Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген |
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
- аккредиттелген чет мамлекеттик уюм - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген уюм;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы (мындан ары - балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы) - ата-энелеринин камкордугусуз калган жана үй-бүлөгө тарбиялоого орноштурулчу балдар жөнүндө документтелген маалыматтарды издөө, жыйноо, иштетүү, топтоо, сактоо, берүү процесстерин ишке ашыруучу маалыматтык технологияны камтыган маалыматтык ресурстардын жыйындысы катары түзүлгөн борбордоштурулган маалыматтык система;
- арыз ээси - ыйгарым укуктуу органга же аймактык бөлүмүнө тиешелүү арыз менен кайрылган потенциалдуу асыроочу;
- асыроочу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, арыз ээси жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органы асыроочу болууга талапкер арыз ээлерин эсепке коюу үчүн берүүчү документ;
- асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү, асыроону белгилөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу үчүн негиз болуучу документ
- асырап алууга талапкер - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын орган же анын аймактык бөлүмү асырап алууга талапкер катары эсепке алган адам;
- кабыл алуучу мамлекет - жарандары потенциалдуу асыроочу, асырап алууга талапкер болгон, аймагында мамлекеттер ортосунда бала асырап алуу боюнча чет өлкөлүк уюм уюштурулган жана иштеп жаткан мамлекет;
- аймактык бөлүм - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, ал өз ишин ушул Жободо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чегинде жүргүзөт;
- ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды коргоо боюнча укуктарды ыйгарган орган;
- асыроочу - баланы асырап алуусу жөнүндө тиешелүү органдын чечими чыгарылган адам.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган балдарды Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына асыроого берүүнүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган балдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүүнүн;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган балдардын Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттин аймагында жашаган асыроочулардын үй-бүлөлөрүндө жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо.
3. Асыроого балдарга карата жана алардын кызыкчылыгы үчүн гана жол берилет.
Асырап алууну асырап алууга талапкердин арызы боюнча сот белгилейт.
Асыроонун негизги социалдык максаты болуп ата-эненин камкордугусуз калган балдар үчүн камкордук көрүү, аларга үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү саналат.
Асыроочулар мыйзамда ата-энеге жүктөлгөн милдеттерди ыктыярдуу түрдө өзүнө толук алуу менен бардык жактан аларга теңештирилет жана алардай эле укуктарга ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Асыроого жашы жете элек, ата-энесинин бири же экөө тең төмөнкүдөй болгон балдарга карата жол берилет:
- каза болгон;
- белгисиз болгон, же сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылган, же каза болду жеп жарыяланган;
- сот тарабынан аракетке жарамсыз деп табылган;
- сот тартибинде ата-энелик укуктан ажыратылган;
- сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча бала менен алты айдан ашык бирге жашабаган жана аны тарбиялоодон жана багуудан качкан;
- асыроого белгиленген тартипте макулдук берген.
5. Баланы асырап алуу үчүн анын ата-энесинин макулдугу зарыл. Баланы асыроого макулдук бала туулгандан кийин гана берилет.
Ата-эне баланы конкреттүү адамдын асырап алышына же конкреттүү адамды көрсөтпөстөн асыроого макулдук бере алат. Ата-эне баланы асыроо жөнүндө сот чечим чыгарганга чейин аны асыроого берген макулдугун кайра артка алууга укуктуу.
Он алты жашка толбогон, жашы жете элек ата-эненин баласын асыроо учурунда алардын ата-энелеринин же камкорчулардын (көзөмөлдөөчүлөрдүн), ал эми ата-энеси же камкорчулар (көзөмөлдөөчүлөр) жок болсо - аймактык бөлүмдүн макулдугу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Камкордукта (көзөмөлдө) турган балдарды асыроо үчүн аларды камкордукка алуучулардын (көзөмөлдүк кылуучулардын) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Багып алган үй-бүлөдө болгон балдарды асыроо үчүн багып алган ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Ата-эненин камкордугусуз калган жана окутуу-тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жүргөн балдарды асыроого алуу үчүн бул мекемелердин жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Сот баланын кызыкчылыгы үчүн аны жогоруда көрсөтүлгөн жактардын макулдугусуз эле баланы асыроого берүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Бала өкмөттүк эмес кайрымдуулук балдар үйүндө, башпаанекте болсо, мекеме жайгашкан жердеги аймактык бөлүмдүн баланы асыроого берчү мекеме же ата-энелери, камкорчулары (көзөмөлдөөчүлөрү) макулдугу талап кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Баланы жубайлардын бири асырап алаарда эгер жубайлардын экөө тең асырап алып жатпаса, анда берки жубайынын макулдугу талап кылынат. Эгер жубайлар үй-бүлөлүк мамилесин токтотушуп, бир жылдан ашык чогуу жашашпаса жана берки жубайынын жашаган жери белгисиз болсо ал жубайынын асырап алууга макулдугу талап кылынбайт.
8. Баланы асырап алуу үчүн макулдугу талап кылынган адамдар баланы асыроого берүүчү макулдугунун натыйжалары жөнүндө маалымдалууга тийиш.
Ата-энелердин макулдугу нотариуста күбөлөндүрүлгөн же ата-энесинин камкордугусуз калган бала жүргөн мекеменин жетекчиси, же баланы асыроо ишке ашырылчу жердеги, же ата-энелер жашаган жердеги аймактык бөлүм ырастаган арызда көрсөтүлүүгө тийиш. Макулдук ыктыярдуу тартипте берилүүгө тийиш.
Камкордукта (көзөмөлдө) турган балдарды асыроо үчүн аларды камкордукка алуучулардын (көзөмөлдүк кылуучулардын) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Багып алган үй-бүлөдөгү балдарды асыроо үчүн аларды багып алган ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Ата-эненин камкордугусуз калган жана окутуу-тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана башка ушундай мекемелерде жүргөн балдарды асыроо үчүн бул мекемелердин жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Он жашка чыккан баланы асырап алуу үчүн анын макулдугу керек.
Эгер асырап алууга арыз берилгенге чейин бала асыроочунун үй-бүлөсүндө жашаса жана аны өзүнүн ата-энеси деп эсептесе, асыроо асыроого алынчу баланын макулдугусуз өзгөчө тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
10. Баланын туугандарында баланы үй-бүлөсүнө алуу ниети жок болсо жана баланы үйүндө тарбиялап жаткан камкорчулар (көзөмөлдөөчүлөр), багып алган ата-энелер асырап алууну каалаган учурда асыроого берилчү балага үй-бүлө тандоодо камкорчулардын (көзөмөлдөөчүлөрдүн), багып алган ата-энелердин үй-бүлөсүнө артыкчылык берилет.
11. Энеси төрөт үйгө (бөлүмгө) таштап кеткен, таштанды балдар энеси жана атасы (буга баланын атасы жөнүндө маалыматтарды белгилөө мүмкүн болбогон учурлар кирбейт) баланы дарылоо-алдын алуу уюмунда калтыруу жөнүндө арыз жазган, же ички иштер органынын актысы түзүлгөн датадан тартып алты ай өткөндөн кийин анан асыроого берилсе болот. Төрөт үйдүн (бөлүмдүн) администрациясы энесинин баланы дарылоо-алдын алуу уюмунда калтыруу жөнүндө арызынын (1-тиркеме) негизинде же аймактык бөлүм ички иштер органдарынын таштанды бала тууралуу актысынын негизинде жарандык абал актыларын жазуу органдарына баланын төрөлгөнүн каттоо жөнүндө өтүнүч беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бала асыроого берилгенге чейин аймактык бөлүм ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды камкордукка (көзөмөлдөөгө) же багып алчу үй-бүлөгө, ал эми андай мүмкүндүк жок болсо - жетим балдар же ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги мекемелерге (окутуу-тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык коргоо мекемелери, дарылоочу мекемелер жана ошол сыяктуу башка мекемелер) берүү боюнча чара көрөт, мында ички иштер органдары ата-энелерин издөө, ал эми аймактык бөлүм балдарды өз үй-бүлөлөрүнө тапшыруу боюнча чара көрүшөт.
Аталган мекемелердин администрациясы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында көрсөтүлгөндөн башка учурларда аларда асыроого берилчү балдар бар экени жөнүндө маалыматтарды жана ал балдар тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарга билдиришине жол берилбейт.
13. Аймактык бөлүм бала асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебин жүргүзөт. Бала асырап алууну каалаган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын эсебин ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
Ата-эненин камкордугусуз калган балдар менен туугандык байланышы бар, аларды асыроону каалаган адамдар асыроочу болууга талапкер катары эсепке коюлбайт.
14. Бойго жеткен эркектер да, аялдар да асырап алуучу боло алышат, асырап алуучу болууга төмөнкүлөр кирбейт:
- сот тарабынан аракетке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп таанылган адамдар;
- бирөө сот тарабынан аракетке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп таанылган жубайлар;
- ата-энелик укугунан сот боюнча ажыратылган же ата-энелик укугу сот тарабынан чектелген адамдар;
- мыйзам менен тапшырылган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн камкорчунун (көзөмөлдөөчүнүн) милдеттеринен ажыратылган адамдар;
- мурда асырап алгандар, эгер асыроого берүү алардын күнөөсү боюнча сот аркылуу жокко чыгарылса;
- ден соолугунун абалы боюнча ата-эненин укуктарын аткара албачу адамдар. Адам баланы асырап алышына, камкордукка (көзөмөлдөөгө) алышына, багып алышына мүмкүндүк бербеген оорулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт;
- асырап алуу учурунда асыроого алынчу балага Кыргыз Республикасында белгиленген жашоо минимумун камсыздоочу кирешеси жок адамдар;
- туруктуу жашаган жери жок адамдар;
- асырап алуу учуруна карата жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы атайын жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу бар адамдар;
- белгиленген санитардык жана гигиеналык талаптарга жооп бербеген турак жайларда жашаган адамдар.
15. Асыроо боюнча иш кагаздарын жүргүзүү ыйгарым укуктуу органдын, аймактык бөлүмдүн асыроого берүү боюнча милдеттерди аткаруучу тиешелүү кызматкерине тапшырылат.
Асыроого берилчү балага үй-бүлөнү тандоодо анын этностук теги, кайсы динге жана маданиятка таандыктыгы, эне тили, тарбиялоодо жана билим берүүдө жолун жолдоочулукту камсыздоо мүмкүндүгү эске алынат. Артыкчылыктуу укукка баланын туугандары ушул туугандарынын жарандыгына жана жашаган жерине карабастан ээ болушат (баланы энеси калтырылган бала тууралуу маалыматты туугандарына билдирбөө жөнүндө шарт менен төрөт үйүнө калтырып кеткенден башка учурларда), эгерде баланын туугандары баланы асырап алууга каалоосу жок болсо, анда артыкчылыктуу укукка ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ээ болушат. Асыроого берилчү баланын туугандарында аны багып алууга каалоосу жок болсо ал жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
Баланы өгөй атасы (өгөй энеси) асыраганда башка учурларда никеси жок асырап алуучу менен асырап алынчу баланын жаш курагынын ортосундагы айырма он алты жаштан кем эмес болууга тийиш. Сот жүйөлүү деп эсептеген себептер боюнча жаш курактагы айырма кыскартылса болот.
Асырап алуучунун курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси кайтыш болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жок деп табылган, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган, сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укугунан ажыратылган, алты айдан ашык бала менен бирге жашабаган жана аны тарбиялоодон жана багуудан качкан учурларда, ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланын туугандары болуп саналган 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланы камкордукка алуучу, көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.
Асыроо балдардын кызыкчылыгы үчүн болгондон башка учурларда бир тууган уул-кыздарды ар башка адамдардын асырашына жол берилбейт. Асыроого берүүдө бир туугандардын ажыратылышына асырап алчуулар асыроо сырын сактоону талап кылышпаган жана асырап алынчу баланын бир туугандары менен жолугушуусуна тоскоол кылбоого милдеттенишкен учурларда жол берилет. Асыроого бергенде ага-инилер жана эже-сиңдилер ажыратылган учурда аймактык бөлүм асырап алуучуну балага анын бир туугандары жана алардын жашаган жерлери жөнүндө билдирүүгө милдеттендирет.
Ортосунда никеси жок адамдар бир эле баланы чогуу асырап ала алышпайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эгерде бала менен жолугушууга жолдомо берилген асыроочулукка талапкерлер бул баланы асырап алгысы келбесе, ыйгарым укуктуу орган, аймактык бөлүм баланы башка асыроочуларга таанышуу үчүн сунуш кыла алат.
Жолдомонун жарактуулук мөөнөтү 30 күндөн ашпайт. Анын жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин жолдомо асыроочулукка талапкердин арызы боюнча кайрадан берилиши мүмкүн.
17. Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды асырап алууну каалаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар асырап алуу жол-жобосуна тиешелүү маселелер боюнча маалымат алуу үчүн аймактык бөлүмгө же ыйгарым укуктуу органга кайрылышса болот.
18. Балдарды асыроо боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук ишке, башкача айтканда бала асырап алууну каалаган адамдардын атынан жана андай адамдардын кызыкчылыгы үчүн баланы тандоо жана өткөрүп берүү максатында башка адамдардын ар кандай ишине жол берилбейт.
Ыйгарым укуктуу органдын, аймактык бөлүмдүн иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун иши коммерциялык максаттагы ортомчулук иш болуп саналбайт.
19. Бала асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары асырап алынчу бала жашаган жердеги же турган жердеги аймактык бөлүмгө асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө арыз беришет.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээлери менен жеке сүйлөшкөндө (алардан керектүү документтерди алганга чейин) асыроонун себебин, аларда баланы тийиштүү түрдө багууга жана тарбиялоого шарттары бар экенин, асырап алууга каршы шарттары жоктугун аныктайт. Ошондой эле аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсине асырап алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жобосун түшүндүрөт жана арыз ээлеринин асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду түзүү үчүн керектүү документтерди даярдоону сунуш кылат.
Корутунду түзүү үчүн арыз ээлери төмөнкүдөй документтерди тапшырышы керек:
1) арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
2) эгер жубайлар асырап алышса, нике жөнүндө күбөлүк;
3) жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
4) үй-бүлөдө туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен кызмат орду жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик жүргүзүүдө киреше жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, дыйкан чарбада жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экени жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалымкаты);
5) жашаган жеринен үй китебинен көчүрмө же турак жайга менчик укугун ырастачу документ;
6) соттуулугу жоктугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;
7) бала асырап алууну каалаган адамдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө мамлекеттик дарылоочу-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген медициналык корутундусу;
8) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
9) арыз ээлеринин толук өмүр баяндары.
Арыз ээси белгилүү бир баланы асырап алууну каалаган учурда ал арызында баланын ким экендиги жөнүндө жана бала жашап турган же жүргөн жерди көрсөтүүгө тийиш.
Ушул пункттун 3-5, 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып алты ай ичинде жарактуу.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранына, бул адамдардын туруктуу жашаган жери бар болгон мамлекеттин компетенттүү органынын асыроочу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу асырап алууга талапкер катары эсепке алууга негиз болот.
20. Асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн аймактык бөлүм арыз ээлеринин жашоо-турмушунун социалдык-тиричиликтик шарттарын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча акты түзөт.
Асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө арыз берилген күндөн тартып аймактык бөлүм 20 иш күндүн ичинде асыроочу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдайт. Асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду асырап алууга талапкер катары эсепке алуу үчүн негиз болот, ал жөнүндө аймактык бөлүмдөгү асырап алуучу болууга талапкерлерди эсепке алуу журналына жазылат.
Эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 48, 49-беренелериндеги талаптарга жооп бербесе аймактык бөлүм терс корутунду чыгарат.
Терс корутундуну жана анын негизинде асырап алууга талапкер катары эсепке коюудан баш тартуу жөнүндө аймактык бөлүм ага кол коюлган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө арыз ээсинин өз колуна тапшырат же почта аркылуу жөнөтөт. Ошону менен бирге эле арыз ээсине бардык документтери кайра берилет, аймактык бөлүм кабыл алган чечимдин үстүнөн даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Ата-энесинин камкордугусуз калган бала үчүн үй-бүлөнү аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкерлеринен (үчтөн кем эмес) турган комиссия тандайт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандарына асыроого байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Арыз ээлерин асырап алууга талапкер катары каттоого койгондон кийин аймактык бөлүм аларга ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтык банктан асырап алууга боло турган балдар жөнүндө маалымат берип, баланын анкетасына аны менен таанышуу үчүн Кыргыз Республикасынын башка жарандары убактылуу жиберилбестиги жөнүндө белги коет жана бала жашаган же жүргөн жерге барып балага жолугуу үчүн жолдомо берет.
23. Асырап алууга (талапкер) талапкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бала менен өзү таанышууга жана байланыш түзүүгө;
- асыралчу баланын документтери менен таанышууга;
- баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду менен танышкандык фактысын жазуу жүзүндө ырастоого;
- асырап алуу учурунда асыроо боюнча соттук отурумга жеке катышууга.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Асырап алууга (талапкер) талапкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
- бала жөнүндө толук маалымат алууга;
- асырап алынчу балага көз карандысыз медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн бала жүргөн мекеменин өкүлүнүн катышуусу менен медициналык мекемеге кайрылууга;
- баланы дем алыш же майрам күндөрдө меймандыкка алуу өтүнүчү менен аймактык бөлүмгө кайрылууга.
25. Жаран асырап алууну каалаган баланы аныктоодо бала жашаган жердеги аймактык бөлүм карап чыгуу үчүн документтерди даярдайт.
Асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду даярдоодон мурда аймактык бөлүм асыралчу бала менен сүйлөшөт, ага асыроонун натыйжалары жөнүндө жеткиликтүү формада түшүндүрөт. Мында баланын аны асыроого карата каалоосу жана пикири милдеттүү түрдө эске алынат.
26. Асыроого талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:
1) баланы асыроого алууну белгилөө жөнүндө арыз (жубайлардын экөө тең асырап алганы жатса - алардын биргелешкен арызы, эгер алардын бирөө эле асырап алып жатса - берки жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугу (эгер жубайлар чогуу жашабай калганына бир жылдан ашса жана берки жубайынын жашаган жери белгисиз болсо берки жубайынын макулдугу талап кылынбайт), ал макулдукта арыз ээсинин (арыз ээлеринин) фамилиясы, аты-жөнү; дареги; никеде турган-турбаганы; балдары бар экени жана канча жашта экени; алар чогуу же бөлөк жашаары көрсөтүлөт; асыроого талапкер ата-энелик укуктан ажыратылбаганы; асыроого алынчу баланын фамилиясы, аты-жөнү жана туулган датасы көрсөтүлүүгө тийиш.
2) зарыл документтерди тиркөө менен аймактык бөлүмдүн асырап алуучу болууга мүмкүндүк жөнүндө корутундусу (корутунду берилген күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин кароого кабыл алынат).
3) асыроого алынчу бала үчүн төмөнкүдөй документтерди тапшыруу зарыл:
- туулганы тууралуу күбөлүк же жарандык абал актыларын жазуу органдарынын анын туулгандыгы жөнүндө жарандык абалдын актылык жазуусу тууралуу маалымкаты;
- анын ата-энесинин каза болгону жөнүндө күбөлүк же аларды ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө, аракетке жарамсыз же дайынсыз жоголду деп эсептөө жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- ата-энелердин баланы багуудан жана тарбиялоодон качканын ырастаган; ата-энесин издөө жөнүндө документтер; баланы таштап кетишкени, табылганы жөнүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери түзгөн актылар; баланы дарылоочу-профилактикалык уюмда калтыруу (төрөт үйүндө (төрөт бөлүмүндө), профилактикалык мекемеде) жана башка саламаттык сактоо жана социалдык коргоо уюмдарында калтыруу жөнүндө атанын же эненин (ата-энелердин) арызы;
- баланы асыроого берүү жөнүндө баланын атанын же эненин (ата-энесинин) жазуу жүзүндөгү, нотариуста же тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарда (бала тарбияланып жаткан же жүргөн балдар мекемесинин администрациясында) күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
- баланын ден соолугунун абалы, дене-бой же акыл-эс жактан өсүшү жөнүндө балдар мекемесинин жетекчиси күбөлөндүргөн корутунду;
- балага тиешелүү мүлктүн тизмеси, анда мүлктүн турган жери жана аны сактоо боюнча көрүлгөн чаралар, ошондой эле асыралчу балага таандык банктык эсептер жана башка мүлктөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Асыроого балдар үйүнөн, дарылоочу-профилактикалык, медициналык-социалдык уюмдан, окутуучу-тарбиялоочу мекемеден берилүүчү балага документтерди аталган мекемелердин администрациясы мекеме жайгашкан жердеги аймактык бөлүмдүн кароосуна берүү үчүн даярдайт;
4) баланы асыроо өтүнүчү менен кайрылган адам паспортун көрсөтүүгө тийиш.
Бала асыроону ишеним кат боюнча тариздөө жол-жобосуна жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон асыроого талапкерлерден ушул Жобонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтер талап кылынат, буга 8-пунктча жана 44-пункт кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Асыроого дени сак балдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, катуу оорулуу балдар да берилиши мүмкүн.
Балдар үйүнөн, дарылоочу-профилактикалык жана медициналык-социалдык уюмдан, жатак үй тибиндеги окуу-тарбиялоо мекемесинен асыроого берилчү ар бир балага бул уюмдар жана мекемелер тарабынан ден соолугунун абалы, дене бой жана акыл-эс жактан өнүгүүсү жөнүндө корутунду төмөнкү врачтардын: педиатрдын, невропатологдун, хирургдун, (ортопед-травматологдун), офтальмологдун, оторалингологдун, логопеддин; ал эми үч жана андан жогорку жаштагы балдар үчүн дефектолог мугалимдин, балдар психиатрынын кароосунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Көрсөткүчтөрү боюнча бала башка адистер тарабынан да текшерилиши мүмкүн. Ал корутундуну бала жүргөн мекеменин жетекчиси күбөлөндүрөт.
28. Асыроого талапкер асыроого берилчү бала жашагандан башка жакта жашаган учурда, ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен катар жогоруда аталган документтерди тиркөө менен ал жашаган жердеги аймактык бөлүмдүн асырап алуучу болууга мүмкүндүк жөнүндө корутундусу берилүүгө тийиш. Андай корутунду жок болсо, асырап алууга талапкерди каттоого алуучу аймактык бөлүм аны суратат.
29. Асырап алгандыкты белгилөө жөнүндө арыздын жана ага тиркелген документтердин негизинде аймактык бөлүм арыз берилген күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
Эгерде асырап алынуучу баланын туугандары табылып жана алардын асырап алууга каалоосу бар болсо, тиешелүү асыроого талапкер менен асырап алууга баланын өзүнүн каалоосу болбосо, ошондой эле асыроого талапкер ушул Жобонун 23 пунктундагы талаптарды аткарбаса аймактык бөлүм терс корутунду чыгарат.
Терс корутундуну аймактык бөлүм ага кол коюлган күндөн тартып 5 күндүн ичинде арыз ээсинин колуна берет же почта аркылуу жөнөтөт. Ошону менен бирге эле арыз ээсине бардык документтери кайра берилет жана аймактык бөлүм кабыл алган чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
30. Баланы асыроо жөнүндө материалдарды жарандык сот өндүрүш тартибинде сот карап чыгууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Асырап алуучулардын суранычы боюнча он жашка чыкканда асырап алынган баланын фамилиясы, аты-жөнү баланын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
32. Асырап алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- баланы ал жашаган же жүргөн жерден өзү паспортун же асыроого берүүнү белгилеген документти көрсөтүү менен алып кетүүгө;
- асыроого алынган баланы тарбиялоо жана анын өсүшү үчүн жооп берүүгө;
- асыроого алынган баланын ден соолугу, дене-бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсү жөнүндө кам көрүүгө;
- баланын жетик өсүшү, тарбияланышы, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана анын үй-бүлөдөгү жана коомдогу өз алдынча турмушка даярдалышы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- асыроого алынган баланын милдеттүү түрдө негизги жалпы билим алышын камсыздоого;
- бардык жеке жана юридикалык жактар менен мамиледе, анын ичинде соттордо асыранды баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын атайын берилчү ыйгарым укуксуз коргоого.
Асыроочулардын укуктарын турмушка ашыруу баланын таламдарына каршы болуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Баланын таламдарын камсыз кылуу асырочулардын негизги камкордугунун маңызы болууга тийиш.
33. Асыроого алынган бала төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- асырап алгандардын үй-бүлөсүндө жашоого жана тарбияланууга, алардын камкордугуна, кызыкчылыктары камсыздалышына, ар тараптан өнүгүүгө, адамдык нарк-насилинин сыйланышына;
- өзүнүн атын, атасынын атын жана фамилиясын сактоого;
- бир адам асырап алган учурда, эгерде асыроочу эркек болсо, энесинин каалоосу боюнча же, эгерде асыроочу аял болсо, атасынын каалоосу боюнча мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар менен милдеттерди сактоого;
- эгер мунун өзүнүн кызыкчылыгы талап кылса, ата-энесинин туугандарына карата мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын сактоого;
- өзүнүн ата-энесин, жакын туугандарын мүмкүн болушунча билүүгө жана алар менен баарлашууга;
- эмгекке жарамдуу жашка (эмансипация) жеткенде Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 60-беренесине ылайык асыроочулардын макулдугу менен мамлекеттик маалымат банкынан өзүнүн ата-энеси, жакын туугандары жөнүндө толук маалыматты алууга;
- асырап алгандардын анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргошуна;
- асырап алуучулар тарабынан кыянат пайдалануулардан корголууга;
- асырап алуучулар аны тарбиялоо жана билим берүү боюнча милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган же асыроого алуучунун укуктарын кыянат пайдаланган учурда өзүнүн укуктарын коргоо үчүн аймактык бөлүмгө, ал эми он төрт жашка жеткенде сотко кайрылууга.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Аймактык бөлүм төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- юридикалык жактардын уюштуруучулук-укуктук формасынын жана менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле кызмат адамдарынан жана жарандардан бала асыроону каалаган жарандар жөнүндө керектүү документтерди жана маалыматтарды алууга;
- бала асыроону каалаган арыз ээсинин үйүнө турак жай-тиричилик шарттарын иликтөө үчүн эркин барууга жана анын негизинде социалдык-тиричилик шартын иликтөө актысын түзүүгө;
- баланын жашоо жана тарбиялануу шартын контролдоо үчүн асырап алгандардын үйлөрүнө эркин кирүүгө;
- асырап алгандарды асыроого берилген баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарына байланыштуу маселелер боюнча маектешүү жана түшүндүрүүлөр үчүн чакырууга;
- баланын дене бой жана психикалык саламаттыгына коркунуч болгон учурда, ошондой эле асырап алгандар аларга тапшырылган ата-энелик милдеттерди аткаруудан качкан, ата-энелик укукту кыянат пайдаланган, асырап алган балага катаал мамиле жасаган, өнөкөт алкоголизм же наркомания менен, психикалык жактан ооруган, ошондой эле сот эмгекке жарамсыз же убактылуу эмгекке жарамсыз деп тапкан учурларда асыроочулардан баланы алып коюуга.
35. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандарга баланы асыроого байланыштуу маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- бала асырап алууну каалаган жаран тапшырган документтердин толуктугун жана тууралыгын текшерүүгө;
- бала асырап алууну каалаган жарандын турак жай-тиричилик шарттарына иликтөө жүргүзүп, анын негизинде тийиштүү акт түзүүгө;
- асыралчу бала башка аймактык бөлүмдүн районунда жашаса же жүргөн болсо, баланы асыроону каалаган жарандын документтеринин толук пакети асыроочу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду менен кошо өткөрүп берилишин камсыздоого;
- баланын асыроочуга карата мамилесин аныктоого;
- асыроочуга тийиштүү документтерди топтоого көмөк көрсөтүүгө;
- ушул Жободо каралган тартипте тиешелүү корутунду берүүгө;
- соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо үчүн маалыматты жети күндүк мөөнөттө асыроочулар асырап алынган бала менен жашаган жердеги аймактык бөлүмгө жиберүүгө;
- (онунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- асырап алынган баланын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө;
- асыралган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында асыралган бала жашаган жерде анын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоого.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Аймактык бөлүмдүн асыроо боюнча милдеттемелерин аткарган тиешелүү кызматкери асыралган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо максатында асыроочулардын үй-бүлөсүнө өзү барат.
Асыралган баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдук текшерүүнү аймактык бөлүмдүн кызматкери асыроону белгилөөдөн кийинки алгачкы үч жылдын ичинде ар бир жарым жылдыктар боюнча жүргүзүп турат. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74 жана 78-беренелеринде белгиленген негиздерге таянып, үч жыл өткөндөн кийин контролдук текшерүү жүргүзүү зарылдыгын аймактык бөлүм асыроочулардын (асыроочунун) үй-бүлөсүндөгү конкреттүү шартка жараша жекече аныктайт.
Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык бөлүмдүн ал үй-бүлөгө барган кызматкери асыроого алынган баланын жашоо жана тарбиялануу шарты жөнүндө отчет түзөт. Отчетто баланын ден соолугунун, окуусунун абалы, эмоциялык жана жүрүм-турумунун өнүгүүсү, өзүн-өзү тейлөөгө көндүмдөрү, тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелер жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
Контролдук текшерүү учурунда асырап алуучулар өздөрүнө тапшырылган ата-энелик милдеттерин аткаруудан качышаары, ата-эненин укуктарын кыянаттык менен пайдаланаары, асыроого алынган балага катаал мамиле жасашаары, өнөкөт алкоголизм же наркомания, психикалык оорулары менен оорушаары аныкталган учурда аймактык бөлүм асыроого берүүнү жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары алгачкы үч жылдын ичинде ар бир жарым жылдыктар боюнча баланын жашоо жана тарбиялануу шарты жөнүндө отчетту ушул Жобонун 58-61 пункттарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу ыйгарым укуктуу органга берет. Отчеттор мамлекеттик (расмий) тилде берилет.
37. Баланы асыроону жокко чыгаруу талабын коюуга анын ата-энеси, баланы асыроочулар, асыроого берилген он төрт жашка чыккан бала, ошондой эле прокурор укуктуу.
38. Балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышы Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясына, 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга, Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышы ар бир өзүнчө учурда асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу болгон шартта асыроого алынып жаткан баланын жашаган жери же турган жери боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт.
40. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышына бул балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө тарбиялоого жана балдардын туугандарынын жарандыгына же ушул туугандарынын жашаган жерине карабастан аларга асыроого берүүгө мүмкүн болбогон учурларда гана жол берилет.
Асыралуучу баланын чет өлкөлүк жаран болгон туугандары ушул Жобонун 43 пунктунда талап кылынган документтерди ыйгарым укуктуу органга өздөрү тапшырууга укуктуу.
41. Ата-эненин камкордугусуз калган балдар ушундай балдар жөнүндө маалыматтар ата-эненин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкына келип түшкөн күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин чет өлкөлүк жарандарга асыроого берилиши мүмкүн.
42. Чет өлкөлүк жарандардын баланы асыроо жана Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча таламдарын аккредиттелген чет мамлекеттик уюм аркылуу билдире алат.
43. Баланы асыроону каалаган чет өлкөлүк жарандар аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылып төмөнкүдөй документтерди бере алат:
1) баланы асыроого өзүнүн ниети жөнүндө арызды, мында баланы асыроого талапкердин (талапкерлердин) фамилиялары, ысымдары, ошондой эле алар асырап алгысы келген баланын жынысы, курагы жана ал жөнүндө башка маалыматтар көрсөтүлөт;
2) паспорттун көчүрмөсүн, ким экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн, нике жөнүндө күбөлүктүн же аны алмаштырган башка документти көчүрмөсүн (эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын жана Кыргыз Республикасы тарабынан ушундай катары таанылган жарандын жубайлык түгөйү асырап жатса);
3) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчун жоготту)
4) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчун жоготту)
5) өзү асыраган баланы асыроочулар жашаган мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде алар өздөрү жашаган мамлекетке кирген күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө эсепке коюу жөнүндө асыроочу болууга талапкердин (талапкерлердин) жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин;
6) асыроого алынган баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө асыроочу болууга талапкердин (талапкерлердин) жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин;
7) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчун жоготту)
8) асыроочу болууга талапкерлер жашаган мамлекеттин чет өлкөлүк уюмунун асыроого алынган баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарына контролдук кылуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын дипломатикалык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде эсепке коюу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин;
9) асыралган баланы жалпы билим берүүчү мекемеде окутуу жана асыроочу туруктуу жашаган жерде медициналык эсепке коюу жөнүндө асырап алууга талапкердин (талапкерлердин) жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин.
Чет өлкөлүк жарандар бала асырап алууну каалаганы жөнүндө арыз берген учурда алардын Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жашаганга уруксаты болгон жана бир жылдан ашык жашаган шартта, ушул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүдөй документтерди тапшырышат:
- аймактык бөлүм тарабынан берилген асыроочу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду;
- асыралуучу баланын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоо жана аны өзү жашаган мамлекетке келгенден кийин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде эсепке коюу жөнүндө милдеттенмеси;
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, бардык берилген документтер белгиленген тартипте мыйзамдаштырылууга, мамлекеттик жана расмий тилдерге которулууга тийиш жана асыроочу болууга талапкерлер жашаган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде нотариалдык жактан же Кыргыз Республикасынын аймагында нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер бир жылдын ичинде төмөнкүдөй жарактуу болот:
- компетенттүү органдардын документтери, алар берилген күндөн тартып;
- жарандар түзгөн документтер, алар түзүлгөн учурдан тартып. Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарында ушул пункттун 1-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин колдонулушунун башка мөөнөтү каралган болсо, анда алар тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 , 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакциясларына ылайык)
44. Кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органынын ыйгарым укуктуу органга келген корутундусу (баланы Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары асырап алып жатканда, - ал адамдар туруктуу жашаган мамлекеттин компетенттүү органынын корутундусу) арыз ээлерин асырап алууга талапкер катары каттоого коюу үчүн негиз болот.
Компетенттүү органдын корутундусу ыйгарым укуктуу органга 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенциянын 5 жана 15-беренесинин талаптарына ылайык берилет, анда потенциалдуу асыроочулардын ким экендиги (аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жынысы, жарандыгы, үй-бүлөлүк абалы), асырап алууга укуктары жана жарамдуулугу жөнүндө маалымат, өмүр баян маалыматтары, үй-бүлөнүн медициналык картасы жана таржымалы, баланын социалдык чөйрөсү, асыроонун себептери, эл аралык асырап алууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү, ошондой эле алар камкордук көрмөкчү болуп жатышкан балдардын мүнөздөмөлөрүн камтыган маалыматтар болот.
Ата-энесинин камкордугусуз калган бала үчүн үй-бүлөнү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү жооптуу (үчтөн кем эмес) кызматкерлеринен турган Комиссия тандайт. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жарандарга асыроого байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкынан маалыматтардан баланы тандоо учурунда ыйгарым укуктуу орган аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлүнө бала жөнүндө туунду маалыматты жана бул балага барууга жолдомону берет жана бул жөнүндө көрсөтүлгөн баланын иш жүзүндө турган жери боюнча аймактык бөлүмгө 3 күндүк мөөнөттө маалымдайт. Асыроочу болууга талапкерлер бала жөнүндө купуя маалыматты бала менен таанышуу үчүн Кыргыз Республикасына келгенде ала алат.
46. Асыроочу болууга талапкер (талапкерлер) ата-энесинин камкордугусуз калган балага баруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү кызматкерине бул балага баруунун натыйжалары жөнүндө жана аны асыроо жөнүндө өзү кабыл алган чечим тууралу белгиленген мөөнөттө маалымдоого милдеттүү.
Мында асыроочу болууга талапкерлер баланы көзкарандысыз медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн медициналык мекемеге кайрылууга укуктуу.
47. Арызды жана ушул Жобонун 43-пунктунда саналган документтерди карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 46-пунктуна ылайык асыроочу болууга талапкерлер баланы асырашы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 15 жумушчу күндүн ичинде асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
48. Асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду асыроону белгилөө жөнүндө арыз ээлеринин сотко кайрылуусу үчүн негиз болуп саналат.
Арыз берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 48 жана 49-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык болбосо (48-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункттун кошпогондо), бала конкреттүү асырап алуучуга асыранды болуп барууну каалабаса, арыз ээлери ушул Жобонун 49-пунктундагы талаптарды аткарбаса (49-пункттун бешинчи абзацын кошпогондо), ошондой эле тапшырылган документтер ушул Жобонун 43 жана 44-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе ыйгарым укуктуу орган терс корутунду чыгарат.
Терс корутундуну ыйгарым укуктуу орган ага кол коюлган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө арыз ээсинин колуна тапшырат же ага почта аркылуу жөнөтөт. Ошол эле учурда арыз ээсине бардык документтер кайтарылат жана ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
49. Асыроочу болууга талапкер (талапкерлер) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бала менен таанышуу жана аны менен байланыш түзүү үчүн 10 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасына келүүгө;
- асыроого алынып жаткан баланын документтери менен таанышууга;
- баланын ден соолук абалы жөнүндө медициналык корутунду менен таанышуу фактысын жазуу жүзүндө ырастоого;
- асыроо учурунда асыроо боюнча соттук жыйналышка жеке катышууга.
50. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
51. Эл аралык бала асыроо боюнча ишти сотко чейинки даярдоону асыроого алынып жаткан баланын турган жериндеги аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун кызматкери жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын жараны болгон баланы асыроо жагынан иш жүргүзгөн акредиттелген чет өлкөлүк уюм ошондой эле жарандары баланы асыроого алып жаткан мамлекетке баланын барышын камсыз кылууга, бала жашаган жеринде баланын тарбияланышына контролдук кылууга, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча бала жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
Асыроого берүү жол-жобосу аягына чыккан, асыроого тиешелүү жабылган иштер боюнча документтерди аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдар бир айлык мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органга беришет. Ыйгарым укуктуу орган бул иштерди эсепке алуучу атайын журналды жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Асыроону белгилөө жөнүндө сотко берилүүчү арызга ушул Жобонун 43 жана 44-пункттарында белгиленген документтерден тышкары төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- баланы жубайлардын бири асырап алып жатса жубайынын макулдугу же жубайлар үй-бүлөлүк мамилелерди токтоткондугун, бир жылдан ашык чогуу жашабай калганын ырастаган документ;
- ээлеген кызматы жана эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкат же кирешелер жөнүндө декларациянын көчүрмөсү же кирешелер жөнүндө башка документ;
- турак жайды пайдалануу укугун же турак жайга менчик укугун ырастаган документ;
- өткөн мезгилдеги кылмыштары жана балдарга катаал мамилесинин фактылары жоктугун ырастаган документ;
- (Жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алынган баланын бул мамлекетке келүүсүнө жана анын бул мамлекеттин аймагында туруктуу жашоосуна болгон уруксаты;
- кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алууга талапкерлердин баланы асырап алуусуна уруксаты, эгерде ушундай макулдук кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдары боюнча талап кылынса.
Бардык документтер сотко эки нускада берилет. Сотко берилүүчү документтер ушул Жобонун 43-пунктунда белгиленген тартипте мыйзамдаштырылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
53. Эгерде асыроочулардын же асыроочулардын биринин башка жарандыгы бар болсо, анда алардын өтүнүчү боюнча асыралган баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгы ага башка жарандык берилген шартта токтотулат. Эгерде бала 14 жаштан 18 жашка чейинки бала болсо, жарандыкты өзгөртүүгө баланын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу менен гана жол берилет.
54. Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган асырап алуучуларга асырап алгандык жана эл аралык асырап алгандык жөнүндө күбөлүктөрдү берет, ал эми көчүрмөлөрүн кабыл алган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына жана компетенттүү органына жиберет (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан таризделет.
Кыргыз Республикасында асыралган балдарды консулдук эсепке коюу алар асырап алуучулар жашаган мамлекетке кеткен күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Асыроо Кыргыз Республикасында бала асыроочунун кызыкчылыктарын билдирген, бала асыроо боюнча чет мамлекеттик уюмдун өкүлчүлүгүнүн көмөгү аркасында таризделген учурда балдарды эсепке коюуга контролдук кылууну көрсөтүлгөн уюм жүзөгө ашырат (жашаган жерин которгон учурда асыроочулар бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломатикалык өкүлчүлүгүн же консулдук мекемесин эсепке турган жери боюнча билдирүүгө тийиш жана алар жаныдан жашап жаткан жерде эсепке турууга милдеттүү).
57. Асыралган балдар аймагында жашап жаткан, асыралган балдардын жашоо жана тарбиялоо шарттарына контролдук кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган мамлекеттердин компетенттүү органдары же акредиттелген чет өлкөлүк уюм, ыйгарым укуктуу органга асыроочулардын үй-бүлөсүндөгү балдардын жашоо жана тарбиялоо шарттары жөнүндө отчетторду жөнөтөт.
58. Асыроодон кийинки биринчи жылда баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын текшерүү асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 5 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт; отчет асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 7-ай аяктаганга чейин берилет.
59. Баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын экинчи текшерүү асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 11 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт; отчет асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 13-ай аяктаганга чейин берилет.
60. Баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын үчүнчү текшерүү асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 23 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт; отчет асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 25-ай аяктаганга чейин берилет.
61. Баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын төртүнчү текшерүү асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 35 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт; отчет асыроо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып 37-ай аяктаганга чейин берилет.
62. Баланы асыроо жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген датадан тартып 3 жыл өткөндөн кийин жана анын жашы жеткенге чейин отчетторду берүү асыроочулардын үй-бүлөсүндө түзүлгөн конкреттүү кырдаалга жараша ыйгарым укуктуу органынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74 жана 78-беренелерине таянуу менен, ошондой эле асырап алынган бала тууралуу кошумча маалыматтарды алуу максатында жүзөгө ашырылат.
Отчеттор тиешелүү чет мамлекеттин мамлекеттик (расмий) тилинде берилет.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, берилген отчеттор белгиленген тартипте мыйзамдаштырылууга, ошондой эле мамлекеттик же расмий тилге которулууга тийиш. Мында котормо же котормочунун колтамгасы асыроочулар жашаган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде же дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же Кыргыз Республикасынын аймагындагы нотариуста күбөлөндүрүлөт.
Отчеттор баланын үй-бүлөдөгү жашоо жана тарбиялануу шарты, эмоциялык жана жүрүм-турум жагынан өнүгүүсү, өзүн-өзү тейлөөгө көндүмдөрү, тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелери, баланын ден соолугунун абалы, окуусу, хоббиси жана кызыгуусу, жетишкендиктери жана өсүү этабы тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтарды камтып, фотосүрөттөр же видео-жазуулар тиркелүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме |
Өзүм тууралу буларды билдирем - мен, _____________
(Аты-жөнү, толук маалыматтары)
Туулган күнү _________ -жылдын "___" _________________
Кесиби ___________________________________________________________
Туулган жери _____________________________________________________
Паспорту: сериясы ________ № ______________________ ______ -жылдын
"___" _____________________ берилген.
Катталган дареги _________________________________________________
Убактылуу жашаган жери ___________________________________________
Билими - билими жок, бүткөрүлбөгөн орто, орто, атайын орто, бүткөрүлбөгөн жогорку, жогорку (керектүүсүнүн алды сызылат). Үй-бүлөлүк абалы - үй-бүлөлүү/үй-бүлөлүү эмес, ажырашкан, жесир (керектүүсүнүн алды сызылат).
Мен ___________ -жылдын "___" _____________төрөгөм.
____________________________________________
(ДПУнун аталышы)
Жаңы туулган бала эркек/аял жынысында (керектүүсүнүн алды сызылат), бою ____ см., денесинин салмагы _______ гр., башынын айланасы ____ см., көкүрөгүнүн айланасы _____ см.
Менин баламды асырап алуулары мүмкүндүгүн, анын ичинде чет
өлкөлүк жарандар асырап алышы мүмкүн экендигин түшүнөм.
Мага арызымды соттун асыроого берүү жөнүндө чечими чыкканга чейин кайра алышым мүмкүн экендигин жана соттун чечими чыгарылгандан кийин менин макулдугум кайра өзгөртүлбөстүгүн мага маалымдашты.
Калтырылган бала _____________ тууралуу баланын туугандарына билдирүүгө макулмун (макул эмесмин).
Мен өз баламды ДПУга мамлекеттик багууга калтырам (өз колу менен жазылат) ________________ жана баланы асырап алышына макулмун (макул эмесмин).
Анын себеби (керектүүсүнүн алды сызылат): 1- эмгек акынын туруктуу булагы же жумушум жок, 2 - ишим жок; 3 - туруктуу турак-жайым жок, 4 турмушка чыккан эмесмин/ ажырашкам/ жесирмин, 5 - кош бойлуулукту жана төрөөнү каалаган эмесмин, 6 - башка себептер _____________________________________________________
(себеби көрсөтүлөт)
Өзүм жөнүндө маалыматтар: улутум _______________, боюм _______см., чачымдын түсү ___________, көзүмдүн түсү _____________. Тери-венерологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлерде эсепте турам/турбайм (керектүүсүнүн алды сызылат). ____________________
Баланын атасы жөнүндө маалыматтар: туулган күнү ______ -жылдын "____" ______ улуту ________________, бою _______ см., чачынын түсү ___________, көзүнүн түсү ___________, иштеген жери ________________, тери-венерологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлерде эсепте турат/турбайт (керектүүсүнүн алды сызылат).
___________________________________________________
(Аты-жөнү, толук маалыматтары)
Арызды өзүм ыктыярдуу түрдө жаздым.
Энесинин колу ____________________________________________________
Атасынын колу (эгерде бар болсо) _________________________________
Жарандын колу ____________________________________________________
(Аты-жөнү, толук маалыматтары)
Баланы калтыруу фактысы боюнча күбөлөндүрөбүз:
Дарылоочу врач ___________________________
(Аты-жөнү, колу)
ДПУнун жетекчиси _________________________
(Аты-жөнү, колу)
МО. Датасы: _______ -жылдын "____" __________________
(1)Так жана окулгудай, оңдолбостон толтурулат.
|
| 2-тиркеме |
1. Төмөндөгү кол койгон ыйгарым укуктуу адам ____________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
2. Муну менен төмөнкүлөр күбөлөндүрүлөт, бала: ___________________
Жынысы: эркек __________ аял ________________
Туулган датасы: ____________________________
(күнү, айы, жылы)
Туулган жери: ____________________________________________________
Туруктуу жашаган орду: ___________________________________________
3. ________________________________ чечимине ылайык асырап алынган
Чечим кабыл алынган күн: _________________________________________
Чечим күчүнө кирген күн: _________________________________________
4. Баланы асырап алгандар:
а) атасынын аты-жөнү:_____________________________________________
Туулган датасы: __________________________________________________
Туулган жери:_____________________________________________________
Асырап алган учурдагы туруктуу жашаган орду ______________________
б) Энесинин аты-жөнү: ____________________________________________
Туулган датасы: __________________________________
(күнү, айы, жылы)
Туулган жери: ____________________________________________________
Асырап алган учурдагы туруктуу жашаган орду ___________________________
5. Ыйгарым укуктуу орган муну менен асырап алуу балдарды коргоо жөнүндө конвенцияга ылайык болгонун жана күбөлүк балдарды коргоо жөнүндө Конвенциянын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык берилгенин ырастайт:
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын аталышы жана дареги: ____________________________________________________
(Кызмат адамынын аты-жөнү, дата, колу)
Мөөр
Кабыл алган мамлекеттин компетенттүү органынын аталышы жана дареги: _____________________________________
Дата _____________________________ Мөөр.
(кызмат адамынын аты-жөнү)