Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 498
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин («Эркин Тоо» газетасынын 2009-жылдын 13-февралындагы№ 11 саны):
1. Преамбуласынын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, улутка таандыгына, жашына, саясий жана башка ынанымдарына, билимине, тегине, ошондой эле башка шарттарга карабастан Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана Кыргыз Республикасынын мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.».
2. 1-беренеде:
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- алтынчы абзацтагы «Коргоо министрлиги жана Чек ара кызматы» деген сөздөр «коргоо органы жана улуттук коопсуздук органынын чек ара аскерлери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары - Аскер соту, Аскер прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутуму чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрү;»;
- он экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«башка аскердик түзүлүштөр - Кыргыз Республикасыньш ички иштер органынын ички аскери, өзгөчө кырдаалдар жана улуттук коопсуздук органдарынын бөлүкчөлөрү;»;
- он сегизинчи абзацтагы «медициналык комиссия тарабынан» деген сөздөр «аскердик-дарыгердик комиссия, чакыруу комиссиясы же аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссия» деген сөздөргө алмаштырылсын».
3. 3-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдетти аткаруусуна багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү.»;
- 2-бөлүктүн тогузунчу абзацы», ошонун ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окууда» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктүн он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«солдаттардын, сержанттардын жана старшиналардын курамынын, прапорщиктердин жана офицерлердин кызматтарында өз эрки менен кызмат;»;
- 4-бөлүктөгү «аскердик кызматтан» деген сөздөр «аскердик же альтернативдик кызматтан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-беренеде:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында төмөнкүдөй аскердик наамдар белгиленет:»;
- берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн, офицердик курамдын аскердик наамдарында кызмат өтөө мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
- кенже лейтенант наамында - 1 жыл;
- лейтенант наамында - 2 жыл;
- улук лейтенант наамында - 3 жыл;
- капитан наамында - 4 жыл;
- майор наамында - 5 жыл;
- подполковник наамында - 6 жыл.».
5. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтардын, аскердик-каттоо адистиктердин жана аларга тиешелүү аскердик наамдардын аталышы, ошондой эле кызмат маяналарынын жана тарифтик разрядынын өлчөмү тийиштүү штаттар менен аныкталат.».
6. 7-берененин 2-бөлүгүндөгү «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-беренеде:
- 2-бөлүктөгү «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«3. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун жана аскердик жыйындарды өткөн жарандарга, жарандык жогорку окуу жайларын аяктаганда запастагы офицердик курамдын аскердик наамы «кенже лейтенант» ыйгарылат, ал эми окуу жайга өтө электен мурда мөөнөттүү аскердик кызматты өткөн жана запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун жана аскердик жыйындарды өткөн жарандарга, жарандык жогорку окуу жайларын аяктаганда запастагы офицердик курамдын аскердик наамы «лейтенант» ыйгарылат»;
- 4-бөлүктөгү «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 12-беренеде:
- 1-бөлүктүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Чет мамлекеттерде жашап жаткан аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.»;
- 4-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«4. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана андан чыгаруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.»;
- 5-бөлүктөгү «мамлекеттик күзөт» деген сөздөр алып салынсын.
9. 13-беренеде:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Аскердик каттоого эркек жарандар, алар он алты жашка чыккан жылы алынууга тийиши.»;
- 4-бөлүктүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссияларынын мүчөлөрүнүн, медициналык, техникалык кызматкерлердин, ошондой эле иштөө үчүн жиберилген тейлөөчү персоналдын ал милдеттерди аткаруу убактысында жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталат.».
- 5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«5. Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда, аскердик кызматка жарактуулук даражасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.»;
- 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп тапкан жарандардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө акыркы чечимди, чакыруу комиссиясы аныктайт.»;
- 7-бөлүктөгү «Аскердик каттоо жөнүндө жобо» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөргө алмаштырылсын».
10. 14-беренеде:
- 1-бөлүктөгү «алардын өз убагында келиши үчүн көмөк көрсөтүү» деген сөздөр «алардын өз убагында келишин камсыздоо» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«жарандарды аскердик каттоого коюуну жүргүзүү, жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга жана аскердик жыйындарга чакырууну өткөрүүдө көмөк көрсөтүү;
жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосуна контролду жүргүзүүгө.»;
- 4-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-бөлүктөгү «майып» деген сөз «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
«10. Калкты каттоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар, жарандар тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатынын аскердик каттоого коюу же каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматын көрсөткөндө, жарандарды жашаган орду боюнча каттоону (каттоодон чыгарууну) жүргүзүүгө милдеттүү.».
11. 4-главанын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын.
«4-глава. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу».
12. 15-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын милдеттүү негизде өздүк курам менен комплекттөөгө багытталган иш-чаралардын жыйындысы.»;
- 1-бөлүктүн бешинчи абзацындагы «чек ара кызматы», «мамлекеттик күзөт» деген сөздөр алып салынсын.
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандар, аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алгандан кийин аскердик каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү.»;
- 5-бөлүктөгү «Чет өлкөдө жүргөн, республикага туруктуу жашаган жерине келгенден кийин,»деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын;
«Ушундай жарандардан түшкөн акча каражаттар, аскерлерди кармоого жана камсыздоого, аскер бөлүктөрүнүн окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларынын социалдык корголушун көтөрүүгө багытталат.».
13. 16-беренде:
- 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Аскердик жана альтернативдик кызматтарга алынчу чакырылуучуларды, жана аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн, мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен дарыгерлер жана орто медициналык персонал дайындалат.»;
- 3-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы «аскердик кызмат» деген сөздөр «аскердик жана альтернативдик кызматтар» деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 3-бөлүктүн тогузунчу абзацындагы «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын:
- төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Ден соолугунун абалы боюнча тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп табылган жана запаска киргизилген жарандар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө жана тартипте медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Чакыруу курактагы жарандар, медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматта жарактуу деп табылгандар, жалпы негизде аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылышат.».
14. 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мөөнөттү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары запастагы офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргенде, запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындан өтүшсө болот.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындан өткөн жана белгиленген экзамендерди ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына бошонгондо Кыргыз Республикасынын коргоо органынын жетекчиси тарабынан запастагы офицердик курамдын «лейтенант» биринчи наамы ыйгарылат.».
15. 19-беренеде:
- 1-бөлүк «чакыруудан бошотуу» деген сөздөрдөн кийин, «ошондой эле, билим алуу үчүн чакыруудан калтыруусу бар жарандар» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Жыл сайын чакырылуучу мобилизациялык резервдеги аскердик кызматка киргизилүүчү жарандардын санын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аныктайт.»;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацында «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын»;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Чакырылуучу мобилизациялык резервдин кызматчыларынан түшкөн, окуу жыйындарга багытталган акча каражаттары аскердик жыйындарды уюштуруу жана өткөрүүгө, окуу борборлорунун материалдык базасын кармоого жана бекемдөөгө жана аскер кызматчыларынын социалдык корголушун көтөрүүгө багытталат.»;
- 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кезектеги чакыруу белгиленген чакырууну өткөрүү мөөнөтү аяктаганга чейин акча каражаттарын төкпөгөн же толук төкпөгөн учурда, же акт менен таризделген, аскер комиссары кол койгон жарандын аскердик жыйындарды өтүүдөн баш тарткан учурунда, мындай жаран белгиленген тартипте чакырылуучулардын каттоосуна берилет жана кезектеги чакыруу компаниясы учурунда мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга жатат. Алар төккөн акча каражаттары, республикалык бюджетке атайын каражаттарга 20% өлчөмүндө салыкты жана банктын кызматына 0,2% өлчөмүндө которулгандарды кармап калуу менен кайра берилүүгө тийиш.»;
- 5-бөлүктөгү «чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик жыйындар аяктагандан кийин» деген сөздөр «мурда мөөнөттүү аскердик кызматты, контракт боюнча же чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызматты өтөгөндөр» деген сөздөргө алмаштырылсын,».
16. 20-берененин экинчи абзацындагы «чек ара кызматы,»«, мамлекеттик күзөт» деген сөздөр алып салынсын.
17. 21-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«21-берене. Аскерге милдеттүүлөрдү аскердик жыйындарга чакыруу.
Аскерге милдеттүүлөр аскердик жыйындарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөткө жана тартипте чакырылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өтүүнүн жана белгиленген экзамендерди тапшыруунун тартибин, Кыргыз Республикасынын коргоо органынын жетекчиси белгилейт.».
18. 23-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт Кыргыз Республикасынын жараны менен Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан түзүлөт.»;
- 5-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: «Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттын шарты өзүнө контракт менен белгиленген мөөнөттүн убагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскер кызматын өтөөгө жарандын милдетин камтыйт.».
19. 24-берененин 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы «кызмат ордуна ылайык келбөөсү» деген сөздөрдөн кийин «же кадыр-баркты кетирген жоруктары» деген сөздөр менен толукталсын.
20. 25-берененин 7-бөлүгүндөгү «аскер академиясы» деген сөздөр «аскердик окуу жайлар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. 26-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Жарандар жогорку аскердик окуу жайга өтүп жатканда (ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурлардан тышкары), окуу мөөнөтүнүн бардык мезгилине жана жогорку аскердик окуу жайды аяктагандан кийинки беш жылга контракт түзүшөт. Кийин аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте түзүлөт.».
22. 30-беренеде:
- 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Прапорщиктердин аскердик кызматта болуусунун чектик курагы элүү жаш.
3. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан катардагы солдаттык, сержанттык жана старшиналык курамдын аскер кызматчыларынын аскер кызматында болгон чектик курагы кырк беш жаш.».
- берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Аскердик кызматта туруунун чектик курагына жеткен аскер кызматчылардын кызматтагы мөөнөтүн узартуу, кызматтык милдеттерин башка адамдар аткара албай турган учурларда, 5 жылга чейинки мөөнөткө аскер бөлүгүнүн (мекеменин) аскер кызматчыларынын (офицердик курам үчүн Офицерлердин жыйналышы) жалпы жыйналышынын өтүнүчү боюнча аскер кызматчысы аскер кызматын өтөп жаткан мамлекеттик органдын Коллегиясынын чечиминин негизинде, өзгөчө учурларда жүргүзүлөт.
Аскердик кызматта туруунун чектик курагынан ашык калтырылган аскер кызматчылар менен аскердик кызматты өтөө жөнүндө жаңы контракт, ага аскердик кызматтын узартылган мөөнөтүнө түзүлөт. Контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин аскер кызматчысы запаска же отставкага бошотулууга тийиш.».
23. 32-беренеде:
- 3-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы «майып» деген сөз «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам» деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 33-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«33-берене. Аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан убактылуу калтыруу»;
- 1-бөлүктүн биринчи жана экинчи абзацтарындагы «аскердик кызмат» деген сөздөр «аскердик жана альтернативдик кызматтар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацындагы «аскердик кызмат» деген сөздөр «аскердик жана альтернативдик кызматтар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруудан убактылуу калтыруу төмөнкүлөргө берилет:
лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик окуу жайлардын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспирантгарына, эгерде алар окуу жайда биринчи курстан баштап окуп жатышса жана экинчи жогорку билимди алып жатышпаган шартта;
орто кесиптик окуу жайлардын окуучуларына, аларды бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге берилет.
Кесиптик жогорку жана орто окуу жайлардан начар жетишкендиги, тартипсиздиги үчүн же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн кайтадан чакыруудан убактылуу калтыруу укугунан ажырашат.
Ар түрдүү негиздер боюнча жогорку окуу жайлардан мурда чыгарылган жана жогорку окуу жайына кайра калыбына келтирилген же башка окуу жайга өткөн адамдарга билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруудан убактылуу калтыруу берилбейт.»;
- 6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
«6. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуудан убактылуу калтыруу укугу бар жарандар, алардын каалоосу боюнча арызынын негизинде аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылышы мүмкүн.
7. Ушул берене менен каралган убактылуу калтыруу үчүн негиздерди жоготкон жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш.».
25. 34-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«34-берене. Аскердик же альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу.
1. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруудан төмөнкү жарандар бошотулат:
1) ден соолугунун абалы боюнча тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп табылгандар;
2) ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылгандар;
3) оор же өтө оор кылмыш болуп саналган кылмыш жазасы үчүн эркиндигинен ажыратуучу жерлерде жазасын өтөп келген, ошондой эле эки жана андан ашык соттолгондугу бар болгондор;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин, башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өтөгөндөр;
5) жыйырма жети жашка чыккан жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими менен аскердик же альтернативдик кызматтарга чакыруудан убактылуу калтырууну алгандар.
2. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Мобилизация боюнча жана согуш убаганда аскердик кызматка чакыруудан, каттоодон чыгаруу менен ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандар бошотулат.
4. Он сегиз жана андан жогорку жашка чыккан, дене түзүлүшүнүн чектелүүсүнө ылайык белгиленген тартипте чакыруу комиссияларынан өтпөгөн жарандарга, I, II жана III топтогу майыптыкты белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) чечимин көрсөткөндө, аскердик билет аскердик каттоодон чыгаруу менен белгиленген акчалай төлөм төлөтүлбөстөн берилет.».
26. 35-берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында болуунун мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
- кенже лейтенант наамында - 3 жыл;
- лейтенант наамында - 4 жыл;
- улук лейтенант наамында - 5 жыл;
- капитан наамында - 6 жыл;
- майор наамында - 7 жыл;
- подполковник наамында - 8 жыл.
Запастагы офицерге ыйгарылган наамдагы болуунун мөөнөтү ушул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет.».
27. 38-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамдар менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын комплектилөө үчүн дайындалган аскерге милдеттүүлөр машыктыруучу, текшерүүчү жана атайын аскердик жыйындарга чакырылышат.».
- 6-бөлүктөгү «Коргоо министрлиги» деген сөздөр «коргоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын»;
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|