:
1) таңгакты ачуу, сорттоо жана товарды текшерүүнү;
2) товардын сапатын (сырткы белгилери боюнча) жана керектүү маалыматтардын бар болуусун текшерүүнү;
3) зарыл болгон учурларда буюмдарды тазалоону жана үтүктөөнү жана алардын чакан оңдоосун камтыйт.
372. Сатуу үчүн сунушталган товарлар түрлөрү, моделдери, өлчөмдөрү боюнча топтоштурулат жана товардык залда көрсөтүүгө коюлат. Сооданын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен соода залында сатууга сунуш кылынган товарлардын үлгүлөрү көрсөтүлүп коюлган, алар боюнча сатып алуучуга ага керектүү товарды тандоо жана сатып алуу мүмкүндүгү сунуш кылынат.
373. Эркектер, аялдар жана балдар үчүн трикотаждык, тигүү, мех товарлары жана бут кийимдери соода залында өзүнчө жайгаштырылат.
374. Кездемелер түрлөрү жана алар өндүрүлгөн буланын түрү боюнча, мех товарлары - мехтин түрлөрү боюнча топтоштурулушат.
375. Кездеменин ар бир үлгүсүн алар өндүрүлгөн буланын проценттик курамы (содержание) жөнүндө маалымат, ал эми мехтен - мехтин түрлөрү жөнүндө маалымат коштошу керек.
376. Товарлар өзүнүн аталышы, артикулы, баасы, өлчөмү (кийим, ич кийим жана башка тигүү буюмдары, бут кийим, баш кийим) жана бою (кийим жана ич кийим).
377. Сатуучу сатып алуучуга тигүү, үстүнкү трикотаж буюмдарын, баш кийимди, мех товарларын жана бут кийимди ченөө үчүн шарттарды түзүп берет. Бул максатта соода залдарында күзгүсү бар ченөө кабиналарын куруу, банкетка жана отургучтарды, жана ошондой эле астына койгучтары менен жабдыктоо керек.
378. Сатып алуучуга жүн кездемелерин, ватинди жана башка оор кездемелерди сатууда ченөө текчеде (столдо) бүгүлбөгөн эркин жаткан кездемеге катуу стандарттык метрди коюу жолу менен ишке ашырылат. Жука жана жеңил кездемелер кездемени эркин, метрге тыкыз тартпастан текчеге кездемени ыргытуу жолу менен катуу стандарттык метри менен ченелишет.
379. Жүн кездемелери жана трикотаж болотнайынан тышкары кездемелердин бардык түрлөрүн ченөө кездемени бир капталында эн белги коюлган металл ченөө лентасы орнотулган текчеге (столго) коюу ыкмасы менен жүргүзүлөт.
380. Эгерде фабрикалык жасалгасы бузулса жана белги кездеменин ич жагына коюлбаса фабрикалык ярлыгы жана белгиси бар кездеменин тилкесин жана ошондой эле кездеменин кесиндисин сатууга жол берилбейт.
381. Сатуучу кездемени, кийимди, мех товарларын жана бут кийимдерди сатууда сатып алуучунун көзүнчө товардын сапатын (сырткы текшерүү жолу менен), ченемдин (санынын) тактыгын, сатып алуунун наркынын так эсептелишин текшерет.
382. Упаковка үчүн кошумча төлөмдү албастан, сатып алуучуга кездемелерди, кийимдерди, мех товарлары жана бут кийимдери таңгакталган түрдө өткөрүп берилет.
383. Шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан, балдар үчүн кийимдер жана бут кийимдер сатуу, сатуучуда шайкештиги жөнүндө сертификаттары же декларациялары бар учурда гана ишке ашырылат.
384. Тиричиликтик радио электрондук аппаратураларды, байланыш каражаттарын, эсептөө жана көбөйтүүчү техникаларды, фото- жана кино аппаратураларын, сааттарды, музыка товарлардын, электр тиричилик приборлорун, машиналарды жана инструменттерди жана ошондой эле тиричиликтик башка техникалык татаал товарларды колдонуу жөнүндө инструкциясы болушу керек жана соода залына же сатуу жайларына берүүгө чейин сатуу алдындагы даярдыктан өтүшөт: ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) товардын таңгагын ачуу, заводдук майлоону, чаңды, кырындыны алып салууну;
2) товарды текшерүү, атап айтканда буюмдун комплекттүүлүгүн, сапатын, көрсөтүлгөн керектүү маалыматтын бардыгын текшерүүнү;
3) зарылчылык болсо буюмдун чогултууну жана аны оңдоону.
385. Сатып алуучунун талабы боюнча сатуучу товардын түзүлүшү жана аракети менен тааныштырат, чогултулган, техникалык жакшы абалын көрсөтөт. Кошуу үчүн атайын жабдууну талап кылбаган товарлар иштеп жаткан абалында көрсөтүлөт.
386. Келишим боюнча сатуучунун функциясын аткаруучу сатуучу же уюм товарга тиркелген техникалык документация (техникалык паспорт, колдонуу инструкциясы) же стандарттардын талаптарына ылайык сатып алуучу менен өз алдынча чогултууга жана (же) кошууга жол берилбеген техникалык татаал товарды сатып алуучунун үйүндө чогултууну жана (же) орнотууну ишке ашырат.
387. Эгерде товарды чогултуунун жана (же) орнотуунун баасы товардын баасына кошулса, анда көрсөтүлгөн иштер сатуучу же тиешелүү уюм тарабынан акысыз аткарылат.
388. Товарды чогултуунун жана (же) орнотуунун баасы товардын баасына кошулбаган учурларда сатуучу товарларды сатууда көрсөтүлгөн иштерди аткарган уюмдар тууралуу сатып алуучуга маалымдайт.
389. Шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан, тиричилик багытындагы техникалык татаал товарларды сатуу, сатуучуда шайкештиги жөнүндө сертификаттары же декларациялары бар учурда гана ишке ашырылат.
390. Парфюмердик-косметикалык товарларды соода залына берүүгө чейин товарлар таңгактан чыгарылышат жана текшерилишет, товардын ар бир бирдигинин сапаты (тышкы белгилери боюнча) текшерилет.
391. Парфюмердик-косметикалык товарлар жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, конкреттүү товардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын дайыны, буюмдун курамына кирген ингредиенттер, аракети жана көрсөткөн натыйжасы, колдонуу үчүн чектөөлөр (каршы көрсөтмөлөр), колдонуунун ыкмалары жана шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
392. Сатып алуучуга товардын касиеттери (жыты, өңү, көлөмү жана башка) жана анын өзгөчө мүнөздөмөлөрү менен таанышууга мүмкүндүк берилет.
393. Товарды целлофан оромосу же фирмалык лентасы менен өткөрүп берүүдө, сатып алуучуга целлофанды жана фирмалык лентаны чечүү жолу аркылуу таңгактын ичин текшерүү мүмкүндүгү берилет. Товардын аэрозольдук таңгакчасы сатып алуучунун катышуусунда аэрозолдук таңгакча саткан адам тарабынан текшерилет.
394. Шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан, парфюмердик-косметикалык товарларды сатуу, сатуучуда шайкештиги жөнүндө сертификаттары же декларациялары бар учурда гана ишке ашырылат.
395. Ушул эрежелер авто унаалардын, автобустардын, мотоциклдердин, чиркегичтердин, жарым чиркегичтердин жана мотоколяскалардын, башка транспорттук каражаттарынын (мындан ары - транспорттук каражаттар) бардык типтеринин, маркаларынын жана моделдеринин жаңы, колдонулбаган жана катталбаган жана ошондой эле колдонууда болгон катары, жана ошондой эле кыймылдаткычтар, шасси, кузовдор, аларга рамалар (мындан ары - номурдук агрегаттар) жана запастык бөлүктөр менен жаңы, колдонулбаган жана катталбаган жана ошондой эле колдонулган катары чекене сооданы уюштуруу боюнча негизги талаптарды регламенттейт.
396. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу тыюу салынган транспорттук каражаттарды сатууга уруксат берилбейт.
397. 18 жашка чыга элек жактарга транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегаттарды, 16 жашка чейинки жактарга мототранспорттук каражаттарды жана номурдук агрегаттарды сатууга уруксат берилбейт.
398. Эрежелер транспорттук каражаттар, номурдук агрегаттар жана аларга запастык бөлүктөр менен соода кылган соода иш-аракеттеринин субъекттерине таркатылат.
399. Жеке жактар тарабынан аларга менчик укугунда таандык болгон жаңы жана колдонулган транспорт каражаттарын жана номерлүү агрегаттарды коммерциялык иш максатында эмес сатуу соода объекттери аркылуу, ошондой эле бүтүмгө катышкан тараптардын тең келишими боюнча белгиленген тартипте соода-сатыкты тариздөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
400. Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн ташылып келинген транспорттук каражаттар мыйзамда белгиленген бажылык таризделүүгө жатат. Тийиштүү документтери таризделбей келип түшкөн транспорттук каражаттар жана номерлүү агрегаттарды сатууга тыюу салынат.
401. Жаңы жана колдонулган транспорттук каражаттарды жана номерлүү агрегаттарды сатуу белгиленген тартипте катталган соода объекттери: транспорттук каражаттарды сатуу үчүн салондору бар (мындан ары - автодүкөндөр) адистештирилген дүкөндөр жана автоборборлор, соода үйлөрү, соода борборлору, ошондой эле адистештирилген авторыноктор аркылуу жүзөгө ашырылат.
402. Транспорттук каражаттарды жана номерлүү агрегаттарды белгиленбеген жерлерде сатууга тыюу салынат.
403. Транспорттук каражаттарды жана номерлүү агрегаттарды белгиленбеген жерлерде сатууну жүзөгө ашыруучу бардык соода объекттери тийиштүү сактоо шартына ээ болууга жана соода-технологиялык, өрткө каршы жана мындай түрдөгү объекттерди сатуу үчүн белгиленген башка талаптарга жооп берүүгө тийиш.
404. Авто өндүрүүчүнүн дилердик тармактар аркылуу сатылган жаңы транспорттук каражаттар жана алардын номерлүү агрегаттары түрлөрү жана көлөмү даярдоочу менен келишим боюнча аныкталуучу сатуу алдындагы даярдыктан өткөрүлөт.
405. Авто дүкөндөрдөгү сатуу алдындагы даярдык транспорттоо, сактоо жана колдонууга даярдоодо пайда болгон кемтиктерди, бузуктарды табуу жана жокко чыгаруу боюнча контролдоо-кароо түрүндө ишке ашырылат. Товардын сервистик китебинде же аны алмаштыруучу документте сатуучу ушундай даярдыкты жүргүзгөндүгү жөнүндө белги коюлат.
406. Сатып алуучуга товардын өткөрүп берүү менен катар өндүрүүчү тарабынан орнотулган шаймандардын комплекти жана документтер, сервистик китеп же аны алмаштыруучу документ жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн транспорттук каражатка карата менчик укугун далилдеген документ берилет.
407. Сатуучу товарды өткөрүп берүүдө сатып алуучунун көзүнчө товарды сатуу алдында жүргүзүлгөн иштердин сапатын жана ошондой эле транспорттук каражаттардын комплекттүүлүгүн текшерет.
408. Авто дүкөндүн сатуучу-консультанттары тиешелүү техникалык даярдыкка ээ болушу, транспорттук каражаттарды колдонуунун технологиясын билиши керек.
409. Сатуучу-консультант төмөнкүлөргө милдеттүү:
- маркалар жана моделдер боюнча транспорттук каражатка кыскача мүнөздөмө берүүгө, техникалык абалынын акты менен тааныштырууга (комиссиялык сатууда);
- сатып алуучу тандап алган транспорттук каражаттын ишке жөндөмдүүлүгүнө текшерип көрсөтүүгө;
- сатып алуучуну авто унааны колдонуунун эрежелери менен тааныштырууга;
- сатып алуучуну ченемдик жана укуктук документтерге негизделген укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга;
- сатып алуучуга сатуу алдында жүргүзүлгөн иштердин сапатын текшерүүгө, авто унаанын салонун карап чыгууга, аны кызыктыруучу түйүндөрдү жана агрегаттардын абалын текшерүүгө, квалификациялуу консультация алууга, авто унаанын жүрүш сапатына сыноону жүргүзүүгө мүмкүндүктү сунуш кылууга.
410. Заказ боюнча транспорттук каражаттарды сатууда авто дүкөн сатуу-сатып алуу келишимин белгиленген формадагы келишим менен каттоого милдеттүү. Сатуу-сатып алуу келишими төмөнкүдөй реквизиттерди камтышы керек:
- сатуучунун жана сатып алуучунун юридикалык дарегин (заказ берүүчүнүн фамилиясы жана аты-жөнү, анын телефону жана дареги);
- авто унаанын маркасы жана модели, негизги агрегаттардын номуру, авто унаанын км жалпы жүрүшү;
- келишимди каттоонун датасы, иштин жана заказдын башталыш жана аяктоо мөөнөттөрү (эгерде завод-өндүрүүчүдө заказга авто унааны тандоо боюнча кызматтар көрсөтүлсө), аванстын суммасы (толук сумма), заказды тез аткаруу үчүн сумма (эгерде кызматтын мындай түрү көрсөтүлсө);
- сатуунун кепилдик милдеттери;
- келишим менен аныкталган милдеттерди аткарбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн тараптардын милдеттери;
- башка реквизиттер.
411. Сатып алуу-сатуу бүтүм катталгандан жана акча төлөнгөндөн кийин сатып алуучуга өндүрүүчү-заводдун ченемдик-техникалык документтерине ылайык комплекттелген транспорттук каражат өткөрүлүп берилет жана төмөнкү документтер берилет:
- автомото транспорттук каражаттын комплектине кирген шаймандардын жыйыны, эгерде мындай топтом өндүрүүчү тарабынан каралган болсо;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (ЖККМБ) органдарында транспорттук каражатты каттоо үчүн негиз болгон белгиленген формадагы справка-эсеп;
- справка-эсептин номерин көрсөтүлгөн транспорттук каражат паспорту;
- сатуу алдындагы даярдык жөнүндө белги коюлган китепче;
- транспорттук каражатты тутуу жана колдонуу жөнүндө инструкция;
- керек болгон учурда транзиттик номур;
- кепилдүү тейлөөнү жана оңдоону ишке ашырган уюмдардын тизмеси;
- төлөм жүргүзүлгөндүгүн күбөлөндүрүүчү документ.
412. Номурдук агрегатты сатууда (кыймылдаткыч, шасси, кузов, рама) сатып алуучуга:
- акчаны алуу фактысын далилдөөчү документ;
- өндүрүүчү-завод тарабынан каралган техникалык документтер;
- ЖККМБ каттоо үчүн негиз болгон белгиленген формадагы справка-эсеп берилет.
413. Транспорттук каражатты катып алуу справка-эсеби сатып алуучу тарабынан жоготулган учурда авто дүкөн күбөлөндүргөн дубликат берилет.
414. Авто дүкөн сатып алуучуга, сатып алуучунун макулдугу менен, техникалык тейлөө, сактоо, транспорттук каражаттарды майлар жана майлоочу каражаттар куюу, коррозияга каршы иштетүү, дайындалган жерге транспорттоо ж.б.у.с. боюнча кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды сунуш кылат, жана ошондой эле кошо жүрүүчү товарларды (шаймандарды, чехолдорду ж.б.) сатууну ишке ашыра алат.
415. Колдонууда болгон транспорттук каражаттар жана алардын номурдук агрегаттары 250х600 см эсебинен бир автоунаанын туруучу жайынын соода аянтына жана өзүнүн аймагында автотранспорттук каражаттардын туруучу жайы үчүн аянты менен камсыз болгон атайын авто рынокторунда сатылат.
416. Сатууга сунуш кылынган товарды демонстрациялоодо сатып алуучунун товарга эркин жетүүсү камсыз кылынат. Транспорттук каражаттын баасы тараптардын макулдугу боюнча орнотулат.
417. Мурда колдонууда болгон транспорттук каражаттар ЖККМБ органдарында катталышы, мамлекеттик номурдук белгиге жана техникалык паспортко ээ болушу керек.
418. Комиссиялык сатуу шартында транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегатты сатууда комиссияга кабыл алынган товардын баасы, комиссиялык салык, сатуу шарттары тараптардын макулдугу боюнча орнотулат.
419. Транспорттук каражаттарды жана номурдук агрегаттарды баалоо комиссиялык түрдө, б.а. комитет жана товарды сатууга кабыл алып жаткан соода иш-аракеттин субъектисинин өкүлү менен жүргүзүлөт, ал жөнүндө техникалык абалдын, комплекттүүлүктүн, авто транспорттук каражатты баалоо актысы түзүлөт. Эки тарап тең транспорттук каражатка же номурдук агрегатка баалоо жүргүзүү үчүн транспорттук каражатты колдонуу жана оңдоо боюнча техникалык билимге ээ болгон адисти чакырууга укуктуу.
420. Комиссияга техникалык жактан бузуксуз техникалык каражаттар, номурдук агрегаттар жана алардын запас бөлүктөрү кабыл алынат.
421. Комиссияга транспорттук каражатты алууда комитент:
- паспортун же аны алмаштыруучу документти;
- сатуу үчүн учеттон алуу жөнүндө ЖККМБ белгиси коюлган техникалык паспортту;
- транспорттук каражаттын паспортун;
- сатып алуу-сатуу келишими каттоо укугуна белгиленген тартипте катталган ишеним катты (эгерде комитет транспорттук каражаттын ээси болбосо);
- транспорттук каражатка же номурдук агрегатка менчик укугун далилдөөчү документти;
- наркын көрсөтүү менен транспорттук каражатты сатууга комитенттин чечимин көрсөтүүгө милдеттүү.
422. Комиссияга алууда соода иш-аракетинин субъектти комитент (ишеним жак) тарабынан сунуш кылынган документтерди ийне жибине чейин текшериши, техникалык паспорттогу маалыматтардын түйүндөрдүн жана агрегаттардын факттык номурларына шайкештигин текшериши керек.
423. Комиссияга кабыл алынып жаткан транспорттук каражаттарды карап көрүү жана текшерүү авто дүкөндүн эстакада (көтөрүүчү), диагностика-технологиялык жабдуу жана башка техникалык каражаттар менен жабдылган үстү жабылган кабыл алуу пунктунда ишке ашырылат. Жүрүүчү сапаттарын текшерүү үчүн авто унаа жолу бар аянтча орнотулушу керек.
424. Комиссия транспорттук каражаттын моделин, чыгарылган жылын, техникалык абалын, колдонуу мөөнөтүн, эскирүү жана моралдык эскирүүсүн, бузууларын, товардык түрүн, түйүндөрдүн, деталдардын, агрегаттардын шаймандарын аныктайт, спидометрдин көрсөткүчтөрүн алат.
425. Соода иш-аракетинин субъектти комиссияга кабыл алынган транспорттук каражаттардын техникалык абалды жана товардык ярлыкты баалоо актысында чагылдырылган мүнөздөмөлөргө шайкеш келгендигине жана ошондой эле алардын сатыгына жана мыйзамдарга ылайык тиешелүү сактоо шарттарын түзүүгө жоопкерчиликтүү болот.
426. Жол кыймылына жана жарандардын жашоосуна коркунучту келтирген кемтиктерге ээ болгон транспорттук каражаттарды сатууда соода иш-аракетинин субъектти сатып алуучуну болгон кемтиктер жана аларды жокко чыгарууга чейин транспорттук каражатты сатуу жана колдонуу мүмкүн болбостугу жөнүндө кат түрүндө маалымдайт.
427. Сатуучунун товар, өндүрүүчү жөнүндө талаптагыдай эмес маалымат, талаптагыдай эмес сапаттагы товарды сатуу жана ошондой эле сатып алуучунун талаптарын канааттандырбагандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
428. Ушул эреженин талаптарын сактабаган соода иш-аракетинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартышат.
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
429. Материалдык ар кандай чагылдыруудагы аудиовизуалдык чыгармаларды, фонограммаларды, электрондук эсептөөчү машиналардын жана маалыматтык базалардын программаларын сатуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, чыгармалардын укук ээлери менен, бул продукцияларды сатып жаткан сатуучулар менен макулдашуунун негизинде автордук жана (же) чектеш укуктарды сактоо менен жүргүзүлөт.
429-1. Аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөөчү машиналар жана маалыматтар базалары үчүн программалардын нускаларын чекене сатуу адистешкен атайын чекене соода жайларында жүргүзүлөт.
Адистешкен атайын чекене сатуу жайлары болуп стационардык соода ишканалары (дүкөндөр), азык-түлүк жана азык-түлүк болуп эсептелбеген товарлардын көп түрдүү ассортименти менен соода объектилеринин атайын адистешкен бөлүмдөрү жана секциялары (супермаркеттин, гипермаркеттин жана соода комплекстин), ошондой эле сатуунун атайын адистешкен майда чекене сатуу пункттары (күркөлөр, павильондор, контейнерлер) эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
430. Аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларын, фонограммаларды, электрондук эсептөө машиналары жана маалыматтык базалар үчүн программаларды сатууда сатуучу товар жана даярдоочу жөнүндө маалыматтар менен бирге сатып алуучуга сунушталган товардын, ар бир нускасында (таңгакчада) төмөнкүлөрдүн болушу милдеттүү болуп саналган маалыматты берүүгө милдеттүү:
- аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларын, фонограммаларды, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базасын, даярдоочунун аталышы, жайгашкан жери;
- аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларын, фонограммаларды, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаны алып жүрүүчүнүн техникалык мүнөздөмөсү, ошондой эле жазылышы;
- аудиовизуалдык чыгармалардын нускаларына, фонограммаларга, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларга жана маалыматтар базага автордук укуктун жана/же чектеш укуктардын ээси тууралуу маалымат;
- электрондук эсептөө машиналар же маалыматтар базасы үчүн, эгерде алар катталса программаларды каттоо номери.
Аудиовизуалдык чыгармаларга (фильм) карата сатуучу каралган маалыматтардан тышкары, сатып алуучуга төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- фильмдин аталышы, фильм тартылган студия жана ал чыгарылган жыл;
- негизги фильмографиялык маалыматтар (жанр, аннотация, сценарийдин автору, режиссер, композитор, башкы ролдорду аткаруучулар жөнүндө маалымат ж.б.);
- фильмдин узактыгы (минута менен);
- прокаттык күбөлүккө (алар болсо) ылайык көрүүчү аудиторияны жашы боюнча чектөөнү сунуштар.
431. Аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын нускалары, товардын ар бир бирдигинин таңгагын кароо жана бүтүндүгүн текшерүүнү кошо, товар жана аны даярдоочу тууралуу маалыматтын бар экендиги сатуунун алдындагы даярдыктан өтүүгө тийиш. Бул маалымат жок болсо ушул Эрежелердин 430-пунктунда каралган талаптарды толук көлөмдө аткарууга сатуучуга тоскоолдук кылат.
432. Сатып алуучуга акысы төлөнгөн товарды берген учурда сатуучу анын таңгагынын бүтүндүгүн текшерет, ал эми сатып алуучунун талабы боюнча аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын фрагменттери менен таанышууга мүмкүндүк берет. Соода залдары сатып алуучуга сатып алган аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн техникалык жактан жабдылууга тийиш.
433. Аудиовизуалдык чыгармалардын нускалары, фонограммалары, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалары жана маалыматтар базалары даярдоочунун таңгакчасында гана сатылат.
Материалды алып жүрүүчүлөрдүн кайсы гана түрүндө болбосун аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын көчүрмөлөрүн, электрондук эсептөөчү машиналардын жана маалыматтык база үчүн программаларын сатуу таңгакта жана (же) жабыштыргычта (наклейка) чыгаруунун: продукциянын көчүрмөсүн өндүрүүчүнүн (импортердун) аталышы жана жайгашкан орду, автордук жана (же) чектеш укуктардын ээси тууралуу маалыматтары болгон учурда гана уруксат берилет.
433-1. Атайын адистештирилбеген чекене соода орундарында чекене соода жүргүзүүдө, тактап айтканда колдон, лотоктордон, атайын адистештирилбеген имараттардан, жыйнама үстөлдөрдөн, автоунаалардан, арабалардан, кол баштыктардан жана башка куралып ажыратылуучу конструкциялардан, атайын түзүлүштөрдөн (вокзалдардын, базарлардын, жер астындагы өткөөлдөрдүн аймагын кошкондо) көчмө соода жүргүзүлгөн жерлерде аудиовизуалдык чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөөчү машиналар жана маалыматтар базалары үчүн программалардын нускаларын чекене сатууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
434. Эротикалык маанидеги товарларды сатууга мындай маанидеги товарды гана адистешкен атайын дүкөндөрдө гана жол берилет.
435. Көрүүчү аудиториянын жаш өзгөчөлүгүн чектеген продукция продукциянын таңгагында көрсөтүлгөн жашка жеткен жактарга гана көрсөтүлөт жана сатылат.
436. Коомдук тамактануунун продукциясын өндүрүүнү жана сатууну ишке ашыруучу соода объекттери (мындан ары - коомдук тамактануу объекттери) менчиктин түрүнө карабастан, ишкананын тамак ичүүчү залында кандай болсо, уставдын негизинде анын чегинен тышкары дал ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка уруксат берүүчү документтери бар болсо, өз иш-аракетин ишке ашырат. Турак үйлөрдө коомдук тамактануунун объектилеринин жайгаштыруу белгиленген тартипте 1/2 кем эмес жашоочулардын макулдугу боюнча уруксат берилет.
437. Коомдук тамактануунун объектилери төмөнкү типтерге бөлүнөт: ресторан, кафе, бар, ашкана, тез татым ж.б.
438. Өндүрүүчү жана сатуучу жайларга, жабдууларга, мүлктөргө, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, продукция өндүрүүнүн технологиялык режимдери коомдук тамактануу ишканалары үчүн санитардык ченемдердин, техникалык коопсуздук эрежелеринин, өрткө каршы жана башка талаптардын мамлекеттик стандарттары тарабынан белгиленет.
439. Коомдук тамактануунун объектилеринде колдонулуучу өлчөөчү приборлор (таразалар, таразанын ташы жана башкалар) бузуксуз абалда, текшерүү жөнүндө күбөлүк болушу керек жана белгиленген тартипте текшерүүгө берилип турушу керек.
440. Коомдук тамактануу объектилери өз алдынча келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" мыйзамына каршы келбеген кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү белгилей алат.
441. Коомдук тамактануу объектилери объектинин аталышы, түрү, классы, анын дареги (жайгашкан орду), сунушталуучу продукциянын ассортименти, көрсөтүлүүчү кызматтын түрлөрү, ушул Эрежелердин керектөөчүлөрдүн укуктарына тиешелүү айрым жоболорунун мазмуну, ошондой эле келүүчүлөр үчүн кошумча шарттар тууралуу көрсөтмөлүү жана жетиштүү түрдө керектөөчүлөргө керектүү жана толук маалыматты жеткирүүгө милдеттүү.
442. Коомдук тамактануу объектилеринин иштөө режими колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
443. Турак үйдө жайгашкан коомдук тамактануу объектилеринин иштөө сааты көпчүлүктүн пикирин эске алуу менен жана үйдүн жашоочуларына ыңгайсыздык келтирбей белгиленет.
444. Продукцияны өндүрүү жана сатуу менен түздөн-түз байланышкан коомдук тамактануу объектилеринин штаты, менчиктин түрүнө карабастан, атайын даярдыгы бар кадрлар менен толукталууга тийиш.
Коомдук тамактануу объектилеринин керектөөчүлөрдү тейлөөсүн жана алар менен өз ара мамилелерин уюштуруу
445. Керектөөчүлөрдү тейлөөнүн түрлөрү жана ыкмалары объектин ушундай түрүнө карата белгиленген ченемдик талаптарына ылайык ишкердик субъектиси тарабынан аныкталат.
446. Айкалыштырган тейлөөдө коомдук тамактануу объектинин залында керектөөчүлөр тарабынан өз алдынча муздак жеңил тамактарды, суусундуктарды, десерттерди тандап алууга продукцияларды берүүчү зона бөлүнөт, же бул продукциялар бармен (буфетчи) тарабынан сатылат.
447. Коомдук тамактануунун официанттар менен иштеген объекттерине жабылууга 30 мүнөт калганга чейин, ал эми өзүн-өзү тейлөө ыкмасы боюнча иштеген коомдук тамактануу объектилерине жабылууга 15 мүнөт калганга чейин келүүчүлөрдүн кирүүсүн чектөөгө жол берилет.
448. Коомдук тамактануу объектилеринде тамак аш үчүн эсептешүүнүн ар кандай: алдын ала, тамак тандалгандан кийин төлөө, тамак ичилип бүткөндөн кийин төлөө түрлөрү колдонулат. Тамак аш үчүн эсеп-кысаптын тейлөө ыкмаларына, тейленүүчү контингенттин өзгөчөлүгүнө, коомдук тамактануу объектин түрүнө жана анын адистешкендигине жараша аныкталат.
449. Өзүн-өзү тейлөө ыкмасы боюнча коомдук тамактануу объектилеринде, кулинария дүкөндөрүндө (бөлүмдөрүндө) керектөөчү менен эсеп-кысап жүргүзүүдө кассалык чек берилет.
450. Официанттар аркылуу тейлөө ишке ашырылуучу жерде, берилген тамактарга акы төлөө официант берген эсеп боюнча жүргүзүлөт.
451. Келүүчүлөрдүн туруктуу контингентин (жумушчулар, кызматчылар, студенттер, окуучулар ж.б.) тейлөөчү ашканаларда жеке же топтук абонементтер боюнча эсеп-кысап колдонулушу мүмкүн.
452. Коомдук тамактануунун объектилери өзүнүн негизги иши менен катар эле тизмеси жекече болгон, республиканын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча кызматтарды көрсөтө алат.
453. Кошумча кызматтардын наркы менюда жана прейскуранттарда көрсөтүлүшү керек.
454. Түштөнүү залдарына келүүчүгө милдеттүү түрдө тамактардын жана даяр азыктардын түрлөрүнүн наркы, алкоголдук ичимдиктердин бөтөлкөсүнүн көлөмү, бардык көлөмдүн, алкоголдук ичимдиктин 50 жана 100 граммынын баасы жөнүндө маалымат берилет. Келүүчүлөрдүн туруктуу контингентин (жумушчулар, кызматчылар, студенттер, окуучулар ж.б.) тейлөөчү ашканаларда менюда мындан тышкары кулинардык азыктын чыгышы көрсөтүлөт, ал эми башка типтеги коомдук тамактануу объектилеринде келүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча бул маалыматтар тейлөөчү персоналдар тарабынан берилет.
455. Ишкердик субъектти өз алдынча санитардык жана технологиялык талаптарды, ошондой эле ушул ишкананын тиби жана классы үчүн стандарттарды толук сактоону эске алуу менен тамак аштардын, даяр азыктардын, суусундуктардын түрлөрүнүн тизмесин иштеп чыгат.
456. Мейманканалардын, вокзалдардын, аэропорттордун, иштеген жана окуган жер боюнча коомдук тамактануу объектилеринде, ошондой эле калктын социалдык жактан корголбогон топторун тейлөөчү объектилеринде продукцияны сатуунун салт болуп калган түрү менен бирге эле, жуманын ар бир күнү боюнча, тамактануунун туура ченемин жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эртең мененки, түшкү, кечки тамактарды комплекстүү сатуу колдонулат.
457. Коомдук тамактануу объектилери менчиктин кайсы түрүндө экендигине карабастан керектөөчүгө ага сатылган кулинардык продукциянын, товардын ченемин жана салмагын, текшерүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
458. Кулинардык продукциянын (кызматтардын) сапатынын жетишсиздиги, кем тартуу же кем эсептеп берүү табылганда ишкердик субъектиси керектөөчүнүн тандоосу боюнча төмөнкүлөргө милдеттүү:
- белгиленген кемчиликтерди бекер четтетүү;
- кулинардык продукция (кызматтар) үчүн төлөөнүн көлөмүн азайтууга;
- кошумча төлөөсүз ошондой тамактын түрүн, кулинардык даяр продукцияны даярдоого (кызматты кошумча аткаруу);
- сапатсыз кулинардык продукцияны сатып алуу менен байланышкан керектөөчүнүн чыгымдарынын ордун толугу менен толтурууга.
459. Коомдук тамактануу объектилеринде керектөөчүнү тейлөөнүн процессинде даяр кулинардык жана алкоголдук продукцияны кошо, сатылып алынган товарлар тийиштүү таңгактоодо тышка алып чыгууга сатылышы мүмкүн.
460. Тейлөөгө алдын ала заказ кабыл алууда ишкердик субъектиси аны белгиленген өз ара милдеттенменин мөөнөтүндө аткарууга кепилдик бериши керек.
461. Мындай заказды ишкердик субъектисинин көз каранды болбогон себептер боюнча аткаруу мүмкүн болбой калган учурда коомдук тамактануунун башка коомдук тамактануу объектинде бул иш-чараны керектөөчүнүн кызыкчылыгына зыян келбегендей, ага 7 күндөн кем эмес мурун кабарлап, өткөрүүгө милдеттүү.
462. Ишкердик субъектисине иш-чара жүргүзүлө турган күнү келип түшкөн тейлөөдөн заказчы өз демилгеси боюнча баш тарткан учурда, башка керектөөчүгө сатууга мүмкүн болбогон продукцияны (товарды) сатып алууга милдеттүү.
Коомдук тамактануу объектилеринде продукцияны өндүрүүнү жана сатууну уюштуруу
463. Коомдук тамактануу ишканалары продукция даярдоо учурунда төмөнкүлөрдү сактоого милдеттүү:
- медициналык кароолорду системалуу түрдө жүргүзүүнү кошо, санитардык эрежелерди, жумушчулардын санитардык билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды;
- продукция өндүрүүнүн технологиялык режимин (продуктылардын шайкештигин, алардын өз ара алмашымдуулугу, чийки заттарды жана башкаларды), муздак жана жылуу режимде иштетүү режимин, аныкталган колдонуудагы ченемдик документтерди коомдук тамактануу ишканалары үчүн кулинардык даяр заттардын түрүнүн рецептеринин жыйнактарын ишканалардын стандарттарын, техникалык шарттарды жана башкаларды.
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
464. Рыноктордо жана соода үйлөрүндө (айыл-чарбачылык, азык-түлүк, буюм, автоунаа, кичи-рыноктор жана башкалар) (мындан ары рыноктор) соода кылуунун эрежеси жеке менчик түрүнө карабастан сооданы же башка чарбачылык иштерди жүргүзгөн бардык чарбакер субъекттердин иштерине негизги талаптарды регламенттейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
465. Айыл чарба продукциясынын, азык-түлүк товарларынын, кийим, автомобиль рыноктору, мини-рыноктор жана башкалар башка укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык уюшулушат.
466. Кыргыз Республикасынын рынокторунда продукцияны сатуу милдеттүү түрдө шайкештикке ээ болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган шайкештик сертификаты, шайкештик сертификатынын көчүрмөсү, белгиленген тартипте жазылган продукциянын Тизмесине кирген, же шайкештик декларациясы бар болгон учурда гана сатууга уруксат берилет.
467. Рыноктордо иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул эрежелерге ылайык уюштурулат.
Рыноктордогу сооданын тартиби
468. Рыноктордун ээлери юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү төлөм үчүн рыноктун аймагын, имараттарды, соода орундарын, бастырмаларды, күркөлөрдү, чатырларды сунуш кылат.
469. Ижаралык төлөмдүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын ижара тууралуу мыйзамына ылайык орнотулат.
470. Рыноктордо сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн керектүү шарттарды жана ыңгайлуулукту түзүү боюнча акылуу кызматтардын ар кандай түрлөрү уюштурулушу зарыл. Рынок тарабынан сунушталуучу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр: эт кесүү, тараза приборлорун, жабдууларды берүү, соода орундарын ээлөө, санитардык кийим берүү, продукцияны муздаткычтарда сактоо, продуктыларды сатуу орундарына ташып жеткирүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр.
471. Контролдук-кассалык аппараттар рыноктордо орнотулушат жана соода кылуучулардан кызматтар жана салыктарды чогултуу үчүн акчалай эсептөөлөр үчүн колдонулат.
472. Кассалык чектер төлөөчүлөр тарабынан рынокто соода кылган күндүн акырына чейин сакталат жана чогултуучу, контролер жана мамлекеттик контролдоо тарабынан биринчи талап боюнча көрсөтүлөт. Кассалык чектерди, квитанцияларды, бир жолку талондорду рынокто соода жүргүзгөн башка жактарга берүүгө тыюу салынат.
473. Рыноктордо айыл чарба продукцияларын, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сактоо тартиби рыноктун администрациясы тарабынан орнотулат, ал соода жүргүзүүчү жактардан сактоого кабыл алынган товарлардын сактыгына жоопкерчилик тартат.
474. Шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан тамактануу продуктыларын, айыл чарба продукциясын сатуу шайкештиги жөнүндө сертификаты же декларациясы бар болсо ишке ашырылат, ал эми эт-сүт продукциясын аны ветеринардык-санитардык эрежелерге шайкеш келүүсүн текшергенден кийин гана сатууга уруксат берилет.
475. Лабораториялык анализдер үчүн бир жолку жыйымдар ветеринардык-санитардык көзөмөл органдары тарабынан кассалык чектерди жана анализдин натыйжасын милдеттүү берүү менен ишке ашырылат.
476. Тез бузулуучу продуктылар (эт, жана эт продуктылар, сүт жана сүт продуктылары), айыл чарба жана тамактануунун башка продуктылары менен соода кылуучу ишкердик субъектилери жана жеке жактар санитардык кийимге, салмакты ченөөчү приборлорго ээ болууга милдеттүү жана ошондой эле аларга бөлүнүп берилген соода орундарын, жабдууну, инвентарды тартипте жана тазалыкта кармоого милдеттүү.
477. Даяр продуктыларды сатууну ишке ашырган сатуучулар белгиленген тартипте медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
478. Рыноктордо мал сатууга уруксат менчик укугун же сатуу укугун далилдөөчү документтер бар болгондо гана берилет. Тирүү малды же башка жаныбарларды жана ошондой эле тирүү канаттууларды сатуу үчүн рыноктун администрациясы тарабынан ветеринардык жана санитардык көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча рыноктон өзгөчө бөлүнгөн орундар бөлүнүп берилет.
479. Соода орундарынын, бастырмалардын, чатырлардын, соода катарларынын, үкөкчөлөрдүн жайгашуусу соода үчүн ыңгайлуулукту, рынокто сатып алуучулардын эркин жүрүшү жана соода орундарына жетишүүсүн, өрткө каршы эрежелерди, соода маданиятын камсыз кылышы керек. Юридикалык жана жеке жактар санитардык ченемдерди жана эрежелерди, соода эрежелерин сактоо, коомдук тартипти сактоо менен бөлүнүп берилген жерлерде соода жүргүзүүгө жана иш режимин жана ведомстволук таандыгын көрсөтүүчү көрнөктөргө (дүкөндөр, күркөлөр, чатырлар) ээ болууга милдеттүү.
480. Рыноктордун ээлери көрүнүктүү жерлерге ушул эрежелерден алынгандарды, бир жолку жыйымдардын ставкаларынын жана кызматтарга төлөмдөрдүн өлчөмүн, айыл чарба продукциясынын жана тамактануу продуктыларынын кээ бир түрлөрүнө карата сооданы күнү түзүлгөн орточо бааларды жөнүндө маалыматтарды илгенге милдеттүү.
481. Сооданын атайын өзүнчө эрежелери менен сатуусу регламенттелген айыл чарба продуктылары, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлары ошол эрежелерди сактоо менен ишке ашырылат.
482. Товарларды (продукцияларды) сатууда рыноктордо соода жүргүзүүчү сатуучулар Кыргыз Республикасынын метрологиялык кызматынын атайын органдары тарабынан текшерилген жана белгиленген, белгиленген үлгүдөгү тараза приборлорун колдонушу керек. Иштебеген же жасалма приборлор колдонуудан алынып салынат. Аларды оңдоого мүмкүн болбосо, алар колдонуудан алынып салынат жана бекитилген тартипте жокко чыгарылат.
483. Сатып алуучуларга сатып алынган товарлардын өлчөмүнүн жана ченеминин аныктыгын ошол жерде рыноктун жумушчуларынын жардамы менен же өз алдынча текшерүү укугу сунуш кылынат.
484. Рыноктордо товарларды, продукцияларды сатуу келишим баалар боюнча жүргүзүлөт.
485. Рыноктордо:
- боекторду, ароматизаторлорду жана башка химиялык заттарды колдонуу менен айыл чарба продукцияларын жана тамактануу продуктыларын сатууга;
- муздатуу системасы (муздаткыч камералар, муздаткычтар, тондургучтар) жок, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тез бузулуучу продуктыларды сатууга;
- рыноктун ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынан текшерүүдөн өтпөгөн айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт жана эт продуктыларын, сүт жана сүт продуктыларын сатууга;
- санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдарынын уруксаты жок үй шартында даярдалган консерва продуктыларын жана тамактануу продуктыларын сатууга;
- санитардык-эпидемиологиялык кызматтын тиешелүү уруксаты жок, ширелерди жана алкоголсуз суусундуктарды жана аларды куюп сатууга;
- контролдук-үрөндүк лабораториянын жыйынтыгы жок жашылчалардын жана гүл өсүмдүктөрүнүн уруктарын сатууга;
- антисанитардык шарттарды тамактануу продуктыларын жерде жана көрүнгөн идиштерде (ящиктерде, картон кутуларда ж.б.) сатууга;
- акциздик маркаларысыз спирт ичимдиктерин, тамеки жана башка товарларды сатууга;
- люминесциялдык жана жарылуучу петарддарды сатууга;
- куурулган чемичкелерди белгиленбеген жерлерде сатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарларды сатууга;
- рыноктордун аймагына кирүү үчүн рыноктун келүүчүлөрүнөн төлөмдөрдү алууга;
- бажылык каттоосун далилдөөчү тиешелүү документтерсиз импорттук товарларды, ошондой эле шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан баардык товарларды бекитилген тартипте сертификаттоо боюнча атайын укуктуу органдар тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын шайкештик жөнүндө сертификаттары же декларациялары жок сатууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
486. Рыноктун аймагында соода жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактардын эсебин алуу жана отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Рынокторду жага анын аймагындагы соода объекттерин кармоого карата талаптар
487. Рыноктор өздөрүнүн аймагында:
- дубал, торчо, металл тосмосу жана башка тосуучу орнотмолор менен тосулган жана жанаша жаткан аймактан изоляцияланган асфальтталган же төшөлгөн соода аянтчасына;
- жумуш аяктаганда жабылуучу жана рыноктордун аталыштары бар жазылган көрнөктөр менен таризделген кирүүчү жана чыгуучу жерлерге;
- сатып алуучуларды нормалдуу тейлөө үчүн жетиштүү тосулган жана ачык үстөлдөргө, павильондорго жана соода катарларына, үкөктөргө, бастырмаларга, соода точкаларына жана ошондой эле лабораторияларга, медпункттарга, продукция жана товарларды сактоо үчүн кампаларга, муздаткыч камераларына;
- ошондой эле шифр жана көрсөткүчтөр менен белгиленген дүң сатуу жана товарлардын, айыл чарба продукциясын, тамактануу продуктыларын, автомашиналарды сатуу үчүн номерлүү орундарга;
- рыноктун администрациясы, ички иштер, салык кызматы, санитардык-медициналык көзөмөл органдары, тиричилик кызматы ж.б. үчүн имараттарга;
- суу сатуучу, суу берүү тармагына, жуулуучу туалеттерге, жуунгучтарга, ичүү, жашылчаларды жуу үчүн сууларга, электр жылытуучу системасына, радио түйүнгө, телефонго, өрткө каршы инвентарга;
- жүк жана жеке транспорту үчүн жабдылган токтотуучу жайга ээ болууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
488. Рыноктор айыл чарба продукциясын, тамактануу продуктыларын, товарларын сатуу үчүн талап кылынган санитардык талаптарга жана ченемдерге шайкеш келиши жана ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертизанын эрежелерине жооп бериши керек.
489. Рыноктордун дирекциялары:
- ишкердик субъектилерге жана жеке жактарга айыл чарба продукциясын, тамактануу продуктыларын, азык-түлүк эмес товарларды сатуу жана сактоо, коомдук тамактанууну уюштуруу, ишкердик субъекттин документи жана Социалдык фонддун органдары берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздарынын жок экендиги жөнүндө маалымкаты болгон учурда (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент), калкка кызмат көрсөтүү үчүн имараттарды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
- ишкердик субъекттер жана жеке жактар менен биргеликте сезондук жана майрам алдында айыл чарба продукцияларын, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатуу боюнча жармаңкелерди уюштурууга;
- аныкталган тартипте текшерилген контролдук тараза приборлорун камсыз кылууга (15-20 соода орундарына бир бирдик эсебинен);
- сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн максимум ыңгайлуулукту түзүүгө;
- тез бузулуучу (эт жана эт продуктылары, сүт жана сүт продуктылары) продукцияны сатуучу сатуучуларды атайын кийим менен камсыз кылууга;
- рыноктун жайлуулугу жана кайрадан куруу боюнча, соода орундарын көбөйтүү, соода маданиятын жогорулатуу үчүн керектүү шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иш-чараларды өткөрүүгө;
- рыноктун, павильондордун, соода орундарынын, жана ага жанаша жайгашкан аймагын тиешелүү санитардык жана өрткө каршы нормаларды сактоо абалында кармоого;
- тамак-аш продуктылары менен иштеген рыноктун жумушчуларынын бекитилген тартипте медициналык текшерүүдөн өтүүсүн ишке ашырууну сактоого;
- ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти коргоо жана укук бузуучулар менен күрөшүү боюнча контролду ишке ашырууга;
- ушул Эрежелерди, санитардык-ветеринардык эрежелерди жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерди сакташын жана соода аянттарын ижарага алгандардын контролдук-кассалык машиналарды орнотуусун контролдоону ишке ашырууга;
- квартал сайын аймактык салык органына жана Социалдык фонддун райондук/шаардык башкармалыгына ишкердиктин субъекттери менен түзүлгөн келишимдер (ишкананын аталышы же ишкердин аты-жөнү, ИС Ни, келишимдин колдонуу мөөнөтү, берилген соода оруну (контейнер, павильон ж.б.) үчүн ижара акысынын суммасы) ага киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, ошондой эле номерленген, шифр менен аныкталып белгиленген соода орундарынын жайгашкан схемасы тууралуу маалыматтарды берүүгө;
- ишкердик субъект ишкердик иш-аракеттерин жүзөгө ашыра турган документтердин жоктугу (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент жана камсыздандыруу төгүмдөрүн (камсыздандыруу полисин) төлөгөн фактысын ырастоочу документ) тууралуу салык органдары жана Социалдык фонддун органдары кайрадан кайрылгандыгынын негизинде ижара келишимин бузууга.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439, 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
490. Соода рыногу жана соода үйлөрү (мындан ары - базар) юридикалык жана жеке адамдардын соода иши үчүн ылайыкташкан жана өзүнүн аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон, чектеш аймактардан обочолонгон, туруктуу негизде иштеген, башкаруу жана коргоо, аймактын ичин чарбалык тейлөө милдеттери борборлоштурулган өзгөчөлөнгөн мүлктүк комплекс.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
491. Рынокторду каржылоо жана анын иш-аракеттерине байланыштуу чыгымдарды жабуу кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөмдөрдүн, соода-даярдоо жана башка иштен түшкөн кирешенин жана менчик ээлеринин ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн эсебинен жабылат.
492. Рыноктун мүлкү негизги жана колдонуудагы каражаттардан турат.
493. Рыноктун иштөө убактысы жана калктын муктаждыгын жана ыңгайлуулугун эске алуу менен жарандар үчүн соода жүргүзүү убактысы рыноктун дирекциясы же ээлери тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча белгиленет.
Негизги милдеттери
494. Рыноктун негизги милдеттери:
- колдонуудагы ченемдерди жана эрежелерди (санитардык, ветеринардык, салыктык, укуктук ж.б.) сактоо менен сатуучулардан сатып алуучуларга менчикти өткөрүп берүүнү ишке ашыруучу соода операцияларын жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
- рыноктун бааларын төмөндөтүү үчүн шарттарды жана атаандаштыкты түзүү максаты менен элдик керектөө товарлары менен рынокторду толтуруу үчүн товардык ресурстардын максималдуу көлөмдөрүн уюштуруу жана жүгүртүүгө тартуу;
- товарларды сатуучулардын иши, товарларды керектөөчүлөр жана рыноктун тейлөөчү персоналы үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылуучу рыноктун керектүү инфраструктурасын түзүү, кызматтардын чөйрөсүн өркүндөтүү;
- рыноктун материалдык-техникалык жана экономикалык базасын өнүктүрүү, аны заманбап жабдуу, инвентарь жана башка техникалык каражаттар менен жабдуу.
Рынокторду жалпы башкаруу жана алардын иш-аракеттерин координациялоо
495. Рынокторду жалпы башкаруу жана алардын иш-аракеттерин координациялоо рынок аймагында жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
496. Рыноктун иштөөсү жана оперативдүү иштөөсү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн рыноктун директору, рыноктун уюштуруу-укуктук формасында катталган учредителдик документтерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык рыноктун менчик ээси (менчик ээлери) тарабынан дайындалат (шайланат).
497. Рынокту түздөн-түз башкаруу директорго, ал эми бирден көп менчик ээлери бар болсо - аткаруучу директорго жүктөлөт.
498. Рыноктун уюштурулуучу-укуктук түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
499. Менчик ээсинин укуктук абалы Устав тарабынан аныкталат.
Рыноктук дирекциясынын функциялары
500. Негизги милдеттерге ылайык рыноктун дирекциясы төмөнкү функцияларды аткарат:
- санитардык жана өрткө каршы эрежелерди, ошондой эле сооданын тиешелүү маданиятын сактоо менен рыноктун ишинин өзгөчөлүгүнө ылайык продукция менен соода жүргүзүүнү уюштурат;
- айыл чарба продукциялары менен соода кылгандарга фермердик, дыйкан чарбалары, башка айыл чарба ишканалары жана айыл чарба өндүрүүчү-жарандар үчүн рыноктогу орундардын жалпы санынан 10% аз эмес орун сунуш кылынат;
- фермердик, дыйкан чарбалары, башка айыл чарба ишканалары жана жарандар менен рынокко продукцияларды алып келүүгө келишимдерди түзөт;
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга соода точкасы орун алган жер участогунун өлчөмүнө негизделип жер үчүн ижара төлөмүнүн суммасын кошо кызмат чөйрөсүн жана коомдук тамактанууну уюштуруу, азык-түлүк эмес товарларды, тамактануу продуктыларын, айыл чарба продукциясын сатуу жана сактоо үчүн имараттарды ижарага берет;
- рынокто айыл чарба продукциясын жана товарларды сатуу боюнча фирмалык дүкөндөрдүн тармагын уюштурат жана ошондой эле коомдук тамактануу жана кызмат тармагын уюштурат;
- рыноктун администрациясын, ички иштер органдарын, салык кызматын, санитардык-медициналык көзөмөл, ветеринардык-санитардык экспертиза лабораторияларынын иштери үчүн имараттар менен, тез бузулуучу продукцияны убактылуу жайгаштыруу жана сактоо үчүн муздаткычтары бар жана ошондой эле рынокто соода кылган ишкерлер жана жарандардын эс алуусу жана тамактануусу үчүн шарттарды түзүү максатында коомдук тамактануу жана тиричилик тейлеө ишканалары, кампа имараттары менен камсыз кылат;
- жарандардын, фермердик, дыйкан чарбаларынын, ишкерлердин жана башка ишканалардын жана уюмдардын катышуусу менен айыл чарба продукциясын жана товарларын сатуу боюнча жармаңкелерди жана базарларды мезгил-мезгили менен уюштурат, бул максаттарда рынокто орундарды, жабдууну, инвентарды жана тараза приборлорун бөлүп берүүнү ишке ашырат; басма, радио, телевидение, атайын афишалар аркылуу жармаңкелердин жана базарлардын иш күндөрү жана сааттары тууралуу калкты маалымдайт;
- рынокто колдонулуп жаткан соода эрежелерин сактайт, анын аймагын, павильондорун, соода катарларын жана орундарын тиешелүү санитардык абалда кармайт, соода маданиятын жогорулатуу үчүн керектүү шарттарды түзөт, рынокто сунуш кылынган кызматтардын көлөмүн кеңейтет.
501. Рыноктун директору:
- келишимдерди түзүүгө, ишеним кагаздарын берүүгө, финансылык жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жабдууларды, механизациялоо каражаттарын, инвентарды жана рыноктун нормалдуу ишин камсыз кылуу үчүн керектүү башка мүлктү сатып алууга;
- ушул жобо тарабынан аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу менен байланыштуу бардык маселелер боюнча рыноктун аймагында жайгашкан менчик ээлерине жана жумушчуларга керектүү кеңештерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык рыноктун жумушчуларын жумушка алуу жана бошотуу укугуна ээ болууга;
- рынокто түзүлүүчү ветеринардык-санитардык көзөмөл органдары аркылуу рынокко ташылып алынып келинген тамак-аш продуктыларынын сапатына жана соода эрежелеринин сакталышына контроль жүргүзүүгө укуктуу.
502. Рыноктун директору:
- ушул Жобо тарабынан аныкталган милдеттердин жана функциялардын тиешелүү аткарылышы үчүн;
- рынокто соода кылуучу сатуучуларды санитардык кийимдер, тараза приборлору жана соода инвентарлары, аларды соода кылуучу орунга ташып жеткирүү жана башка кызматтары үчүн;
- кызматтарды төлөө тууралуу чекти (кирешелик ордердин квитанциясы) берүү менен көрсөтүлгөн кызматтар үчүн соода кылуучулардан төлөмдөрдү алуу үчүн;
- ветеринардык-санитардык экспертизанын мамлекеттик сыноо лабораториясынын, санитардык-медициналык көзөмөл, салык кызматынын, ички иштер органдарын ижара төлөмүн албастан, типтүү имараты менен камсыз кылуу үчүн;
- соода орундарын, имараттарды, жер участокторун, жабдууларды, инвентарларды, салмак өлчөөчү приборлорду жана башка мүлктү сунуш кылуу жана ошондой эле мыйзам тарабынан белгиленген тартипте рыноктун аймагында башка акылуу кызматтарды көрсөтүү үчүн;
- ишкердик жүргүзүүгө негиз болгон, контейнерди же соода орундарын ижара берүү боюнча келишимдин маалыматтарын, ишкердик жүргүзгөн ижарачынын документтеринин даректерин туура жана так чагылдыруу (юридикалык жана жеке жактарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгү, же даректери жана ишкердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү патент, ИСН) жана жогоруда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу тууралуу салык органдарынын кайрадан кайрылуусунун негизинде ижара келишимин бузуу шарты;
- салык органдарына берген ишкердик субъекттери менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Рыноктун акылуу кызматтары
503. Кампа аянттарын, инвентарды, жабдууну жана кызматтын башка түрлөрүн колдонгону үчүн төлөм рыноктун администрациясы тарабынан бекитилген тарифтер боюнча алынат.
504. Рыноктордун соода аянттарын колдонуу үчүн төлөмдөр рыноктун администрациясы тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу боюнча органдар менен макулдашуу тарифтер боюнча алынат.
Рыноктун администрациясы тарабынан бекитилген акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин прейскуранты милдеттүү түрдө көрүнүктүү жерде көрсөтмө маалымат үчүн жайгаштырылууга жатат.
Базарда соода жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин жана жарандардын укугу жана милдеттери
505. Базарда соода жүргүзгөн ишкердик субъекттери жана жарандар рыноктук баалар жана көрсөтүлгөн кызматтарга жана ушул кызматтарды көрсөтүүгө карата тарифтер жөнүндө тиешелүү маалыматтарды алууга жана ошондой эле рыноктун кызматчыларынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга укуктуу.
506. Базарда соода жүргүзгөн ишкердик субъектилери жана жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- көрсөтүлгөн кызматтарга төлөмдү өз убагында төлөөгө;
- бекитилген тартипти жана рыноктун иш режимин сактоого;
- ветеринардык-санитардык көзөмөлдүн бекитилген тартиптерин сактоого;
- көрсөткөн кызматтары үчүн чектерди жана ошондой эле, эгерде соода кылуучу өзүнүн иш-аракеттерин ишкердик иш-аракеттерин тартибинде ишке ашырса, рыноктун жана салык органдарынын кызматчыларына ишкердик ишти ишке ашырууга патентти же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ишкердик ишин ишке ашырууга милдеттүү.
507. Рынокту кайрадан уюштуруу жана иш-аракеттерин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Чакан чекене сооданы ишке ашыруу тартиби
508. Соода иш-аракеттеринин субъекттери чакан чекене сооданы алардын жайгашкан жерлери боюнча каттоодон өткөндөн кийин ишке ашырат.
509. Бийликтин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын имараттарынын, маданият эстеликтеринин, сыйынуу курулуштарынын жанында, авто жолдордун жүрүүгө жарактуу бөлүгүндө, тротуарларда чакан чекене соода жүргүзүүгө тыюу салынган.
510. Чакан чекене соода тармагынын пункттары үчүн иш режими чарбакер субъекттер тарабынан өз алдынча белгиленет жана бекитилген тартипке туура келиши керек.
511. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакан чекене соода тармагынын жайлары кассалык-аппараттарды колдонуу менен гана сооданы ишке ашырат.
Имаратка жана жабдууга карата негизги талаптар
512. Стационардык чакан чекене пункттары эмгекти, саламаттыкты сактоо, өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка талаптарга ылайык жабдылат.
513. Стационардык чакан чекене тармак пункттарында (чатырларда, күркөлөрдө, үкөкчөлөрдө, жайкы кафелерде, чакан кафелерде, соода автоматтарында), көчмө соода пункттарында аталышы, таандыгы (менчик ээси), иштөө режими көрсөтүлгөн көрнөк болушу керек.
514. Чекене соода тармагынын ар бир пункту тиешелүү инвентарь жана жабдуу менен, чакан чекене соода тармагынын стационардык ишканасы - санитардык-гигиеналык жабдуу (жуунгуч, жуугуч каражаттары, сүлгү, таштандылар үчүн чака) менен, ал эми тез бузулуучу продуктылар менен соода кылган ишканалар муздатуу каражаттары менен камсызданышы керек.
515. Таразалар стандартташтыруу жана метрология боюнча орган тарабынан текшерилиши жана сатып алуучулар үчүн көрүнүктүү жерде турушу керек.
Товарларды сатуу
516. Сатуучулар сатуучу товарларга карата, аларда жабдып туруучунун реквизиттерин, келип түшкөн товардын санын, баасын, жалпы суммасын жана ошондой эле шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан бардык сатылуучу продукцияларга карата белгиленген үлгүдөгү шайкештик жөнүндөгү шайкештик сертификатын же декларацияны көрсөтүү менен кирешелик документтерге (товардык-транспорттук коштомо кагаздары, киреше-чыгашалык коштомо кагаздар, квитанциялар, келишимдер) ээ болушу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер чакан чекене соода кылган жумушчуларда болот жана керектөөчүнүн же контролдоочу органдын талабы боюнча көрсөтүлөт.
517. Тиешелүү документтерди таризделбестен келип түшкөн товарларды кабыл алууга жана сатууга тыюу салынат.
518. Товарлар сатууга алынган ассортиментте толук көрсөтүүгө коюлат. Стационардык чакан чекене соода тармагында сатуудагы товарлардын бардык үлгүлөрү товардын аталышы, сорту жана баасы көрсөтүлгөн баалардын жарлыгы менен жабдылышы керек.
519. Жумушчулар сатуу мөөнөттөрүн, сатуу эрежелерин так сактоого жана инвентарды (кычкач, ачакей, калак) жана упаковка материалдарын колдонушу керек.
520. Шайкештиги милдеттүү далилденүүгө жаткан азык-түлүк, парфюмердик товарлар, тиричилик химия товарлары, синтетикалык жуугуч каражаттары жана балдар тиричилигинин товарлары шайкештик жөнүндө шайкештик сертификаттары же декларациялары бар болгондо гана сатылат.
521. Өзгөчө тез бузулуучу тамак-аш продуктыларына карата даярдоочунун реквизиттеринен тышкары документтерде продукция иштелип чыккан дата, саат, сактоо шарттары, сатуу мөөнөттөрү көрсөтүлүшү керек.
522. Сапаттуу эмес товарларды сатуу үчүн жоопкерчиликти чакан чекене сооданы ишке ашырган субъект тартат.
523. Чакан чекене соода тармагы аркылуу:
- муздаткыч жабдуу жок болсо сактоо жана сатуу мөөнөттөрү өтүп кеткен, таңгактын бүтүндүгү бузулган жана товардык коңшулугу сакталбаган өзгөчө тез бузулуучу жана тез бузулуучу продуктыларды;
- ок атуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды жана ошондой эле атылбас жабдыктарды;
- куралдарды жана нервдик-шал таасириндеги газдуу баллондорду;
- аскердик камылгаларды, фирмалык кездемелерди жана аскердик ассортименттин башка товарларын, формалык кийимдерди, менчиги ар кандай түрлүү ишканалардын штамптары менен ич кийимдерди;
- колдонууга жарамдуулугуна тиешелүү газ чарбачылыктарынын күбөлүктөрү жок газ аппаратурасын;
- ууларды жана баңги заттарын;
- тиешелүү лицензиясы жок медициналык буюмдарды;
- дары-дармек каражаттарын, анын ичинде дары-дармек чөптөрүн;
- акциздик маркалары жок спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын жана башка акциздик товарларды жана ошондой эле бажы маркасы жок чайды жана башка товарларды;
- куюлуп сатылуучу спирт ичимдиктерин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан сатууга тыюу салынган башка товарларды;
- бажылык каттоону далилдөөчү тиешелүү документтерсиз, ошондой эле белгиленген тартипте берилген шайкештик сертификаттары же декларациялары жок шайкештиги милдеттүү далилдөөгө жаткан, импорттук товарларды сатууга тыюу салынат.
524. Чакан чекене соода тармагы аркылуу сатып алынган товарларды эсептешүүдө (үкөктүк соодадан тышкары) сатуучу сатып алуучуга сатып алынган буюм менен бирге кассалык чекти берүүгө милдеттүү.
Санитардык талаптар
525. Азык-түлүк товарларын сатуу боюнча чакан чекене соода тармагынын жумушчулары белгиленген тартипке ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана санитардык китепчеге ээ болууга милдеттүү.
526. Сатуучу тамак-аш продуктыларын булгануудан сактоого милдеттүү. Себеттерден, үкөкчөлөрдөн сатууда, аларды жерге коюуга уруксат берилбейт, бул максаттарда атайын койгучтар колдонушу керек.
527. Чакан чекене соода тармагынын сатуучусу чакан чекене пунктун, ошондой эле чектеш аймакты тазалыкта кармоого, таза санитардык кийимге ээ болууга, жеке гигиенанын эрежелерин так сактоого милдеттүү.
528. Алкоголсуз, алкоголдуулугу төмөн суусундуктар жана куюлуп сатылуучу ширелерди сатууда көп жолу колдонуучу стакандарды, бокалдарды жуу санитардык эрежелерде жазылган талаптарга жооп бериши керек.
529. Стакандарды, бокалдарды жуу үчүн шарттар жок болсо, алкоголсуз, алкоголдуулугу төмөн суусундуктарды, ширелерди бир жолку колдонуудагы стакандарда сатууга уруксат берилет. Бир жолку колдонуудагы стакандарды экинчи ирет колдонууга катуу тыюу салынат.
530. Ушул эрежелер менен бекитилген чекене соода тармагында сатып алынган азык-түлүк эмес товарларын алмаштыруу шарттары жана тартиби комиссиялык дүкөндөрдө сатып алынган арзандатылган, татаал-техникалык товарлардан тышкары бардык товарларга таралат, эгерде аларда кепилдик мөөнөтү өтүп кетпесе.
531. Ушул эрежелер бардык соода иш-аракеттеринин субъекттери аткаруу үчүн милдеттүү.
532. Сатып алуучуларга чекене соода тармагында сатылган товарлар сапаты боюнча коопсуздуктун, техникалык регламенттин жана стандарттын талаптарына, ченемдик-техникалык документациянын бардык талаптарына, келишимдин шарттарына, өндүрүүчү тарабынан товардын касиеттери жана анын коопсуздугу жөнүндө маалыматка шайкеш келиши керек. Сатылган товар менен бирге сатып алуучуга кассалык (товардык) чек берилет.
533. Жеке колдонуу (кийим, бут кийим, трикотаж буюмдары ж.б.) үчүн товарды сатууда аларды ченөө үчүн шарттар, ал эми татаал-техникалык жана текшерүүнү талап кылган товарлар үчүн текшерүүнү жүргүзүү шарттары түзүлүш керек.
534. Сатуучунун, өндүрүүчүнүн төлөөгө жөндөмсүздүгү, кудуретсиздиги, жоюлуп кетиши жарыялангандан кийин жана башка учурларда сатуучунун, өндүрүүчүнүн тиешелүү сапатка жооп бербеген продукция үчүн керектөөчүнүн чыгымдарынын ордун толтуруп берүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
535. Керектөөчүнүн, сатуучунун, өндүрүүчүнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болсо талаш соттук тартипте чечилет.
Талаптагыдай эмес сапаттагы товарларды сатуунун натыйжасы
536. Талаптагыдай эмес сапаттагы товар сатылган керектөөчү, өзүнүн тандоосу боюнча төмөнкүнү талап кылууга укуктуу:
- мындай товарды тиешелүү сапаттагы товарга алмаштырууну;
- сатылган баасын ылайыктуу төмөндөтүүнү;
- тийиштүү кайрадан эсептөө менен ассортименттен башка товарга алмаштырууну;
- товардын кемчилигин акысыз жок кылууну же кемчиликтерди жок кылуу боюнча өзүнүн чыгымдарын төлөп берүүнү;
- сатып алуу-сатуу келишиминин күчүн жок кылууну же товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтарып берүүнү.
537. Мында керектөөчү талаптагыдай эмес сапаттагы сатуунун кесепетинен ага карата келтирилген чыгымдарды толук төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.
538. Эгерде сатып алуучу товардагы кемчилик сатып алуучу тарабынан пайдалануунун же сактоонун эрежеси бузулгандыктан улам пайда болбогонун далилдей алса, сатуучу өндүрүүчү сатып алуучудан товарды кабыл алууга жана анын талаптарын канааттандырууга милдеттүү.
539. Сатып алуучу тарабынан ушул Эрежелерде каралган мөөнөттүн чегимде өндүрүштүк, конструктивдик, рецептуралык же башка кемчиликтерди тапкан учурда сатып алуучунун талабы, эгерде сатуучу (өндүрүүчү) товардагы бул кемчилик аны саткандан кийин пайда болгондугун далилдей албаса, канааттандырылууга жатат.
540. Сатуучу сатып алуучу талаптагыдай эмес сапаттагы товарды сатып алгандыгы боюнча кайрылганда, сатып алуучу тарабынан тиешелүү арыз жазылган учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө ушул товарды анын сапатынын жок болушунун себебин аныктоо үчүн экспертизага жөнөтөт.
541. Экспертизанын наркы кемчилик сатып алуучунун күнөөсү боюнча эмес пайда болгондугу аныкталган учурда сатуучу, өндүрүүчү тарабынан, ал эми эгерде товарды колдонуунун эрежелери бузулган болсо, сатып алуучу тарабынан төлөнөт.
542. Эгерде сатып алуучу тараптан товар бузулганы аныкталса, экспертизага кеткен чыгымды төлөгөндөн кийин товар сатып алуучуга кайтарылып берилет.
543. Ири көлөмдүү товарларды сатуучуга, өндүрүүчүгө ташып жеткирүү же керектөөчүгө кайтарып берүү сатуучунун, өндүрүүчүнүн күч-аракеттери жана каражаттары аркылуу ишке ашырылат. Мындай ташып жеткирүүлөр жерлерде колдонуудагы тарифтер боюнча тарткан чыгымдарын сатуучунун, өндүрүүчүнүн төлөп берүүсү менен сатып алуучу тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
544. Наборлорго, гарнитурларга, комплекттерге өз алдынча элементтер катары кирген жана өз алдынча кепилдикке жана баага ээ болгон буюмдарда кемчиликтер пайда болсо, набордун, комплекттин, гарнитуранын бардыгына жана ошондой эле ага кирген өзүнчө дефекттик буюмдарга карата сатып алуучу ушул Эрежелерде каралган талаптардын бирин аткарууну талап кылууга укуктуу. Комплекттөөчү буюмдардын сапаты үчүн керектөөчүнүн алдында жоопкерчиликти акыркы продукциянын өндүрүүчүсү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген продукцияга карата, анын сатылышын ишке ашырган ишкана (жак) тартат.
Керектөөчү өзүнүн талаптарын ишке ашыра ала турган мөөнөттөр жана кепилдик мөөнөттөрү
545. Эгерде сатылган товардын кемчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же продукцияны өндүрүүчү көрсөткөн мөөнөттө табылса, ал эми товарларга кепилдик мөөнөттөрү белгиленген учурда ушул мөөнөттөрдүн ичинде керектөөчү көрсөтүлгөн укуктарын кое алат.
546. Баалуу мех товарларында жашыруун кемчиликтер табылса, керектөөчү сатып алган күндөн тартып 12 айдын ичинде аны алмаштырууга укуктуу. Бул мөөнөткө башка сезондун башталышына байланыштуу буюмду колдонуудагы үзгүлтүктүк убакыты киргизилбейт.
547. Кепилдик мөөнөттөрү өндүрүүчү тарабынан товарды чекене сатуу күнүнөн тартып, ал эми жарамдуулук мөөнөтү өндүрүлгөн күндөн тартып саналат.
548. Комплекттөөчү буюмдарга жана курамдуу бөлүктөргө карата кепилдик мөөнөтү негизги буюмга карата колдонуунун кепилдик мөөнөтүнө тең эсептелет жана ушул буюмга карата кепилдик мөөнөтү аяктаганда кошо аяктайт, эгерде техникалык регламенттерде жана стандарттарда башкача каралбаса.
549. Товардын кемчилиги боюнча керектөөчүнүн кайрылган күнүнөн тартып кемчиликтерди жок кылуу же алмаштыруу убактысы кепилдик мөөнөтүнө киргизилбейт. Мында товарды алмаштырууда кепилдик мөөнөтү алмаштырган күндөн тартып жаңыдан эсептелет; кемчиликтерди жок кылууда кепилдик мөөнөтү керектөөчү пайдалана албаган мөөнөткө узартылат.
Талаптагыдай сапаттагы товарларды алмаштыруу тартиби
550. Сатууда окшош товар бар болсо, сапаттуу эмес товарды алмаштыруу жөнүндө керектөөчүнүн талабы дароо канааттандырылышы керек, анын сапатын текшерүү зарыл болгон учурларда - тиешелүү талап коюлган күндөн тартып 20 күндүн ичинде канааттандырылышы керек, эгерде тараптардын макулдугу боюнча башка мөөнөттөр коюлбаса.
551. Товарды алмаштыруу жана кайтарып берүү боюнча маселелер керектөөчүнүн товардык (кассалык) чекти же товарга акы төлөнгөнүн далилдөөчү башка документти, ал эми колдонуунун кепилдик мөөнөтү бар товарлар - буюмга карата паспорт көрсөтүлгөндөн кийин сатуучу тарабынан каралат.
552. Сатууда окшош товар жок болсо, керектөөчүнүн товарды алмаштыруу жөнүндө талабы тиешелүү арыз жазылган күндөн тартып бир айдын ичинде канааттандырылышы керек. Бул учурда сатуучу керектөөчүгө сапаттуу эмес товарды кабыл алуу жөнүндө квитанцияны берүүгө жана окшош товар келип түшкөндө ага бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.
553. Эгерде товардын ушул модели (маркасы, түрү, артикулу ж.б.у.с.) өндүрүштөн алынып салынса, сапаттуу эмес товарды алмаштыруу жөнүндө талап коюлса сатуучу, өндүрүүчү тиешелүү кайрадан эсептөө менен башка моделдеги (маркадагы, түрдөгү, артикулдагы ж.б.у.с.) окшош товарды сунуш кылууга милдеттүү.
554. Кепилдик оңдоону же тейлөөнү ишке ашырган ишканалар керектөөчүнүн талабы боюнча бузук буюмду жаңысына алмаштырууга үч нускада справка берет, анын экөө керектөөчүгө берилет, бирөө мастерскаяда калат.
555. Керектөөчү сатуучуга буюмдун паспортун жана кепилдик мастерскоюнун справкасынын эки нускада берет.
556. Сатуучу товарлар алмашылгандан кийин көрсөтүлгөн документтерди өндүрүүчүгө жөнөтөт. Кепилдик мастерскоюнун справкасынын бир нускасы сатуучуда калат.
557. Алтын корпустуу сааттар бузулганда жаңы паспортту берүү менен саат механизми гана алмаштырылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын сапаттуу эмес товарларын
сатып алуу учурларында сатып алуучу менен эсептешүү
558. Сапаттуу эмес товарды ошол эле моделдеги (маркадагы, түрдөгү, артикулдагы ж.б.у.с.) товарга алмаштырууда баасы өзгөрүп кеткен учурда наркы кайрадан эсептөө жүргүзүлбөйт.
559. Сапаттуу эмес товарды ошол эле тектеш белгилери менен аныкталган, бирок башка моделдеги (маркадагы, түрдөгү, артикулдагы ж.б.у.с.) товарга алмаштыруу баа өзгөргөн учурда көрсөтүлгөн товарлардын кайра эсептөө алмашуу учурундагы баага жараша жүргүзүлөт.
560. Кредитке товар сатып алган керектөөчүлөргө сатып алуу-сатуу келишими бузулган учурда товарды кайтарып берген учурга карата төлөнүп бүткөн кредиттин көлөмүндөгү акчалай сумма кайтарылып берилет, ошондой эле кредит берүү үчүн чыгымдардын орду толтурулат.
Керектөөчүнүн талаптагыдай сапаттагы товарларга алмаштыруу укугу
561. Сатып алган күндөн башка 14 күндүн арасында сатып алуучу сапаттуу азык-түлүк эмес товарды ошондой товарга сатылып алынган соода ишканасында, эгерде товар үлгүсү, көлөмү, фасону, өңү, өлчөмү же башка себептер боюнча туура келбесе керектөөчү пайдаланууга мүмкүн болбогон товарды алмаштырууга укуктуу.
562. Ушул эреженин тиркемесинде келтирилген товарлар алмаштырууга жатпайт. Эгерде керектелбесе, анын товардык көрүнүшү, керектөөчү касиети, пломбасы, фабрикалык жарлыктары ошондой эле сатылган товарга сатуучу керектөөчүгө берген товардык (кассалык) чек сакталса сапаттуу товарга алмаштыруу жүргүзүлөт.
563. Керектөөчү соода ишканасына кайрылган учурда сатууда окшош товар жок болуп калган учурда, сатып алуучу өзүнүн тандоосу боюнча келишимди бузууга жана товар үчүн төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга же сатууга тийиштүү товар биринчи келип түшкөндө ушуга окшош товарга алмаштырууга укуктуу.
564. Төмөнкүлөр алмаштырылбайт:
- баалуу металлдардан, баалуу жана жарым-жартылай баалуу таштардан жасалган буюмдар;
- кепилдик мөөнөтү бар татаал-техникалык товарлар;
- байпак, кыска байпак буюмдары, кол каптар;
- төшөнчүлөр, ымыркайлар үчүн төшөнчүлөр;
- ченелүүчү товарлар: кездемелер, тюль, килем буюмдары ж.б.;
- парфюмердик-косметикалык товарлар;
- синтетикалык жуугуч каражаттар (суюк);
- айнек, пластмасса жана аэрозолдук таңгактагы тиричиликтик химия товарлары;
- кеңсе товарлары: тушь, сыя, көркөм сүрөт үчүн боектор, лактар, майлар, суюлткучтар;
- фото тасма, фото кагаз, фото реактивдери;
- жеке гигиена буюм заттары.
(Глава КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
азык-түлүк товарлары - табигый же кайра иштетилген, жүгүртүүдөгү жана адам тамак үчүн колдонуучу (анын ичинде балдар тамак ашы продукттары, диеталык (мүнөздүү) тамак аш продукттары), бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суулар, алкоголдук продукциялар, пиво жана анын негизинде даярдалуучу ичимдиктер, алкоголсуз ичимдиктер, сагыздар жана башка тамак аш продукттар жана кошулмалар түрдөгү продукттар;
азык-түлүк эмес товарлары - ар кандай керектөөлөрдү камсыздоо максатында сатылуучу, тамак-ашка колдонууга багытталбаган жана тамак-аш даярдоого сырье катары колдонулбаган товарлар.
Чекене соода тармактарында сооданы уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби
564-1. Чекене соода тармактарындагы соода ишин ушул Эрежелерге ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ишкердик субъекттери жүргүзөт.
Чекене соода тармактарында соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин укуктары жана милдеттери
564-2. Соода тармагын уюштуруу аркылуу соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъектти (мындан ары - сатуучу) азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүргүзгөн ишкердик субъектине (мындан ары - жеткирүүчү), азык-түлүк товарларын жеткирүүгө келишимди түзүү үчүн жеткирүүчүнү тандоо шарты тууралуу маалыматтын ачыктыгын "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы өз сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу, ошондой эле суралган маалыматты тиешелүү сурамды алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кайтарымсыз берүү жолу менен камсыз кылууга милдеттүү.
564-3. Сатуучу жана жеткирүүчүнүн ортосунда түзүлгөн товарларды жеткирүү келишими боюнча товардын баасы ушул Эрежелерде каралган талаптарды эске алуу менен азык-түлүк товарларын жеткирүү келишиминде тараптардын белгиленген товарларынын баасы менен аныкталат.
564-4. Товарларды жеткирүү келишиминде белгилүү бир товардын саны жеткирүүчүдөн алынгандыгына байланыштуу сатуучуга төлөнгөн сый акы товардын баасына кошулушу мүмкүн. Сый акынын көлөмү алынган товарлардын баасынан он пайызынан жогору болбойт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеде көрсөтүлгөн товарлардын айрым түрлөрүн алгандыгына байланыштуу сый акыны төлөөгө жол берилбейт.
Жеткирүү келишимине сатуучу товарларды жеткирүүчүдөн кирүүгө төлөмдү (бонусту), такталарды жана соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн жана башка төлөмдөрдү кошууга жол берилбейт.
Бул келишимдин шарттарын сатуучунун аткаргандыгы жана (же) анын өзгөргөндүгү үчүн сый акынын башка түрлөрүн товарларды жеткирүү келишиминин баасына кошууга жол берилбейт.
564-5. Эгерде сатуучунун жана товарларды жеткирүүчүнүн ортосунда сатуучуга мындай товарларды өткөрүп бергенден кийин төлөө шарты менен бул товарларды жеткирүү келишими түзүлсө, товарларды төлөө мөөнөтү төмөнкү эрежелер боюнча аныкталат:
1) жарактуулук мөөнөтү календардык он күндөн кем эмес коюлган товарлар мындай товарларды сатуучу кабыл алган күндөн тартып он жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш;
2) жарактуулук мөөнөтү календардык он күндөн отуз күнгө чейин коюлган товарлар мындай товарларды сатуучу кабыл алган күндөн тартып календардык отуз күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш;
3) жарактуулук мөөнөтү календардык отуз күндөн ашык коюлган товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган алкогол ичимдиги сатуучу мындай товарларды кабыл алган күндөн тартып календардык кырк беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
564-6. Ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө товарларга төлөмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарларды жеткирүүгө тиешелүү болгон документтерди берүү боюнча милдеттерди товарларды жеткирүүчү аткарган шарттарда жүргүзүлөт.
Эгерде товарларды жеткирүүчү сатуучуга документтерди бербесе же берүүдөн баш тартса, товарларды төлөө мөөнөтү көрсөтүлгөн документтерди берген мөөнөткө чейин узартылат.
564-7. Товарларды жеткирүүгө багытталган товарларды жарнактоо, маркетинг жана башка кызматтар өз ыктыяры менен гана тиешелүү акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү келишимдеринин негизинде көрсөтүлөт.
Товарларды жеткирүү келишимине сатуучу белгилүү бир иш-аракеттердин товарларга карата жүргүзүү, товарларды жарнактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу, товарларды жеткирүүгө багытталган ушул сыяктуу кызматтар жана маркетинг, ошондой эле товарларды жеткирүүгө багытталган акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен мажбурлоо аркылуу товарларды жеткирүү келишимин түзүү тууралуу шарттарды кошууга жол берилбейт.
Товарларды жеткирүүгө антимонополдук талаптар
564-8. Соода тармагын уюштуруу аркылуу товарларды сатуучуга жана соода тармактарына товарды жеткирүүчүгө тыюу салынат:
1) басмырлоо шарттарын түзүү, анын ичинде:
а) башка ишкердик субъекттерине товар рыногуна кирүү же товар рыногунан чыгуу үчүн тоскоолдуктарды түзүүгө;
б) ченемдик укуктук актылар тарабынан коюлган баа түзүү тартибин бузууга.
2) жеткирүүчүгө төмөнкүдөй шарттарды таңуулоо:
а) ушул сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери менен товарларды жеткирүү келишимдерин ишкердик субъекттери менен түзүүгө же башка шарттарга тыюу салууга;
б) ушул сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери үчүн түзүлгөн шарттарга салыштырмалуу жакшы шартта товарларды жеткирүү тууралуу ишкердик субъекттеринин милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу;
в) жеткирүүчүгө ушул сыяктуу ишкердикти жүргүзгөн башка ишкердик субъекттери менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалыматтарды ишкердик субъектти тарабынан берүү тууралуу;
г) иштеп жаткан же ачылып жаткан соода обьекттерине мындай товарларды жеткирген (киргендиги үчүн төлөм жана башка кандайдыр бир келишимди түзгөндөгү төлөмдөр) укугу үчүн төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө;
д) товарлардын түрлөрү өзгөргөндүгү үчүн төлөмдүн ишкердик субъекттери тарабынан киргизгендиги жөнүндө;
е) мындай товарларга менчик укугу өткөндөн кийин мындай товарлардан айрылгандыгына же залакага учураткандыгына байланыштуу чыгашаларды товарларды жеткирүүнү жүргүзгөн ишкердик субъектисинин ордун толтуруусу тууралуу, буга мындай товарларды жок кылуу же зыян келтирүү жеткирүүнү аткарган ишкердик субъектти тарабынан болгон учур кирбейт;
ж) товарларды жеткирүү жана мындай товарлардын конкреттүү партиясын кийинчерээк сатуу келишимин аткаруу менен байланышпаган чыгымдарды ишкердик субъектисинин ордун толтуруусу тууралуу;
з) белгилүү бир мөөнөт аяктаганда сатылбаган товарларды товар жеткирүүчүгө кайтаруу жөнүндө, буга товарларды кайтаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган же жол берилген учурлар кирбейт;
и) башка шарттар, эгерде алар ушул пункттун "а"-"и" пунктчаларында каралган шарттардын маанилүү белгилерин камтыса;
3) комиссиялык келишимди же комиссиялык келишимдин элементтерин камтыган аралаш келишимди пайдалануу менен дүң сооданы жүргүзүүгө.
565. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышы үчүн контролдук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
566. Ишкердик субъектти ыйгарым укуктуу органдардын адамдарына текшерүү контролдук жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт жама жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө табылган кемчиликтерди жана ушул эрежелердин талаптарын бузууларды четтетүү үчүн чараларды кабыл алат.
567. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуулар табылган учурда контролдоочу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды кабыл алат.
568. Ишкердик субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти тартышат.
569. Бул Эрежелердин талаптарын сактабаган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат.