Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №823
Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн, Министрлер Кабинетинин 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847, 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 2021-жылдын 26-августундагы №152 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө", 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министри | Д.Үсөнов |