Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августундагы № 461
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, К.Т.Туманов, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Рыспаев, И.К.Гусаров демилге көтөргөн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 461 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, К.Т.Туманов, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Рыспаев, И.К.Гусаров демилге көтөргөн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык төмөнкү негиздер боюнча аны кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сунушталган долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясын түзүү жана аны Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин коргоону, коомдук тартипти, менчикти сактоону жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймаганда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасынын курамдык бөлүгүнө киргизүү сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектеп бөлүү принциптерине негизделет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинде мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыгышы мүмкүн эместиги аныкталган.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу - бул жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомчулуктардын өзүнүн кызыкчылыктарында жана өзүнүн жоопкерчилиги алдында чечүүдөгү ушул Конституция кепилдеген укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү экендигин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирген мамлекеттик органдардын чектелген тизмесин белгилейт: жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары, алардын арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясы белгиленген эмес.
Мындан тышкары, «Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыздоо боюнча аткаруучу-тескөөчү функцияларды жүзөгө ашыруучу органдар аныкталган. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктары, транспорттогу бөлүктөр, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, шаарчалык ички иштер органдарынын бөлүктөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдик объекттер, окуу жайлары, мекемелер жана уюмдар түзөт.
Мына ошентип, «Жергиликтүү башкаруунун милициясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын каралып жаткан долбоорунда өзүнчө алынган администрациялык аймактык бирдиктеги жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери «Ички иштер органдары жөнүндө» колдонуудагы Кыргыз Республикасыньш Мыйзамында жөнгө салынган, ал эми аталган функциялар мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын функцияларына киргизилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аталган мыйзамынын жоболору Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, ошондой эле «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келе тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштырган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан аны каржылоонун булактары аныкталгандан кийин гана кабыл алышы мүмкүн экендигин эскерте кетебиз. Буга байланыштуу сунушталган мыйзам долбоорунун 19-беренеси жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясын республикалык бюджеттен каржылоону аныктайт. Бирок, «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бюджеттик ресурстар өтө чектелүү шартта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясын түзүүгө жана каржылоого республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
Ошону менен бирге эле азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 25-февралындагы № 37 буйругун аткаруу үчүн азыркы учурда Укук саясатынын концепциясынын долбоорун даярдоо боюнча, анын ичинде 2011-жылдан тартып 2016-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо маселеси боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Мында Укук саясатынын концепциясынын долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү киргизилген.
Жогоруда ащылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милициясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.