Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 514
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2001-ж., № 6, 193-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-берене
Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет:
1975-жыл жана андан мурда 3748,3;
1976-жыл - 3707,7;
1977-жыл - 3626,2;
1978-жыл - 3561,8;
1979-жыл - 3504,3;
1980-жыл - 3387,0;
1981-жыл - 3332,0;
1982-жыл - 3269,9;
1983-жыл - 3212,5;
1984-жыл - 3155,0;
1985-жыл - 3095,2;
1986-жыл - 3037,9;
1987-жыл - 2920,6;
1988-жыл - 2746,1;
1989-жыл - 2511,7;
1990-жыл - 2346,6;
1991-жыл - 1518,9;
1992-жыл - 217,6;
1993-жыл - 31,0;
1994-жыл - 9,6;
1995-жыл - 7,2.".
2. 4-беренеде "23" деген сан "50" деген сан менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам, 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, 2011-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунушталып жаткан редакция │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ Статья 1. │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│ Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек │ Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек │
│акыга төмөндөгүдөй түзөтүү │акыга төмөндөгүдөй түзөтүү │
│коэффициенттери белгиленет: │коэффициенттери белгиленет: │
│1975-жыл жана мурда - 2342,7; │1975-жыл жана мурда - 3748,3; │
│1976-жыл - 2317,3; │1976-жыл - 3707,7; │
│1977-жыл - 2266,4; │1977-жыл - 3626,2; │
│1978-жыл - 2226,1; │1978-жыл - 3561,8; │
│1979-жыл - 2190,2; │1979-жыл - 3504,3; │
│1980-жыл - 2116,9; │1980-жыл - 3387,0; │
│1931-жыл - 2082,5; │1931-жыл - 3332,0; │
│1982-жыл - 2043,7; │1982-жыл - 3269,9; │
│1983-жыл - 2007,8; │1983-жыл - 3212,5; │
│1984-жыл - 1971,9; │1984-жыл - 3155,0; │
│1985-жыл - 1934,5; │1985-жыл - 3095,2; │
│1986-жыл - 1898,7; │1986-жыл - 3037,9; │
│1987-жыл - 1825,4; │1987-жыл - 2920,6; │
│1988-жыл - 1716,3; │1988-жыл - 2746,1; │
│1989-жыл - 1569,8; │1989-жыл - 2511,7; │
│1990-жыл - 1466,6; │1990-жыл - 2346,6; │
│1991-жыл - 949,3; │1991-жыл - 1518,9; │
│1992-жыл - 136,0; │1992-жыл - 217,6; │
│1993-жыл - 19,4; │1993-жыл - 31,0; │
│1994-жыл - 6,0; │1994-жыл - 9,6; │
│1995-жыл - 4,5. │1995-жыл - 7,2". │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ Статья 4. │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Пенсияны эсептөө үчүн орточо │Пенсияны эсептөө үчүн орточо │
│айлык эмгек акы (киреше) эсептик │айлык эмгек акы (киреше) эсептик │
│көрсөткүчтүн 23 эсе өлчөмүнөн │көрсөткүчтүн 50 эсе өлчөмүнөн │
│ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. │ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘