Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 501
«Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик каражаттардын туура жана сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо системасын күчөтүү, «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасында чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгын жана ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-июлундагы № 520 «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-октябрындагы № 466 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-июлундагы № 520 «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы N 501 токтому менен бекитилген |
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы (мындан ары - Ишкана) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында турган жана өзүнүн ишин жүргүзүп жаткан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды (алардын өкүлчүлүктөрүн) же алардын долбоорлорун тейлөө боюнча координатордун жана жумуштардын заказчысынын атайын функцияларын өз алдынча аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматынын органдарынын иштерин тейлөө максатында түзүлгөн.
Ишканага жалпы жетекчиликти жана анын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын башка тийиштүү нормативдик укуктук актыларына, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине жана ушул Уставга таянат.
3. Ишкана мүлккө операциялык башкаруу укугунда ээлик кылуучу, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасында иш жүргүзүүчү, ыйгарым укуктуу орган тарабынан башкарылуучу юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын банктарында, башка финансылык-кредиттик мекемелеринде жана чет өлкөлөрдө өз алдынча балансы (анын ичинде алыш-бериш жана валюталык), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жана англис тилинде жазылган мөөрү, ошондой эле штампы, бланктары жана башка атрибутикасы болот.
Ишкана ага операциялык башкаруу укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болбойт.
4. Ишкананын толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы;
- орус тилиңде: Государственное предприятие дипломатического сервиса "Кыргыздипсервис";
- англис тилинде: Тhе Diрlоmаtiс Services State Enterprise "Кyrgyzdipservise".
Кыскача расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: КДС;
- орус тилинде: КДС;
- англис тилинде: KDS.
5. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 "А".
2. Ишкананын милдеттери жана функциялары
6. Ишкананын негизги милдети болуп чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында турган жана өзүнүн ишин жүргүзүп жаткан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдарга (алардын өкүлчүлүктөрүнө) же алардын долбоорлоруна (мындан ары - чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр) тийиштүү түрдө иштөө үчүн шарттарды түзүүгө, аларды сервистик тейлөөгө байланышкан маселелердин комплексин чечүү жана иштерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматынын органдарынын иштерин тейлөө эсептелет.
7. Ишкананын милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө алар менен түзүлчү келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасында иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары жана башка уюмдары менен бирдикте чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлөөнү координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарында Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызыкчылыктарынын атынан чыгуу;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана башка уюмдарына чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен байланыш түзүүгө жардам көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө жана алардын кызматкерлерине, эл аралык уюмдарга (алардын өкүлчүлүктөрүнө) жана/же алардын долбоорлоруна, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга имараттарды, турак/турак эмес жайларды ижара шартында берүү (Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сыртта да), ошондой эле ал имараттардын жана жайлардын эксплуатацияланышын камсыздоо;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү жана алардын кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызмат органдарын жайгаштыруу үчүн имараттарды/жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды, ошондой эле заказчынын функцияларын аткаруу;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү жана алардын кызматкерлерин, эл аралык уюмдарды (алардын өкүлчүлүктөрүн) жана/же долбоорлорун жайгаштыруу үчүн кыймылсыз мүлктү (үйлөрдү, курулмаларды, квартираларды) сатып алууга жана жер участокторду тандоого келишимдин негизинде көмөктөшүү;
- дипломатиялык кызматтын органдарын жайгаштыруу (пайдалануу) үчүн жер участокторду же имараттарды/жайларды алууга байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү Кыргыз Республикасынын жана тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте куруу, алуу, эксплуатациялоо жана ээликтен ажыратуу;
- Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматынын органдарын жана алардын кызматкерлерин, ошондой эле Ишкананын кызматкерлерин жайгаштыруу (пайдалануусу) үчүн администрациялык имараттарды/жайларды, кызматтык/турак жайларды жана жер участокторду алуу;
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине макулдашуу боюнча имараттарды/жайларды Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарына акысыз пайдаланууга берүү;
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарын жайгаштырууга (пайдалануусуна) арналган имараттарды/жайларды куруу, эксплуатациялоо, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө, ошондой эле бардык жеке жана юридикалык жактарга кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү менчикке же ижарага алууга же берүүгө жардамдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык риэлтордук иштин башка түрлөрүн жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарын жана алардын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыздоо (анын ичинде турак жайды жана турак эмес жайларды тандоо жана/же ижарага алуу; автотранспорт каражаттарды сатуу, тейлөө, эсептен чыгаруу жана алуу; жабдууларды алуу ж.у.с);
- Ишкананын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органдын тапшырмаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга катышуу;
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча аны Ишкананын автотранспорт каражаттары менен камсыздоо, анын ичинде автотранспорт каражаттарды акысыз ээлик кылууга жана/же пайдаланууга берүү, ошондой эле аларды акысыз техникалык тейлөө;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөр жана алардын кызматкерлери, ошондой эле ар кандай жеке жана юридикалык жактар үчүн транспорттук кызматтарды уюштуруу, автомобилдерди жана башка кыймылдуу мүлктү прокатка, ижарага берүү;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөргө (алардын кызматкерлерине) каттоого туруу (кайра катталуу), автотранспорт каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү жана тариздөө, ошондой эле чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жумуштарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көмөктөшүү;
- автотранспорт каражаттарды техникалык тейлөө станцияларын куруу, уюштуруу жана аларды эксплуатациялоо, анын ичинде ижарага берүү;
- машинага май куюучу станцияларды куруу жана эксплуатациялоо, анын ичинде аларды ижарага берүү;
- автожуугучтарды куруу жана эксплуатациялоо боюнча иш, анын ичинде аларды ижарага берүү;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды алуу жана берүү;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөр, анын ичинде чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары, ошондой эле бардык жеке жана юридикалык жактар менен иштик/коммерциялык байланыштарды жана контакттарды түзүүгө жардамдашуу;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдө иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен адистерди жана тейлөөчү персоналды (мындан ары - Персонал) тандоого ортомчулук кылуу, Персоналдын реестрин жүргүзүү;
- Персоналдын ишине тиешелүү, салыктарды жана камсыздандыруу взносторун төлөөгө байланыштуу маселелерди өз компетенциясынын чегинде чечүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык басма ишин, ошондой эле жарнамалык ишти жүргүзүү, анын ичинде көргөзмөлөргө катышуу жана аларды уюштуруу;
- ыйгарым укуктуу орган үчүн анын ишинин алкагында басма продукцияны Ишкана жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган сметанын чегинде акысыз негизде же жеңилдиктүү шартта даярдоо;
- ыйгарым укуктуу органдын бул чөйрөлөрдөгү функцияларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн коомдук-саясий, экономикалык, илимий-техникалык мүнөздөгү информациялык системаны, маалыматтар банкын түзүү;
- ыйгарым укуктуу орган өткөрүүчү иш-чараларды өз ишинин алкагында, Ишкана жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги менен макулдашылган сметанын чегинде материалдык-техникалык камсыздоо;
- Ишкана эмгектик келишимдердин негизинде жалдоочу секретарь-референттерди ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органга ыйгарым укуктуу органдын ишин жүргүзүүгө көмөктөшүү үчүн жиберүү;
- чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн жана алардын кызматкерлеринин имараттарын жана жайларын кайтарууну камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан расмий корреспонденциясын дипломатиялык почта катары ырастоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөргө жана алардын кызматкерлерине, ошондой эле бардык жеке жана юридикалык жактарга алардын дарегине келген, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынан жиберишчү жүктөрдү жана автотранспортту бажылык тариздөөгө кызматтарды көрсөтүү;
- Ишкананын, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин балдарын, ошондой эле чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жана башка чет өлкөлүк жарандардын балдарын мектепке чейинки жана мектептик мекемелерге орноштурууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарынын кызматкерлерине же чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине дарылоо-ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө көмөктөшүү;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтик тейлөө пункттарын түзүү;
- чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана башка чет өлкөлүк жарандарга виза ачууга байланышкан кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынан чыгуу жана/же чет өлкөнүн аймагында болуусу үчүн документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынан чыгуу жана/же чет өлкөнүн аймагына баруусу үчүн документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, анын ичинде жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө (чыгууда) билеттерди сатып алуу боюнча тейлөөнү уюштуруу;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин, анын ичинде юридикалык жактардын жана жеке жактардын эс алуусун уюштуруу үчүн объекттерди курууга, долбоорлоого жана пайдаланууга катышуу;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин, анын ичинде юридикалык жактардын жана жеке жактардын бош убактысын жана эс алуусун өткөрүүнү уюштуруу, туризм, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү, аңчылык турларын уюштуруу;
- Ишкананын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин бош убактысын жана эс алуусун өткөрүүнү уюштуруу, анын ичинде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү, кызматкерлерди санаториялык-курорттук жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомо менен камсыздоо;
- жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө жана алардын кызматкерлерине ортомчулук, соода-ортомчулук жана соода-сатып алуу кызматтарын көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен макулдашуу боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча консультация берүү;
- ар кандай документтерди, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка иш-чараларды которуу (ооз эки жана жазуу жүзүндө) боюнча кызмат көрсөтүү;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө жана алардын кызматкерлерине, ошондой эле юридикалык жактарга жана жеке жактарга укуктук, агенттик, маркетингдик, консалтингдик, өкүлчүлүктүк, туроператордук, турагенттик, мейманканалык кызматтарды, ошондой эле жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык колдоо, анын ичинде материалдык дем берүү;
- Ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия талап кылынган иштерди жүргүзүү боюнча Ишкананын укугу Ишкана лицензия алган учурдан баштап пайда болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкалар белгиленбесе, лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганда токтотулат.
9. Жогоруда аталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу Ишкананын иши болуп эсептелет, Ишкана өз ишин ушул Уставдын 21-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүдөн жана мүлктөн түшкөн пайданы пайдалануу менен жүргүзүлөт.
3. Ишкананын ыйгарым укуктары
10. Өзүнүн функцияларын жүргүзүүдө милдеттерди аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
- ижарачы жана ижара берүүчү болууга, анын ичинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү берүү үчүн жыйымдарды алууга;
- өзүнүн милдеттерине жана функцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары аймактарда уюштуруу-укуктук формаларына карабастан бардык юридикалык жактар менен келишимдерди өз алдынча белгиленген тартипте түзүүгө;
- Ишкана өзүнүн уставдык ишинин алкагында берилүүчү тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн бааларды жана тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныктоого;
- белгиленген тартипте накталай же накталай эмес эсептешүү менен продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды, буюмдарды, башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк иштер үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө белгиленген тартипте түзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультациялоо жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди тартууга;
- коммерциялык негизде, улуттук жана чет өлкөлүк валютада алынуучу кредиттик каражаттарды же займдарды пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү чет өлкөлөрдүн мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аймактарда акционердик жана башка коомдорду түзүүгө жана аларга кирүүгө;
- каражаттарды коммерциялык уюмдарга белгиленген тартипте инвестициялоого, коммерциялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өзүнүн уставдык милдеттерин ишке ашыруу максатында инвестицияларды тартууга;
- Ишкананын милдеттерин аткаруучу адамдарды командировкага, анын ичинде чет өлкөгө, эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө ж.б. катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларда каралган башка укуктарга.
11. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматчылар үчүн эмгектенүүнүн коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана ден соолукка жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыянды белгиленген тартипте жоопкерчиликти тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерине ылайык өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылуу.
12. Ишкананын ишинен алынган кирешелери милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктар төлөнгөндөн кийин Ишкананын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн Ишкана тарабынан пайдаланылат.
13. Ишинин максаттарына жетүү, жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн штаттык кызматкерлерден тышкары, жеке жана юридикалык жактарды эмгек макулдашууларынын жана келишимдеринин, ошондой эле башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде ишке тартууга укуктуу.
14. Ишкананын кызматкерлеринин иш режими жана эс алуусу, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4. Ишкананы башкаруу
15. Ишкананы башкарууну башкы директор жүргүзөт, аны ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана ыйгарым укуктуу орган менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
16. Ишкананын башкы директору Ишкананын атынан ишеним каты жок эле иштейт, келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, ыйгарым укуктуу органга бекитүү үчүн Ишкананын келечектүү, жылдык жана учурдагы иш пландарын киргизет.
1000000 (бир миллион) сомдон ашык суммадагы келишимдер (бүтүмдөр) алдын ала ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
17. Ишкананын башкы директорунун орун басарларын Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын саны өндүрүштүк зарылдыкка жараша аныкталат.
18. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерди Ишкананын башкы директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
19. Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Ишкананын жетекчиси бекитет.
20. Ишкананын башкы директору ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, Ишкананын кызматкерлерине коюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптарды бекитет.
5. Ишкананын мүлкү жана каражаттары
21. Ишкананын мүлкү төмөнкүлөрдөн турат:
- балансында чагылдырылуучу смета боюнча Ишканага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген Ишкананын мүлкүнөн. Ишкана бул мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен гана ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу;
- Ишкананын ишинин жыйынтыгында алынган кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлктөн, бул мүлк өзүнчө баланста эсепке алынат. Ишинин максаттарына жетүү, жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн Ишкана өз кирешесинин эсебинен сатып алынган мүлктү өз алдынча тескөөгө укуктуу.
22. Мүлктү түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзүнүн уставдык милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу боюнча Ишкананын ишинин натыйжасында алынган кирешелер, анын ичинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү берүүдөн алынган каражаттар;
- банктардын жана кредиторлордун, займ берүүчүлөрдүн кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
23. Ишкана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн имараттарын жана жайларын кайтарууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрүнө которууну жүргүзөт.
6. Ишкананын эсеби, планы жана отчет берүүсү
24. Ишкана өз ишин иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
25. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырларды сактоого, жашырын маалыматты билүүнү тариздөөгө жана тиешелүү маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол коюуга милдеттүү. Мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын курамы жана өлчөмү, аларды коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
26. Ишкана өзүнүн ишинин натыйжаларын Кыргыз Республикасында кабыл алынган эл аралык бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүзөгө ашырат жана чарбакер субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетту жүргүзөт.
27. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык, салык, статистикалык жана башка отчетторду берүүнү камсыз кылат.