Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 495
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун «г» пунктчасы төмөнкү мазмундагы кырк үчүнчү абзац менен толукталсын:
«уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө кызматка.»;
- 3-пункттун «д» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | А. Атамбаев |