Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу № 455
«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-жыл, № 6, 184-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«2-берене. Ички аскерлердин милдеттери
Ички аскерлердин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;
- ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти сактоого, коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абал режимин камсыздоого катышуу;
- Кыргыз Республикасын аймактык коргоого катышуу;
- чыр-чатак аймагын чектөө жана тосуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террористтик топторду жана уюмдарды жоюуга, алардын базаларын (кампаларын), коммуникацияларын жок кылууга катышуу;
- ички куралдуу кагылышууларга бөгөт коюу жана кагылышып жаткан тараптарды ажыратуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу, ички чыр-чатак болуп жаткан аймактагы калктын куралын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- чыр-чатак аймагына чектеш аймактардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону күчөтүү;
- аскердик абал киргизилген аймакка кирүү жана андан чыгууда өзгөчө тартипти сактоо, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилде андагы эркин кыймыл аракетти чектөө;
- калкты куткарууга жана кечүрүүгө, кырсыктык-куткаруу жана өрткө, эпидемияларга жана эпизоотияларга каршы күрөшүүдө башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарына көмөктөшүү. Экстремалдык шарттарда (эпидемияда, өзгөчө кырдаалдарда, аскердик кырдаалдарда, табигый кырсыктарда, барууга кыйын жана коркунучтуу шарттардагы иштерде), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди чечүүдө иштөө.».
2. 4-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«4-берене. Ички аскерлердин курамы
Ички аскерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:
- ички аскерлердин колбашчылыгы;
- ички аскерлерди аскердик башкаруу органдары;
- атайын жана ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр;
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр;
- кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү окуу жайлары;
- камсыздоо бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү;
- мекемелер (дарылоо жана ден-соолукту чыңдоо борборлору).».
3. 8-берененин аталышында жана бүткүл тескти боюнча «Бишкек шаары» деген сөздөр «Бишкек жана Ош шаарлары» сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-беренеде:
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын:
- 5-бөлүктөгү «Байланыш министрлиги, Транспорт министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет» деген сөздөр «байланыш, транспорт жана коммуникациялар, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 10-беренеде:
- бешинчи абзацтагы «башкармасынын» деген сөз «колбашчысынын» деген сөз менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацтагы «Ички аскер башкармасынын начальнигинин орун басарларынын» деген сөздөр «Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 11-берененин 3-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- офицерлердин, прапорщиктердин, контракт боюнча катардагы, сержанттык курамдагы кызмат өтөөчүлөрдүн аскердик кызмат өтөө маселелерин чечет;».
7. 12-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«12-берене. Ички аскерлердин колбашчылыгы
Ички аскерлердин колбашчылыгы ички аскерлерди башкаруунун негизги органы болуп эсептелет.
Ички аскерлердин колбашчылыгынын ишин уюштуруу жана анын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жободо менен белгиленет.».
8. 13-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«13-берене. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын начальниктеринин ыйгарым укуктары
Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын начальниктери тийиштүү аймактарда (облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын) жайгашкан ички аскерлердин атайын жана ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн командирлерине карата улук ыкчам начальник болуп эсептелишет жана төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- тийиштүү аймактын чегинде коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү үчүн аскердик бөлүктөрдүн атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрдүн күчтөрүн жана каражаттарын ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин уставында каралган тартипте тартууга;
- аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен бирге аскердик бөлүктөр жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөр үчүн кызматтык милдеттердин көлөмүн аныктоого;
- аскердик бөлүктөрдүн жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрдүн кароолдорунун жана аскердик наряддарынын кызмат өтөөсүүнө контролдукту жүзөгө ашырууга;
- ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жана ички аскерлердин ички бөлүктөрүнүн атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен окууларын жана машыгууларын өткөрүүгө катышууга;
- аскердик бөлүктөрдүн жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрдүн командирлеринин кызматтык-күжүрмөн ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматын угууга;
- аскердик бөлүктөрдүн жана ички аскерлердин атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрүнүн, анын ичинде милдетти аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келгендердин иши үчүн талаптагыдай шарт түзүүгө командирлерге көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык коргоого алынышынын кепилдиктерин сактоого;
- ички аскерлер тарабынан кайтарууга алынган объектилерди инженердик-техникалык каражаттар менен жабдууга, кароолдук жайларды, аскердик шаарчаларды куруу жана жайгаштыруу, ошондой эле оңдоону уюштурууга.».
9. 14-берененин 1-бөлүгүндөгү», кызматчылар жана жумушчулар» деген сөздөр «жана жарандык кызматкер адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 15-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
11. 17-берененин 2-бөлүгүндөгү «мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына» деген сөздөр «аскер кызматын контракт боюнча катардагы, сержанттык курамда өтөп жаткан аскер кызматчыларына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 18-берененин 2-бөлүгүндө:
- «моторлоштурулган атайын аскердик бөлүктөр» деген сөздөр «аскердик бөлүктөр жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөр» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- «(областардын, Бишкек шаарынын)»деген сөздөр»(облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын)»деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 19-берененин аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«19-берене. Аскердик бөлүктөрдүн жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөрдүн милдеттери
Аскердик бөлүктөргө жана атайын жана ыкчам багыттагы бөлүкчөлөргө төмөнкү милдеттер жүктөлөт:».
14. 20-берене күчүн жоготту деп табылсын:
15. 22-берене күчүн жоготту деп табылсын:.
16. 23-берене:
- «е» пунктунда «качып кеткен соттолгон адамдарды жана камактагыларды издөөгө» деген сөз алып салынсын;
- «з» пункту күчүн жоготту деп табылсын.
17. 26-беренеде:
- «а» пунктунда «түзөтүү-эмгек мекемелеринин кызматкерлери» деген сөз алып салынсын;
- «з» пунктунда «ошондой эле түзөтүү-эмгек мекемелеринин ишине тетири таасир берген аракеттер» деген сөздөр алып салынсын.
18. 27-берененин 1-бөлүгүндө:
- «б» пунктундагы «жана түзөтүүчү-эмгектик мекемелердин, сот жана прокуратуранын жумушчулары» деген сөздөр алып салынсын;
- «и» пункту күчүн жоготту деп табылсын.
19. 28-берененин 1-бөлүгүндө:
- «е» пункту күчүн жоготту деп табылсын.
20. 34-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«34-берене. Ички аскерлердин аскер кызматкеринин өмүрүн жана ден-соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу
Ички аскерлердин аскер кызматкеринин өмүрүн жана ден-соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу тартиби курман болгондо (өлгөндө), жаракат алганда, травма, контузия же аскердик кызмат өтөө, аскердик жыйындар учурунда ооруп калганда Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат».
21. 35-берене күчүн жоготту деп табылсын:
22. 37-беренеде:
- 4-бөлүктөгү «мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчылары» деген сөздөр «катардагы, сержанттык курамда контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. 38-беренеде:
- 4-бөлүктөгү «мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчылары» деген сөздөр «катардагы, сержанттык курамда контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 40-беренеде:
- 5-бөлүктөгү «мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчылары» деген сөздөр «катардагы, сержанттык курамда контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктөгү «мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчылары» деген сөздөр «катардагы, сержанттык курамда контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|