Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 35
Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик эки айлык мөөнөттө "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди каржылоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене тарбия-спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене тарбия-спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 491 токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |