Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 491
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча физкультура-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо багытындагы коомдук бирикмелердин ишинин белгиленген тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча физкультура-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча физкультура-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө жободо:
- 1 -пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Дене тарбия жана спорт тармагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан финансылык колдоону аккредиттелген федерация гана алганга укуктуу.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
«1.1. Негизги түшүнүктөр:
Спорттун түрү - спорттун курамдык бөлүгү, спортсмен тарабынан эң жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүү максатында системалуу машыгуу жана мелдештерге катышуу анын негизи болот. Спорт түрүнүн айырмаланган белгилери төмөнкүлөр болот: машыгуу чөйрөсү, пайдаланылуучу шаймандар - коргонуу каражаттарын жана мелдештердин эрежелерин (негизги принциптери) эске албаганда.
Арыз берүүчү - аккредитациядан өтүүгө аккредитация боюнча органга арыз берген федерация.
Аккредитация жөнүндө аттестат - арыз берүүчү тарабынан аккредитация алууну ырастаган документ (мындан ары - аттестат).
Банк маалыматтары - аккредиттелген федерациялардын атайын электрондук маалыматтар базасы.»;
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи - төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Аттестаттын жарактуулук мөөнөтү бүткөндө мурда аккредиттелген федерация кийинки 4 жылга аккредитациядан өтүү жана аттестат алуу үчүн аккредитация боюнча органга кайрадан арыз берүүгө укугу бар.
Федерациянын аккредитация жөнүндө чечими аккредитация боюнча органдын актысы менен таризделет. Тийиштүү белги маалыматтар банкында белги коюлат.
Аттестат тийиштүү түрдө таризделген ишеним каты болгондо гана аккредиттелген федерациянын жетекчисине же башка адамга кол койдуруу менен берилет. Берилген аттестаттарды каттоо китепчесине аттестат берилгендиги жөнүндө жазылат. Аттестаттын көчүрмөсү 4 жыл бою делодо сакталат. Тийиштүү белги маалымат банкында жасалат.»;
- 5-пунктта:
«комиссия жана эксперттик кеңеш түзүлөт» деген сөздөр «комиссия түзүлөт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Комиссия өзүнүн чечимдерин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Комиссиянын жыйынынын протоколу «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.»;
- 6-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу - онунчу абзацтар менен толукталсын:
«- дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга федерациянын катышуусу жөнүндө маалыматты;
- төрт жылга спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн максаттуу программаны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын.»;
- 7-пункт төмөнкү мазмунда берилсин:
«7. 6-пунктта аталган документтер ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык арыз берүүчүдөн басылган түрдө Комиссияга келип түшөт.
Керектүү бардык документтер тиркелген аккредитациялоо жөнүндө арыз аккредитациялоо боюнча органы тарабынан тизме менен кабыл алынат. Тизменин көчүрмөсү документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө белгиси менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык арыз берүүчүгө өткөрүп берилет.
Республиканын курама командасын түзүү жөнүндө маалымат берүү менен федерация республикада тийиштүү спорт түрлөрүн өнүктүрүү, аны методикалык камсыздоо жөнүндө материалдарды тиркейт.
Федерация жөнүндө маалымат маалыматтар банкына киргизилет. Комиссия тарабынан алардын тууралыгы текшерилет.»;
- 14-пункттагы «маалымат жарчысында» деген сөздөр «расмий сайтта» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 15-пункт төмөнкү мазмунда экинчи абзац менен толукталсын:
«Аккредитация боюнча орган федерацияга кайрадан таризделген аттестатты берет. Мында аккредитация боюнча органдын актысында аттестатты кайрадан тариздөөнүн себеби көрсөтүлөт.»;
- 17-пункттун үчүнчү абзацы «3 айдан ашпоого тийиш.» деген цифра жана сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы
«Табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн аныкталуучу мөөнөт аттестаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө федерация кабарлаган күндөн тартып эсептелет.» деген экинчи сүйлөм менен толукталсын;
- 18-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда Жобо 1 жана 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
1-тиркеме
Арыз
(спорт түрүнүн аталышы)
______________________________________________________________________________________________________________________
(федерациянын, союздун, ассоциациянын толук аталышы)
аккредиттөөнү суранабыз.
_____________________________________________________________________________________________________________________
Биздин почта дарегибиз:
_____________________________________________________________________________________________________________________
(индекси жана дареги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги каттоого ылайык)
Телефон_____________________________
факс_________________________________
Электрондук почтанын дареги___________________________________________________________________________________________
Тиркеме: _____________________________________________________________________________________________________________
(барактын саны)
_____________________________________________________________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин кызматы, фамилиясы, аты-жөнү)
Арыз берген күн:
_____________________________________________________________________________________________________________________
(толтурулбайт)
Каттоо номери:
_____________________________________________________________________________
(толтурулбайт)
».
2-тиркеме
2-тиркеме
Тизме
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(федерациянын, ооюздун, ассоциаиянын аталышы)
кабыл алыпган документтер
_____________________________________________________________________________________________________________________
(спорт түрүнүн аталышы)
боюнча аккредиттөөдөн өтүүдө
№ | Документтердин аталышы | Беттин саны | Белги: түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү |
1. |
|
|
|
2 |
|
|
|
3. |
|
|
|
4. |
|
|
|
5. |
|
|
|
6. |
|
|
|
7. |
|
|
|
8. |
|
|
|
9. |
|
|
|
10. |
|
|
|
11. |
|
|
|
12. |
|
|
|
Документти өткөргөн адамдын колу | Документти кабыл алган адамдын колу |
________________________________ | ___________________________________ |
(Фамилиясы, аты-жөнү) | (Фамилиясы, аты-жөнү) |
Күнү____________________ ».