Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры №766
Мамлекеттик пособиелерди, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча почталык тейлөөгө чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө
Бюджет тартыш болгон жана мамлекеттик пособиелерди, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө чыгымдар көбөйгөн шартта мамлекеттик бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин мамлекеттик пособиелерди, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча почталык тейлөөгө чыгымдарынын ченеми 2012-жылдын 1-январынан тартып төлөмдөрдүн көлөмүнүн 1,3 пайызы деңгээлинде белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы менен ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген почталык тейлөөгө чыгымдардын ченемине ылайык мамлекеттик пособиелерди, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча келишим түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча:
ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлик" деген сөзгө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөрдөгү "социалдык коргоо башкармасы" деген сөздөрдүн алдында "калкты" деген сөз менен толукталсын;
1.6-пункту "байланыш ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана банк мекемелеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
2.1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги (мындан ары - Министрлик)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.2-пункт "байланыш ишканасынын өкүлү" деген сөздөрдөн кийин "жана банк мекемелеринин өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
2.3-пункт "байланыш ишканалары тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "же каражаттарды алуучунун эсептешүү эсебине кошуу жолу менен банк мекемелери аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2.4-пункт менен толукталсын:
"2.4. Пособиелерди, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү банк системасы аркылуу төлөө жашаган (катталган) жери боюнча калкты социалдык коргоо башкармаларында эсепте турган жарандардын айрым категорияларынын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Акчалай компенсацияларды банк системасы аркылуу төлөөгө документтерди калкты социалдык коргоо башкармалыгы төмөнкүлөрдүн негизинде тариздейт:
- калкты социалдык коргоо башкармасы менен банктын ортосундагы келишимдин;
- алуучунун банктык реквизиттери көрсөтүлгөн жеке арызынын;
- банк менен алуучунун ортосундагы келишимдин.";
3.1.1-пунктчасы.
онунчу абзацы "байланыш ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "жана банк мекемесине" деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзацы "байланыш ишканалары" деген сөздөрдөн кийин "жана банк мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
он жетинчи абзац "мамлекеттик пособиелерди" деген сөздөрдүн алдында "почта жана банк кызмат көрсөтүүлөрүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
он сегизинчи абзацта "Мамлекеттик агенттикке караштуу Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти" деген сөздөр "Министрликтин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи-отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- банкка каражаттарды алуучулардын эсептери боюнча бөлүштүрүү ведомостторун кагаз жүзүндө, калкты социалдык коргоо башкармалары күбөлөндүргөн белгиленген формадагы документтер жана файлдар түрүндө берет;
- алуучулардын банк системасына которуу жөнүндө жеке арыздарынын негизинде почта бөлүмүндө төлөөнү токтотот;
- жеке эсептерге банктык реквизиттерди жана акча каражаттарын банкка которуу мезгилдерин киргизет;
- ай сайын 5-күнүнө чейин мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды банк аркылуу алуучулардын ведомостторун түзөт;
- банк, банктык реквизиттер, төлөмдүн түрү өзгөргөн, башка жакка кеткен ж.у.с. учурларда жеке эсептерге өзгөртүүлөрдү киргизет;
- калкты социалдык коргоо башкармаларынын эсептерине акча каражаттары келип түшкөндөн кийин ай сайын эки күндүк мөөнөттө акча каражаттарды карт-эсептерге которуу ведомостторуна ылайык алуучулардын эсептерине которот;
- ведомосттордо, ошондой эле файлда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана бирдейлиги үчүн жооп берет;
- мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды кошуп эсептөө жөнүндө банк берген маалыматтарды кабыл алат жана которулган акча каражаттарын алуучулардын жеке эсептерине таратат;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө банк менен келишимде белгиленген өлчөмдө акы төлөйт;
- банк менен келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө банкка которууларды токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.".
- 3.1.2-пунктчада а) пунктчанын тогузунчу абзацы жана б) пунктчанын сегизинчи абзацы "Кыргызпочтасы" деген сөздөн кийин ", банкка каражаттарды алуучулардын эсептери боюнча бөлүштүрүү ведомостторун кагаз жүзүндө, калкты социалдык коргоо башкармалары күбөлөндүргөн белгиленген формадагы документтер жана файлдар түрүндө берет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.3.1-пунктчада жана 4.3-пунктта "пландоо жана каржылоо башкармасы" деген сөздөр "бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3.3.2-пунктчада, 6-главанын бүткүл тексти боюнча жана 7.4-пунктта ар кандай жөндөмөлөрдөгү "ички аудит башкармасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ички аудит бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пунктта "25-инен 30-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "25-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.1.1, 4.1.2-пунктчаларда "25-инен 28-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "20-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.1.3-пунктчада "21-инен 25-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "20-сынан 23-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.1.4-пунктчада "28-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "23-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.1.5-пунктчада:
"30-күнүнө карата" деген сөздөр жана цифралар "25-күнүнө карата" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
"1-күнүнөн кечиктирбестен" деген сөздөр жана цифра "25-күнүнөн кечиктирбестен" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.2-пунктта жана 4.2.2-пунктчада "10-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "1-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
- 4.3-пунктта "ар айдын 10-унан 15-күнүнө чейин мамлекеттик пособиелер боюнча, жана 10-унан 18-күнүнө чейин акчалай компенсациялар боюнча" деген сөздөр жана цифралар "ар айдын 3-нөн 7-күнүнө чейин мамлекеттик пособиелер боюнча жана акчалай компенсациялар боюнча" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.3.1-пунктчада:
"бюджеттик тапшырмаларды" деген сөздөр "бюджеттик реестрлерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"мамлекеттик пособиелерди" деген сөздөрдөн кийин "жана акчалай компенсацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
4.3.2-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 4.4-пунктта "ар айдын 20-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар "ар айдын 7-күнүнөн 9-күнүнө чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 4.4.1-пунктчада "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын банктагы же башка кредиттик мекемедеги эсебине" деген сөздөр "банк мекемелериндеги же "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондогу филиалдарынын банк мекемелериндеги эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5.2. Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө каржылоо өз учурунда болгондо банк мекемелери жана байланыш ишканалары аркылуу ар айдын 9-күнүнөн 20-күнүнө чейин жүргүзүлөт.";
- 5.2.1-пунктча "байланыш ишканалары тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "же алуучунун банктык эсебине которуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
7-главанын аталышында "Социалдык коргоо башкармалыгынын" деген сөздөр "Калкты социалдык коргоо башкармасынын банк мекемелери," деген сөздөргө алмаштырылсын;
8.1- жана 8.2-пункттардын биринчи абзацында "1ине чейин" деген сөздөр жана цифра "25ине чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
8.6-пункттун жетинчи абзацы "Кыргызпочтасы" МИ" деген сөздөрдүн алдында "банк мекемелери," деген сөздөр менен толукталсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |