Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августу № 517
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам департаментинин укугун мурастоочу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №830 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардам департаменти жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 ,2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Департаменттин максаттары жана милдеттери
3. Департаменттин функциялары
4. Департаменттин укуктары
5. Департаменттин ишин уюштуруу
6. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары Департамент) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашыруучу ведомстволук бөлүм болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдоруна, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле бул Жобого таянат.
3. Департамент өзүнүн ишин Министрликтин Борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
4. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөрү болот.
Мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти".
Расмий тилде: "Департамент социального обеспечения при Министерстве социального развития Кыргызской Республики".
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
6. Департаменттин максаты болуп мамлекеттик жөлөкпулдардын жана жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнү өз убагында жана сапаттуу камсыздоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык тейлөө эсептелет.
7. Департаменттин негизги милдеттери:
- социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында жана сапаттуу берүү үчүн шарттарды түзүү;
- жатак үйлөрдөгү, өз үйлөрүндөгү улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык жактан тейлөөнүн сапатын жакшыртуу.
3. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик жөлөкпулдардын, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсациялардын жана башка социалдык төлөмдөрдүн дайындалышы, каржыланышы жана төлөнүшү жөнүндө белгиленген форма боюнча оперативдүү маалыматты жана отчетторду түзөт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү каржылоо үчүн Министирликке жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн санаторий-курорттук дарыланууга, жылып жүрүү үчүн техникалык каражаттарга (кресло-коляска) муктаждык жөнүндө жыйынды өтүнмөлөрдү даярдайт;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү, райондордогу аларды алуучулардын саны боюнча мониторинг жүргүзөт;
- жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча отчетторду чогултат жана жыйынтыктайт;
- жатак үйлөрдүн иш-аракеттерин координациялайт;
- социалдык жактан тейлөөнүн учур талабына жооп берген формаларын жана түрлөрүн турмушка ашыруу боюнча иш алып барат;
- жатак үйлөргө алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улгайган жарандардын документтерин жазып-каттайт;
- жатак үйлөрдөгү камкордукка алынган жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн донордук уюмдарды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнө, жатак үйлөргө усулдук жардамдарды көрсөтөт;
- республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча, маркумду коюуга жөлөкпулдарды төлөөдө чыгымдардын ордун толтуруу үчүн аймактык социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнөн отчетторду жана табыштамаларды кабыл алууну жүзөгө ашырат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында калкты социалдык өнүктүрүү маселелерин дайыма чагылдырууга катышат;
- калкты социалдык коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларына карата Министрликке сунуштарын киргизет;
- аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык өнүктүрүү боюнча айыл округдарынын адистери үчүн окутуп үйрөтүүчү семинарларды, конференцияларды өткөрөт;
- мамлекеттик социалдык заказдын алкагында конкурс уюштурат;
- Департаменттин аппаратынын бухгалтердик эсеп жана кадр иштери боюнча иш жүргүзөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдар, кызмат адамдары менен өз ара байланышта иш жүргүзөт;
- калкты социалдык камсыздоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрмө жумуштарын жүргүзөт;
- маанилүү даталарга карата пландарды иштеп чыгат жана иш-чараларды жүргүзөт;
- жарандардын каттары, арыздары, кайрылуулары менен жана жарандарды кабыл алуу боюнча иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- аймактык социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен Департаменттин алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон отчетторду жана материалдарды сураганга жана алганга;
- аймактык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн жана жатак үйлөрдүн кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
- милдеттерин жана функцияларын тийиштүү түрдө аткаруу үчүн башка укуктарга ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
11. Департаменттин директору:
- тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликте болот, ошондой эле:
- Департаменттин ишин уюштурат жана өз убагында сапаттуу аткарылышын камсыздайт;
- кадрларды тандоого жана жайгаштырууга, мыйзамдарга ылайык Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин өндүрүштүк ишинин оперативдүү, кадрдык жана башка учурдагы маселелери боюнча буйруктарды өз компетенциясынын чектеринде чыгарат;
- иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Департаменттин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоо жана төлөө маселелерин Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизет;
- аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин сыйлоо жана жазалоо маселелерин министрдин кароосуна киргизет;
- бардык уюмдарда, соттук инстанцияларда Департаменттин атынан иш алып барат;
- Департаменттин түзүмүн, кызмат орундарынын тизмесин жана сарптоолор сметасын министрдин бекитүүсүнө берет.
12. Директордун орун басары болот, ал статс-катчынын сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Директордун орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министринин макулдугу менен министрликтин статс-катчысы тарабынан кызматка дайыңдалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департамент аппаратты кармоого Министрлик тарабынан бекитилген сарптоолор сметасынын негизинде республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
14. Департаменттин балансында бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен сатып алынуучу негизги каражаттары жана материалдык баалуулуктары болот жана алардын сакталышын камсыз кылат.
15. Департаменттин иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
16. Өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда Департаменттин бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
17. Жоюлган учурда документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат жана пайда