Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 522 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) балдарды асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдарды (мындан ары - чет өлкөлүк уюм) Кыргыз Республикасынын жараны болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды мамлекеттер аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат көрсөтүшү үчүн аккредитациялайт.
2. Чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, 1993-жылдын 29-майындагы Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга (мындан ары - Конвенция), жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
3. Чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоонун максаттары:
- ата-энесинин багуусунан ажырап калган баланын артыкчылыктуу кызыкчылыктарын анын укуктарын жана эркиндигин урматтоо менен ишке ашырууга кепилдик;
- балдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуучу иштердин алдын алуу максатында мамлекеттер ортосундагы асырап алууну контролдоо;
- чет мамлекеттин аймагында асырап алынган баланын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын контролдоо.
4. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
аккредитациялоо - чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасында мамлекеттер ортосундагы асырап алуу боюнча ишти жүргүзүү үчүн ушул Жободо каралган жол-жоболордон өтүүсү;
аккредитациялоо аттестаты - мамлекеттер ортосундагы асырап алуу жаатында чет өлкөлүк уюм тарабынан көрсөтүлчү кызматтардын сапатынын шайкештигин ырастоочу жана чет өлкөлүк уюмдун аккредитация алганын ырастоочу, ыйгарым укуктуу орган берген расмий документ (мындан ары - аттестат);
чет өлкөлүк уюм - чет мамлекеттин аймагында уюшулган жана мамлекеттер ортосундагы асырап алуу жаатында ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм;
аккредитациялоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) - ыйгарым укуктуу орган киргизүүчү аттестат берүү, аттестаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, токтотуу боюнча маселелерди кароочу коллегиялуу орган;
кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органы (органдары) (мындан ары - компетенттүү орган (органдар) - Конвенцияда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген ыйгарым укуктарды жана функцияларды кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүүчү орган;
кабыл алуучу мамлекет - Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекет, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимге катышкан, жарандары потенциалдуу асыроочулар, асырап алууга талапкерлер болушкан, аймагында мамлекет аралык асыроо боюнча иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм уюштурулган жана иштеп жаткан мамлекет;
потенциалдуу асыроочу - Кыргыз Республикасынын жараны болгон баланы асырап алууну каалаган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асырап алууга талапкер катары эсепке ала элек чет өлкөлүк жаран;
чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ушул Жобонун талаптарына ылайык коммерциялык эмес иш жүргүзүүгө чет өлкөлүк уюм ыйгарым укук берген өкүлчүлүк;
аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдардын реестри - аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдарды жекелештирүү жана аккредитациялоону коштоо үчүн маалыматтар базасы.
5. Чет өлкөлүк уюмдун төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келиши анын аккредитация алууга арызын баалоо үчүн критерийлери болот:
- мамлекеттин Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияны таанышы же мамлекеттин Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген асырап алуу маселеси боюнча эл аралык келишимге катышуусу;
- тиешелүү чет өлкөлүк уюмдун, анын өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле анын кызматкерлеринин асыроо жана балдардын укуктарын коргоо маселесинде кесиптик компетенттүүлүгү жана мыйзамдык-этикалык ченемдерди кынтыксыз сактоосу;
- ишинин коммерциялык эмес мүнөзү жана эл аралык асыроо боюнча иште финансылык пайданы мыйзамсыз табуу фактыларынын жоктугу;
- кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органынын чет өлкөлүк уюмдун кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн, финансылык абалын, эл аралык укуктун бардык этикалык ченемдерин жана талаптарын, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын сактоосун контролдоо, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдун компетенттүү органга өзүнүн иши жөнүндө такай отчет берип турушун контролдоосу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, 7ден 17 жашка чейинки чоң балдарды, бир тууган ага-инилерди жана эже-сиңдилерди асыроого берүү боюнча тажрыйбасы;
- эл аралык асырап алуу жаатында он жылдан кем эмес иш стажы.
6. Чет өлкөлүк уюмду мамлекеттер аралык асыроо жагында аккредитациялоо бир эле мамлекеттин үчтөн ашык эмес чет өлкөлүк уюмуна карата ишке ашырылышы мүмкүн.
7. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 45 календарлык күн бою чет өлкөлүк уюмдардан арыз кабыл алынаары жөнүндө кулактандыруу жарыялайт.
8. Аккредитация алууну каалаган чет өлкөлүк уюм ыйгарым укуктуу органга төмөндөгү документтерди тиркөө менен арыз берет:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (ишинин предметин жана максатын аныктаган документтер, уюмдун аталышы жана жайгашкан орду, башкаруу тартиби), анын коммерциялык эмес макамы (пайда алуу иштин негизги максаты эмес, ал эми алынган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөйт), уюштуруучулук түзүмү жөнүндө маалыматтар;
2) кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органы берген, чет өлкөлүк уюмдун эл аралык асыроо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын ырастаган уруксат берүүчү (аккредитациялык) документтин көчүрмөсү;
3) кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органынын чет өлкөлүк уюмдун асырап алуу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүүсүнө уруксат жөнүндө, жана кабыл алуучу мамлекетте чет өлкөлүк уюмдун кызматкерлерине, ишине жана финансылык абалына контроль жүргүзүлөөрү, анын компетенттүү органдарга такай отчет берээри жөнүндө, эл аралык асыроо жагындагы ишинин стажы жөнүндө сунуш-каты;
4) чет өлкөлүк уюм аткаруучу жол-жоболордун жана ал потенциалдуу асыроочуларга, асырап алууга талапкерлерге жана асырап алынуучу балага көрсөтүүчү кызматтарынын тизмеси, алардын наркын көрсөтүү менен;
5) кабыл алуучу мамлекеттеги персонал жөнүндө маалымат (кызматкердин аты-жөнү, туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери, билими, квалификациясы, ар бир кызмат орун үчүн кызматтык милдеттердин баяндамасы, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы жөнүндө маалыматтар), эл аралык асырап алуу жагындагы чет өлкөлүк уюмдун иш тажрыйбасы жөнүндө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, улуу жаштагы балдарды, бир тууган ага-инилерди жана эже-сиңдилерди асыроого берүү боюнча иш практикасы тууралуу маалыматтар. Кенже тейлөөчү персонал жөнүндө маалыматтар жекелештирилбестен, санын жана кызмат ордун көрсөтүү менен берилет;
6) асырап алынган балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо, тиешелүү отчетторду жана маалыматтарды берүү жөнүндө милдеттенме, ошондой эле асырап алынган баланын кабыл алган мамлекетте аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоого тургузулушун контролдоо жөнүндө милдеттенме;
7) чет өлкөлүк уюмдун ыйгарым укуктуу адамына ыйгарым укуктуу органга аккредитациялоого документтерди тапшыруу жана аккредитация аттестатын алуу үчүн берилген ишеним каты.
Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүктөрү бар чет өлкөлүк уюмдар төмөнкүлөрдү кошумча беришет:
- жобосунун көчүрмөсүн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн же чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) бирдиктүү мамлекеттик каттоо реестрине киргизилгенин ырастаган ошол реестрдин көчүрмөсүн;
- чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы жана анын кызматкерлери жөнүндө маалыматты (аты-жөнү, туулган датасы, жарандыгы, ар бир кызмат орун үчүн кызматтык милдеттердин баяндамасы, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы жөнүндө маалымат, жашаган жери жана телефону).
Ушул пункттун 2-пунктчасында саналган документтер мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген мөөнөткө, ал эми 3-пунктчасында айтылгандар - берилген күндөн тартып 12 айга чейин жарактуу.
Ушул пункттун 2, 3-пунктчаларында белгиленген документтер дагы кабыл алуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары же чет өлкөлүк уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери аркылуу жиберилиши керек.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, бардык берилген документтер белгиленген тартипте легалдаштырылууга жана мамлекеттик же расмий тилге которулууга тийиш. Котормо чет өлкөлүк уюм катталган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде нотариалдык жактан же Кыргыз Республикасынын аймагындагы нотариус тарабынан ырасталышы керек.
Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк уюмдун арызын бардык документтерди ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген тартипте тапшыргандан кийин кабыл алат.
Жогоруда аталган документтер чет өлкөлүк уюмдардын арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин тапшырылбаса, же чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоодон баш тартылса, документтери тиркелген арыз чет өлкөлүк уюмга каралбастан кайра жиберилет.
9. Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын корутундусунун негизинде тышкы иштер, улуттук коопсуздук, ички иштер, саламаттык сактоо, билим берүү органдарынын корутундуларын эске алуу менен чыгарат.
Мында өз компетенциясынын чегинде:
- тышкы иштер органдары тарабынан мамлекеттин Конвенцияга же Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге Кыргыз Республикасы менен асырап алуу маселеси боюнча катышуусунун предметин тактаган корутунду даярдалат, анда асырап алынган балдардын артыкчылыктуу таламдарын камсыздоо боюнча чаралардын көрүлүшүн олуттуу татаалдатуучу ушул мамлекеттеги социалдык-экономикалык, саясий, экологиялык абалдарды, согуштук иштердин жүргүзүлүшүн баалоо эске алынат (баалоо критерийлери болуп баланын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жана мамлекет укуктук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча милдеттенмелерин аткара албачу же аткарууну кепилдей албачу коркунучтар эсептелет) жана Кыргыз Республикасы тарабынан аларга консулдук жардам көрсөтүү мүмкүндүгү эске алынат;
- улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары корутунду даярдоодо уюм жөнүндө, уюмдун өкүлчүлүгү жана кызматкерлери, ыйгарым укуктуу адамдары жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгы жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап жатышканы жөнүндө маалыматтарды текшеришет;
- саламаттык сактоо жана билим берүү органдары тарабынан чет өлкөлүк уюм, уюмдун өкүлчүлүгү жана кызматкерлери мурда асырап алуу маселеси боюнча бул органдардын алдындагы ведомстволук мекемелер аркылуу кайрылышкан болсо, алардын укуктук жана этикалык ченемдерди бузбагандыгын ырастаган корутунду берилет.
Жогоруда аталган мамлекеттик органдар корутунду ыйгарым укуктуу органдан сурам келген күндөн тартып 60 календарлык күндүн ичинде чыгарууга милдеттүү. Белгиленген мөөнөттө корутунду берүүгө мүмкүн болбогондо, тиешелүү мамлекеттик орган корутунду берүү мөөнөтүн узартуу үчүн Комиссияга кайрылат (узартуу мөөнөтү белгиленген мөөнөт бүткөндөн тартып 60 календарлык күндөн ашпоосу керек).
Мамлекеттик органдар аккредитацияланчу чет өлкөлүк уюм боюнча макул же макул эмес позициясын конкреттүү билдирүү менен корутунду берүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу орган корутундуну Комиссияга ушул Жобонун 8-пунктунун 1, 2, 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин ченемдик укуктук актыларда алардын формасына жана мазмунуна карата коюлган талаптарга ылайыктыгын текшергенден кийин берет.
Комиссия чет өлкөлүк уюмдардын арыздарын мамлекеттик органдардын бардык корутундулары бар болгондо гана карайт.
Комиссия бардык мамлекеттик органдардын аккредитациялануучу чет өлкөлүк уюм боюнча корутундулары түшкөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө чет өлкөлүк уюмдун аккредитация тууралуу арызы боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизүү үчүн корутунду чыгарат.
Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо тууралуу чечим бардык мамлекеттик органдардын оң корутундуларынын негизинде гана кабыл алынат.
10. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 9 жана 12-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдү сактоо менен 15 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө, Комиссия тарабынан киргизилген корутундуну карайт жана чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо, аккредитациялоодон баш тартуу же комиссиянын чечимдерин жүйөлүү каршылыктар менен кайра артка жиберүү жөнүндө чечим чыгарат.
Комиссиянын чечимин төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктуу орган жүйөлүү каршылыктар менен артка кайра жиберет:
- чет өлкөлүк уюм тууралуу кошумча маалыматтар бар болсо (комиссия тарабынан каралбаган жана бааланбаган жаңы материалдар, аккредитациялануучу уюм киргизген, комиссия баалаган фактыларды төгүндөгөн маалыматтар);
- Комиссия чет өлкөлүк уюмга карата корутундуну ушул Жобонун 5, 17-пункттарынын талаптарын эске албастан чыгарганда;
- ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген негиздер бар болсо.
11. Чет өлкөлүк уюм же Комиссия каршылыктарда айтылган талаптарды аткарган учурда Комиссия өзүнүн чечимин ыйгарым укуктуу органдын кароосуна кайталап киргизет.
Ыйгарым укуктуу орган көрсөткөн каршылыкта айтылган талаптардын аткарылбаганы же өз мөөнөтүндө аткарууга мүмкүн эместиги чет өлкөлүк уюмдун арызын кароону Комиссиянын макулдугу менен токтотууга алып келет жана чет өлкөлүк уюмга Комиссиянын тиешелүү корутундусу менен кат жүзүндө билдирүү берилет.
Чет өлкөлүк уюм каршылыкта айтылган талаптарды аткарган учурда тиешелүү мамлекеттик органдар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча талаптар аткарылганын же аткарылбаганын ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө ырасташат же төгүндөшөт. Тиешелүү мамлекеттик органдын компетенциясына кирбеген каршылык талаптар боюнча кайталап корутунду алуу талап кылынбайт.
12. Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тарткандык тууралуу чечимди ыйгарым укуктуу орган комиссиянын чечиминин негизинде, арыздарды кабыл алуу токтотулган күндөн тартып тартып 90 календарлык күндүн ичинде ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык чыгарат, ал эми Комиссия мөөнөттү узарткан учурда - узартуу мөөнөтү бүткөндөн кийин, бирок арыздарды кабыл алуу токтотулган күндөн тартып 150 календарлык күндөн кеч эмес.
13. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн баштап эки календарлык күндүн ичинде аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдардын реестрине тиешелүү жазууну киргизет.
Аккредитация аттестаты аны аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдардын реестрине каттаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгү жок аккредитацияланган чет өлкөлүк уюм өкүлчүлүктү юридикалык жактарды каттоочу ыйгарым укуктуу орган каттаган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүргүзгөнгө укуктуу.
Аккредитацияланган чет өлкөлүк уюм же анын катталган өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгү катталган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн нотариуста ырасталган көчүрмөсүн же юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) бирдиктүү мамлекеттик каттоо реестринен көчүрмөсүн берет.
14. Бир эле мамлекеттен үчтөн ашык чет өлкөлүк уюмдардан аккредитация тууралуу арыздар түшкөн учурда, алардын бардык калган шарттарда бирдей болсо, балдарды асыроого берүү боюнча иш стажы көбүрөөк чет өлкөлүк уюмдарга артыкчылык берилет.
15. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк уюмдарды үч жыл мөөнөт менен аккредитациялайт.
16. Аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда аккредитациялоодон баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү берилет (жиберилет).
Чет өлкөлүк уюмдардан аккредитация алуу үчүн кайталап кайрылууга укуктуу.
17. Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоодон (аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн узартуудан) баш тартуу үчүн негиздер төмөнкүлөр болот:
1) ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген критерийлерге шайкеш келбестиги;
2) өзүнүн иши жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүүсү;
3) чет өлкөлүк уюм, анын өкүлчүлүгү, ошондой эле анын кызматкерлери балдардын укуктарын коргоо жана эл аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жалпы кабыл алынган этикалык ченемдерди одоно же такай (эки же андан ашык жолу) бузса (одоно бузуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобонун 51, 56, 58, 59, 60, 61-пункттарын, ушул Жобонун 13, 40-пункттарын бузгандык, жылдык отчетторду бербегендик, кызматтык, купуя маалыматтарды ачыкка чыгаргандык, ыйгарым укуктуу органдын жолдомосу жок эле потенциалдуу асыроочунун, асырап алууга талапкердин бала менен байланыш түзүшүнө көмөктөшүү, өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин балага кысым көрсөтүшү жана одоно мамиле жасаганы, өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин баланын артыкчылыктуу кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди чыгарышы, өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин асыроо тармагында иштеген адамдарды мыйзамсыз чечим кабыл алууга же мыйзамсыз иштерди жасоого мажбурлашы, башка мыйзамдарды бир нече жолу бузушу дайыма эреже бузуу болуп эсептелет);
4) мамлекеттик органдардын терс корутунду чыгарышы;
5) ушул Жобонун 6 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бар болушу.
Ушул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн себептер жоюлган учурда чет өлкөлүк уюм аккредитация алуу үчүн кайталап кайрылганга укуктуу.
18. Аттестаттын жарактуулугу убактылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:
1) берилген отчеттор ушул Жобо менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген талаптарына шайкеш келбесе;
2) ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик органдардан ушул Жобонун 17-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер бар экендиги жөнүндө маалымат түшсө.
Аттестаттын жарактуулугун убактылуу токтотуу анын жарактуулук мөөнөтүнүн узартылышына алып келбейт. Ушул пунктун 1-пунктчасынын негизинде аттестаттын жарактуулугун убактылуу токтотуу жөнүндө чечимде эреже бузууларды жоюунун мөөнөтү белгиленет. Эреже бузууларды жоюу үчүн мөөнөт 60 календарлык күндөн ашпайт жана аккредитацияланган уюмдун өкүлчүлүгүнө аттестаттын жарактуулугун убактылуу токтотуу жөнүндө билдирилген күндөн тартып эсептелет. Аныкталган эреже бузуулар өз учурунда жоюлганда ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган уюмдун арызы боюнча аттестаттын жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарат.
Ыйгарым укуктуу органдын эреже бузууларды жоюу жөнүндө чечими аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын аттестаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө корутундусунун негизинде аттестациянын жарактуулугун токтотот.
Ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын аттестаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алганга чейин аттестаттын жарактуулугун убактылуу токтотот.
19. Аккредитациялоо аттестатынын жарактуулугу ушул Жобонун 17-пунктунун 3-пунктчасында жана 18-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле төмөнкү учурда токтотулат:
1) кабыл алган мамлекетте асырап алынган балдарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө жана аларга Кыргыз Республикасы тарабынан жардам көрсөтүүгө олуттуу кыйынчылыктар келип чыккан жагдайларда;
2) ыйгарым укуктуу органдын эреже бузууларды жоюу тууралуу чечимдери аткарылбаса;
3) чет өлкөлүк уюм мамлекеттер аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишин токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
4) аккредитация аттестатынын жарактуулук мөөнөтүн токтотуу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
5) аттестаттын жарактуулук мөөнөтү, кабыл алган мамлекеттин компетенттүү органы берген уруксат (аккредитациялык) документтин мөөнөтү бүткөндө;
5) чет өлкөлүк уюм же анын өкүлчүлүгү жоюлганда.
Аккредитация аттестатынын жарактуулугун токтоткондо ушул пункттун 2, 4, 5-пунктчаларына ылайык жана асырап алуу боюнча башталган, бирок аягына чыга элек иштер бар болгондо, аларды аягына чыгаруу үчүн тиешелүү чет өлкөлүк уюмга жаңы арыздарды алууга тыюу салуу менен, аккредитация аттестатынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап үч айлык мөөнөт берилет.
Мамлекеттер ортосундагы асырап алуу жагындагы ыйгарым укуктуу органдын чечими соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
20. Чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо же аттестаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, аттестаттын жарактуулугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет. Аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдардын реестрине тийиштүү белги коюлат.
Аттестаты берүү, жарактуулук мөөнөтүн токтотуу, убактылуу токтотуу жөнүндө маалымат андай чечим кабыл алынган учурдан баштап эки иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жарыяланат жана жарыялоо үчүн "Эркин-Тоо" гезитине жиберилет.
Ыйгарым укуктуу органга Комиссиянын корутундусу болмоюнча чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо же аттестаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, аттестаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилбейт.
21. Аттестатка ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет, ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
22. Аккредитациялоо боюнча комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет. Комиссия он адамдан турат.
23. Комиссиянын мүчөлөрү тышкы иштер, улуттук коопсуздук, ички иштер, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык өнүктүрүү боюнча органдардын өкүлдөрүнөн жана жарандык коомдун добуш укугуна ээ төрт өкүлүнөн бекитилет.
24. Жарандык коомдон талапкерлерди ыйгарым укуктуу орган балдардын укугун жана таламдарын коргоо жагындагы 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасын, балдардын укугун коргоо жагындагы мыйзамдарды билүүсүн эске алуу менен талапкерлерди тандоо конкурсунун негизинде, ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусу ыктымалдуудан башка адамдардын ичинен тандайт.
Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн веб-сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине конкурстун талаптары жана шарттары жөнүндө бардык маалыматтарды берүү менен тандоо конкурсун өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт.
25. Комиссиянын төрагасы болуп, аккредитациялоо маселесин тескөөчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары эсептелет.
26. Эгерде жыйынга Комиссиянын 8ден кем эмес мүчөсү катышса Комиссиянын жыйыны жарактуу болот.
27. Эгерде тиешелүү чечимге Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе Комиссиянын чечими кабыл алынган болуп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынып жаткан чечим боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу. Өзгөчө пикир оозеки же жазуу жүзүндө билдирилсе болот жана комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
28. Комиссиянын корутундусу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине аккредитация боюнча чечим кабыл алуу үчүн кароого киргизилет жана ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген негиздерден башка учурларда милдеттүү мүнөздө болот.
29. Аккредитациядан баш тартуу, аттестат берүү, аттестаттын мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүн токтото туруу маселелери боюнча чечимдерди Комиссия корутунду түрүндө чыгарат, калган маселелер, анын ичинде Комиссиянын ишин уюштуруу жактан камсыздоо маселеси боюнча чечимдер протокол түрүндө кабыл алынат.
30. Комиссиянын ишине башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышса болот.
31. Комиссия аккредитация боюнча чечимди кабыл алуу мөөнөтүн өзүнүн демилгеси боюнча, же ыйгарым укуктуу органдын, же чет өлкөлүк уюмдун сунушу боюнча, кошумча маалыматтарды, документтерди кароо жана экспертизалоо, тиешелүү мамлекеттик органдын корутунду даярдашы үчүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде узартат.
Комиссия материалдарды кароонун жана чечим чыгаруунун ушул Жободо ыйгарым укуктуу орган үчүн белгиленген мөөнөттөрү бузулушуна дуушарлантпачу убакыттын аралыгында материалдарды карайт жана чечим чыгарат.
32. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, ушул Жобонун 9 жана 12-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде, комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн өткөрүлөт.
33. Комиссиянын жыйындарын ыйгарым укуктуу орган уюштурат жана өткөрөт. Жыйындардын протоколдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат.
34. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды эл аралык асыроо боюнча кызматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүшү үчүн чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо максатында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) чет өлкөлүк уюмдардан тиркелген документтери менен арыздарды кабыл алат, аларды ушул Жободо белгиленген мамлекеттик органдарга жиберүүнү уюштурат;
2) Комиссиядан, мамлекеттик органдардан, кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарынан жана башка жактардан чет өлкөлүк уюмдарынын ишине тийиштүү келип түшкөн материалдарды карайт;
3) өзүнүн корутундусун Комиссиянын кароосуна берет, мамлекеттик органдар корутундуларды ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдө беришин жана Комиссиянын чечими ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдө чыгарылышын камсыз кылат;
4) ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында балдардын санынын жана аккредитацияланган уюмдардын эсебин дайыма жүргүзөт;
5) аккредитациялоодон баш тартуу, аттестаттын мөөнөтүн убактылуу токтото туруу, токтотуу, узартуу жөнүндө чечимдерди ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте чыгарат;
6) ушул Жободо белгиленген тартипте Комиссия менен өз ара байланышта аракеттенет;
7) асырап алынган балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчетторду берүү, тиешелүү отчетторду жана маалыматтарды берүү боюнча милдеттенмени аткарышын камсыз кылуу максатында чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн иштерин; өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн контролдойт;
8) аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдун, анын өкүлчүлүгүнүн ишин контролдоо жана маалымат алмашуу максатында ушул Жободо белгиленген мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешет;
9) чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен төмөнкүдөй максаттарда кызматташат:
- мамлекеттер аралык бала асыроо жагында иш жүргүзгөн уюмдардын иши, курамы, финансылык абалы жөнүндө, асыралган (асыроого алынуучу) баланын жана потенциалдуу асырап алуучулардын абалы жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо жана алмашуу боюнча;
- аккредитацияланган уюмдар Кыргыз Республикасынын асырап алуу жагындагы мыйзамдарынын талаптарын тиешелүү түрдө аткарганда асырап алуу боюнча жол-жоболорду ийгиликтүү жана тоскоолсуз жүргүзүүгө көмөктөшүү боюнча;
- мамлекеттер аралык асырап алуу тажрыйбасына жалпы баалоону камтыган докладдар менен бири бирин камсыздоо боюнча;
- балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн маалымат алмашуу боюнча.
35. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- эл аралык асырап алуудан мыйзамсыз финансылык пайда көрүүгө бөгөт коюу максатында кабыл алуучу мамлекеттин мамлекеттик органдарынан, компетенттүү органдарынан жана чет өлкөлүк уюмдан, анын өкүлчүлүгүнөн чет өлкөлүк уюмдун иши жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде финансылык документтерди сурап алууга;
- чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши жөнүндө ар жылдык отчетту суроого (Кыргыз Республикасынан балдарды багып алууну каалаган дараметтүү асырап алуучулардын өндүрүшкө кабыл алынган иштери, бүткөрүлгөн иштер, персонал жөнүндө отчетторду, финансылык отчетту кошкондо);
- Комиссиянын чечимдерин далилдүү каршылыктар менен гана артка кайтарууга;
- ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте аттестаттын мөөнөтүн токтото турууга;
- жооптуу органдардан ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоону талап кылууга;
- ыйгарым укуктуу органга кызыктар мамлекеттик органдардан, чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан, чет өлкөлүк уюмдардан, анын ичинде өкүлчүлүктөрүнөн, ошондой эле жарандардан тиешелүү чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн иштери жөнүндө келген маалыматты чогултуу, эсепке алуу, иштеп чыгуу жана талдоо менен мониторинг жүргүзүүгө.
36. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана чет өлкөлүк уюмдарга жыйындын өткөрүлчү күнү, убактысы жана орду жөнүндө өткөрөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө;
- мамлекеттик органдардын корутундуларын Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан жиберүүнү камсыздоого;
- чечим кабыл алынган, кат каттоого алынган учурдан баштап үч күндүн ичинде өзүнүн расмий веб-сайтына чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо жөнүндө керектүү маалыматты жарыялоого (документтерди кабыл алуунун шарттары, тийиштүү чет өлкөлүк уюмдардан арыздардын түшкөн датасы, аккредитациялоо боюнча Комиссиянын жыйындары өткөрүлгөн күн жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө, кабыл алынган чечимдердин негиздемеси жана кызыкдар адамдардын пикирлерди алуу мүмкүндүгү менен);
- чет өлкөлүк уюмга аккредитациялоодон баш тарткандык тууралуу, аттестаттын жарактуулугун убактылуу токтото туруу же токтотуу жөнүндө жүйөлүү жооп берүү;
- чет өлкөлүк уюмдун суроосу боюнча аккредитациялоого тиешелүү, жашырын же пайдалануу чектелген башка маалыматтарды камтыгандан башка каттардын, мамлекеттик органдардын корутундуларынын жана чечимдеринин көчүрмөлөрүн берүүгө;
- кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органына тиешелүү чет өлкөлүк уюмдун аккредитацияланганы тууралуу жана аккредитациялоо аттестатынын жарактуулук мөөнөтү токтотулганы жөнүндө анын себептерин көрсөтүү менен маалымдоого.
37. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү:
- чет өлкөлүк уюм жайгашкан жердеги мамлекеттин аймагында жашап жатышкан асырап алууга талапкерлердин документтерин ыйгарым укуктуу органга асырап алынуучу баланы тандоо үчүн, ошондой эле сотко асырап алууну тастыктоо үчүн белгиленген тартипте берет;
- асырап алууга талапкерлердин арыздарынын негизинде бала жөнүндө кошумча маалыматтарды алат;
- асырап алууну белгилөө тууралуу ишти караган учурда соттук жыйындарга катышат, асырап алуу жөнүндө соттун чечимин алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен чыгуу үчүн баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгүн жана паспортун тариздөөдө асырап алуучуларга көмөк көрсөтөт;
- асырап алынган бала жашаган аймактагы мамлекеттин компетенттүү органы даярдаган асырап алышкан үй-бүлөлөрдөгү ар бир баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга жыл сайын жиберет;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз иши жөнүндө жылдык отчетторду ыйгарым укуктуу органга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын суроосу боюнча чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды асырап алуу боюнча ишти жүргүзүшүнө байланышкан башка маалыматтарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы асырап алууга талапкерлер үчүн баланы тандоого жолдомо берет;
- асырап алууга талапкерлердин келишин жана жайгаштырууну уюштурат, асырап алууну тариздөөдө керектүү жардамдарды көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден башка учурларда ишеним кат боюнча потенциалдуу асырап алуучулардын, асырап алууга талапкерлердин, ошондой эле асырап алуучулардын мамлекет аралык асыроого алууну көздөгөн таламдарын үчүнчү жактардын алдында билдирет.
38. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын жараны гана боло алат.
39. Чет өлкөлүк уюмдун жайгашкан жери, телефон номери, персоналдык курамы өзгөрсө, уюштуруу документтери, уруксат документтери, потенциалдуу асыроочуларга, асыроо үчүн талапкерлерге, асыралуучу балага карата аткаруучу жол-жоболорунун жана кызматтарынын тизмеги жана алардын баасы өзгөрсө, башкача айтканда, анын Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды асырап алуу боюнча ишти жүргүзүшүнө таасир берүүчү өзгөрүүлөр болсо, чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү ушундай өзгөрүү болгон күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
40. Чет өлкөлүк уюм ар жыл сайын өкүлчүлүктүн кызматкерлерин, анын ичинде өкүлчүлүктүн жетекчисин да окуудан жана аттестациядан өткөрөт.
41. Чет өлкөлүк уюм төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди ыйгарым укуктуу органга берүүгө;
- ыйгарым укуктуу органдан ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алуу маселесин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү маалыматты алууга;
- ушул чет өлкөлүк уюмдун ыйгарым укуктуу органда каралган документтери боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү жооп алууга;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды мамлекеттер ортосундагы асырап алуу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын аймагында өз өкүлчүлүгү аркылуу жүргүзүүгө.
42. Чет өлкөлүк уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте жүргүзүүгө;
- ыйгарым укуктуу органга мамлекеттер ортосундагы асырап алуу боюнча иши жөнүндө жана асырап алынган балдардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагында укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролдун ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду берүүгө;
- ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасындагы жана кабыл алган мамлекеттеги өзүнүн персоналы жана волонтерлору жөнүндө толук баяндаган маалыматты берүүгө;
- берилчү документтердин тууралыгын камсыздоого;
- мамлекеттик органдардын аккредитациялоо маселесине тиешелүү каттарынын, корутундуларынын жана чечимдеринин көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу орган аркылуу гана алууга.
43. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу органга жумушка кабыл алынган ар бир кызматкери, анын ичинде өкүлчүлүктүн ишенимдүү адамы жана башчысы боюнча төмөнкүдөй документтерди берет:
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкатты;
- психоневрологиялык, наркологиялык мекемелерде эсепте турат (турбайт) деген маалымкатты;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу жоктугу жөнүндө билдирүүнү;
- адамдык жана кесиптик этиканын принциптерине шайкеш келүү жөнүндө милдеттенмени.
44. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, анын ичинде өкүлчүлүктүн башчысы төмөнкүдөй негизги этикалык нормаларды сакташы керек:
- аларга жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик деңгээлде аткаруу;
- балдардын укугун коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык мыйзамдарды билүүсү жана аларды так сакташы;
- сырды сактоо, кызматтык маалыматтарды, купуя маалыматтарды таратпоо;
- тиешелүү органдарга өзү жөнүндө туура маалыматтарды берүү;
- асырап алына турган балдар жана асырап алууга талапкерлер менен болгон сүйлөшүүдө сылык, сыпаа, сабырдуу болуу, кысым жасабоо жана балага орой мамиле кылбоо, балага карата кандай чечим болбосун баланын артыкчылыктуу таламдарын эске алуу менен таразалап кабыл алуу;
- асырап алуу жагындагы иштеген адамдарды (Кыргыз Республикасынын балдарды асыроо жагындагы иштеген органдарынын жана уюмдарынын кызмат адамдары жана кызматкерлери, окутуучу-тарбиялоочу, дарылоочу мекемелердин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн ушундай башка мекемелердин кызматкерлери, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери) мыйзамга каршы чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;
- өкүлчүлүктүн башка кызматкерлери адептик ченемдерди бузган фактыларды көңүл бурбастан калтырбоо, балдардын укугун коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жана баланын артыкчылыктуу таламдарын бузган шарттар жаралганда андай эреже бузууларды токтотуу жана тиешелүү мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүү;
- асырап алууга талапкерлерге Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо жагындагы мыйзамдарын бузбоо боюнча маалымат жана нускама берүү.
45. Чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана башчысы төмөнкүлөргө укугу жок:
- башка чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкери болууга;
- окутуучу-тарбиялоочу, дарылоочу мекемелердин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн ушундай башка мекемелердин, Кыргыз Республикасынын балдарды асыроого берүү жагында иштерди жүргүзүүчү органдарынын жана уюмдарынын кызматкери болууга (мунун ичинде ушул аталган кызмат орундарда жубайы жана жубайлардын экөөнүн тең жакын туугандары, ата-энелери, балдары, чоң ата-чоң энелери, таята-таянелери, неберелери, эркек жана кыз бир туугандары жана ишти жүргүзүүдө кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүү мүмкүндүгү бар болгон башка адамдар);
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракети же аракетсиздиги үчүн жеке жана юридикалык жактардан акча каражат, белек түрүндө акыларды алууга, акча алууга жана башка кызматтарын пайдаланууга (эмгек акыдан башкаларды).
Өкүлчүлүктүн кызматкери кызматтан тышкары мезгилде ушул Жободо белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү.
Этиканы сактоо өкүлчүлүктүн ар бир кызматкеринин кызматтык милдети болуп эсептелет жана анын функциялык милдеттеринде бекитилет.