Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 121
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин укуктук мураскери , турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелээри белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- аталышында, жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги бүткүл текст боюнча "работникам" деген сөз "сотрудникам" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын;
"- кенже техникалык персоналдын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө".
6. "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттун бешинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри (мындан ары - министр)" деген сөздөр алып салынсын.
(жетинчи пункт КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы №570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун алтынчы абзацында "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пункт:
- төртүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык "коргоо боюнча министринин макулдугу менен Министрликтин статс-катчысы" деген сөздөр "статс-катчынын сунушу боюнча министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-13-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406 токтомдорунун редакциясына ылайык)