Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 494
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана К.Туманов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана К.Туманов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 494 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана К.Туманов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутунду берет.
Мыйзам долбоорунда «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жаңы жоболор менен толуктоо сунуш кылынат, ага ылайык жеке адамдын укуктары чектелиши мүмкүн.
Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин талаптарына карама-каршы келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларынын бузулгандыгы тууралуу эскертүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги беришкен, себеби мыйзам долбоорунда эгерде акча каражаттары «алдын ала төлөө карточкасында» жок болсо, айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу боюнча укуктарын чектөө сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде «адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек» деп белгиленген. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке адамдын укуктары, анын ичинде атайын укуктары улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Ошондой эле жарандарды кандайдыр бир укуктардан ажыратуу укугу мыйзамда белгиленген тартипте сот органдарына гана таандык. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясында 16-бернесинде эч ким мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн. Жарандардын кандайдыр бир себептер, анын ичинде мүлктүк себептер боюнча теңсиз болушуна жол берилбейт, ал эми Мыйзамга толуктоолорду киргизүү иш жүзүндө жарандардын мүлктүк теңсиздигин белгилейт.
Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине да карама-каршы келет. Себеби «алдын ала төлөө» карточкасы жок адамдарды иш жүзүндө транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратат. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 27-беренесине ылайык жеке адамдардын укуктарын чектөө администрациялык жазалардын бири болуп эсептелет, жогоруда аталган Кодекстин 25-беренесине ылайык бул жазалар укук бузуу болгон учурда күнөөлүү болгон адамдын же юридикалык жактардын аракети же аракетсиздиги (атайылап же атайылап эмес) үчүн колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 3-беренесинде белгиленген администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын принциптерин эске алып, жасала элек укук бузуу үчүн адамдын укуктарын чектөө каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ошону менен бирге эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 25-беренелерине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун маалымкат-негиздемесинде аны каржылоонун булактарынын бар болушу жана коомдук талкууларды жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Бирок жогоруда аталган мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде финансылык-экономикалык эсептөөлөр жөнүндө маалыматтар жана коомдук талкуулоонун натыйжалары берилген эмес.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бул мыйзам долбоору колдоого алынган эмес, себеби мыйзам долбооруна аталган талаптарды ишке ашыруу үчүн олуттуу акча каражаттары талап кылынат. Ушуга байланыштуу финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү алдын ала берүү зарыл.
Жогоруда жазылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана К.Туманов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка туура келбейт деп эсептейт.